← Сейтек 4/7

Келин-кыз, жубан топ болуп, Бозулан жигит козголуп, Ойунга кирди жарашып, Шер Сейитек Куйалы, Күкүк менен зейнектей, Өтө көркөм жарашык, Ырчылар ырын ырдашып. Кыз-келин жолук булгашып, Жар көрүшүп айкашып, Карылар башка үйлөрдө, Учаларды көтөрүп, Сакалдарын чайкашып, Байбиче куйрук кармашып, Жеңе болгон катындар, Жеңкетайын талашып, Кыз Куйалы тойу деп, Түштүктүн эли жардашып, Кыргыздын тойу кызык деп, Ирандын журту карашып, Өтө сонун экен, деп, Той көргөндөр жаратып, Отуз күнү той болуп, Элдер кетти тарашып, Муну мындай таштайлы, Гүлчоронун Аминди, Алганынан баштайлы, Гүлчоронун Амин кызды алышы, Эл кетип эки күн өтүп, Кайыптаң кызын узатып, Таласка кайытып Семетей, Саламатты кошо алып, Кайыптаң айткан кеби деп, Саламатка ылайык, Жезбилектин эби деп, Таласка келип жайланып, Жезбилекти көрсөтпөй, Кыргыздын кызын тандатып, Кыргыздан чыкпай сулуу кыз, Ооганга бармак аттанып. Бир катынга Саламат, Беш жүз алтын бергени: — Семетей кызы Жезбилек, Келген кыздын кимиси, Дайнын айтып бер, — деди. Алтын алган келинчек, Мына мындай айтат кеп: — Оңой эле ар кимге, Көрүнүүчү кыз эмес, Тилиң өтүп, кеп өтүп, Ишенчиң болсо абама. Кызды көргүн Жезбилек, Убада сөзүң болбосо, Убара болбо көрөм деп, Көрсөң эстен танасың, Амалың кетип ал келбей, Сары оору болуп каласың, Убара болбой кетип кал, Башыңа бала табасың. Кызына мындай айтыптыр, Байкап турган Айчүрөк: — Айланайын Жезбилек, Сөйкөмдү алып чыкчы, — деп. Кабарсыз турган Жезбилек, Сөйкө алып чыга калыптыр, Саламат көзүн салыптыр, Көргөн жерде Саламат, Эс-акылдан таныптыр, Сөйкөсүн бербей Чүрөккө, Саламатты көргөндө, Жезбилек чындап талыптыр, Бирине-бири жакты, деп, Өз курбусун тапты, деп, Бар көргөнүн билгенин, Асталай басып Айчүрөк, Семетейге айтыптыр. Ээрчитип келген Семетей, Унутуп калган болучу, Саламтка кыз бербей, Жезбилек жатты дүм түшүп, Улутунуп аш ичпей. Камынып келген Саламат, Алтыны бар канча кап, Жетимиш миң черүүсүн, Ат-тоону менен бүт арнап, Чоң кайнатам болду, деп, Хан Бакайдын үйүнө, Сур бууданды да байлап, Капка салган алтынды, Каныкейге алпарат, — Жетимиш миң киши ал, — деп Жетимиш миң ат ал, — деп, Сур бууданды дагы ал, — деп, Үч каптагы алтынды, Кабы менен бүт ал, — деп, Андан кала бергенде, Айланайын шер Гүлүс, Ини кылып мени ал, — деп, Саламат айтып турду эле, Алтынын алды бузбады. Отуз күнү ойнотуп, Тогуз күнү тойлотуп, Бир күнү кызды кыңшытып, Кырк күнгө толду санаты, Жезбилекти узатты, Бутун сунуп чойкойуп, Эр Сейитек жай жатты, “Айкөлдүн уулу Семетей, Гулнарды ээрчитип, Мында келип кетсин, — деп, Менин барар чагым жок, Атка минер алым жок, Учурашып кетсин” деп, Орус хан бир күн кат жазды. Абаң Семей кеңеши: — Баралбайм мен, — деди, Гүлчоро менен Сейитек, Гулнарды ээрчитип, Үчөөң барып кел, — деди. Орус хан кыргыз карысы, Жаман оору болгон бейм, Табылгыс болуп дарысы, Аты чыккан үч адам, Бастырып жөнөп калышты Урумга барды жол тартып, Кетирбей күндү узартып, Орус хандын ноокасы, Өтө кыйын кези экен, Эси чыгып элеңдеп, Эли турган чебер деп, Айыгып калды ал сапар, Эр Гүлүстөн себептеп. Таласты карай бет алып, Урумдан чыгып аттанды, Жез билек көрө кетем деп, Эми барсам Таласка, Кайдан кайта келем деп, Карындашы Жезбилек, Барып түштү айлына, Жык толтуруп байланган, Куржуну бар жанында. Беш күн өрүн алышып, Таласты карай бачымдап, Келе жатат жарышып. Бетбактынын ойунда, Жатып калды бир жерге, Агын суунун бойунда, Башка келген аңгеме, Байкап уксаң сонун да. Жердин аркы четинде, Куйкапта жүргөн периде, Бир сулуу кыз болуптур, Атын Аамин койуптур, Бойго жетип Аамин кыз, Он сегизге толуптур. Зордук менен алам деп, Нүкүр дөө колун созуптур. Кыз атасы Бануршаа, Тийбейим деп кыз айтса, Бербеске көөнү бурулуп, Элин кошо чабам, деп, Нүкүр дөө келди жулунуп. Тууну тиктеп турушуп, Туу түбүндө урушуп. Бануршаа менен Нүкүр дөө, Кызыл кыргын болушуп, Бирин бири жеңе албай, Үч жылга кетти созулуп. Бануршаа калды жеңилип, Аамин кызды алам, деп, Нүкүр дөө турду желигип. Аамин кыз турду ой ойлоп, Келе жатып суу бойлоп, Чамасы кетип так чарчап, Айласы кеткен кыжыл кыз. Учурап калды жолунан, Бойго кеткен да бир кыз. Амандашып турушту, Аты-жөнүн билишти, Муназа сөзгө келишти, Барлык жайын Аамин кыз, Жашырбай айтып бериши. Учураган кыз айтты: — Энем пери кызынан, Атам адам уулу экен. Өзүмдүн атым көк мончок, Жер бетинде турчу элем. Артыма салып кыз топтоп, Адисе болуп шашкамын. Койкапты карай качкамын, Ошондон бери карата, Жер бетине баспадым, (Баарын айтты Көкмончок, Семетейди он төрт жыл, Жер түбүнө катканын.) Айлаң кетсе, Аамин кыз, Нүкүр дөөнү сүйбөсөң, Ырашкер болбой ал үйдө, Зордук менен сен тийсең, Маана болор жерди айтам, Кулагың салып уккун сен. Жер бетинде бенде бар, Бендеде нечен эрлер бар, Менин айткан кебимди, Унутуп калбай бейлеп ал. Кайыпдаң деген адам бар, Анда амал далай бар, Куйалы деген кызы бар, Бендеден ашкан балбан жан, Талабыңды орундайт, Так ошого сен барсаң. Эркекке барсаң мааналап, Эр издеп келген экен деп, Ургаачы жакын жалага, Жаман атка каларсың, Куйалыны таба алсаң, Нүкүрдөн кегиң аларсың. Кайыпчалдын Көкмончок, Кыз Куйалы балбандын, Сын-сыпаты бүт жайын, Белгилеп айтып бар шаарын, Бануршаанын аамин кыз, Куйалыга жумшады. Аамин кыз учуп алдырап, Түймөлөрү көөхар таш, Күн чагылып жалтылдап, Ак кептер болуп кубулуп, Жөнөдү учуп калкылдап, Куйалына шаарына, Кирип келди шартылдап. Сезип калды Нүкүр дөө, Бу да келет далпылдап. Аамин кайдан айанды? Кайыптаңдын алдында, Саламга келип турганы, Өз жумушун блидрип, Куйалыны сурады. Кайыпдаң анда кеп айтты, Кеп айтканда нени айтты? Баштан айак кыдыртып, Баатыр Манас шерди айтты, Карыйа Бакай, Каныкей- Ал экөөнү деги айтты, Абаң Семей төрөнү, Арстан Гүлүс эрди айтты, Жалгыз кызы Куйалы, Аташканы Сейитек, Анын жайын дагы айтты: — Баатыр Гүлүс, Сейитек, Гүлнар - үчөө аттанып, Ушул жерден кетти эле, Таласка азыр жете элек, (Белгисин айтып баарысын) Куйалы барып нетесиң? Шер Гүлчоро, Сейитек, Учурашып өтөрсүң. Булар Манас тукуму, Уккун, балам, ушуну – Теңдешип адам жеңбегин, Периден бар Айчүрөк, Бенде пейилин билбеген. Баарысынын үстүндө, Ок өтпөс олпок тону бар, Дуба, сыйкыр өтпөгөн, Алманбет уулу Гүлүстүн, Сонун иши дагы бар, Бүтүрсө сенин жумушуң, Кылычуу киши ушулар. Бануршаанын Аамин кыз, Асмандап учуп жөнөдү, Нүкүр дөө муну көрбөдү, Келе жатып Аамин кыз, Намаз окуп олтурган, Шер Гүлүстү көргөнү. Шер Гүлүстү көргөндө, Таакаты калбай бойунда, Коркунчу жок ойунда: “Багы ачык кандай ургаачы, Тигинин жаткан койнунда? Эт бышым басып боорума, Анан өлсөм колунда, Канчалык болсо жамандык, Алар элем мойнума!” Асмандап учуп келатып, Жашын төгүп бооруна, Жакындап кирип келгенде, Эсинен кетти делдестеп, Эр Гүлүстүн алдына, Келип түштү ак кептер, Канаттары делдектеп. “Жаныбарым кептерди, Кумпай кууган бекен? — деп, Мааналар жерин табалбай, Күч келгенде жанына, Түшө калган экен” деп, Колуна ала салыптыр, Бир силкинип ак кептер, Сулуу кыз боло калыптыр. Алмамбет уулу эр Гүлүс, Карап калды далдайып, Сулуу кыз турат маңдайда, Суусардай болуп залкайып.