← Сейтек 5/7

Көрүп калды Гүлнар кыз, Даараттан кайтып баратып, Уктап жаткан Сейитек, Колунан тартып ойготуп, Копкун, баатыр, копкун, деп, Мен бир кызык көрдүм, деп, Сейтек туруп болгунча, Көргөнүн айтып жиберет. Сейтек угуп бурулуп, Мойнун созуп карады, Абасы турат мелтиреп, Бир кыз турат мөлтүрөп. Таамай кыркта эр Гүлүс, Жыйырма беш деп болжолдойт, Өз ойунда Аамин кыз. Көрүп туруп, Сейитек: “Кыз абама күйүптүр Абам кызды сүйүптүр, Алда кимдин кызы? — деп, Кайдан келди ушу? – деп, Талаада келип жолгошкон, Өзү теги кыз эмес” Басып барды Сейитек, Угамын деп кеп-кеңеш: — Ассаламу алейкум, Абаке кайдан таптың кыз? Тааныганбы, биленби, Мындан мурда ушул кыз? — Алейкисалам, Сейитек, Тааныбаймын, билбеймин, Кебин сурап угуңуз. — Учур болдуң талаада, Кайдан келдиң, жол кайда? Перисиңби, бендеби? Туулуп өскөн жер кайда? Сейтек антип сурады. Бануршаанын Аамин кыз, Баштан айак калтырбай, Баарын айтып билгизип, Көкмончок жолго салганын, Кара жанга маана издеп, Мында келип калганын, Уламалап укканды, Кайыпдаңга барганын, Дайнын айтып буларды, Кайыпдаң жолго салганын, Айтып болуп Аамин кыз, Түрө тиктейт Гүлүстү. Эки көзүн айрыбай, Кебелбей да кенебей, Тиктеп турат абасы, Катырып койгон немедей Сүйүнүп кетти Сейитек, Сонун олжо таптык деп, Жүрөгүндө ченебей. Аңгычакты болбоду, Суйсала басып Гүлнар кыз, Нашталык таамын койгону, Үч киши болуп төрт киши, Дасторкондо бир болду. Күндүн мурду жайылды, Дасторкон жыйып алынды, Бастырарга камынды, Тулпарга токум салынды. Гүлүстүн турат нээтинде, Ат айабай жол жүрүп, Таласка жете кетүүгө. Аттарды токуп дайардап, Камынып болгон мезгилде, Күн чагылып күркүрөп, Шамал чыгып борондоп, Жердин бети дүркүрөп, Бул белгини көргөндө, Мөлтүлдөгөн Аамин кыз Титиреди сүлкүлдөп. Ачынып турат эр Гүлүс, Эмне болуп кеттиң, деп, Колтуктан жөлөп жүгүрүп. — Атагың бар арстансың, Айтылган элге дастаның, Келейткан- дөөнүн белгиси, Ошондон коркуп качкамын. Шер Сейитек ошондо, Ыргып минип Күрөңгө, Ыргыштатып Күрөңдү, Найзасын ыргап турду эле. Келейткан дөөнүн күүсүнөн, Камыштар жерге жалпайып, Өнүп турган чынарлар, Бир жагына кыйшайып, Ат минбеген жөө болуп, Кудай урган Нүкүр дөө, Кирип келди дардайып, Тургандар менен кээри жок, Тартынып калар жери жок, Чеңгелдеп алып кетерге, Ак кептерге кол сунуп, Бешиликтей арбайтып! Жолборс жүрөк жел билек, Бала баатыр Сейитек, — Тарт колуңду, каапыр! — деп, Колундагы найзаны, Колтуктан нары бир койду, Кырданып жерди тайанып, Өөдө болуп оңолду, Дөөнүн пейли бузулду, Бендеңе, кудай, туш кылба, Дидары суук ушуну! Калдаңдаган капыр дөө, Кара бойу бир дөбө, Кан ичип көнгөн баатыр дөө, Өтө мыкты Нүкүр дөө, Үстүндө бар кийгени, Тогуз кабат күрөөкө, Колунда кылыч албарстан, Чапса кесип таш жарган, Өзү бааша Нүкүр дөө, Отуз шаарды башкарган. Беттешип кирди салышып, Шер Сейитек бул экөө, Айкырышып бакырып, Айчылык жерге угулуп, Күркүрөшүп күүлөшүп, Күчтүү найза урушуп, Бир жолу өлсөк мейли, деп, Кезекке чыдап турушуп, Жөө урушуп Нүкүр дөө, Бир күнү кылды туруштук. — Сен Сейитек, мен Нүкүр, Тең шекилдүү экенсиң, Бир күн өргүп жатып тур. Минерге атым жок эмес, Атымды алып келейин. Армансыз өлгүн, Нүкүр деп, Койо берди Сейитек, Нүкүр дөө жөнөп кеткенде, Ак кептер туруп айтат кеп: — Дөө сөзүнүн түбү жок, Балыкта чыккан жүнү жок, Кол алдында башкарган, Отуз канча шаары бар, Баары балбан, баары дөө, Атымды алып келем деп, Алдап кетти Нүкүр дөө, Кайра келсе Нүкүр дөө, Жайнап жаткан чок келет, Асман тиреп жалындап, Куйкалап кетчү от келет, Ат көтөргүс жөө келет, Албан-албан дөө келет, Теңи калып бул жерде, Теңин элге жиберет. Турганың эки кишисиң, Бириндетип бөлбөйбү, Бир сынашып көрбөйбү. Уруксаат бергин, Гүлүстөн, Көкөлөп учуп кетейин, Бануршага жетейин, Атамдын арбын кулу бар, Анда да нечен зору бар, Бир башы миңди ээлеген, Билеги жоон чоңу бар. Жетип кабар салайын, Алып келе калайын, Пери келсе бул жерге, Бөлүнүп жөнөп кете албас, Кеткен менен Таласка, Өз ойунча жет албас. Гүлүстөн макул болуптур, Ак кептер сызып көк менен, Банур шаанын алдында, Башын уруп туруптур. — Аамин балам, кебиң чын, Барып келип жербетин, Байкап билип жүрчүбүз, Манастын Манас экенин, Абдан дайнын билчүбүз. Дөөдөн качып баана издеп, Бендеге барып туш болсоң, Бекер жатып албаймын. Аттанайын мен болсом, Манастын тукумдарынан, Кимисине жолуктуң? Ачык айткын сен болсоң. Атын анык угайын, Аттанып анан чыгайын. Перилерде жок экен, Бекем катып жашырыш, Алманбет уулу Гүлүстүн, Сейитектин бар жайын, Баарын айтты ак кептер, Ашырбай да, жашырбай, Жайын айтты ак кептер. Көйкаптагы Банурша, Абдан толук билчү экен: — Андай болсо сен, балам, Энең менен көрүшүп, Эртелеп кылгын камылгаң, Эртең жолго чыгабыз, Нүкүр дөөгө барабар, Биз да аскер жыйабыз. Муну айтып банурша, Кабар берди калкына- Калың пери жалпыга. Жүз миң пери сап болуп, Тизилип болду аңгыча. Арадан эки күн өтүп, Айдап келди Нүкүр дөө, Жүз миң аскер дүрбөтүп. Аңгыча келди Бануршаа, Бу да жүз миң аскерчен, Эки жүз миң эл келди, Бенде эмес периден, Жердин бетин термелди, Нүкүр дөө менен Бануршаа - Эки улук тең келди, Ачууланып Нүкүр дөө, Аскерин бөлүп экиге, Элүү миңин тур, деди. Элүү миңин Таласка, Ылдам жетип бар, деди. Бөлүнүп аскер жөнөдү, Бануршаа муну көргөнү, Аскерден бири калбады, Бануршаанын жүз миң кол, Элүү миң колго барганы, Буйрук алып Банурдан, Нүкүрдөн буйрук дагы бар, Асманда жүрүп урушуп, Кырылышты мабулар. Кан жетпей жерге катыптыр, Томолонуп кээ-кээде, Баш түшүп жерге жатыптыр, Жер бетин адамзат, Баш түштү деп асмандан, Акылы айран таң калат, Не кыларын биле албай, Акылдан танып сандалат. Кырылышып эки аскер, Кызыл кыргын болушту, Нүкүр дөө менен Банурга, Калгандары барышты, Кабар угуп Нүкүр дөө, Казабына алышы, Каарданып капыр дөө, Кара буурул ат минди, Кыл куйругун шарт түйдү. Тышынан кызыл жамынды, Ач камандай чамынды, Башында чачы бириндеп, Эки жеңи дирилдеп, Үнү күндөй күркүрөп, Көрүп турган кишинин, Сийдиги агып бүркүрөп, Буурул атты чуратып, Артынан чаңын буратып, Жекеге чыгып акырып, Атын айтып Сейтектин, Кел бери деп бакырып, Нүкүрдүн үнүн укканда, Кой күрөң менен сыздырып, Шер Сейитек шашылып: “Менден качты деп айтат, Сейтек коркуп жашынып” Ойлогону ал болуп, Ошол жылы Сейитек, Жыйырма бар болуп, Нүкүр менен Сейитек, Бет келишти майданда, Эки баатыр бөлүнүп, Беттешип чыгып майданга, Алдында көнгөн алышып, Эки күнү салышып, Суранып кеткен Нүкүр дөө, Жөө жүргөнгө ардыгып, Таласка бөлүп жумшаган, Аскеринен айрылып, Ого бетер аркылып, Бар кайратын чогултуп, Эки колго жам кылып, Кетемин деп кезенген, Башын кесип байланып. Качырышып беттешип, Өлөр жагын кездешип, Ээрдин кесе тиштешип, Кездемдерин чуналтып, Кезкерип найза чунайтып, Найза найзга кагылып, Балтага балта чабылып, Найзалар сынып быркырап, Сыныктары асманда, Учуп жүрөт чыркырап, Көзүнөн чыккан оттору, Кышкы үйүрдөй шыркырап, Балтанын сырты жарылып, Нүкүр менен Сейитек, Тең келишип кабылып, Жана чыкты бир чоң дөө, Үстүнө сары жамынып. Бануршаанын бир балбан, Буга келди айкырып, Гүлүстөн чыгып беттешип, Перини кайта жандырып, Эки бенде, эки дөө, Эки күн уруш салышты, Эрикпестен бул төртөө.