← Сейтек 3/4

— Атамдан артык абам бар, Ак сүтүн берген энем бар, Эмчектеш болгон агам бар, Өзүмдөй болгон иним бар, Айчүрөк сындуу жеңем бар, Тил жазыктуу болбосун, Бүгүнкү күнү кыргыздын, Кай жеринде кеми бар? Кайыпдаң кызы Куйалы, Жардамга келген чени бар, Жер чардап жеңем келерде, Амалың болсо кылгын деп, Менин айткан кебим бар. Абакем анда бар эле, Жол койгон болчу унчукпай, Абам, энем, Сейитек, Үчөөң калдың кеп укпай. Күн болжолу толуптур, Айткан күнү болуптур, Кутуруп кеткен Сарыбай, Күн батышты соруптур. Бир күн келип Таласка, Ач көзүн салып алашка, Камал кылып күн бербей, Бизди жаман курутту, Коңурбай кебин жаңыртып, Жоготом деп бурутту. Берекелүү бек айбат, Белдүү чочко бетбакка, Беттешип буга ким чыгат? Беттешкен менен бетбакты, Сайыш күмөн иш турат! Келип калса Кутургур, Сейитек, чыккын сен чыдап, Мен чыгам деп алдында, Кыз Куйалы талашат, Кызды мурун чыгарсак, Кыргызга жаман ат калат, Аркада наалат дат калат. Андан жана Гүлүстөн, Айчүрөк айткан байагы, Күмбөздү белги кепти айтат. Аңгычакты Карадөө, Эшиктен кирди алдастап, Өпкөңдү бас, олтур, деп, Кымыздан тарткан арактан, Айчүрөк куйуп карматат. Тартып ийип Карадөө: — Дүрбү салып олтурдум, Кутургурдун колунун, Маңдайында дөбөдө. Күн бешимге келгенде, Ордунан турду Кутургур, Сындырымга тогуз күн, Сыргакка салган Тоосур ат, Тоңурчуктап туралбайт, Чылбырынан кармады, Буттан кишен тушоону, Башынан жүгөн алганы, Жетим тайдын күр жылга, Туруштук берчүү көп малга, Көз ачкынча жалмады, Топурак учуп, жер чаңдап, Такыр болуп калганы. Өзү тургай аты да, Кутуруптур айбаны, Оройу суук он балбан, Откозуп атты калганы. Эшикке казып кемеге, Казан асып беш жерге, Жаткан экен көп неме, Басып барды жанына, Отуз табак апкелди, Ал капырдын алдына, Колун сууга салбады, Баарын койбой жалмады. Сүйрөп келди беш күптү, (Жыкбы, бөксө, билбейим) Бешөөнү башка беш жутту, Канбады окшойт суусуну, Тоңкойуп жатып суу жутту, Айак жагын агындын, Так какшатып кургатты. Кооп басты талтактап, Бооз катындай чалкактап, Атын алып токутту, Эмгичекти аттанмак, Шашып келген ишим бу, Ушул ишти элге айтмак. Карадөөдөн кеп угуп, Булар чыкты чубуруп, Бул кабардын баарысы, Кыз балбанга угулуп, Абаң Бакай, Каныкей, Арстан Семей, Сейитек, Эр Гүлүстөн, Карадөө, Учурашып жанам, деп, Кыз балбан калды жолугуп, Кыз Куйалы караса, Абаң Бакай кары экен, Ак калпак кыргыз элинен, Артык туулган жан экен. Каныкейди караса, Умай эне ал экен, Семетейге серп салса, Он төрт күнкү ай экен, Уккан кепте болжолу, Ал Жүсүпчө бар экен. Гүлүстөндү караса, Айткан кеби бал экен, Ак пейилдүү жан экен, Кебетеси кешпири, Сын-сыпаты, белгиси, Баарысынан зал экен. Сейитек азыр бала экен, Жыйырма экиде бар экен, Баш терисин сойгондой, Башына каптап койгондой, Нак Семетей ал экен. Жыйырма бештен ашканда, Ат көтөргүс дөө болуп, Ырысы жок жөө болуп, Үйдө жатар дагы экен. Баары пейли кең экен, Айкөлдүн улан-ушагы, Уулу менен урпагы, Аташканы-алганы, Канат-куйрук калганы. Телегейим тең экен, Ушуларга туш болгон, Ырыстуу кыргыз эл экен. Сынын көрүп кыз балбан, Ийилип кылып саламды, Урмат кылып аларды, Сейитектен башкага, Колун суна албады. Кыз балбанды шер Гүлүс, Бир имерип карады: “Ургаачынын шери экен, Пейли сүттөн ак экен, Алган эри жарашса, Жалаңгыч туучу бала экен. Беттешкенин жеңгиндей, Мен-менсинген далайдын, Менсебин алып бергиндей, Ушул дүйнө шум жалган, Сунса колго келгиндей.” Эшикте булар көрүшүп, Эки айрыла бөлүнүп, Аңгычакты Кутургур, Майдандан калды көрүнүп. Хан Семетей, эр Гүлүс, Шер Сейитек, Карадөө, Аттанды төртөө бөлүнүп. Кыз балбан анда кеп айтты, Мен барайын, деп айтты. Айтышына жол койду, Шер Сейитек болбоду. Кутургур турат күркүрөп, Көргөндүн бойу дүркүрөп, Эси коркот кишинин, Сийдиги чыгып бүркүрөп, Ийинден чыкпай жандарлар, Жүрөгү түшүп бүркүрөп. Ширөө чыккан темирдей, Көрөр көзгө күжүлдөп, Тогуз күн жатып дем алып, Бар тапканын жеп алып, Кайратына карк толуп, Келген экен чыйралып. Чоң чокморун колго алып, Ай балтасын кошо алып, Кылыч менен найза лып, Сом темирин дагы алып, Эн темир менен канжарды, Унутуп калбай аны алып, Колунсакка ок салып, Мүрүгө илип жааны алып, Чарайнасын тартынып, Калканы жонго артылып, Кисепче менен калдыркан, Тизеден ылдый салаңдап, Жети кабат күрөөкө, Кийгени темир көмөрүп, Тогуз кабат туулганы, Төбөсүнө чөмөрүп, Буттап темир курчанып, Жекеге чыккан эрди алып, Эл бийлеген зорду алып, Ара жерге жол салып, Таласты талап мал алып, Айчүрөктү олжо алып, Хан Семетей, Гүлчоро, Шер Сейитек, Карадөө, Баштарын кесип байланып, Ак күмбөздү талкалап, Арстандын таап өлүгүн, Отко салып куйкалап, Сыр коргонду кулатып, Түптүз кылып уратып, Жубан-келин, кызды алып, Малды айдатып чубатып, Эркек киндик дегинди, Баарысын сойуп сулатып, Кетемин деп ойунда, Чыккан болчу бул акмак. “Мас максатын айтат” деп, Мас тарабай аттанган, Оозуна келген сөздү айтат, Жеңип алса Таласты, Кылары ошол алашты, Ойлогонун бүт айтат, Койкүрөң менен койгулап, Шер Сейитек баратат, Сейитек анда муну айтат: — Он күндүн алды жагында, Жалынып сүйлөп жалооруп, Уруксат алдың алдымда, Ашөпкө кепти кыласың, Абайлабай алыңа, Кетер жолуң байланган, Баралбайсың шаарыңа. Керээзиңди айтып кой, Кеңешкор кишиң бар болсо, Чакырып алып жаныңа. Керээзиң укпай калбасын, Катын менен балаңа, Эстүү-баштуу кишиңе, Баш катырчу ишиңе. Башыңды кесип байланам, Бооруңду жарып өт алам, Сен кептенип тийбейим, Сенден башка кишиге. Айкөл Манас тукуму, Бекерине тийбейбиз, Кишиси тургай итине. Азабын колго беребиз, Асылып келсе тим элге, Тобоңо жансаң каласын, Ушул жерден сенделе, Канат керек учарга, Куйрук керек конорго, Ойлонгону жакшыдыр, Кийинки болор ишине, Эр азамат кичине. Оолуга кетти Кутургур, Сейитектин кебине: — Жалынгалы келдиңби? Жан бергели келдиңби? Жарты пулга албаймын, Жалынып айткан кебиңди! Жаны ачып Сейитек, Жарым ооз айткан бир кеби: — Эки атаң сеники, Эрдемсип өлгөн, билдиңби?! Көп кечикпей атама, Жетейин деген кебиңби?! Угуп туруп Кутургур, Оозунан түтүн бур этип, Көзүнөн жалын шыр этип, Тоосур атка камчы уруп, Качырып тийди Сейитекке, Куу найзаны сүйрөтүп. Сыздырып барат Сейитек, Койкүрөң менен чуратып, Сайдырбай кагып найзасын, Сындырышты кыйратып. Балтаны белден алышып, Беттешип кирди чабышып, Кудай бетин нары кыл, Чапканына чыдабай, Балтанын сырты жарылып, Жарылып сырты кеткенде, Мизи сынып бүткөндө, Сабы турбай шолоктоп, Кындан кылыч алышып, Жаркылдаган кылычтар, Чаптырбай кайра кагышып, Кеспей мизи жалпайып, Жарылып сырты алжайып, Кылычтар калды жалтырап, Канжар жатат баркырап, Чойун баш калбай быркырап, Кырк кабырга, омуртка, Кырын бузбай зыркырап, Бирин бири тиктесе, Азуулары кычырап, Баштары ооруп кеңгиреп, Мас болгондой зеңгиреп, Кээде туруп калышат, Эси оогандай эндиреп. Кайта кирет теминип, Кайда кеттиң, келгин, деп. Туулганын баары жоголду, Баштары коондой кодойду. Жаагы кызыл кан болуп, Баштары челек, нан болуп, Алакан тери сойулуп, Мойнунун каны койунга, Агып кирет куйулуп, Ычкыр кашат, бел кырчоо, Андан жерге агып чубуруп.