Тоосур менен Кутургур, Кебелбейт да, кенебейт, Кара дөөнүн найзасын, Бит чакканча элебейт, Кудай урсан кутургур, Бучкагына теңебейт. Муну көрүп Кара дөө, Катуу арданып кайран дөө, Заарын салып жыландай, Бөйөн менен чайандай, Аманат жанды айабай, Кызыл жанды Кара дөө, Кылга байлап таштады, Кыйын уруш баштады. Оң айланып сол болуп, Ойлогону бул болуп, Сырты калың өткүр миз, Сомдоп соккон ай балта, Балтаны алып кемерден: “Чаптырбай койсоң билбейим, Чаптырып салсаң, Кутургур, Кара жерге киргизем, Кактабай каның ичпесем, Соогага алып сур атты, Сейитекке жетпесем!” Кара дөөлөп акырып, Өзүнү атын чакырып, Оро-пара маңдайдан, Үзөңгүгө тамандап, Чокуга чаап жиберди, Ээрдин тиштеп жалаңдап, Чак деп үнү угулуп, Башы кетип капкайда, Балтанын сабы суурулду. Башын сыйпап койгон жок, Жалганда мындай балбан жок, Коргошун менен колодон, Эритип туруп куйдурган, Чоң казандай Чойунбаш, Опколжуп келип урганда, Омурулуп кетүүчү, Нечен сеңир урчук таш. Эпсиз баатыр кара дөө, Эсит жанга күч келди, Чокмор менен кош колдоп, Жана тартып жиберди. Чокмор тийип дүп этип, Эңкейе түшүп шылк этип, Ээрдин тиштеп алайын, Койго тийчү бөрүдөй, Эки жагын каранып, Уйдай мурдун жаланып, Кара дөөгө Кутургур, Жаман тийди жан ачып. Найзасын сайып мылтыгын, Көгүчкөндөй Кутургур, Кара дөөнү ыргытып, Найзанын учу жеткенде, Чаң чыкпастын үстүнөн, Калпактай ыргып кеткенде, Копкунуң, деп коборуп: — Армандуу болбой атка мин, Мыкты болсоң эми кир! Найза учуна илбесем, Сейтектин шаарына, Көтөргөн бойдон кирбесем, Кутургур атым бекер! – деп, Тиктеп турду кекерлеп. Жанын айап калган жок, Чаң чыкпас минип тепеңдеп, Кутургурга Кара дөө, Жана тийди бекемдеп. Кутургур жайы ал экен, Сөөгү туташ жан экен, Аты менен бурулуп, Оңдонуп алып сайбаса, Шапа-шупа, оң-солго, Толгонбос жайы бар экен. Билип алып Кара дөө, Ылачындай имерип, Тийип-чыгып кайран дөө, Чокуга жетсе чокморлоп, Жүндөй сабап токмоктоп, Капталга келсе найзалап, Кетемин деп ойлонот, Кабыргасын талкалап. Ай караңгы болгунча, Айабастан салышты, Андан кийин бул экөө, Арттарына жанышты, Жайылданып кутургур, Наар албай жатышы, Жанындагы токойго, Кара дөөнүн айтышы: — Мен кара дөө сен токой, Эми биз кылар иш ошондой. Көзүң көрүп сен турдуң, Көп күчүмдү жумшадым, Кутургур койду тоготпой. Алдыңда минген кержектин – Аттын жайын билерсиң, Аттанып жолго кирерсиң, Таласка барып талыкпай, Көкжал баатыр Сейтекке, Кабар кылып ийерсиң. Мадыкүл уулу Кутургур, Жанжурбөскө келди, де, Кастарлап келген кеп экен, Кең таласка келмекке, Колунан келсе бадырек, Кыргыздын элин бөлмөккө, Кутубайдын Кара дөө, Карсылдашып көрдү, де, Ар канча кылса кайратты, Тоготпой аны койду, де, Чапса кылыч кеспеген, Сайса найза тешпеген, Балтанын мизи батпаган, Чокмордун күчү жетпеген, Денеси бекем таштан, де. Атынын көрдүм бар жайын, Адырга келсе сайышып, Айанбастан салышып, Алдынан тосуп алышып, Көп амалды кылайын, Жоокалатып турайын. Жоо келди көрдүң далбактап, Эки путу салбактап Койо берсек бу жерден, Таласка шыдыр барбайбы, Уктап жаткан тынч элге, Жуушап жаткан көп малга, Төрдө олтурган чалдарга, Жылаңач көтөн балдарга, Чоң мүшкүлдү салбайбы. Айтып баргын баатырга, Мен Кара дөө сөздөрүм, Сен көргөнсүң, токойум, Тамчы суу жок чөлдөрүн, Туйуктап койчу көлдөрүн, Ат чалыкчу белдерин, Жол табалбай калычу, Түнт токойлуу черлерин. Жетип кабар бергин, — деп, Сегиз күндө келгин, — деп, Кара дөө аны жөнөттү, - Сегиз күнү салышып, Чыдаштык кылар эрмин, — деп. Кара дөөдөн кеп алып, Кержекти минип аттанып, Токой жөнөп алыптыр, Түн уйкусун бөлүптүр, Күн тынымды койуптур, Бешинчи күн дегенде, Жеткен жери токойдун, Кең кол ата болуптур. Коргонго барып ал Токой, Гүлүстөнгө кез болуп, Келгенин айтып билгизди, Семетейдин үсүтүнө, Гүлчоро баштап киргизди. Сейтек анда үйдө жок, Гүлнарды ээрчитип, Урумга кеткен болучу, Кара дөөнүн кептерин, Баарын айтты калтырбай, Кутургурдун эрдигин, Жайын айтты жашырбай, Өөдө сүйлөп оргутуп, Ылдый сүйлөп кемитпей, Чынын айтты ашырбай. Семетей айтат ал мындай: — Кутубайдын Кара дөө. Элге күйөр эр экен, Эрдиги анын чын экен, Айтканы акыл кеп экен, Бул дегени эп экен. Мында келсе Кутургур, Жерге салат бүлүктү, Элге салат түйшүктү, Аттаналы, Гүлүстөн, Бүтүрөлү бул ишти. Гүлүстөн күлүп кеп айтат: — Абаке, жаткын сен үйдө, Мен барайын ал жерге, Сейтек келер он күндө, Мен келбесем аңгыча, Жиберип ийгин издерге, Семетей ага болбоду: — Кагылайын, Гүлчоро, Камап келип жоо турса, Жатып алсам болобу? Кыргыздын тузу койобу? Семетей анда оңомбу? Арстандын урса арбагы, Абаң Семей койомбу? Антип абаң болбоду, Буурулду минип болкойуп, Сыр найза колдо койкойуп, Чоң ополдой зоңкойуп, Ак олпок тонун кийинип, Ак келтесин асынып, Ачалбарсын байланып, Ай балтаны жанга алып, Буттай темир курчанып: “Коңурбайга теңелип, Келгенин көрчү Кутургур, Ат изин салып Таласка, Кап, сени!” деп Семетей, Бузулуп өңү сурданып; Суркойон минип шаңданып, Касаба тоодой жарданып, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Кыл муруту бириндеп, Каары жүзгө айланып, Алмабаш мылтык, Акшамшар, Балтасы болот таш чабар, Торгой көз темир бадана, Үштү кийип кабаттап, Туулганы башка көмөрүп, Кийгени темир көгөрүп, Кылычты салып кынына, Ай балта байлап жанына, Найза колдо заңгырап, Кытайча кызыл доолбас, Шамал тийсе каңгырап, Алтын ээр калмакча, Тогуздап олоң тартынып, Аттанып бу да жөнөдү, Сом темирин артынып, Тай буурул менен Сур атты, Алактатып баратат, Жал-куйругун төгүлтүп, Шалактатып баратат, Ооздук тиштеп, көз жайнап, Жалактанып баратат, Топуракты чачыртып, Жерди арыктай каздырды, Тарактатып баратат. Так ошентип жай албай, Аттарды кыйнап, айабай, Айал кылып тура албай, Ат чалдырып түнөбөй, Азык ичип уктабай Эрикпей жүрүп олтуруп, Жанжүрбөстүн четине, Кара дөө менен Кутургур, Салышып жаткан жерине, Үч күндө жетип келди эле. Айлана сеңир тумшуктан, Чыга калса эки арстан, Кайран баатыр Кара дөө, Кабизет кылып калдаңдап, Эки этеги далдаңдап, Далдал болуп сооту, Жыртылыптыр салбаңдап. Тоо бөксөлөр кайран эр, Айбат кылып жаа тартып, Милте чоктоп ок атып, Бир бул жерден көрүнүп, Бир ал жерден көрүнүп, Амал менен урушуп, Жүрүптүр байкуш жулушуп, Семетейди Карадөө, Мурун көрүп Сартбайдан, Арманым жок өлсөм, деп, Ат койуп жөнөп алыптыр. Аны көрүп Кутургур, Айласы кетип качты, деп, Атым күлүк дегенсип, Түздү карай чапты, деп, Тоосур менен тап берип, Бу кулду кармап алам, деп, Колун байлап артына, Сарпочтоп,туруп таңам, деп, Баш катып күн көрүүчү, Сейтегине барам, деп, Бу да жөнөп алганы, Тумшугунан сеңирдин, Кутургур чыга барганы, Караса алдын Кутургур, Жалгыз кеткен Кара дөө, Үчөө болуп калганы. “Жалгыз качып Кара дөө, Үч киши болуп алыптыр, Такыр байлап алам” деп, Барбаңдаган Кутургур, Катуу жөнөп калыптыр, Баатыр Гүлүс шаңданып, Колго найза карманып, Капташып чыга калганда, Апкарыбай калчу эмес, Андан мурун алдында, Балбандар өткөн бир канча, Темир өзөк, таш жүрөк, Коркпой турган Кутургур, Элеген жок эч канча. Айал-үйөл кылбады, Атырылып Сур атты, Токтоло калып Кутургур, Гүлчородон сурады:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.