Кеткендей турат шайыбыз, Келбестей турат алыбыз, Таң аткыча уктабай, Онтоп чыктык барыбыз, Келбей турат Сейитек, Кең колдо турат залыбыз. Бирден чыгып беттешип, Келбесе анда чамабыз, Амалды кайдан табабыз? Эп келсе айткан кеңеш кеп, Таласты карай жылабыз, “Үйлүү жоо” деген макал бар, Эл күчүнө тайанып, Анан уруш кылалык. Семетей балан дегиче, Гүлчоро кеңеш бергиче, Маңдайдагы Кутургур, Айкырык салды элине, Эл башкарган эрине: — Бирине-бирин жеткирбей, Тетиги турган үчөөнү, Сайып алам эми эле! Жапырып барың калбастан, Жабыла атка мингиле, Аламан басып ат койуп, Таласты карай жүргүлө! Тегеректей калгыла, Орто жерге алгыла, Тайгандай кылып жетелеп, Таласка алып баргыла! Бакырыгы баш жарып, Акырыгы таш жарып, Жетимиш миң көп черүү, Түрүн көрүп капырдын, Кылып жаткан амалын, Сүрүн көрүп капырдын, Гүлчоро турду муну айтып: — Качып бербей калдаңдап, Этек кетип далдаңдап, Эки бут кетип салпаңдап, Эрдемсип уруш кылбайлы, Элди кырып барбаңдап. Алдын тосуп ыгын таап, Аркага жанып айарлап, Амал уруш кылалы, Кара дөөнүн кеби акыл, Элге жетип тыналы, – Андай болсо Гүлчоро, Алдын тосуп нетели? Кылычташып урушуп, Кызыл канды кечпейли, Бөлүнүп жолго салалы, Кеңколдой элге баралы, Байрак тиктеп, туу кармап, Анан уруш кылалы, Эп келеби, кандай? – деп, Семетей абаң муну айтты, Анда Гүлүс кеп айтты. Андай эмес, абакем, Качып берсек жөн эле, Жер жайнаган көп аскер, Жабылып чыгат тынч элге, Элди талап албайбы, Бооз катынды жарбайбы, Белиң чындап сынбайбы?! Беш-алты жерден тосолу, Бел ашырбай туралы, Ыгы келе калганда, Кылычты канга жубалы. Калкың кабар албайбы, Камын кылып турбайбы, Же сайдырып жоголбой, Же биз сайып жоготпой, Качып барсак калдаңдап, Бул барса кууп дардаңдап, Атагы кыргыз ак калпак, Тааланга кетип калбайбы?- Деп, Гүлчоро болбоду, Айтканын акыл ырас, деп, Семетей менен Кара дөө, Гүлчорого жол койду. Аңгычакты болбоду, Жетимиш миң көп аскер, Селдей каптап дүр койду, Алмабаш менен Гүлчоро, Алдына утур бир койду, Аламан келген көпчүлүк, Ат бастырбай токтолду, Чачыратма ал октон, Үч жүзчөсү жок болду, Чогуу баспай көп аскер, Бөлөк-бөлөк топ болду. Алдынан тосуп найзалап, Аралап кирип кылычтап, Белден тосуп мылтыктап, Жекелеп чыккан немесин, Семетей менен кара дөө, Жер жазтантып жалмады, Алдына карай оозгонду, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Жебе менен жайлады. Кармап алмак тургайлык, Кайнап келген аскердин, Табылбай калды аркасы. Он беш күндө көрүштү, Ошентип жүрүп Таласты. Терс айлантып торултуп, Капканын кырка артууга, Сары коонун түзүнө, Алып барып таштады, Сейтек жетип аңгыча, Серпишип уруш баштады, Айкөл Манас баатырдын, Айчыгы алтын кызыл туу, Белгини сайып таштады. Сары коонун түзүнө, Кутургур түшүп жатканы. Үч күн жатып камданып, Абаң Бакай, Семетей, Шер Гүлчоро Сейитек, Кутубайдын кара дөө - Бешөө чыкты аттанып. Туу түбүнө турушуп, Туу сайышып урушуп, Мен барамын мурун, деп, Кара дөө чыкты жулунуп. Кара дөө менен Кутургур, Эки күн, бир түн урушуп, Кара дөөнүн бир колун, Талкалады бул доңуз, Тартпай найза сунушуп. Сейитек кайдан айанды? Мөкүбалду найза алды, Күүлөнгөн найза күркүрөп, Эпкини менен найзанын, Жердин бети дүңкүрөп, Кой күрөң менен каргытып, Койуп барат Сейитек, Баатырдын уулу жалгызың, Кутургурду теңсинбейт, Кутургундун ойунда, Сенден артык эрмин, — дейт. Тоосур менен алактап, Күнгүрөнүп күпүлдөп, Буда келет дүпүлдөп. Жеткен жерде Сейитек, Найзасын кагып жиберип, Өтө түшүп айланып, Кайта тийди имерип, Айбанда балбан кой күрөң, Ооздук тиштеп нидерип, Түп этектин чети деп, Май сорунун бети деп, Койуп өттү Сейитек. Аттан түшүп ажырап, Сейитек бура тарткынча, Жана минди шапа-шап, Эрегишип көгөрүп, Найзалары така-так, Балталары чака-чак, Баатырлар үнү бака-бак, Кулак тунуп шака-шак, Ат дабырты дүпүлдөп, Жер козголуп дүкүлдөп, Жер айрылып топо учуп, Асманга чаң созулуп, Так үч күнү алышты, Оро казган немедей, Жерди жыртып салышты, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Салып жетип барышты: — Шер Сейитек, Сары бай, Салыштыңар үч күнү, Чалыкпай да, талыкпай, Эп келди турган биздерге, Макул болсо сиздерге, Майдандан үйгө кайтыңар, Деп алып бир түн жатыңар, Тамак ичип жайланып, Анан уруш салыңар, Гүлүстөнтөн кеп келип, Сейитек менен Кутургур – Бул экөөнө эп келип, Жай-жайына кайтышты, Аттарын суутуп жатышыты. Эртең менен аттанды, Жана уруш башталды, Кайран жанды бул экөө, Кылга байлап таштады. Кылычтар сынды кыңгырап, Сыныгы жатат кылдырап, Найзалар сынды быркырап, Темири жатат жылтырап. Балтанын сырты жарылды, Жыргап жаткан кыргызга, Бир балекет табылды. Эртеден кечке чабышып, Кечинде кайта жанышып. Эртең менен Гүлчоро, Атка минди жан ачып, Гүлчорону көргөндө, Кутургур турат чамынып, Белгиси экен бетпактын, Чыккан экен ал күнү, Үстүнө сары жамынып, Буу белгиси келүүчү, Бу белгиси келгенде, Беттешкен бенде кутулбай, Кара жерге кирүүчү, Топурак болуп чиричү. Үстүнө сары жамынып, Колуна кызыл байлатып, Белине кара курчанып, Ээленип турат сур чалыш, Камчы менен Суратты, Карчыттан нары бир салып, Көк букадай өкүрүп, Жалаңгычтай көрүнүп, Карыга чейин билегиң, Май алчудай түрүнүп, Алдында минген тосур ат, Албан түрдү жүгүрүп, Аркасынан чыккан чаң, Аткан таңдай түрүлүп, Жер килити сөгүлүп, Көргөндүн көөнү бөлүнүп, Көбү калды букара, Гүлчородон түңүлүп.” Жүздү күндөй жаркыган, Сөзү сүйкү шыкыр бал, Бендеден туулуп бир келген, Экинчи келбейт мындай жан. Ийриси жок түз көптү, Сымбаты артык келбеттүү, Сепкили жок ак бетүү, Кайран эр кандай болор?!”деп, Каңгырыктап эл кетти, Жеткен жерде Кутургу, Гүлүскө найза сайдырбай, Сайдырбай да кактырбай, Капталга муштап өтүү эми, Үч кабат темир күрөкө, Торгой көз темир бадана, Тоскоолдук кылбайт төрт кабат, Бадырап чыкты эми. Маталып буудан Суркойон, Жыгыла жазып тас калып, Эр Гүлүстөн баатырдын, Карчытынан кан кетти, Карап турган Семетей, Ур дедирбей ал жетти, Алмамбет уулу Гүлүстү, Ажыратып жай кетти. Жетелеп элден чыгарып, Буруул менен бурулуп, Муңайып өңү бузулуп: “Баласы Сартбай турмайлык, Атасы Сайып алганым, Каарым менен качырып, Учурайын арбагын, Манастап ураан чакырып” Камбыл тууган абакең, Катуу тийди жапырып. Кеңкиреген кызталак, Кыйкатуу найза карманып, Тоосур менен шаңданып, Гүлчорону кутказып, Өтө жаман арданып, Ачуусу келген каапырдын, Чечек чыккан немедей, Өңү кетти чаар айып. Кабылан Семей абаңды, Камындырбай сайарда, Сайса жыгып саларда, Ал өңдөнгөн сайыштан, Сан-санаксыз көп өткөн, Салтанатуу абакең,, Тайбуурулдун капталга, Салаңдап түшө берди эле, Каңгыта сайып найзасын, Алдына өтүп кетти эле. Оңолуп кайра тарткыча, Ойрон абаң жетти эле, Опол-тоодой чочкону, Бөйрөккө койуп өттү эле. Карчыт эти бөлүнүп, Шыркырап каны төгүлүп, Бура тартып буу чочко, Минтип айтып турду эми: — Сен Семетей, мен Сартбай, Тең айтышсаң ал кандай? Менин денеме найза батпаган, Отуз бешке чыккынча, Чык этип канап бакбаган, Атын Сартбай болголу, Үстүмө сот чаппагам. Жан жүрбөстүн чөлүндө, Сот чапты Гүлчоро, Карчытыман кан алдың, Семетей бүгүн сен болсоң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.