Семетей жүрөт куш салып, Алда эмине шумдук, деп, Кайран дөө турду муңканып: — Кылганым бекер болгонум, Каргышка кеткен чунак тоо. Абамды бербей койгону! Таласка кбар кылайын, Айчүрөк, Гүлүс угаар, — деп, Амалын мунун кылар, — деп, Каныкей, Бакай угаар, — деп, Кандайда болсо түйүнүн, Карылар чечип чыгаар, — деп, Шер Сейтек келер, — деп, Баласын көрсө абакем, Кетпей калар бекем? — деп, Жанында Токой баланы, Толгонуп аны карады: — Толкундуу Токой, эр элең, Ат токурум сен элең. Менин атым Чаңчыкпас, Буркураган шор менен, Айабай жүрсөм катуулап, Аркасынан чаң чыкпайт, Ар кандай минсе чалгынга, Кароолдогу эр туйбайт. Чаңчыкпас минип жолго сал, Таластагы төрөгө, Менден кабар айтып бар. Кутубайдын Кара дөө. Кайыпчыга барды, де, Ак жолтой тууган Кара дөө, Семетей таап алды, де, Эки күн жүрдү жалынып. Ээрчип жүрдү зарылып, Карабады Семетей, Кабагын ачып жайылып. Кырк киши бар жанында, Жыйырмасы алдында, Жыйырмасы артында, Түндөсү кирип кетишет, Жылчыксыз тоонун бооруна, Мингени кызыл буурул де, Кийгени аппак буулум, де, Чылбырына чырмалып, Карадөө турду кечке, де, Күн бешимге барганда, Ошондо келди кепке, де: “Кээде угат кулагым, Кээде укпай каламын. Кээде көрөм күдүңдөп, Кээде көрбөй каламын. Канча жыл жүрдүм бул жерде, Ушул менин абалым, Атым менен Семетей, Уксаң менден кабарым” Айтып муну чоң тоого, Кирип кетти карабай, Тоого далай кеп кылды, Кара дөө чыдап туралбай, Тоодон кабар болгон жок, Кара дөө чыдап туралбай, Талкалап тоону түзөтүп, Таап алам деп абамды, Талкандап тоону кулатты, Зоңкойгон зоону уратты, Жолум үйдөй чойун баш, Жок калды де жойулуп, Алакан сөөгү көрүндү, Кол териси сойулуп, Колунан аккан канына, Сагызган, кузгун тойунуп, Мурункудан шаңданып, Тоо кетти де чоңойуп. Амалсыз калып Кара дөө, Тумтак күнү түгөндү, Күлүгүн берип Чаңчыкпас, Айткын деп мени жиберди. Айчүрөк, Гүлүс курбалдаш, Шер Сейитек азыр жаш, Каныкей, Бакай - карылар, Ал бешөөнүн бирине, Айтып койуп кайта тарт, Карапайым кишиге, Айта бербе жабырап. Арабыз опсуз ыраак жол, Он күндөн калбай келип бак, Жүрө бербей салбырап. Хан жумшаса калдайып, Карап Токой турбады, Чаңчыкпас минип дууланып, Жаны жыргап кубанып, Таласты карай жол алды. Күндү түнгө улады, Түндү күнгө улады, Түгөнгөн Токой тың экен, Дем албай кетип баратты. Аркайган нечен тоо калды, Айнектей нечен түз калды, Аккан адыр суу калды, Кайкалаган бел калды, Караңгы токой чер калды, Адыр-адыр жер калды. Чалкалаган төр калды, Чатыраган көл калды, Суусуз нечен чөл калды. Какыраган таш калды, Буртулдаган шор калды. Ошентип жүрүп көп жолдон, Басылбаган аз калды, Чаңчыкпас менен жаш Токой, Өрдөп чыкты чуратып. Кара буура чат калды, Бер жактагы элдерден, Эми бир аз эрмек айталы. Арпанын башы жайыктан, Зуңконун зоосу туйуктан, Музой Калча алыптыр, Бүркүт тууган уйадан, Ак ийин деген балапан. Кабарын угуп Жалгызек, Балапанды сураткан,, Музой Калча сынчы эле, Сурап барган кишиге, Айткан кеби бул эле: — Балапаным ак канат, Мындан качып кутулуп, Алдынан кайсы жан калат? Алдынкы сынын караса, Чубар десе эп келет, Арка жүнүн караса, Тынар десе эп келет, Ырысына караса, Майпоз десе эп келет, Канат сынын билгенге, Жапкан ат десе эп келет, Көз жалынын билгенге, Келтебоз десе эп келет, Туур сынын билгенге, Ыбыкыз десе эп келет, (Табын тапсаң күндө кыз, Табын таап салбасаң, Мээлейиң алып көтүң кыс) Бүркүтүмдө такыр бар, Мунун бирөө кем эмес, Суратыптыр мына деп, Көтөртүп берсем мен сага, Жалгызегиң не берет? Алар болсо бүркүттү, Өзү келсин Жалгызек, Барган киши кайтыптыр, Жалгызекке айтыптыр. Кабарын угуп бүркүттүн, Жалгызек кантип жатыптыр? Атбашыдан аттанып, Мазейил белин ашыптыр, Музой Калча жетем деп, Эң эле жаман шашыптыр, Калың Калча кеп угуп, Жалгызек келди деп угуп: — Музой Калча, оңбой кал, Байлап бербей бүркүттү, Убара кылып баатырды, Мунуң жакшы иш эмес, Колкосун берет болуучу, Кошойдун уулу Жалгызек, Кара жемсөө киши эмес. Панаалап жүргөн кыргызда, Кырк үйлүү Калча бар элең, Эми кантээр экенбиз, Кыйыктаса Жалгызек? Бүжүрөшүп Калчалар, Айтышканы ушул кеп. Коркуп калды ошондо, Музой Калча энтеңдеп. Келе жатып талаада, Удургуп айыл калганда, Коркконун элдин билгени, Музой Калча үйүнө, Жалгызек баса түштү эми. Музой Калча жаш эле, Кырк үйлүү ошол Калчанын, Баарысына баш эле. Атын алып бүгүлүп, Анталашып жүгүрүп, Бээ семизин жыгышып. Бир күн мейман кылышып, Музой Калча көтөрүп, Жалгызектин алдына, Туура тартып турушту, Бүркүттү алып чыгышып. Атасы Кошой олуйа, Казатта жүрүп куш салган, Кобурлуу көнгөн киши эле, Атадан алып көп үлгү, Канаттуунун Жалгызек, Таанып билген иш эле, Карап көрсө Жалгызек, Он эки сыны бар экен, Эки жаккы мүрүдө, Эшилген ак кыл салаңдап, Эки канат чалгыны, Качырдан бетер ак экен, Сегиз колдо барабар, Жетиден көңөө так экен. Ач болсо учпай калгандай, Тойгузуп салса алгындай, Обонсоргок дагы экен, Конгон жери майланып, Майпоз өзү дагы экен, Ачып канат ирмеген, Алдына чыгып уча албас, Көк камчы сыны бар экен. Алды чубар жүндөрү, Аркасы тынар бедери, Ушул болот бүркүттүн, Асыл дордок дегени. Сырткы сыны Ыбыкыз, Мындай бүркүт табылгыз, Качырганын куткарбай, Кармаса каны төгүлөт, Карапайым жөнөкөй, Сарежий жайы көрүнөт. Жалгызек сынап олтурат: — Жетисуудан жем жеген, Желбегей Сыргак ушу, — деп. Табылыптыр бул бүркүт, Музой Калча, багыңа, Зоңконун зоосу жарыктан, Чоң атаң Кубат барында, Ителги тууп бул жерге, Айкөл шердин Акшумкар, Мындан алды деди эле. “Арпанын башы жайыктан, Ак жумуртка туйуктан, Акшумкар чайкап куш кылган, Айкөл шерге туш кылган” Ырчылар ырдап жүргөнү, Ошондон калды деди эле. Кулак уккан укмушта, Андан бери карата, Жан туубады деди эле. Энеси экен чапкан ат, Атасы Молор турбайбы, Эрдигине ишенип, Келип тууган турбайбы, Эби келсе Музой бай, Мага бергин мындайды. Үч жүз жылкы, беш жүз кой, Туур жабары кырк бир төө, Ушул болсун ырымың, Инек уйдан элүү ал, - Жигитине буйурду, - Музой байдын жонуна, Төрт жүз тилла алгамын, Дейилданы жаба сал. Бүркүтүн берип кур калба, Куртканын шаарын саа бердим, Аны кошуп сурап кал, Жана болсо орунчуң, Жашырбай сырың айта сал, Дагы берем тартынба, Алар болсоң жана мал. Жалгызектен муну угуп: — Музой түпкө жетти, — деп, Кекерледи бизди, — деп, Калчалар турду удургуп, Жакшы-жаман кеп укпай, Астына кирип басалы, Атбашы карай чубуруп! Оозуна лам-мим кирбеди, Музойдун тили буулуп. Коркконун билип булардын, Жалгызек турду муну айтып: — Коркпогула, туугандар, Мындай тамсил бир кеп бар - “Сулуу кыз менен күлүк ат, Кыраан бүркүт, зил тайган- Төртөөнүн баасы жок болот” “Кызыл тилдин сөөгү жок, Баш сыпаанын жүзү жок”- Элдер айтып келаткан, Ушул болот “эки жок” Аш кайнамча токтолду, Кыңк эткен пенде жок болду, Коркуп барбайт экен, деп, Жалгызек үч күн токтолду, Беремин деп айткан мал, Баары келип топтоду, Кырк үйлүү Калча бүт кедей, Сүйүнүшүп шоктонду. Жалгызек баатыр бүркүттү, Үч түлөтүп ал салган, Азуулуудан жолукса, Каман, бөрү, түлкү алган, Кашкулак, карсак, саманчы, Көргөнүн качан куткарган? Сүлөөсүн, суусар, чөө алган, Ачкүзөн, мадыл - булардан, Кутулуп кете албаган. Арка алган, кулжа алган, Эчки алган, теке алган, Элик, куран, жээрендин, Качан бирин куткарган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.