← Сейтек 3/5

Бирден албай топ алган, Текөөргө темир каптаган, Жеткенин жарып таштаган. Айылда итке түшпөгөн, Бала келип жанына, Асылса канат-куйрукка, Ирмеп көзүн ачпаган. Акылы артык жаныбар, Анча-мынча адамдан. Кабарын угуп Гүлүстөн, Жалгызектин сураткан: “Үч ай салып ойнойун, Кайта өзүнө берейин, Колун куру койбойун” Деп анык айтып болжолун. Эр Гүлүстөн бир күнү, Карабуура Чаткалдан, Бүркүт салып келаткан, Утур чыкты алдынан, Катуу жүргөн бир адам. Кыр арка Гүлүс абаңыз: “Кара дөөнүн Чаңчыкпас, Минген аты ал экен, Үстүндөгү ким экен?” Муну ойлоп калыптыр. Кыңк эткен пенде жок болду, Коркуп барбайт экен, деп, Жалгызек үч күн токтолду, Беремин деп айткан мал, Баары келип топтоду, Кырк үйлүү Калча бүт кедей, Сүйүнүшүп шоктонду. Жалгызек баатыр бүркүттү, Үч түлөтүп ал салган, Азуулуудан жолукса, Каман, бөрү, түлкү алган, Кашкулак, карсак, саманчы, Көргөнүн качан куткарган? Сүлөөсүн, суусар, чөө алган, Ачкүзөн, мадыл - булардан, Кутулуп кете албаган. Арка алган, кулжа алган, Эчки алган, теке алган, Элик, куран, жээрендин, Качан бирин куткарган? Бирден албай топ алган, Текөөргө темир каптаган, Жеткенин жарып таштаган. Айылда итке түшпөгөн, Бала келип жанына, Асылса канат-куйрукка, Ирмеп көзүн ачпаган. Акылы артык жаныбар, Анча-мынча адамдан. Кабарын угуп Гүлүстөн, Жалгызектин сураткан: “Үч ай салып ойнойун, Кайта өзүнө берейин, Колун куру койбойун” Деп анык айтып болжолун. Эр Гүлүстөн бир күнү, Карабуура Чаткалдан, Бүркүт салып келаткан, Утур чыкты алдынан, Катуу жүргөн бир адам. Кыр арка Гүлүс абаңыз: “Кара дөөнүн Чаңчыкпас, Минген аты ал экен, Үстүндөгү ким экен?” Муну ойлоп калыптыр. Эр Гүлүстөн жөнөдү, Эркечтей болгон Сур менен. “Жаман күндөр жанымда, Жакшы күндөр алдымда, Абамдын уктум кабарын. Эки күндө жеткиргин, Кайыпчыга маалында. Абакем көрсөм маа жакшы, Тайбуурул көрсөң саа жакшы” Антташып да, шартташып, Атырылтып Сур атты, Чаңчыкпас менен жаш Токой, Кой эти бышым жанашты. Андан кийин Суркойон, Караансыз кетип калганы, Эки күн, эки түн өтүп, Капчыгайга барганы. Барып жетсе Гүлчоро, Кара дөө турат калдайып, Колдорунан кан агып, Бүткөн бойдон тер агып, Эки буттун ортодон, Булактай булуп суу агып, Гүлүстөндү көргөндө, Кара дөө калды дууланып. Аңгычакты болбоду, Ортого алып абаңды, Кырк кыз келет чубашып, Суркойон менен Гүлчоро, Семетейге жанашып, Салам айтты заңк этип, Семетей карап койгон жок, Мурункудай жарк этип, Унчукпай кетти бастырып, Буурул менен болкойуп, Ак шумкар колдо койкойуп. Амалы кетип Гүлчоро: “Он төрт жылдан бер жакка, Азап тарттык канчалык, Абакем албай капарга, Таарынып калган экен” деп: — Айланайын абаке, Таарынгындай жериң жок, Амалсыз калган биздерге, Он эки жыл зар болдук, Убакты жок издерге! Деп жабырап баратат, Аңгычакты болбоду, Тоонун койну ачылды, Кирип кетет экен, деп, Эр Гүлүстөн шашылды, Шашкан менен болбостон, Кыздар менен Семеңди, Ичине тоо жашырды. Гүлчоро менен Кара дөө, Ошол жерге жатышты, Тандап туруп бугунун, Семизинен атышты. Күүгүм кире күн бата, Токой да келип кошулуп, Бугу этинен татышты. Эртеси күнү болгондо, Күн шашике болжолдо, Кыздар менен Семетей, Кырка чубап тургандай, Ойго арыш алыптыр, Ошондо карап тура албай, Ойрон Гүлүс барыптыр, Ээрчий жүрүп талыкпай, Такыр кебин салыптыр. Мелтиреп абаң унчукпай, Кылайып бир ооз кеп чыкпай, Кайра тарткан кездерде, Алмамбет уулу эр неме, Тайбуурулду чылбырдан, Таамай жетип алды эле, Мамындай кебин салды эле: — Мен Гүлчоро, сен Буурул, Казакка кеткен тартууга, Кайдан келип туш болдуң, Абакем салган Акшумкар, Абам колго түшкөндө, Агыткан экен Айчүрөк, Эми кайдан келип туш болдуң? Он төрт жыл көрбөй абамды, Ичим бышып бук болдум. Караган көк бит чагымда, Куржунга салып байланып. Багып жүрүп чоңойттуң, Калтырдым көөнүм кай жерде, Карабай, аба, не болдуң?! Эки күн болду келгеним, Кылчайып карап койбодуң, Ак сүтүн берген саа сактап, Уктабай түндө сак сактап, Каныкей болду ынтызаар, Унутуп аба, не болдуң? Он эки жыл зор Бакай, Керүүгө салып төө бакты, Унаа минбей жөө бакты, Ыйлап жүрүп сени деп, Муштумдай көзү шишиди, Аарчый албай чылпакты. Олжого кетти Айчүрөк, Жетисууда төрөлүп, Ат көтөргүс зор болду, Жалгыз балаң Сейтек. Саамайына ак салды, Зарланып жүрүп сени деп, Аташканың Айчүрөк; Абамдын жүзүн көрсөк, деп, Ак калпак кыргыз эл жүрөт... Анда-санда Семетей, Гүлчоро доошун эшитет, Күңгүрөнүп бир кезде, Күч менен сүйлөйт күч менен, Жана мындай кепти деп: — Кулагым менин уга албайт, Айткан кепти калтырбай, Такыр угуп чыга албайт. Ачык көзүм көрө албайт, Айгине таанып биле албайт. Каныкей, Бакай дегениң, Алганың Чүрөк дегениң, Гүлчоро бу сени деп, Ушул менин күмөнүм, Гүлчоронун этинде, Кийген сыйкыр көйнөк бар, Кубултуп кетет экен, деп, Көйнөктүн жеңин бек тартып, Буудан күлүк Буурулдун, Чылбырын кармап кыскартып, Жүрү, абаке, жүрү, деп, Буурулду тартып калды эле, Кайып кыздар чогулуп, Ортосуна алды эле, Гүлчородон Семейди, Ажыратып ала албай, Алда кандай адам, деп, Айран-таң болуп калды эле. Ачып айта кетейин. Кыздардын жайы ал эле - Өтүп кеткен учурда, Кайыпчал деген бар эле, Өзү адам баласы, Алганы пери кызы эле, Ар жылы болуп бойуна, Бирден сулуу туучу эле. Үч жашка чыккан кезинде, Тун кызын алды Шукшур дөө, Экинчи кызын бир жашта, Тартып кетти ушул дөө, Андан кийин тууганын, Арадан кырк өткөрбөй, Алып кетип туруптур, Жылда тууса, жылда жок, Кайыпчал менен катыны, Куу бөрүдөй улуптур, Жетинчи бала тууларда, Акыл ойлоп туруптур. Кайыпчалдын алганы, Айына жакын калганы, Акыл ойлоп Кайыпчал, Бооз канчыктан бирди таап, Жуунду берип кетирбей, Багып жүрдү сак сактап. Толгоо кирип бир күнү, Жана бир кыз төрөлдү, Ак куунун кеби оролуу, Туулган кызды көргөнү, Ашып-шашып Кайыпчал, Канчыкты карай жөнөдү. Жалгыз күчүк тууптур, Алып барып күчүктү, Зайыбынын салып алдына, Кайыпчал айтты зайыбына: — Сен төрөдүң жети кыз, Жетинчиси ушул кыз, Баарысын алды Шукшур дөө, Баласы жок жүрөбүз, Ар жылы отко күйөбүз. Күчүктү карап буркурап, Сен олтургун, теңдешим, Кызды алып көтөрүп, Бир жерге таштап келейин. Мына ушинтип Кайыпчал, Зайыптын алып кеңешин, Көтөрбөс болуп жемесин. Өзү шайдоот Кайыпчал, Кызын алып кепке ороп, Үргөнчтүн барып жерине, Кыйбанын келип элине, Баланы жерге таштады, Маарап келип бир аркар, Эмизе кызды баштады. Аңчылап жүрүп Акун хан, Ушул кызды тапканы, Атын койуп Айчүрөк, Асырап аны бакканы. Чынкожо, Толтой, Семетей, Талашып жүрүп Чүрөктү, Кыпкызыл кандын акканы, Акундун кызы Чүрөк, деп, Ар качан салат дүмөк, деп, Ошол кеп элдин айтканы. Кайра келсе Кайыпчал, Шукшур дөө келди асмандан. Эшиктен кирсе үйүнө, Катыны ыйлап какшанган, Күчүктү көрүп кансыз дөө, Кайыпчалдын үй ичин, Бардык жерин аңтарган. Ит тууду деп Шукшур дөө, Андан кийин баспаган. Кайыпчал деми сууду эле, Кайыпчалдын катыны, Төрөбөй жүрүп нечен жыл, Жана бирди тууду эле, Атын койгон Көкмончок, Чектен ашкан сулуу эле, Баштагы болгон иштерди, Кайып жандан укту эле. Бир тууганы Чүрөктү, Акун хандын кызы деп, Анык кабар укчу эле, Анткени менен Көкмончок, Ким алганын Чүрөктү, Андан кабар укчу эмес. Кайыпчал кызы Көкмончок, Көк көгүчкөн кеп кийип, Көп окуп сыйкыр жат билип, Кырк кыз алып жанына, Тамаша кылып жүрүүчү, Пенде менен перинин, Аралашып баарына.