← Сейтек 4/5

Кеңколдогу Төрткөлгө, Жылында бир убак келүүчү, Башоонанын айында. Киши жокто келүүчү, Киши жокто кетүүчү. Кебин таштап кыз болуп, Көлдү ойноп кечүүчү, Мезгилинде Көкмончок, Кеңколго келсе көлдү издеп, Мурункудай бош эмес, Жер кайнаган эл жүрөт. Тегеренип асманда, Туруп калды Көкмончок, Не жумуштур билем, деп, Так ошондой убакта, Семетейге Канчоро, Найза сайган кара ниет, Аркасынан бир киши, Чаап өтсө чыкыйга,, Жер тайанды жыгылып, Бардасы беттен ачылып, Каптады жерди нур чыгып. Ойуна алган Көкмончок, “Пенде менен периде, Барбаган менин жерим жок, Бул өңдөнгөн адамды, Мен көргөн жерим деги жок.” Башына арман муң түшүп, Каптап турган кызыл чок, Сыйкыр менен көз байлап, Семетейди көргөзбөй, Алып кеткен Көкмончок. Андан кийин калгандар: “Өлгөнүн киши көргөн жок, Көр казып аны көмгөн жок, Бей ажал өлбөйт Семетей, Батадан бүткөн бала” деп, Айтып жүргөн ошол кеп. Алып келип Көкмончок, Ким экенин билдирбей, Багып жүргөн ошол чак, Кайыпчыга бир күнү, Ак шумкар келген баркылдап. Семетейди көргөндө, Колуна конгон жаркылдап, Бир күнү келип калыптыр, Ээр-токумчан буурул ат. Тил сүйлөбөс тел болгон, Кулак укпас кер болгон, Абакемди Көкмончок, Буурул атка мингизип, Күндүзү шумкар салдырып, Илбээсинди алдырып, Ушундайча турганы, Үч ай токсон күн болгон. Балта тийип чыкыйга, Найза кирип өпкөгө, Кош өпкөсү тешилген, Багып жатып Көкмончок, Араңдан зорго жетилген. Мээнин кабы жарылган, Жүрбөй каны уйуган, Сүйлөбөй тили буулган, Айабастан иштетип, Канча түрдүү дарыдан, Арылган араң ириңден, Ириң жеп тамыр чириген, Ушундай түрдүү себептен, Тили кечир булдурап, Так келе албай чулдурап, Кулагын турган чер басып. Шар уга албай датташып, Канча жыл жатып күн көрбөй, Көзүн турган кал басып. Семетей алып кетүүгө, Кыздын баары барышты, Жетелеп алып кетээрге, Чылбырынан алышты. Чылбырынан кармаса, Тутам эмес кучакка, Бата албайт чылбыр караса. Айдаса буурул былк этпейт, Чылбыры Гүлүс колунда, Тоо баскандай солк этпейт, Карадөө, Токой жардашып, Тирмейе тиктеп карашып, Абасы менен Гүлчоро, Көргөнгө көркөм жарашып, Тура турсун эрендер, Биз башкадан кабар алалык. Жалгызектин Акканат, Ачып канат ирмеген, Алдынан учуп чыга албас, Сагызган ийин чапкан ат. Акылы артык жаныбар, Көөдөнүн салып Сыргакка, Асманга чыгып бир паста, Коргондун көрүп караанын. Эки канат бүктөлүп, Түйүнчөк болуп түйүлүп, Канатынан куу чыгып, Шуулдаган үн чыгып. Куйруктан түтүн буу чыгып, Обону карай созулуп, Күүсүнө чыдап тура албай, Көөнөргөн дубал-тамдардын, Канчасы калды бузулуп, Коргондору бүт элге, Үйдө-эшикте олтурган, Талаа-түздө жүргөнгө, Доошу такыр угулуп. Жер солкулдап дүңкүлдөп, Там кыймылдап сүлкүлдөп, Жер чайкалат экен, деп. Баардык эл чыкты бүлкүлдөп. Кабарга келген Агийин, Коргондун конду кырына, Таманы жерге тийгенде, Ашыккансып уккун деп, Шаңшып ийди чынында, Агийиндин келгенин, Сейтек көрүп алдында: Ак жолтой тууган абакем, Эмне үчүн бүркүтүн, Агытып ийди экен, деп, Агийинди абакем, Агытпады бекер, деп, Аңгычакты ар жактан, Каныкей келди эпеңдеп, Басып келди хан Бакай, Калтырап муун тепеңдеп, Желге ыргалып абаңдын, Кыл сакалы сеңселет, Теңселе басып Айчүрөк, Бу да келди энтелеп. Каныкей анда кеп айтат: — Айашым Бакай, — деп айтат, Мен түндө жатып түш көрдүм, Бир сүйкүмдүү иш көрдүм. Падышам Манас баатырдын, Коргонунун дарбаза, Коморулуп калыптыр, А дүйнө кеткен Алмамбет, Ошол оңдоп салыптыр, Баш босого аштоосу, Башка болуп калгандай, Айаш Бакай, оңдодуң, Килити чыкпай койгондо, Келип өзүм оңдодум. Кулпу салчу төңөлүк, Көзөөсүз туйук болуптур, Аны Кошой абабыз, Көзөөлүү кылып ойуптур, Жетпей кыска болгондо, Узатып Чүрөк чойуптур, Кара лөк кому жерде экен, Гүлүстөнүм комдоду, Сейитегим уктачу, Керебет алтын болгону. Сейитектин башына, Алп каракуш конгону. Бул түшүмө карасам, Семетейден бир кабар, Гүлүсүм таап алганбы? Байлап койсом өлөт, деп, Агийиндей шумкарды, Агытып кетип калганбы, Олуйанын үйүндө, Үч түлөгүн түлөгүн, Жаныбарым Агийин, Асмандап учуп бул жерге, Бирге кабар салганбы? Же болбосо бул менин, Ойлогонум жалганбы? Түндөгү түшүм чын болсо, Кулак түрүп туралы, Семетейден бир кабар, Ак жолтой Гүлүс кылабы? Түшүмдүн көп ойлондум, Ай эсептеп күн санап, Эсебин алып болгомун, Төлгөгө чапкан Тайтору, Сейитекке келгенге, Он бир эле күн калды, Тайтору келген күндөрдө, Семетей келип калабы, Анда айтат Сейитек: — Асыл энем акылы, Аба энеден кем эмес, Айткан кеби энемдин, Жалган болгон деги эмес, Чын болот деген көп кеңеш. Койкүрөң минип жөнөйүн, Кай тарапка кетти экен, Гүл абамдын артынан, Изин кууп көрөйүн, Из чыгарып аныктап, Анан силерге кабар берейин. Анда Бакай муну айтат: — Эки айдын алдында, Мен бир белги көргөнмүн, Гүлчоро менен Сейитек, Каныкей менен Айчүрөк - Баарыңарды чогултуп, Бир айтсам деп жүргөмүн, Жашылдан күрмө жеңи жок, Жакасынын теңи жок, Аз жери бар, көбү жок, Сакалың кыса бир эли, Аң-таң болуп турганда, Күрмөңдү силкип кийгин, деп, Сакалын сылап көргүн, деп, Гүлүсүм айтып жиберди, Силкисем чапан бүтөлдү, Сыласам сакал жетилди, Ошондон бери карата, Жүзүн көрөм деп жүрдүм, Артык Семей жетимди. Айчүрөк айтат күбүрөп: — Жүрү, энеке, жүрү, — деп, Асмандагы тийген ай, Түндө кирди койнума, Кармап алдым колума, Семетей болбой ким болот? Кечигип калсак бара албай, Балаңдын көөнү кир болот. Кечигип булар калганда, Жаныбарым Агийин, Канатын күнгө каккылап, Куйругун жерге чапкылап, Кайыпчы жакты бетке алып, Учкалы калды койкоңдоп. Аңгычакты Айчүрөк, Сейитекке айтат кеп: — Акжал менен Сүтбозду, Чоң атаң менен энеңе, Токутуп келгин белендеп. Канатым бар учармын, Асман менен сызамын, Антип кетип калганда, Эрежесин кыргыздын, Мен Айчүрөк бузармын, Улуулар калса аркада, Учсам Чүрөк алдыда, Уйатына калармын, Аркаңдан, балам, салпылдап, Ээрчип учуп багайын. Менин атам эле, деп, Алдына барба энтелеп, Көзү тийет атаңдын. Тигилип калса бек тиктеп. Алтын чырай нур бети, Бүтүн кылым элде жок, Атаң Семей келбети, Төгүлүп жерге тамчудай, Бетинен жааган бермети. Жүзүмдү киши көрөт, деп, Башынан барда албаган, Кишиге көзүм тийет, деп, Сарапча көздөн албаган, Кузуруна каласың, Булардан мурда сен барсаң. Ошол кезде карасаң, Койколоңдоп Агийин, Канат жүнүн тараган, Салаңдап каты көрүндү, Мойнуна асып байлаган, Сейитек катты алыптыр, Ачып окуй салыптыр: Абакемди Кара дөө, Кайыпчыда тапты, — деп, Жиберген Токой айтты, — деп, Бурулбастан кеттим, — деп, Олуйа абам, энекем, Сейитек иним, жеңекем, Аркамдан төртөөң жеткин, — деп, Калган элге туйгузба, Ачык эмес кепти” деп, Каттан угуп кабарды, Карап булар турбады. Ак жал минип абакең Сүтбоз менен энекең, Койкүрөң менен Сейтек, Ак куу болуп Айчүрөк, Күн-түнү жок желиптир, Кайыпчы жете келиптир, Арстан Гүлүс караса, Абакең келет шалкылдап, Ак сакалы жаркылдап, Каныкей келет каркылдап, Эмчек сүтү тамчылап. Сейитек келет караса, Койкүрөң менен койгулап, Айчүрөк келет кубулуп, Күн чагылып канаты, Асмандын бети нур толуп. Алар менен иши жок, Абаң Семей баатырдын, Айткан кеби бул болуп: — Суптардын суусу куйулса, Ачылар беле кулагым, Көзүмө андан сыйпаса, Көрөр беле көздөрүм.