← Сейтек 2/3

Адамдын артык эне кең, Түн ортосу мезгилде, Эркекче кийип кийимди, Чачын түйүп шилиге, Башына туулга көмөрдү, Сүтбоз деген бир атты, Минтип алып жөнөдү, Таң зыркары жүргөндө, Таш мойнокко барды эле, Сүтбоздон түшүп Каныкей, Нары басып бууралып, Бери басып суналып, Таңды күтүп калды эле. Аңгычакты болбоду, Таң кашайып арылды, Тунарыктап жазылды, Күндүн мурду чачырап, Жердин бети ачылды, Койнуна колун салганы, Кыз кезинде Каныкей, Салып жүргөн дүрбүсүн, (Сакталуу жүргөн эмгиче), Сууруп колго алганы. Жети кабат көзү бар, Ак седептен тышы бар, Ичи өрттөй кызарган, Тартып койсо кынабын, Кере беш сөөм узарган, Оңдоп кармап Каныкей, Кара көзгө салды эле, Өлчөп карап калды эле. Эрбененин талаада, Ат келатат көп элге, Тарап аттар бөлүнгөн, Тайторунун дайны жок, Дегеле көзгө көрүнгөн. Алдынан атты артына, Бир, эки... деп санады, Тигилип Каныш карады, Сексен жети ат болду, Каныкейдин өзүнө, Өлүмдөн жаман дарт болду, Көзүнө жашы жык толду. Эстен кетип эндиреп, Эси оогандай сендиреп, Дүрбүнү алып колуна, Аныктап карап олтурду, Акылга муңду толтурду: “Келген ат сексен жети, — деп, Чын амалым кетти, — деп, Семетейден бул бойдон, Бөлүнүшкөн кеппи?! — деп, Ажалга себеп болду го, Ысмайылдын кеби, — деп, Уулдун уулу Сейитек, Тирүү койбойт деги, — деп, Канчородой каргыш, деп, Карыганда көптү Каныкей, Как ушундай болсун, деп, Так төбөмдөн тик жара, Теңдеп эки бөлбөйбү, Чоң жолдун эки жагына, Өлүгүмдү көмбөстөн, Таштап атып жөнөйбү? Тарпымды кажыр талайбы? Катындын баары ойлой жүр, Каныкейдей болбо, деп, Та кыйамат болгуча, Жаман атым калаарбы?! Дагы дүрбү салайын, Көрүнөөр бекен көзүмө, Гүлчоронун карааны?”. Деп Каныкей үңүлүп, Санаасы санга бөлүнүп, Самсаалап жашы төгүлүп, Саамайы тал-тал бириндеп, Этек-жеңи дирилдеп, Жан тери келип жана да, Дүрбүсүн салып караса, Чубаган аттын санаты, Нак токсонго толгондо, Сейитектин тогуз ат, Чубашып чыкты ошондо. Муну көрүп Каныкей, Буларды ойго алганы, Үмүтүнүн баарысын, Гүлүстөнгө арнады: “Гүлүсүм мага ак эле, Арыбы артык бала эле, Амалы кыйла бар эле, Жакындан жолду тапканбы? Аттарын бөлүп алганбы? Аруу жолго салганбы?” Ээрдин тиштеп, көз бардап, Энең чындап караса, Опсуз күлүк Тайтору, Ооздук тиштеп жалаңдап, Жаңы кызып алыптыр, Арышын керип калыптыр. Даңкандан чыккан топурак, Бута атым учуп асманга, Анан тобу жазылат. Тайтору көрүп Каныкей, А дүйнө кеткен эрлердин, Арбагына жалынат: — Аташканым айкөл шер, Күмөнүң менде жок эле, Ишенген үчүн бойума, Ок аттаган мен эле. Үч жерде айткан кебиң бар: “Мен ыраазы, Каныкей,” Айтканың ырас чын болсо, Бүгүн мага жардам бер, Аманат жанга күч келди, Оорлугунан көтөрүп, Араң турат кара жер. Алмамбет, Чубак-эки шер, Кайним Сыргак кеменгер, Жездем баатыр эр Көкчө, Тилдүүдөн чечен Ажыбай, Шейит кеткен арстандар, Бүгүн мага жардам бер. Алты атасы хан өткөн, Акимдин бири Музбурчак, Калмактан өлдүң, окко учуп, Кайрылып жардам кылып бак. Батасы журтту байыткан, Айтканы нуска тарыхтан, Олуйа абам, жардам бер. Атыңды кантип мен айтам, Кыргыл, Серек баштаган, Кылымдан чыккан кырк арстан, Тонуңду бердим белендеп, Атышкан жоого кийер деп, Кез ажалы кетпесе, Жарык көрүп жүрөр деп, Эстеп турам сиздерди, Эске алар деп биздерди.. Кайран энең Каныштын, Жанына жаман күч келди. “Алапайы куурулуп, Амалы кеткен кезинде, Энекемдин иши деп, Гүлүстүн калсын эсинде” Муну айтты ичинде. Эр Чубактын Ташкелте, Каныкей ала келди эле: “Алмамбеттин белеги, Ар качан тийген кереги, Чубактан калган Ташкелте, Эми керегиң сенин тийерби?” Деп Каныкей жалооруп, Көзүнүн жашын имерди. Сүтбоздун тарап кыл жалын, Сүмбөлөп ичин жышкуурлап, Артынан тартып ак кадек, Кир жукпай калган мезгилде, Өлчөлүү дары күпсөрдө, Кур дедире куйду эле, Аркасына сүмбөнү, Майлык менен урду эле. Кой башындай огу бар, Коло, чойун, коргошун, Томолотуп салды эле, Такылдатып сүмбөлөп, Окту чыңдап алды эле. Ташка арта салганы, Абалы кудай, калганда, Айкөл Манас баштаган, Арбактарга жалбарды. Ак милтеден чок жетти, Таш келтеден ок кетти. Аткан ок жерге түшкөнчө, Айкөл Манас баштаган, Арыстандын баары жетти эми, Каныкей көрдү бер жактан, Гүлчоро көрдү ал жактан, Айкөл Манас баштаган, Калбаптыр бирөө арбактан. Олуйа Кошой ошондо, Тайторуга жетти эле, Сойулгур, болдуң эмне, деп, Сооруга чаап өттү эле. Кармаганча чылбырдан, Жалгыз эмес Тайтору, Сейитектин тогуз ат, Отуз аттан өттү эле. А кудайлап Гүлчоро, Атакелеп бакырып, Оозуна кирген арбакты, Атынан айтып чакырып, Катар барат тогуз ат, Туйактан чыккан тозоңун, Жөө тумандай сапыртып. Ташкелте үнүн укканда, Гүлчоро үнү чыкканда, Баланын баары чырылдап, Манастап ураан салганда, Сарала менен Алмамбет, Тайторуну жетелеп, Чылбырынан алганда, Айкөл Манас албайып, Аккула менен далбайып, Баштап жөнөп калганда, Көзүр Чубак ошондо, Көктеке менен сүрөдү. Олуйа Кошой, Музбурчак, Телкызыл менен эр Сыргак, Көгала менен хан Көкчө, Кыргыл баштап кырк арстан, Ортого алып аттарды, Сүрөп барат бөлөкчө. Семетейдин Тайбуурул, Аккуланын артында, Тайторунун алдында, Куйругун салып сыртына, Ойноп кетип баратат. Караанын көрүп Гүлчоро, Абакем келген экен, деп, Ойлоп кетип баратат. Алдындагы токсон ат, Калды аркада талаалап, Манас деп ураан чыкканда, Баатырдын атын укканда, Эрбененин талаада, Кой кайтарган койчулар, Каныштын аты чыксын, деп, Эбедени эзилип, Эп жүрөгү жетилип, Кочкорун минип жөнөдү, Эбең-эбең теминип. Эчки бакан абышка, Текесин минип ашыгып, Тушуман өтүп кеткиче, Бир атты чаап калсам, деп, Дегеле жаман шашылып, Уй кайтарган уйчулар, Бултулдатып букасын, Бу да жөнөп алыптыр, Төө кайтарган төөчүлөр, Ар качан күлүк ушул деп. Буркулдатып буурасын, Самсаалатып чуудасын, А да жөнөп алыптыр. Суу сугарган сугатчы, Күрөгүн колго алыптыр, Орок оруп жаткандар, Орогун илип белине, Эки жеңин түрүнө, Булар да жөнөп алыптыр. Саан сааган катындар, Тилек кылып бекемдеп, Ушул ат чыкса экен, деп, Чуркурап үндү салыптыр, Туу түбүнө жакындап, Аттар жете барыптыр. Бакай көрдү баарысын. Сейтек көрүп элесин, Нак олуйа экен, деп, Эсине алды ошондо, Каныкейдей энесин. Эркекче турса биле албай, Бурулуп карап Сейитек: — Энемди таап, эжеке, Садага чаап жибер, — деп, Жумшады Чүрөк эжесин. Көргөндүн агып көз жашы, Уккандын канып суусуну, Тайтору баштап алдында, Сейитектин тогуз ат, Көтөргөн жыкты туусуну. “Арбагы колдоп Манастын, Сейтек иши оң” дешип, Көпчүлүктүн басылбайт, Көк чаңырган чуу-чуусу. Соога сурап эл келди, Ошолордун катары, Хан Ысмайыл да келди, Ысмайылды көргөндө, Кайран энең Каныкей, Кыйла сөз айтып жиберди: — Төлгөгө байлап ат чаптым, Ар түрдүү кепти сен таптың, Кетирдиң деп намысты, Кекээр кепти мага айттың, Сен намыс күткөн эр болсоң, Канчоронун тушунда, Канча жылы кар болдум, Анда, Ысмайыл не болдуң? Баламдан башка айрылдым, Тирүүдөн тирүү айрылдым, Канатым сынып кайрылдым, Кан жутуп ичтен кайгырдым, Букарда жаттым чиренип, Анда качан кайгырдың, Сейтек келди чоңойуп, (Тил жазыктуу болбосун) Таласына ээ болуп, Ат изин салган жериң жок, Төлгөгө байлап ат чапсам, Калдыбы сага кээ болуп?!