Кара башым, кан бутум, Арнагамын мен сага, Курамына келгенде, Колу тийсе эркектин, Коргошундай көйкөлүп, Эрип турат кыз бала, Эми кана дегенде, Аптыгат жүрөк далайга, Апкаарып жүрүп сенден мен, Далай күн өттү арада. Сен коргошун эригем, Сүйүүгө кана мээриңен. Мен калып таш ойулган, Тамашага батарсың, Көзүмдү көрүп койулган. Ар канча жашка толсом да, Мен ургаачы корунам, Мен кутулар жерим жок, Тапан хан сенин колуңан. Кызыгын кыздын эстемек, Эркек сенин ишиң ал, Эр сагынса уйку жок, Кыздын иши, угуп кал. Керек болуп бирине, Керексиз эмес бирөөнө, Эркек-айал эңсешет, Шерик оокат экөөнө. Кыз койнуна жатсам, деп, Кызыгыма сен зарсың, Отко салбай ширеткен, Мээриңе мен зармын. Кумарың канат сеники, Кубарат жүзүм меники, Кандыбы кумары эрден? деп, Кургак кептер элдики. Кызыл канга малынып, Кызыктан чыккан сеники, Кызыл кандын ордуна, Алган мээрим меники,- Деп айтканда желмогуз, Жетине албай Тапан хан, Желпелеңдеп оштонуп, Жер түгөткөн желмогуз, Жой тилине Тапан хан, Көл болгонун билгени, Күлүмсүрөп жымыйып, Көңүлүмдө күлдү эми, Сейитимден башкага, Кыйыш кетпейт кылганы, Кылыксынып кара бет, Кыйа карап турганы. Ойлогондун баарысы, Орду-ордунда болгону, Отуз эки толгонуп, Уктай албай Тапан хан, Оодарылып жатканы, Убакты болуп түн бүтүп, Уктабай таңдын атканы, Желмогузду кучактап, Кузгундай көзү кызарып, Тапан хан, ыйлап бышактап: — Кыргыздан келген Сейити, Кыйналтып жанды кейитти, Бүгүн өтөт бир күнү, Эртең калат эки күн, Өтүп кетсе кантебиз, Мөөнөт берген үч күнү? Атта жүрүп каржалып, Жашым өтүп картайып, Бекерге кетти ушул түн, Сүйгөнүм сенден калтаарып. Өзүм эмес бүт денем, Өзүңдөн сулуу, жазганып! Өзүнөн көрөт Тапан хан, Дөөрүп сүйлөп тамтайып. Кылыксынып кара бет, Кыйа карап оштонуп, Жымың этип бир күлүп, Тиктеп калды томсоруп: — Жатамын деп ашыгып, Дал бешимден шашканың, Умсунуп турдум от жанып, Үмүттү үзүп таштадың, Дагы ушундай кур кепти, Мындан кийин айтпагын, Өзүңө айттым бул кепти, Жат кишиге айтпайым, Жашың элүү ашыпсың, Алдырап калдың бекенсиң, Кийинкисин байкайын. Дагы үч жыл күйөйүн, Этегиңе эрмешип, Эрдиңен шимип жүрөйүн. Үмүтүм сенден үзүлсө, Өзүм өңдүү бир жашты, Ошондо таап тийермин. Сейитти колго тийгизсем, Эрге тийип нетейин, Казаның кармап, кириң жууп, Дүйнөдөн өтүп кетейин. Акылы кыска Тапан хан, Желмогуздан кеп угуп, Жеңип берсең Сейитти, Сенден кетпейм деп угуп, Керге келбей калганын, Көңүлүмдө күмөн жок, Желмогуздан шек уруп, Намысты таштап талаага, Куткарбас бармак баш уруп. Куткарбасты колго алып, Сейит менен урушмак, Намысташып тең туруп. Желмогузга Тапан хан, Мындай айтат бет буруп: — Жүзүң айнек, сөзүң бал, Сөзүмө сулуу кулак сал. Чойтолоң, Тапак, Тазкара, Кошулуп кетти сен кара, Кудасы бар, досу бар, Алардын биздин арада, Бузулат биздин элибиз, Ийилбейт сынат белибиз, Эми кандай кылганда, Табылат биздин эбибиз? Куткарбас барсак канетет, Кеңешиң болсо бериңиз, Башкага да, элге да, Бирдей чыксын кебибиз, Сыр алдырбай желмогуз, Мойнун сүзүп койкойуп: — Айтканың чын, Тапан хан, Кайсы кепти мен айтам, Канча айдан бери карата, Этегиңе эрмешип, Тапан хан, сен деп келетам. Айламды таппай дал болуп, Алдыңа келдим, Тапан хан, Сейитте менин кегим бар, Суу ордуна кан аккан. Хандыгыңды билгиздиң, Мен үчүн намыс талашып, Канчаны жерге киргиздиң, Өкүмүң колдо, Тапан хан, Калган ишти сен билгин. Куткарбас ким, башка ким, Аны кайдан мен билдим? — Асманда жүрсөң канаттуу, Сууда жүрсөң кайыктай, Өнөргө канган өзүңүз, Буруусу жок бул жерде, Карап турган көзүңүз. Кайкып учсаң канатың, Бир айлык жолго бир күндө, Барып келчү адатың. Жиберди деп Тапан хан, Куткарбаска айтып кел, Күтөбү бизди күтпөйбү, Анык сырын тартып кел, Күндүн нуру чыкканча, Ушул жерге кайтып кел, Куткарбастын бар кебин, Төкпөй-чачпай айтып кел. Деп шумпайды Тапан хан, Сыздырып жолго салганы, Бала кептүү шумпай кыз, Барган жери Куткарбас, Тапан хандын саламын, Куткарбаска билгизди, Өзүнүн барлык амалын: — Тартып алып катынын, Тапакка кайгы салыпсың, Сейитке Тапак кошулду, Сен балаага калыпсың, Сейитиге кошулду, Чойтолоң, Тапак, Тазкара, Кайдан тапты кошууну, Жерге батпайт сан кара, Өтүп кетпей беш күндөн, Сейит келет сен жакка, Сейит өзү эр экен, Эр турмайлык шер экен, Он алты жаштан бер жакка, Беттешкен пенде жок экен, Чапканын тирүү кетирбес, Колу кандуу шок экен. Жалгыз кара бир башын, Сан кишиге баалаган, Кол салышып бет келген, Кутулбай тирүү бир адам, Жайнаган калың топ болсо, Жазайыл атка ок болсо, Жазганып кайра жанбаган, Айлап чапса кылычты, Тарамышы талбаган, Алдында минген Күрөңү, Чаалыккансып калбаган, Бул Манастын уулунун, Барбаган жери калбаган. Күн батышта жети дөө, Ар кимиси бир дөбө, Хан Калчаны баш кылып, Албаган эри калбаган. Ысыкты-ысык билбеген, Суукту көзгө илбеген, Алданбаган көл тилге, Арданбаган шок тилге, Жетпегинче тынбаган, Нээтиндеги ишине, Чечилип сырын айтпаган, Адамзат пендеге. Сырыңды билет бир көрүп, Кирип чыкпай ичиңе, Мындай укмуш жан болбойт, Мен көргөндө кишиде, Толкундап турат деңиздей, Бүт дүйнөнүн баарысын, Батырчудай ичине. Кыл муруту кыйшайып, Күлгөнсүбөйт деги эле. Бул Сейитти мен билсем, Жетимиш эки кыры бар, Тирүү жан билбес сыры бар, Жыйырма жашта бул күндө, Бүтпөй турган чыры бар. Кыргыздын эли Сейитти, Кыйамат кыйам болгунча, Түгөнбөй турган ыр кылар. Тапан хан курбуң жиберди, Алдыңа келдим, Куткарбас, Өзүңө келдик арз айтып, Айлабызды өзүң тап, Шоркөлдө калды чачылып, Тапан хандын алтын так, Жетисууда меники, Ээн калды жемиш бак, Ургаачыда мен карып, Алтын тактан ажырап, Тапан хан болду бир карып, Алдыңа келдим, Куткарбас, Карыптын баары жамдалып, Элден, жерден ажырап, Самандан бетер саргарып, Тер агызып денеден, Капкайдан келдик сандалып, Олтурабыз дарт айтып, Мына мунтип какшанып. Жашыл жээк экен жериңиз, Алты түр экен элиңиз, Арзандык менен сеники, Ийилбестей белиңиз, Айла кетип алсырап, Адашып элден тамтырап, Алдыңа келип турабыз, Тилемчидей самтырап, Сейитиге туйгузбай, Тапан хандын жанына, Мен кетейин батыраак. Жардам колуң сунбасаң, Жарытып жооп кылбасаң, Тапан ханды ээрчитип, Мен барамын чыгышка, Чыгыштагы беш урук, Баары душман кыргызга. Чыкпаса да бел байлап, Кыргыз менен урушка, Чыгыштын жери өтө кең, Баш маана болот турушка. Биз кетебиз жолобой, Чойтолоң, Тапак, Тазкара, Сейитини бул жерге, Баштап келет жөн койбой. Биз келсек да уруш бар, Биз кетсек да уруш бар, Жашыл жээктин жеринде, Кан төгүлчү жумуш бар, Такыр алдың Шоркөлдүн, Сулуу кызын, уздарын, Калтырбадың жерине, Көзгө илинер бүт баарын, Тапактын алдың катынын, Сейитке Тапак кошулду, Куткарбас кайда акылың? Биз менен бирге жолго түш, Чыгышты карай акырын. Сейитиге катышпа, Тилимди алып, баатырым. Тапак алат катынын, Сейит алат жаныңды, Тазкара алат малыңды, Чойтолоң алат шаарыңды, Эл ичинде кетирет, Мына минтип арыңды. Манастан калган адаты, Сейиттин ата санаты, Беттешкенден жан алат, Канын чайкап шаар алат, Элден чыккан узуңа, Өңү нурдуу кызыңа, Кызыл көтөн балаңа, Кызыл ээк чалыңа, Кызыл алтын зарыңа, Жер жайнаган малыңа, Кылчайып койбойт баарына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.