Тапан хан менен желмогуздун Куткарбаска кошулушу
Болуп жаткан иштерди, Көзү көрүп Желмогуз, Башы айланып нес болуп, Сейитимдин кайраты, Күндөн күнгө тез болуп, Башынан өткөн иштерин, Көз алдында ойлонуп, Тапан хандын колунан, Келер айла жок болуп, Амалы кеткен шум канчык, Муну ойлойт ичи чок болуп: “Кара жаным калкалап, Качып келдим бу жерге, Тапан ханды аркалап. Ойлоп көрсөм бул жерде, Шоркөлдөгү бул элде, Оро-пара чыгар жок, Ойрон болгон Сейитке. Өмүрүм өтүп кетерби, Упурак тартып кейиште? Амал ойлоп акыл таап, Карылар айткан ар ишке, Тапан ханга туйдурбай, Барып келсем канетет, Куткарбаска ал түндө?” Арамзада канчыктын, Санаасы санга бөлүнүп, Сапырылып токтобой, Ой деңизин кечкенде, Чойтолоң менен Тазкара, Эр Тапакты кошо алып, Сейитимге кеткенде, Кыйалы кыркка бөлүнүп, Кыжалат болуп Тапан хан, Алтын такка олтуруп. Кыйамат болду Тапан хан, Куткарбас барсак белем, де, Желмогузга айтардан, Уйалып турат Тапан хан. Кыйалы калкып асманда, Көчүп барат Тапан хан, Ажал жетти өлдүм, деп Бетиндеги кызылы, Өчүп барат Тапан хан, Азыраак калган өмүрү, Көз алдында элестеп, Өтүп барат Тапан хан. Арага киши чаптырып, Сейитимге айттырып: — Үч күн берсин мөөнөттү, Эң акыркы урушка, Өзүм чыгам жабдынып. Арага киши келгенде, Үч күндүк мөөнөт дегенде, Сейит жооп бергинче, Шашкалактап эр Тапак, Мына мындай деп айтат: — Тапан хандын бул сөзү, Бизге койгон чоң талап, Үч күнгөчө Тапан хан, Куткарбаска жалбарат, Тапан хандын көй тилге, Ал Куткарбас алданат, Алты түрдүү эл менен, Аргыган шамал жел менен, Бизге келип чуу салат. Арага киши салды деп, Алданып ага калбайлы, Айласыз турат Тапан хан, Азыр барып кармайлы. Анда Сейит кеп айтат, Кеп айтканда эп айтат: — Андай эмес, эр Тапак, Атайын мөөнөт сураса, Бербей койсок биз ага, Атага наалат келтирип, Мен боломун чоң акмак. Манастан калган салтыбыз, Айласын такыр кетирип, Андан кийин жоо алмак, Чабарман келген кишиге, Барып айткын ханыңа, Абайласын алына, Абалы келсе канчага, Азыр болсун жанына, Желмогуз берсин колуна, Мен кетемин жолума, Хандыгын кылып калдайып, Кала берсин тобунда, Эси болсо Тапан хан, Карасын иштин соңуна, Акыл ойлоп адамча, Ишин салсын оңуна, Тапан хан ишти бүтүрсө, Мен барбаймын Таласка, Кайда жүрсөм сыйынам, Арбагы бийик Манаска. Эр Тапактын алчуусун, Бир кыйла элдин мал-пулун, Куткарбас алып кетиптир, Куткарбаска барамын, Элдин кегин аламын, Атам Манас шер туруп, Айанып кантип каламын? Ал Куткарбас тажаалга, Адам эмес айбанга, Арман күндү саламын! Үч күндүк мөөнөт сурапсың, Бердим сага убактың, Желмогуз экөөң кеңешип, Бышыктап эшкин тузагың. Куткарбас барар ой болсо, Жашырбай айткын ал-жайын, Амалы кеткен экен деп, Алдыңды тосуп албаймын. Самаган жерге жеткирип, Чын айлаңды кетирип, Эсебиң анан табайын. Куткарбас жайын укканмын, Бир беттешсем экен деп, Уктабай түндө кусамын, Барар болсоң уруксат, Көрүнөө барып узагын. Куткарбастын алдында, Желмогуз менен сен болуп, Эки вазир төрт болуп, Куунайза балбан, кырк баатыр Андайлардан көп жатыр, Кумсар сыйкыр желмогуз, Жардамчы сыйкыр он болуп, Жүз миң аскер топтолуп, Закым учкан чөл болуп, Каз баркылдап кечкисиз, Мелтиреген көл болуп, Карга ашып учалбас, Каркайган кара тоо болуп, Жашыл жээктин жерине, Чогулгула жык толуп. Айкөл Манас колдосо, Ачык жолуң шар болсо, Алмамбет, Чубак, Сыргактын, Арбагы келип жар болсо, Өлбөй кайып дүйнөдө, Олуйа Бакай, хан Семей, Шер Гүлүстөн бар болсо, Ишенгениң Куткарбас, Калыбектин хан Калча, Ошончолук эр болсо, Жүрөгүм коркуп жалтанып, Билегим талып калтаарып, Тартынбайын мен болсо. Келген элчи кайтып бар, Тапан ханга сөзүмдү, Төкпөй-чачпай айтып бар. Баатыр Тапак, Чойтолоң, Тазкараны таштайын, Жалгыз барам мен болсо, Арачысы кайтканы, Тапан ханга айтканы, Желмогуздун ошондо, Кетип калды шайманы, Жанынан качып жолобой, Алыстады шайтаны. Туурасы ташта түгөнүп, Мукураган тулпардай, Жетилбей канат-куйругу, Туурда олтурган шумкардай, Тактасында Тапан хан, Закым учуп чөл болуп, Башы айланып көз тунуп, Мелтиреген көл болуп. Бет маңдайын караса, Каңшаар кара зоо болуп, Мойнун толгоп караса, Карышкыр жортуп өткүсүз, Капчал кара коо болуп, Башын өөдө кылдырбай, Шилисинен басыптыр, Кайгысы кара тоо болуп, Кайгырып ичтен кан өтүп, Калп эле ыкшып жөтөлүп, Амалсыздан Тапан хан, Эс-акылы жоголуп, Чукуп алган немедей, Көзү кайнап олойуп, Ат байлоочу казыктай, Мурду чыгып коройуп, Калдайган кулак бүрүшүп, Мышыктан бетер молойуп, Узун колу кыскарып, Калгандай сынып чолойуп, Тактасында кулуйуп: “Кайдан келип ушул кыз, Калды мага жолугуп? Бекеринен Сейитке, Катышыпмын оолугуп! Кармап берсем бул кызды, Каардуу Сейит баатырдын, Казабынан кутулам, Балбан Тапак, Чойтолоң, Тазкарага тутулам. Сейит мындан кеткенче, Балбан Тапак, Чойтолоң, Кеп кылалбас Тазкара, Кеп менен чагып күнүгө, Мени кылат маскара, Куткарбаска барам, деп, Сейит айтты алдында, Куткарбастан жеңилсе, Калганды өзүм билермин, Куткарбасты оодарса, Ийинге чындап сийермин. Отун жагып өчпөстүн, Ашын ичип өлбөстүн, Күн сарысын көрөрмүн, Күндө какшык кеп угуп, Күйпүйүп жүрүп өлөрмүн. Андай күндү көргөнчө, Куткарбаска жалданып, Хан тактада өлөйүн: Эр өлтүрдүм, кан төктүм, Көп мээнетти мен көрдүм, Мелтиреген сулуунун, Кызыгын бүгүн көрөйүн. Кыздын көрүп кызыгын, Төшөктүн көрүп ысыгын, Үч күндүк мөөнөт бүткөнчө, Куткарбаска жөнөйүн”. Тапан хандын кыйалын, Такыр билген желмогуз: “Абийиримди кетирет, Тапан хан бугун бой кошуп, Тарамышын Тапандын, Керге келгис кылайын, Келгин, Тапан жакын деп, Келберсип карап турайын, Уйатымды жабам, деп, Унчуккус муну кылайын. Дуба менен байлайын, Тапан ханды жайлайын, Сылап-сыйпап кеп айтып, Куткарбаска барайын. Куткарбастын жанында, Эки увазир, он балбан, Куу найзанын жанында, Кан ичмеден кырк сардар, Жүз миң аскер куралчан, Кумсар сыйкыр, жардамчы үч, Мени менен төрт болсо, Түз болот го Сейитим, Арканча күйгөн өрт болсо. Чыдаштык берер кырк күнгө, Ар канча кыйын эр болсо.” Ойлоп болуп кара нээт, ( Андан кетпейт жаман нээт), Тапан хандын жан жерин, Жансыз кылып бекитет, Эгер андай кылбаса, Тапан ханды шекитет, Түбүндө кандай кыздыр, деп Куткарбасты шекшинтет. Кыз кызыгын эске алып, Кыткылыктап Тапан хан, Эртелеп ичип тамагын, Жатаарга жетпей ашыгып, Жарыкта чечип чапанын: Жакын келгин, күйгөнүм, Жанымды берип сүйгөнүм, Күндөгүдөн көбүрөөк, Ысып барат жүрөгүм, Кирпигиң тиктеп качан деп, Сени күйүп жүрөмүн, Өлгүчөктү жолдош деп, Өмүрүңдү тилейим. Күндөн-күнгө күч алып, Күкүрт болду Сейити, Арбытып салып ар күнү, Армандуу башка кейишти, Элимди бөлүп четинен, Эрлеримди ээрчитти, Эрликтен мени тайгызып, Эл-журтумдан кемситти. Жыргалдын даамын таталы, Таң сүргөнчө түн бойу, Аттан түшпөй нечен күн, Урушта жүрдүң күн бойу, Акылды жыйнап бир жерге, Кеңешпесек болобу? Деп, Тапан хан айтканда, Кара беттин оозуна, Кеп табылды айтканга: — Сейиттен качып келайтып, Кез болдум сага Тапан хан, Адамзаттын асылы, Сен экенсиң, Тапан хан, Сендей болсун хан болсо, Айтканынан жанбаган. Эр кишинин жанында, Ургаачы болбойт жатпаган. Убакты өтүп кечигип, Бойу өсүп жетилип, Курамына толсо да, Эркектин эрдей сүрү бар, Талаада шердин түрү бар, Биринчи күнү апкаарып, Коркот экен кыз бала, Эске алса эркекти, Ирмебей кирпик таң атып, Эмгек тартат кыз бала.