← Сейит 2/5

Көөнүм ага түшпөдү, Эл кырылды канчалык, Мага болсун убалы. Абдан жайын укканмын, Жок экен алган жубайы, Жаратпады мени деп, Ичинде бар убайы. Өзөгүндө өрт болбой, Катындарча какжанып, Мени ушак кылабы: “Бул желмогуз киши жейт, Киши жесе чийки жейт”. Мен жеген киши – Сейити, Чийки эти-жүрөгү, Айтканымдын баары чын, Сиркече жок күмөнү, Жүрөгү менде болбосо, Аркаман ээрчип жүрөбү? Азыраак жалын жагылбай, Бирөөнү бирөө сүйөбү? Кызга эркек эр эмес, Сүйгөн көңүл эр экен, Ошол үчүн карылар: “Сүйгөн сулуу” дээр экен, Эркек-айал тууралуу, Чын айтылган кеп экен. Көөнү сүйсө Сейитти, Качып келип мендей кыз, Сага тийем дээр бекен? Сейити жаш, сен кары, Көңүлү түшсө ургаачы, Кары-жашын ылгайбы? Сени кары дебестен, Көзүм түшкөн ургаачы. Деп ушинтип жапылдап, Сүйлөп турат “кыз бийкеч”, Тапан хан турат башты ийкеп. Сөзү менен желмогуз, Тапан ханды эритет, Айта берсе түгөнбөйт, Андан чыгат далай кеп: — Чойтолоң айткан Куткарбас, Азуулуу жолборс-шер болсо, Азуусун айга бүлөгөн, Ааламды бузар эр болсо, Жүз миң колго баш болсо, Сейитимче жаш болсо, Көөнүмдү сага уттуруп, Жаныңда турам мен болсо. Душманымды кем кылсаң, Эмгегиме дем кылсаң, Кыйалымды чыгарып, Кызматыңды мен кылсам, Акылыңа төрдүрүп, Айтканыма көөн бурсаң. Желкемен тепсеп Сейити, Жексен кылып ал турса, “Сексен эки кубулган, Желмогуз экен кыз эмес, Сейит айтты, ырас” деп, Айыңдашып эл турса, Кыйалым кырк, санаам миң, Саруулап өңүм бузулса, Тирүүлүктөн ким тойбойт, Замана мындай кысылса, Дартымды уксаң Тапан хан, Сүйгөнүм, алым ушунча. Чойтолоңду тим койсоң, Айтпай койдуң дебегин, Бир күнү элиң бузулса. Кара нээт бул канчык, Чойтолоңду кастады, Тапан ханга тилдетип, Желкесинен баскалы: — Сейиттен өлдү канча жан, Эми өлсө эки, үч эр Баарысы эрчип бул элиң, Чойтолоңдун артынан, Сейитке жагынып, Кетирет сени баркыңдан, Эмгичекти канча кеп, Таратты экен артыңдан? Ишиң кантип оңолсун, Чойтолоңдой бузуктар, Чыгып турса калкыңдан? “Өздөн чыккан жат жаман, Өзөктөн күйгөн өрт жаман” Бул кептер кандай айтылган? Куткарбасты хан дедиң, Кубаты кыйла бар дедиң, Элиңде бузук турганда, Куткарбаска барам деп, Жарабайт анда ал кебиң, Мындан кийин, Тапан хан, Куткарбас барам дебегин. Башын алып Сейиттен, Мааналап бара жатат деп, Эрчибейт сени элдериң. Айтканым айткан болсун деп, Акылыңа көндүрсөң, Чойтолоңдун -Тапан хан, Колуна бергин эдебин, Чойтолоңдон айрылсам, Кеңешсиз калам дебегин, Жаныңда өзүм турганда, Акылдын камын жебегин. Жинисим менин ургаачы, Аркандай жерде кыйналсаң, Мен табамын себебин. Сейит менен басташып, Кыргыз менен касташып, Таламын элдин талашып, Ач кыйкырык – куу сүрөөн, Кызыл кан аккан кыргында, Акылыман азбадым. Сүйгөнүм Тапан сен турсаң, Сүрөттөй болуп мен турсам, Ишибиз кайдан оңолот, Сымбатың менден шек кылсаң? Анык арбак урбайбы, Ишенбей сенден шек кылсам, Элиңдин сактап бирлигин, Чойтолоңду жок кылсак. Шум канчык мунтип айтканда, Сумсайа түшүп Тапан хан: “Сейит айткан чын эле, Желмогуз болуп жүрбөсүн, Катын эмес кыз сыйак, Анда жок менин күмөнүм, Күмөнсүз кылып сулууну, Кумардан кана сүйөйүн. Бузук деди Чойтолоң, Чойтолоңду жоготсом, Эл бузулат ойлосом. Менин элим төрт урук, Эки уруктун улугун, Сейит койду өлтүрүп. Чойтолоңду жектесем, Укканын айтса чынбы деп, Тузак таап кебин кептесем, Чойтолоң ойлоп калат го, Өлөм деп мындан кетпесем? Чойтолоңду өлтүрсөм, Элдин теңи бузулат, Тапан хан анда кысылат. Бул айткандай жөн койсом, Нээтинде болсо арамдык, Сейитиге кошулат, Аскерлүү болсо Сейити, Тапан хан кандай кутулат? Бир бармагым тиштесем, Тиш тийбеген жана ооруйт, Ойлоп көрсөм бул ишти, Он манжамдын баары ооруйт, Эки жагы тепе-тең, Ажал башты не тооруйт?!” Өзөгүнөн өрт күйүп, Тапан хан турду үшкүрүп, Жаанда калган эчкидей, Бытылдата чүчкүрүп. Ошол кезде Тапан хан, Тамак өтпөй алкымдан, Ойго батты дартынан: “Сейит менен касташып, Ажырадым калкымдан, Айрылдым далай баатырдан. Куткарбас барсам мааналап, Эшигине сагаалап, Куткарбас жаш, мен кары, Айрыламбы катындан? Берметим беттен төгүлүп, Ажырасам баркымдан, Кыйамат кайым болгунча, Кеп үзүлбөй артымдан…” Нары кетип толгонуп, Бери кетип мулжуйуп, Сакал-мурут такыр жок, Кемпир ээк мултуйуп, Тайак жеген катындай, Далайгача Тапан хан, Унчукпай калды тултуйуп, Аңгычакты желмогуз, Басып келди кумтунуп, Кер сары тартып сумсайып, Бузулуп өңү кумсарып: — Ит тартканда башымды, Саа келипмин, Тапан хан Сырымды айтып кол артып. Жедигерден келипмин, Жер түбүнө жол тартып, Шорлуу башым муң басып, Саа жолуктум келатып! Тийбеймин деп Сейитке, Мурун ишим бузулган, “Намыс үчүн эр киши, Жоого тийет” деген бар Ал сенде жок, Тапан хан. “Намыстанса ургаачы, Кара кийет” деген бар, Ал менде бар, карачы Эбин таап Чойтолоң, Сейитиге жагынып, Мени алмакчы санаасы, Чойтолоң минет тагыңа, Колуна тийет ойлоп кой, Шоркөлүңдүн калаасы! Чойтолоң такка мингенде, Колуна хандык тийгенде, Куткарбастан күмөнсүп, Арамдык ичке киргенде, Сейитиге жалбарат, Түркүн түйүн сөз табат, Сейитини алпарып, Куткарбаска бир салат. Сейити менен Куткарбас, Аз болсо беш жыл салышат, Кезметин таап Чойтолоң, Ошондо уктап тынч алат, “Шоркөлдүн ханы Чойтолоң” Деп түбөлүк ат калат, Сенин атың Тапан хан, Өлдүң, өчүп жок калат! Хан болгон соң так минген, Канча жылы калк билген, Хандыгыңды билдирсең, Чойтолоңду карматып, Дарга асып илдирсең, Ызырынып сөз менен, Бүткүл элди сабасаң, Чойтолоңдун элинен, Он-он бешин камасаң, Жүрөгү өлүп букара, Түгөнөт сенин каргашаң. Куткарбастан кол сурап, Бир оокумда сен барсаң, Кыйамына келтирип, Кылган ишиң сен айтсаң, Хан казабы жаман деп, Уккан элди саргартсаң, Жаралуу аркар көздөнүп, Жанаша сага мен бассам, Куткарбастан ошондо, Салтың артат, падышам, Нускалуу сөз байкасаң, Ушунчалык мен айтам, Куу булуттай кумпай кыз, Журт түгөткөн кан чачып, Кубулжуган шумпай кыз, Кырктан ашкан кары кыз, (Тапан хандын көзүнө, Мындай сулуу табылгыс), Какжаңдаган Тапан хан, Карыган кой көздөнүп, Чакчаңдаган Тапан хан, Дык тийбеген бетине, Саксаңдаган Тапан хан, Карыганын билбей көйрөңсүп, Дакдаңдаган Тапан хан, Кылжыңдап мойун токтобой, Бакжаңдаган Тапан хан, Узун чапан жеңи жок, Далбаңдаган Тапан хан, Багалеги сүйрөлүп, Балбаңдаган Тапан хан, Ат баскан бака көздөнүп, Тостоңдогон Тапан хан, Бойу бокор, үнү жоон. Кортоңдогон Тапан хан, Оң-тескери кумтунуп, Чолтоңдогон Тапан хан, Шум канчыктан кеп угуп, Көбү какшык, азы акыл Айабаган жеме угуп, Жетик акыл айтты, деп Эл бузулуп кете алгыс, Мен айланы таптым, деп Желдеттерин шаштырып, Чойтолоңду чакыр, деп Желдеттери далдаңдап, Алып учуп калдаңдап, Чойтолоңго барышты, Хан чакырат сени, деп Айтып кабар салышты, Койгон аты Чойтолоң, Көркөм жигит болбосо, Келишимдүү койкойгон, Түк күлбөгөн аз сүйлөп, Бойлуу киши зоңкойгон, Алдыңкы эрди кеберсип, Ач калгандай томсоргон. Сен деп киши айтпаган, Айтканга оозу батпаган, Желдеттер сен деп айтканда, Айттып кайра тартканда, Оң жагына бир карап, Тапан ханга баргалы, Опколжуп кооп жатканда, Атасы башка эне бир, Тазкара мындай айтты анда: — Чакырды деп Тапан хан, Чапансыз туруп жатасыз, Ала турган катынын, Канчык дедиң кечээ сен, Тирүү кантип кайтасыз, Бейажал өлсөң ал жерде, Арзыңды кимге айтасыз?