Чойтолоң менен Тазкара, Тил алса алып келем, деп, Сыр көрсөтүп калганда, Эдебин колго берем, деп, Шумурай канчык, келипсиң, Картыкени дарга асып, Азабын колго берипсиң! Билмексен болуп кара бет, Тазкараны сынайсың, Сейитимди көргөндө, Амалың кетип турасың. Турбай кеткин жаныма, Чойтолоң менен Тазкара, Жүзүн буруп кетти деп, Айтып баргын ханыңа! Карым казык болгончо, Башым жаздык болгончо, Биз турабыз кебелбей, Сейитимдин алдында. Мурунку ой биздерде, Баш мааналап бир жерге, Барыш ой бизде жок эле, Какырында Шоркөлдүн, Жүрсөң көңүл ток эле. Тоо аралап кетсек деп, Сейитимге кез болдук, Тапан ханды азгырып, Кара жүз, элди жеп болдуң! Сени ээрчип самсаалап, Тапан ханга барбайбыз, Тетири сурак кеп угуп, Балаасына калбайбыз. Хан баласы Сейитим, Кастык кылбас карага, Кол куушуруп барбайбыз, Куткарбастай балаага. Кутулар сенден күн кана? Кутулсак баштан садага! Жымыйып канчык жөн туруп, Тазкарадан кеп угуп, Садагам кет, деп угуп, Бура тартып артына, Кеткели калды удургуп. Эр Сейитим ошондо, Мындай деди кеп уруп: — Тура тургун, желмогуз Чойтолоң менен Тазкара, Келипсиң кастап эр болуп, Бөлүнүп менден кеткенде, Бекер өлүп кетпесин, Кара жерге тең болуп, Каны суудай акпасын, Какырды бойоп сел болуп, Кармабай колу шал болуп, Кыймылдарга чама жок, Кара бойу дал болуп, Бүткөн бойу тер басып, Жарык күнү түн болуп, Көрө албай көзүн кал басып, Кулагы укпай кер болуп, Кыйын болот буларга! Ойноп турган Телкүрөң, Чабына батпай суурулуп, Бура тартып тап берди, Сейитке жооп кылалбай, Каарына чыдап туралбай, Кара бет качты далбактап, Асман-жердин арасы, Жалын болду от каптап, Чойтолоң менен Тазкара, Качып кеткен желмогуз, Салып кетти чоң калба. Жалжылдап турат көздөрү, Сүйлөбөй турат өздөрү, Тирүү турат жандары, Баспай калган аттары, От каптаган жолдорду, Кармалбай калган колдору, Кагып турат жүрөгү, Каргашалуу канчыктын, Таштай катсын тилеги. Тарамышы түйүлүп, Сунулбай калды билеги, Сүйлөөрүнө тили жок, Сыйкырлыгын канчыктын, Анык эми билгени. Арамзада желмогуз, Артынан Сейит түшкөндө, Айланып кайра бармакчы, Чойтолоң менен Тазкара, Башын кесип алмакчы, “Кечээ берип мөөнөттү, Бүгүн кууп жүрөмбү? Мен жалынга киргенде, Кайра келип шумурай, Кырып ийет бул элди” Деп Сейит эске алганы. Кайта аркага жанганы, Чойтолоң менен Тазкара, Аралга жетип барганы: — Бастыргыла, жүрү, — деп, Баатырың айтып салганы. Чойтолоң менен Тазкара, Көздөрү көрбөй күүгүмдөйт, Ачык укпай айтканды, Кулактары дүңгүрөйт, Тирүү турат жандары, Өздөрү араң үлдүрөйт. (Бала баатыр жолборсуң, Падыша кудай колдосун) Алдарын ачык билгенде, Тили жок такыр сүйлөргө, Ичи ачынды бул элге, Алмамбеттин алма баш, Жулуп алды ийнинен, Алмамбеттин иштерин, Алладан башка ким билген, Ичинде дүрмөт-огу бар, Милтеде кызыл чогу бар, Милтесинен чок жетти, Атылып мылтык ок кетти, Шоркөлдүн ичи сок этти, Тактасында Тапан хан, Жүрөгү ыргып болк этти, Асман тиреп дүрүлдөп, Күйгөн жалын жок болду, Сыйкырланган көпчүлүк, Көздөрү көрүп жаркырап, Кулактары шаркырап, Тилдери сүйлөп бабырап, Сейитимдин жанына, Чогулушту жабырап: — Шумурай канчык бир келип, Бизди салды санаага, Таш кылып койо жаздады, Шоркөлдүн кара талаада, Арстан эрдин баласы, Кайда барсаң ала кет. Артыңа бизди сала кет, Жаныңдан карыш айрылсак, Биз калабыз балаага, Кайра барсак ал жерге, Капташабыз жалаага. Дешип булар чуркурап, Сейитимден айрылбай, Салбырап ээрчип алыптыр, Ошолордун урпагы, Салар атка калыптыр. Бара-бара ошолор, Салар атты жойуптур, Сала атка конуптур, Чойтолоң менен Тазкара, Айрылгыс жолдош болуптур, Аны-муну кылганча, Ачып көздү жумганча, Кырк күндүк мөөнөт толуптур, Эр Сейит менен Тапан хан, Беттешер маалы болуптур. Муну мындай таштайлы, Эр Сейитке Тапактын, Багынганын баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.