← Сейит 3/5

Мен билсем чакты желмогуз, Чойтолоң элден качат, деп Элиңди бузуп-чачат, деп Шум канчык бузуп айткандыр, Айтканы акыл мага деп, Чакырып сени жаткандыр. Акбы, кара ханыңдын Сырын анык билели, Бүгүн колум бош эмес, Эртең барсам кантет? деп, Ханга айттырып ийели, Карасы болсо ханыңдын, Тилине кирип катындын, Бүгүн түнү качат, деп Жана киши жиберет, Арамдыгы барлыгы, Анда ачык билинет, Андан жаман Тапан хан, Арамдыгы бар болсо. Сени менен талапташ, Жакшы күнү бир жүргөн, Арам-адал тең жеген, Кишилерди чакыргын, Тиги келген желдетке, Эртең барам деп айткын. Желдеттен кепти укканда, Сен чакырган кишини, Хан чакырат келсин деп, Чакыртып барып бир-бирлеп, Колуна ишкел салдырат, Караңгы түн билбейби, Тирүү кайдан жандырат? Чойтолоң көрбөй калды, деп Алардын көзү жалдырайт. Тазкарадан кеп угуп, Жаның сойот, деп угуп, Желдетке эртең барам, деп Жанына жакын ыктайлуу, Чоңдорун алды чогултуп, Калдаңдап желдет оолугуп, Ханына чуркап жетиптир, Мындай айтып кетиптир: — Кадигине албады, Эртең барам мен деди, Кайта барып ханыңа, Айтып койгун сен деди. Желдеттен келбес кеп угуп, Чойтолоң келбей, деми сууп: Чойтолоңду баш кылып, Кол алдында чоңдорун, Айдап келгин чогултуп! Тапан хан антип болгунча, Чойтолоңдун чоңдору, Барып болгон чогулуп. Баштан-айак буларга, Болгон иштин баарысын, Айтып болгон кеп уруп. Кеп кылышпай бир-бирин Тиктеп турган буулугуп, Аңгычакты бир желдет, Эшиктен кирди оолугуп: — Хан чакырат баарыңды, Келсин деди чогулуп, Бол жүргүлө, баскыла, Кербел тартпай чойулуп! Тазкаранын бир көзү, Чалыр болчу чолуйуп: — Биз барабыз чубуруп, Бизден башка ал жерге, Ким–ким келди чогулуп? Оолугасың не мынча, Эшиктен кирип жулунуп? — “Хандан келген ыңырчак, Канча күнү туйлайт” деп, Карылардан калган кеп, Бул макалдын баары чын, Айтылбаган жалган кеп. Байыркынын нускасы, Кандай сонун балбан кеп, Чакырган жок башканы, Калгандарда жок окшойт, Өгөй татоо болгон кеп. Муну угуп чогулган, Чойтолоңдун чоңдору, Бөлүндү санга ойлору, Карап туруп дени өлүп, Титирек басып бойлору, Селкинчек тээп токтобой, Кармалбай калды колдору. Калгандарга катышпай, Келсин дептир биздерди, Тапан ханда не кыйал, Анык чынын ким билди? Деп бир-бирин тиктешип, Жалдырашып калышты, Күрмөөгө келбей тилдери Балдырашып калышты, Алапайын таба албай, Алдырашып калышты, Ээси оогансып элдиреп, Жакшылык менен жамандык, Кайсынысы билинбейт, Бол жүргүлө, баскын, деп Келген желдет күжүлдөйт, Жарык дүйнө түн болуп, Үйдүн ичи күүгүмдөйт, Койон жүрөк коркоктор, Сийдиги агып бүрүлдөйт, Шамал болбой күн жаабай, Кулактары дүрүлдөйт, Кара тилдүү Тазкара, Кайраты бар алынча, Ата башка, эне бир Чойтолоңдун жанында: — Алдырабай сен желдет, Менден уккун далай кеп, Чойтолоңду не үчүн, Тапан хан жалгыз чакырат, Чоңдору менен келсин деп? Чойтолоңдун кылмышы - Тапан хан алар шум кызды, Канчык деди ушул кеп. Чойтолоңдо не жазык, Андан башка кайсы кеп? Сейитинин кылычтан, Кан жошулат себээлеп, Калкан туткан жандарды, Кара жерге тебээлеп, Балбандын баарын жеп болду, Бук ичиме жык толду, Качып келген желмогуз, Арка болуп Тапан хан, Эл азайып жок болду. Шоркөлдүн эли жай жаткан, Эгин эгип жан баккан, Эрте туруп кеч жатып, Короосуна мал тапкан, Козголбогон эл эле, Бир канчыктын саатынан, Түгөнүп калдык жөн эле, Тапан ханга айтып кой, Биз барбайбыз деги эле. Кол куушуруп кулдук деп, Сейитиге барбайбыз, Ээ болбоду Тапан хан, Сейит бизди кырды, деп, Куткарбаска барбайбыз, Түгөнүп кала жаздадык, Эми урушка барбайбыз, Шоркөлдүн жерин сатпайбыз, Башка жакка баспайбыз, Тоо-токойду аралап, Эптеп жанды сактайбыз. Түзгө эгин салабыз, Тоодон кайып алабыз, Антип жанды багабыз. Жеңдирип койсо Тапан хан, Сейитти ээрчип салпактап, Кыргызга көчүп барбайбыз, Жеңип алса Тапан хан, Үйрөнүшкөн ханыбыз, Дегеле тана албайбыз, Денебиз биздин көк эле, Шоркөлдөгү элдерден, Саныбыз биздин көп эле, Канчык чакты бузук деп, Буйрук кылат Тапан хан, Чойтолоңду чакыр деп, Бир катынча болбогон, Чойтолоң жанга бей керек! Чойтолоңдун чоңдорун, Жипке байла колдорун, Чойтолоңду бузук деп, Эки көзүн ойорун, Анык турса ким билбейт, Эки арамдын ойлорун?! Желдетти байлап кебине, Каш серпип белги бериптир, Карап турган бектерге, Тазкарадан белги алып, Чойтолоңдун аскери, Дүрбөп чыкты аттанып. Чойтолоң эли бөлүндү, Оорукта калган элдердин, Карааны аздай көрүндү. Көрүп туруп байакы, Желдет кайра жүгүрдү, Эки жеңин камчылап, Мурдунан каны тамчылап, Айткан кеби угулбай, Сүйлөй албай алсырап, Тазкара кебин айтам, — деп, Баш-айак кылып тамтырап, Тапан хан, менен шумпай кыз, Кучакташып отурат. Куруп калган бул желдет, Уккан сөзүн улады, Көргөн ишин курады, Тазкаранын кептерин, Аскер чыгып аттанып, Элдер дүрбөп кеткенин, Айтып желдет бүтүрдү, Уккан-көргөн иштерин. Тапан хандан сурабай, Шум канчык туруп жайма-жай, Желдетти чаап таштады, Жерге башын жаздады, Жана бирин чакырып, Сүйрөп чыгып ташта, деп, Буйрук сөзүн айтканы. Өлүгүн сүйрөп кеткени, Тапан ханга канчыктын, Айтып турган кептери: — Бул желдетиң, падышам, Чакырып келбей бектерди, Таап келген кебин көр, Чойтолоң менен Тазкара, Кылганын көр, пемин көр. Өлтүрбөсөң желдетти, Эшикке чыгып эми эле, Элге айтат бул кепти. Чойтолоңдон башкага, Баарына күмөн түшпөйбү, Чойтолоңдой калганы, Аттанып чыкса бузулуп, Анда ишиң бүтпөйбү. Тынч жаткан элдин чоңдорун, Чакыртып кел бул жерге, Чойтолоңду оозго албай, Билмексен бол жөн эле. Чогулуп элдер болгондо, Ордонун ичи толгондо, Чойтолоң жок, кана? деп, Сен сурагын ошондо. Чойтолоңдун аскери, Аттанып чыгып кетти, деп Көргөн элдер айтышат, Элдин кебин укканда, Эл оозунан чыкканда, “Чойтолоң андай киши эмес, Бул ойной турган иш эмес, Кырк күн бүтөт эми эле, Сейитке салчу уруштун, Алдында кылчу кеп-кеңеш, Чакырып кел ылдам” — деп, Ханым буйрук кыларсың, Баргандан кепти укканда, Ооздон мындай чыкканда, Чойтолоң ойлойт далай кеп, Акырында ал айтат, Барган желдет кана? деп, Көрбөдүк деп биз анын, Өлгөнүн бүтүн танабыз, Уктум деген кептерин, Мойунга бирин албайбыз, Бузулдуң, баатыр, кандай? деп, Кебинен ууру кармайбыз, Көрсөтүп туруп көп элге, Тууну кызыл кандайбыз, Чойтолоңду ошентип, Туйундурбай жайлайбыз, Чойтолоңдун ордуна, Тазкараны шайлайбыз, Өз майы менен балыктын, Өзүн антип майлайбыз, Ошондо элди кармайбыз. Келбей койсо Чойтолоң, Болбой койсо Тазкара, Кеңештен куру калдың, деп, Жана киши жумшайбыз, Келсе келсин Чойтолоң, Келбей койсо кокустан, Өз жайына тим койгун. Артынан бар дебеңиз, Алдыраса арканча, Артынан куугун барбаса, Киши эсепке албаса, Өзү келет бир күнү, Чойтолоңдо ал канча? Келбей койсо дегеле, Тазкаранын ыгын таап, Мен жайлайым эми эле, Тазкарадан айрылса, Тамтаңдаган Чойтолоң Өзү келет, — деди эле. Айтып болуп кылт этип, Кызча күлүп шыңк этип, Тапан хандын бетинен, Сылап койду жып этип. Кашын кагып кылыйып, Уурту күлүп жымыйып, Кыйырын салып кара бет, Кыйа карап турду эле. Карган дөбөт Тапан хан, Карыган канчык шумпайга, Каткан кан эрип агылды, Карашы кандай сонун, деп, Караанына жалынды. Каргашалуу канчыкка, Тапан хан неге зарылды?