Арким алдайт турбайбы, Акылдан азган карыны, Артыкча айал айлакер, Ар качан алдайт баарыны. Бир көргөндө айралат, Амалың канча барыңды, Алданганда Тапан хан, Сейит менен касташып, Арылгыс доого чалынды, Айтканды кабыл алыптыр, Акылдан азган Тапан хан, Алайып тиктеп калыптыр: — Желдеттер төртөөң кел, — деди, Ооруктагы бектерге, Менден кабар бер, — деди, Бачымыраак чогултуп, Ордого алып кел! — деди, Кабар угуп ханынан, Алек-далек жүгүрүп, Жетип кабар салыптыр, Чойулган чоңдун баарысы, Чогулуп келип калыптыр, Ойрон болгон Тапан хан, Оң-тескери карады: — Чойтолоң кана, мында жок, Минтип элден сурады, Ханы сурап жатканда, Көргөндөр айтпай турабы? — Чойтолоңду көргөнбүз, Ушунча эл чогулуп, Өкүмүңө көнгөнбүз. Кабат темир кийиптир, Далыга калкан илиптир, Аскерди артка салыптыр, Аттанып жөнөп калыптыр, Жайнап чыккан аскердин, Аркасында Тазкара, Ханым бизден сурадың, Билгенибиз ушунча. Сейитиден кечээ эле, Кырк күндүк мөөнөт алды эле, Чойтолоңду көргөндөр, Бизге кызмат барбы, деп Көөнүбүздө ал эле. — Мен кабарсыз бул кептен, Бачым бириң барып кел, Чойтолоңду алып кел, Кеби болсо угалык, Кырк күн бүтөт эми эле, Кандай уруш кылабыз, Чогулуп кеңеш кылабыз. Хандан буйрук алыптыр, Кадырлуунун бири эле, Калдалаңдап калдастап, Апкаарый сүйлөп алдастап, Өзүнүн бойун жыйнабай, Эки буту салбактап, Этеги кетип балбактап, Таноосу көөп барбактап, Ат өлтүрө чапкылап, Кара тер басып дардактап, Чойтолоңго чокчоңдоп, Картыке жетип барыптыр: — Бирге жүрүп, бирге өскөн Барасың кайда Чоке? — деп, Чылбырынан алыптыр. — Калдаңдаган Картыке, Чылбырлабай атымды, Кебиңди айтчы! — деди эле; — Ханыбыз биздин Тапан хан, Калк билген калбай келсин — деп, Чакыртыптыр эми эле, Чогулуп барсак баарыбыз, Жок экенсиң сен эле, Эл киргенде Тапан хан, Айландыра бир карап, Чойтолоң кана? — деди эле, Аңгычакты да бирөө: Аскери менен Чойтолоң, Аттанып жатат, — деди эле. Чойтолоңду бириңер, Чакыргыла дегенде, Көрбөгөлү көп болду, Көрүшкөнчө алдыңа, Мен, Чоке, келдим Картыке, Каралашып жүрчү элек, Жакшы-жаман ар иште…. Чойт камчылап тору атты, Картыкеге карабай, Бастырып кетти Чойтолоң. Минген атын теминип, Жүргүн, деп, Чойтолоң, Картыке жетти демигип, Чойтолоң жооп кылганча, Тазкара келди делийип, Тазкара жооп берет, деп Чойтолоң көөнү семирип, Картыкеге Тазкара, Кебин айтты энтигип: — Картыке мага агасың, Байкап сөздү карагын, Билесиңби түшүнүп, Тапан хандын абалын? Тапан хан бизге хан эле, Береке менен шыбага, Тери менен тең агып. Куйулуп турган жан эле, Куткарбас менен теңдешип, Болуп турган чагы эле. Кыргыздан келген Сейити, Жалган айтпайт деги эле, Ошону улап Чойтолоң, Желмогуз деп айтты эле. Ар алып канчык ажылдап, Тапан ханды бурганбы, Чойтолоңду чакыр, деп Бир желдетти жумшады. Чойтолоңдун айтканы, Эртең барам мен, деди Кете бергин сен, деди Ачып көздү жумганча, Чоңдоруң менен чогулуп, Келсин деди мында, деп, Дагы бирөө келгени. Билсем дагы, билбесем Кийин келген желдетти, Сырым чыгып калат, деп, Өлтүрүп аны жиберди. Кайтып баргын Картыке, Төкпөй-чачпай кебимди, Айтып баргын Картыке, Чойтолоң барбайт ал жерге, Ошол желдет келбесе. Жибере албай желдетти, Жазгактаса Тапан хан, Акбы сөзү карабы, Ошондо байкап билгиле. Кол куушуруп келдим, деп Чойтолоң барбайт Сейитке, Тапан хандан тайгактап, Куткарбас барбайт деги эле, Мындан башка кебим жок, Кайтып кеткин Картыке. Угуп болуп Картыке, Унчукпай калып бир демге, Кайтып элге келгени, Ханы, беги карасы, Чогуу турган жеринде, Уккан кепти жашырбай, Такыр айтып бергени. Кошуп койду Картыке, Айагында бир кепти: — Тапан хан алчу сулуу кыз, Кыргыздан качып келгели, Бизге тынчтык бербеди, Тапан хандын Сейиттен, Кырылып кетти элдери. Балбандардын баары өлдү, Жашы өлдү, кары өлдү Ханы, беги аралаш, Канча-канча жан өлдү, Бир катынды алам деп, Кырылып эли түгөндү, Барган желдет канаке, Чакырып келсин ал барып, Калганды кийин көрөлү. Каарданып Тапан хан, Каны көздөн акчудай, Заарданып Тапан хан: — Жаагыңды жап, Картыке, Баары жалган сен айткан! Барбай жолдон жаныпсың, Жалган кепке каныпсың, Же болбосо, Картыке, Тили чүчүк Тазкара, Алданып кепке калыпсың, Чойтолоңду мен билдим, Тили чүчүк турбайбы, Мен жүрүпмүн ишенип, Ичи бузук турбайбы, Тазкара ага кошулуп, Баары бузук турбайбы, Эркине койсом мейли деп, Эми кудай урбайбы! Сейиттен коркуп себеп таап, Качкан кулдар турбайбы, Талаадан таап кеп курап, Жылчыгы жок бек курап, Картыке карап турбайбы, Картыкени кармагын, Эки колун байлагын, Талга асып жайлагын! Чойтолоңду жөн койгун, Аркасынан барбагын, Картыкедей алданып, Каласыңар барганың! Картыкени байлады, Талга асып салганы, Карандай докко капташып, Титиреп турат калганы, Муну койо туралы, Сейиттен кепти угалы. Ууга чыкты адырга, Эриккенден Эр Сейит, Кошуунун айдап кол бүтүп, Бир балбан келет керсейип. Кошуунду көрүп Сейитим: “Кырк күндүк мөөнөт алгалы, Бүгүн он бир күн болду, Кара жолду чаңдатып, Келаткан кошуун ким болду? Көрмөксөн болуп нетейин, Көрүшүп буга кетейин.” Деп, Күрөңдү аргытып, Артынан чаңды баргытып, Эңиш тартып эрениң, Эликтей колун сайылтып, Ат куйругун жайылтып, Тосо чыгып жолборсуң: — Ким болосуң өзүңөр, Барасың кайда, жол болсун? Кеп сурады эр Сейит. Сейитти көрүп Чойтолоң, Эсинен танып темтейип: “Тапан хандан башымды, Келе жатсам калкалап, Жоготот экен бул жерде, Сейит эми талкалап”. Деп турганда салаңдап, Аңгычакты Тазкара, Кирип келди алаңдап, Жан тери келип маңдайдан, Куйулуп беттен талаалап: — Сейитим баатыр, жол болсун Арбагы Манас жолдошуң, Арам айла кеп эмес, Чынымды айтам, жолборсум. Менин атым Тазкара, Мунун аты Чойтолоң, Кебимди угуп болгунча, Тирүүлүккө жол койсоң. Он бир күндүн алдында, Кырк күндүк деп өзүңөн, Сурап мөөнөт алганбыз, Сизди туурап Чойтолоң, Айтып койуп канчык деп, Балаага башты салганбыз, Тапан хандын каарынан, Канчыктын качып заарынан, Качып жөнөп калганбыз. Тапан хандын элинде, Денебиз асман көк элек, Калгандардан саныбыз, Канча-канча көп элек. Чойтолоң менен Тазкара, Ата башка, эне бир Бир катындын уулу элек, Эми качып жүрөбүз, Тапан хандан куугун жеп, Ала турган сулуусун, Тайгылдык жолдон канчык деп, Сага келип кез болдук, Жүрөк турат болкулдап, Ажал айдап келдик — деп, Тазкаранын бүттү кеп. — Атың болсо Тазкара, Айтканың адил чын болсо, Менде жок башка ой санаа. Каралды бол деп айтпайым, Караан болуп жаныма, Сыйкыры артык эң жаман, Азыр болгун жаныңа. Ага чейин шумурай, Картыке болуп булардын, Жетип келди жанына, Салам айтып кол сунуп, Чойтолоңго зарыла. Тик айталбай жалтактап, Сейит турса жанында, Жай айткан жалпак тил менен, Коркурап кочкор үн менен, Саймалап сөздү түр менен, Кээ кезинде чочутуп, Илмек түйүн сүр менен. Сейит анда жок болсо, Жүр деп айтып келмекчи, Тил албаса кержеңдеп, Эдебин колго бермекчи, Чойтолоң менен Тазкара, Талпагын ташка кермекчи. Айдап алып бармакчы, Үлөкө кылып калганга, Азапка башын салмакчы. Чойтолоң менен Тазкара, Өкүм кылып Тапан хан, Сүр көрсөтмөк калганга. Иши оңолгон Тазкара, Жел сөзгө тузак салуучу, Мунун өзү бир балаа: — Сен Картыке эмессиң, Кочкор үндүү коркурак, Абазыңан мен билдим, Жайа салып жай айткан, Амалыңдан мен билдим; Алдап-соолап алпарчу, Талабыңды мен билдим, Узун койуп бек тартчу, Танабыңды мен билдим.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.