← Сейит 3/6

Аңгычакты жел жүрүп, Жердин бети арылды, Жерге кирип кетти, деп, Жерге кирбей нетти, деп, Мойнун созуп чоң Кожен, Жерди тиктеп кеңгирейт, Оозун ачып эстенет, Мас болгондой зеңгиреп, Доош берди Сейити, Тааныйсыңбы мени? — деп. Кулагына үн кирди, Жүрөгүнө зил кирди, Ачууланып алайып, Алдыңкы ээрдин жаланып, Аткый кармап чокморун: — Жоготпой сени койбоймун, Көзүмдү жуумп мен сени, Жаздым чапкан окшоймун Акырып Кожен дууланып, Сел аккан суудай бууланып, Алдыңкы ээрдин жаланып, Кетейин деп жан алып, Чокморун күүлөп имерди, Ороо-пара маңдайда, Сейитти тартып жиберди. Мышыктай жылып жып этип, Айбандан асыл Телкүрөң, Өтө берди шып этип, Жерге тийди чокмору, Мени жарып дүп этип. Чокморун жерден алгынча, Айбалтадай маңдай тиш, Сейити күлдү кангынча. Күркүрөп Кожен сүрдөндү, Алда канча түрдөндү, Колундагы чокморун, Жерге таштап жиберди, Жакасынан качырып, Алмак болуп Сейитти. Кара кыргыз кара көк, Каадасы журттан бир бөлөк, Сыргактан калган сыр найза, Тоо томоргон бул найза, Алгарадан кулаган, Коңурбайды бир сайса, Коңтөрөнүн жанында, Кожен заңгы бул канча? Кезгерип найза чунайтты, Кездемдин боосун чубалтты, Айбандан асыл күрөңдү, Санга салып чурайтты. Ай далынын чети деп, Алтын кемер бети деп, Өпкө жүрөк тушу деп, Өлөр жери ушу деп, Эрней түшүп көмөрү, Муштап өттү далыга. Эти калың төшжары, Кыр арканын сөөгүнө, Найзанын учу мылк деди, Тоодой болгон чоң Кожен, Тобурчактан шылк деди. Тоңкойуп барып жыгылды, Топого башы тыгылды. Өтө берип кылчайса, Төрт айкактап такандап, Копколу турат бул акмак, Кантер экен эми, деп, Сейити турду аа карап. Бойун жыйбай далдактап, Жыгылып-кооп калдактап, Бага элеги балбактап, Мурду көөп барбактап, Чокморго кетип баратат, Тоногон төөдөй тартактап. Чокморун колго алганда, Кайра айланган маалда, Бакалоордун бези деп, (Жыгылгандан туулгасы, Ыргып кеткен башынан) Неченди сайып маш болгон, Он үч-он төрт жашынан, Жандай түшүп муштады, Тартып албай найзаны, Эки имерип ыкшады, Жүрөктүн толто канына, Найзанын учун чыктады. Көрүп турган Тердебес, Менден Сейит качат, деп, Келе жатат дердеңдеп. Кара жаак Айбалта, Тердебестин колунда, Эшик эңдүү бар балта, Ажыдаарга кез келген Жыландын алы бар канча? Айбалтасы жалтылдап, Мизинен жалын жаркылдап, Күн чагылып жаткансып, Күркүрөгөн үн чыгат, Тердебестин бетинен, Нечен түркүм сүр чыгат. Кол ыштыктай буркурап, Таноосунан буу чыгат, Алдындагы тору аттын, Куйругунан чуу чыгат. Керней-сурнай чуулдап, Коңгуроосу шаңгырап, Мунун тилин ким билет, Өзүнчө сүйлөйт балдырап. Көзү көлдөй жалтылдап, Ачуусуна чыдабай, Токтобой мойну калтылдап, Колундакы балтасын, Арка салып ийинге, Кирип келди жакындап. Балта чапчуу колуна, Ыктай кармап найзаны, Сейити турат ыкыстап. Балта менен чабам деп, Колтугун өөдө чойгондо, Ыктап турган жаш арстан, Далы менен кабырга, Арасына найзаны, Болжоп келип койгондо, Кырк кабырга кыйрады, Кыйынсынган Тердебес, Тору атынан кулады, Томкорулган теректей, Үстөмөндөп сулады. Каршылашкан арстанга, Адам тирүү калбады, Уйасына күн кирип, Аскер кайра чубады. Жанган аскер жай алып, Жайбаракат жата албай, Уруш кылбай койсок, деп, Же Тапан ханга айта албай, Кыйналып аскер турганда, Балбандар келсин бачым, деп, Буйрук кылды Тапан хан, Жөө жүгүрдү чакыр, деп. Жөө жүгүрү декилдеп, Таманы тийбей лекилдеп, Балбандардын үстүнө, Жетип келди эпилдеп, Кирип келип эшиктен, Келгенин айтты кепилдеп: — Тапан хан мени жиберди, Балбандар, сени келсин, — деп, Жөө жүгүр келип айтканда, Алда эмне болду, деп, Жүрөктөрү лакылдап, Эшиктен кирди балбандар, Жарыша басып лапылдап, Тамандары жерди айрып, Таш баскандай такылдап, Тилдери батпай оозуна, Суусагансып акылдап, Жаркабак деген бар эле, Келгендердин ичинде, Тилдүүрөөгү ал эле: — Амансызбы, таксыр хан? Кабар угуң биз жактан, Жөө жүгүрүң барыптыр, Кабар айтып сиз жактан, Балбандарың чогулуп, Баарыбыз келип турабыз, Кандай жарлык кылсаңыз, Кантип мойун бурабыз? Кебиңизди айтыңыз, Келген жерин угалык, Жер кучактап жаткынча, Жакшылап кызмат кылалык. Баштады сөзүн Тапан хан: — Кулак салып уккула, Балбандарым, саа айтам, Кызыл каның чубурттуң, Кыргын болуп кыргыздар, Элүү эки балбандан, Көбүң өлүп аз калдың, Эртең болчуу урушта, Кандай арга кыласың? Бирден-бирден барганда, Бир чабуудан ашырбай, Чыгарат экен жыласың. Кыргыздардын Сейити, Кылганын карап турасың, Бир балача боло албай, Кайда кетти уйатың? Үйдө олтуруп мактансаң, Тону талкан кыласың, Оозуңан отуң буркурап, Ажыдаардай кыйасың, Эртең менен алдыда, Жекече кимиң барасың, Тапан хан айтып болгунча, Жагалданып Жаркабак, Муну айтып жар салат: — Мен барамын алдыда, Кожен менен Тердебес, Баатырдык жолун түк билбейт, Болбосо да эки күн, Эки имерип сайышпай, Мыкты болсо өлөбү, Аз болгондо алты күн, Айкырышып салышпай? Арстан дедиң Сейитти, Ат үстүндө салышам, Жөө күрөштө Сейитке, Сегиз күнү тайышам, Убара кылбай калганда, Жалгыз өзүм арытам. Чамасы кетип, так чарчап, Шайы кеткен маалда, Белги берип мен айтам, Анда өзүңөн көрүңүз, Башын кесип албасаң. Же өтүнүп мага бер, Башын кесип мен алам. Айтканымдай кылбасам, Жаркабак атым жойомун, Жатын бет атка кономун, Айтканымды кылбасам, Кантип балбан боломун! Опурулуп Жаркабак Одураңдап сүйлөдү, — Кокусунан мен өлсөм, Менден башка калганың, Жекелешип барбагын, Ушул турган тобуңдун, Менчелик жок арбагың. Кыз эмес тиги желмогуз, Качырбастан кармагын, Кармап берип Сейитке, Кар кылбагын калганын, Качырбай сактап калгыла, Тапан хандын оорагын. Тузуңду ичип башынан, Тузаарың көрдүм, Тапан хан, Хан башыңды кар кылып, Куткарбаска барбагын, Куткарбаска баргынча, Сейитиге жалбаргын. Эсинен менин чыга элек, Желмогуз деп кыз эмес, Конушбайдын айтканы, Жашың кырктан ашты деп, Ушунча көптүн ичинде, Жалган кепти айтабы? Муну укканда жакылдап, Тапан ханга жакындап, Желмогуз турду жапылдап: — Эл баштыгы Тапан хан, Көөнүңдү менден калтырып, Жаркабактын айтканын, Жалганбы, чынбы байкагын. Желмогуз туруп кызмын деп, Жалган айтсам мен сага, Канымды суудай чайкагын, Жаркабактын ичинде, Жамандыгы бар окшойт, Жалтайбаска барба деп, Сени тосуп жатканын. Жашырбайым көөнүм түз, Ойлогонум айтамын… Токтотуп аны Тапан хан, Кебин айтты буйактан: — Кебиңерди койгула, Таң аткынча камынып, Тайарланып болгула, Айтканыңдай, Жаркабак, Сен баргының алдыда. Алдында барып Жаркабак, Сейитиге сайдырса, Мен балбанмын дегениң, Баарың киргин жабыла. Туш-тушунан найзалап, Кылыч менен кайсалап, Балта менен башка чаап, Кош колдоп келип ургула, Чокмор менен чалкалап. Ошентип дартын колго бер, Сейитини талкалап! Деп тапшырып Тапан хан, Балбандарын таратты, - Желмогузга бурулуп, - Кызыгыңды мен Сенин, Качан көрөм? — деп айтты. Чакылдаган кара бет, Андан чыгат далай кеп: — Сейитиге бой сунбай, Тапан хан, келдим сени деп, Жарадар болдуң Сейиттен, Сен Тапан хан, мени деп. Кектешкенден кем турсам, Кызыгыңды көрөм деп, Бул айтканың кандай кеп: Түбөлүк жок пейлиңде, Кошулмакбы сен мага, Бир сапаркы көөнүң деп?