← Сейит 4/6

Көрүнө айткын сырыңды, Мен келипмин тим эле, Түбөлүк жарың болом деп. Бир күндүк болсо көөнүңүз, Бир кыз таап келейин, Түбөлүк жармын дебеңиз, Ачык жообуң бериңиз, “Ойносоң ойлоп айткын” деп, Билинип калды пейлиңиз, Жашырган менен батпады, Жарылып калды кебиңиз, Жаркабак кеби ырас, деп, Бузулган болсоң мейлиңиз, Буйткап кебиң тангыдай, Жалчы эмес тегиңиз. Деп желмогуз айтканда, Кеп табалбай Тапан хан, Такалып калды айтканга. Серпөөлөнүп желмогуз, Бура тартып кайтарда, Тапан хан айтат: - Кыз бийкеч, Көөнүңүзгө албаңыз, Көпчүлүктүн ичинде, Болуп турат далай кеп. Мен Тапан хан тирүүдө, Тапкан-терген барымды, Алтын күмүш-зарымды, Жайыттагы малымды, Салынуу шаар тамымды, Жергелеш бирге элимди, Шоркөл сындуу жеримди, Сага арнап, кыз бийкеч, Мен байлайым белимди, Мыдырап жаным турганда, Бузалбайым кебимди. Жаркабактын кебине, Ээрчип кетет дедиңби? Таарынгансып сенден мен, Башкага бурба пейлиңди. Туура карап мага сен, Сындырбагын белимди, Куткарбаска баш уруп, Алдырамбы теңимди? Көөнүңө алба, кыз бийкеч, Жан алчууга жумшасам, Тирүүлүктөн түңүлүп, Жаркабак айткан кебини. Бузуп айтат кээ бири, Түзөп айтат кээ бири, Тергеп жүрүш анча эмес, Көпчүлүктүн кебини. Акылың болсо айабай, Айтып тургун кебиңди, Баарысын көрдү өз көзүң, Акыл табар бегимди. Абазир бар, батыр бар, Ар бир түрдүү киши бар, Ар кимиси ар башка, Кыла турган иши бар. Иш өткөн бар башынан, Меңсептер болуп алактап, Чоңойгон бар жашынан. Ошонун бири Жаркабак, Бизге айткан арз-абал, Ар бир кебиң, кыз бийкеч, Маа билинет шекер-бал, Чыныгы кебим мына ушул, Айтканымды угуп ал. Тапан ханды бозортпой, Ички сырым кулак сал, Дагы кебиң бар болсо, Тапан хандан жообун ал. Кыйалданган кара бет, Кылыксынып айтат кеп: — Чыныңды айткын,, Тапан хан, Жалганы жок ырас кеп, Жедигердин бир кызы, Келип турам маана издеп, Чымындай жандын камын жеп. Кызыгың качан көрөм, деп, Ал айтканың көңүл кеп. Жашына жетсе кыз бала, Ар кайда кетет жар издеп. Кызыгышып жатарга, Жар издеп келген кеп эмес, Душмандан качып келайтып, Тапан хан, сизге болдум кез, Көргөндө кетип бой калкып, Сырымды айттым саган тез. Көөнү кетип калбаса, Көрүнгөн эрге кыз бала, Бар сырын айтар кез эмес. Сыр айткан кыз мен болдум, Көргөндө көөн эритип, Сыр уккан эркек сен болдуң. Эрден калган келинчек, Эр издеп жүргөн киши эмес. Кызыл кан аккан майданда? Жан алучу Сейити, Карап турса маңдайда, Көөнүн бөлүп эркекке, Көңдөй болчуу кыз кайда? Ар канча кылык-жоруктун, Кызыгы болбойт андайда. Жесир катын болбосом, Жер жазданып кеткендей, Утур келген жайларда, Же сен жылкычы болбосоң, Башмактап турган сай-сайда. Менин айткан кептерим, Жүйөөлүү болсо мойнуңа ал, Жүйөөсүз айткан кеп болсо, Таарынып анан көөнүң кал. Желмогуздан кеп угуп, Кеп укканда жеме угуп, Желмогуздун кептерин, Накай акыл деп угуп, Бабыраган Тапан хан, Батмачыктай былчыйып, Отуруп калды жылчыйып. Унчукпас кылдым муну, деп, Жер түгөткөн кара бет, Чыгып кетти чымыйып. Ойлонуп улам Тапан хан: “Уйатка калдым айтам деп, Анык өзү кыз болсо, Ал айтканы ырас кеп. Конушбайдан уктум деп, Жаркабак айткан чын болсо, Желмогуз деп кыз эмес, Кызыл кан акты элимен, Ызы-чуу кетпей жеримен, Айрылдым нечен эримен, Жакшылык-жаман күндөрдө, Караады болчуу белимен, Эмгегим кетип талаага, Алданып кара балаага, Ырысымды жедим мен! Кезегим бир күн кетирип, Кежирленсе болбойун, Бойун алып койойун, Жакшы-жаман кеп чыкса, Айтканындай болойун, Катын болсо кыз эмес, Кармап берип Сейитке, Калтырбай элди кейишке, Мурунку жолум табайын, Бурчалтпай элим багайын. Жардамы тийчүү эр экен, Сейит менен достошуп, Кол кармашып калайын, Көөнүн таап Сейиттин, Көлөктөп мага көйрөңсүйт, Куткарбаска салайын. Куткарбасты колго алып, Кубанычка мунтип батайын, Эки хан элин башкарып, Эркимче ойноп жатайын:” Деп Тапанга ой толуп, Көөнү менен бай болуп, Кыз болбосо желмогуз, Сейити менен дос болуп, Эки элге баш болуп, “Кыз бийкечке” карата, Эрибес боору таш болуп. Көөнүнө толсо кыз бийкеч, Кууп келген Сейитке, Алы келбей баратса, Куткарбас менен бир болуп, Сейитке көөнү кир болуп, Жакындашса кыз менен, Жакшылык калбай келчүдөй, Сыймык конуп, бак конуп, Жалгыз өзү жүрчүдөй, Жагалданып оштонуп. Таңга жакын болгондо, Санаанын жетпей түбүнө, Жатып калды томсоруп, Сейитини эске алса, Өзөгүнөн от күйүп, Уйкусу келбей үшкүрүп, Уйку көрбөй таң атты, Үшүгөн тооктой үкшүйүп, Борошодо эшектей, Белин түйүп дүкдүйүп, Дык тийбей сакал-муруту, Өсүп кеткен үксүйүп, Күн тийди жерге нурданып, Аттанды аскер дүрүгүп, Санаасы санга бөлүнүп, Тапан хан чыкты үлүйүп. Түндөгү айткан кеп менен, Атына минди Жаркабак, Сейитине эми эле, Жеңүүчүдөй шаңданат. Кылыч, балта белинде, Чокмору бар ийнинде, Калкан жаап далыга, Чарайнасы алдында, Кисепче кийип тизеге, Тең келем деп Сейитке, Калдыркан темир балтырда, Көйрөңсүнүп калкына, Көмөргөн туулга башында, Корголоп койон жаткындай, Маңдайдакы кашына. Сагызкан уйа салгындай, Сакал менен бакалга, Ат байласа тургундай, Буруп койсо мурутка, Чоң казандай көрүнөт, Мойунда ооз омуртка, Өзүнүн эрки кудурет, Ар кандай Адам жаратса, Кара суунун буткулдай, Маңдайда көзүн караса, Кара бороон удургуйт, Утур чочко келайтса. Эки буту салбактап, Эки этеги далбактап, Калканы жондо калдактап, Кээрлүү киши Жаркабак, Кирип келди далдактап, Эки көзү алактап, Мойну кеткен шалактап, Жан койбостой түрү бар, Атырылып жалактап, Түр көрсөтүп ошентип, Далайды алчу карактап. Беттеринин баары түк, Шилекей агып бапактап. Булгап найза колго алып, Найзасынын учунан, Жалындаган от жанып, Тапан хандын калың кол, Көзү тойуп көркүнө, Жаркабакка таңданып, Шоркөлдүн суусу колдо, деп, Тапан хан турат заарланып. Нечен балбан титиреп, Бузулуп өңү саргарып, Батыр Сейит ошондо, Аскарлуу тоодой шаңданып, Камынып турат кайран шер, Сырнайзаны колго алып, Телкүрөң менен сыздырып, Сырнайза күүсүн ышкырып, Жүрөгүн албай болбойт деп, Манастап уран чакырып, Жаркабакка жаш арстан, Жаман тийди жапырып, Жаркабакка сайдырбай, Өтө берди жазгырып, Атынын оозун бургунча, Сырнайзаны сооруга, Муштап өттү качырып, Беш кабат темир кийгени, Чириген бөздөй киргени, Ат үстүнөн Жаркабак, Аңтарылып кеткени. Тартып алып найзаны, Такаңдап өөдө болгунча, Как далыга муштады, Аралап өпкө-жүрөгүн, Найзанын учу жылтылдап, Айбал кайдан чыкканы. Жаркабакты калдайтып, Жерден үзүп алганы. Көрүп туруп чыдабай, Жаркабактын иниси, Кылжырбаш жетип барганы, Баатыр шерге буйдалбай, Качырып найза сайганы. Бала жолборс Сейити, Кылжырбаштын найзага, Жаркабакты кармады, Кылжырбаштын найзасы, Жаркабакка мадалды, Кылжырбашты Сейити, Жаркабак менен бир салды, Жаркабакты кучактап, Кылжырбаш өлүп калганы, Кызыл канга бойолду, Тапан хандын майданы, Калган балбан саптагы, “Жаркабак айтып кетти эле, Сейитиге Тапан хан, Жарашып калар бекен” деп, Жалдырашып карады, Желмогузга алданган, Жерге кирсин Тапан хан, Сейитиге барабы, Жакырга айткан кептери, Жаадында турат, танабы? Саптан чыккан балбан жок, Ындыны түшүп ичине, Тил байланып зобан жок, Муну көрүп Тапан хан, Ичинен күйүп жалын чок, Балбандарын карады: — Мындайда керге келбесем, Силерди бекер багамын?