← Сейит 1/6

Тотой баштаган топтуу дөөнүн өлүшү

Сексен миң аскер сел болуп, Башкарган элүү эр болуп, Аскердин арка жагында, Эриккен элдер жык толуп, Калың элдин ичине, Сейитинин келгени, Угулуп кетти дуу болуп, Манастын уулу имиш, деп, Эл ичинде чуу толуп. Аркасында элдердин. Карылары кеп айтат: — Манастын атын укканбыз, Келбеген экен, — деп айтат. Эр Төштүк деген келген дейт, Тайпас дөөнү баш кылып, Талкалап такыр кеткен дейт. Биз жердеген Шоркөлдөн, Кырк кулактуу казанды, Төштүк алып чыккан дейт, Төштүктүн кылган иштерин, Бүткүл кылым уккан дейт, Ошол Төштүк Манаска, Кол куушуруп турган дейт. Төштүктөн Манас эр болсо, Мында келген Сейити, Манастын уулу ал болсо, Каары катуу Тапан хан, Сейитиге сайдырып, Бүткөн бойу кан болсо, Бизден шыйкыр качканбы, Куткарбас жөлөп койбосо? Баш-аламан дуулдап, Элдин ичи чуркурак, Сейити менен Конушбай, Кирип келди чукулдап. Конушбайды көргөндө, Желмогуз турду шапылдап: — Сен Конушбай жедигер, Жаш экен деп жөн койсом, Бооруңду тытып мен жебей, Сейитини таптыңбы, Тентип жүрүп ченебей? Каратып туруп Сейитке, Каныңды суудай сорбосом, Сүрдөл кылып, Конушбай, Сүрөтүңдү койбосом! Аттан камсыз Сейитти, Күч албайбы күркүрөп, Сени тирүү мен койсом! Деп жапылдап турганда, Коркуп кетпейт Конушбай, Сейити бар жанында, — Коңулдаба, желмогуз, Сенден коркор чак эмес, Жаныңды койор жер таппай, Мени жемек тургайлык, Качып жүрүп сенделип! Жедигерди боздотуп, Малы тургай кишисин, Тирүүлөй тытып жеп болуп, Шоркөлдүн аты ит ичпес, Тапан хан жаткан мар болуп, Кырктан жашың ашканда, Азгырдың келип кыз болуп, Куткарса сени Тапан хан, Эс-акылың жыйганда,- Өзүн жейсиң тап койуп, Беш күндө бирден киши жеп, Чандайасың кап болуп. Ичпес суудан ичкенде, Эт эсиңе түшкөндө, Жалтайбаска барасың, Кубултуп сыйкыр салсың, Куткарбас атка ээ болгон, Жалтайбас жанын аласың. Тапан хан менен куткарбас, Жери кеңир, эли мол, Адамдары бойу чоң, Бендеден башка баары зор, Таптың эле тамакты. Эр Сейитим колунан, Эми жыттап жатасың, Сийдим кана-кабакты! Көрсөтөм деп өнөрүм, Желмогуз колун сермеди, Отуз миң дөбөт, көк бөрү, Күркүрөп тайар болду эми, Тоо көчкөндөй каркырап, Кырк миң шердин келгени. Куйругу жерге чубалып, Илбирс келди канча миң, Көзүнүн оту жалындап, Жолборс келди мынча миң. Мышык келди кыкырап, Кабааган иттер ыркырап, Түлкү келди кылыңдап, Кашкулак жүрөт мулуңдап, Чөөлөр келди каткырып, Сыйкыр менен желмогуз, Жер-жаандын баарысын, Айбанатка бастырып, Топону көккө сапырып, Айууга ийин каздырып, Көрсөтмөк элге болду эле, Көп сыйкырын наз кылып. Тапан хандын алдында, Элүү эрдин чоңу эле, Балбандыгы бир башка, Баатырлыгы бир канча, Баарысынан зор эле, Кайраттуусу Кабызет, Андан чыгат далай кеп, Желмогуз кызды чакырды: — Аныңды койуп бер кел – деп. Тааныбаймын сени мен, Кайдан келдиң деги сен? Сен желмогуз окшойсуң, Күмөнсүп калдым сенден мен, Конушбайдын кебинен. Эмне үчүн кас болдуң, Сейитиге деги сен? Керге келсе өнөрүң, Козголбой жатпай жериңде, Каарлуу болсоң былк этпей, Качпай турбай элиңде, Сыйкыр кылып көрөсүң, Сүр көрсөтүп бул элге. Элди азгырып алдаба, Бекеринен куру желге. Кектешкен кеги болбосо, Сайа кууп артынан, Кыргыз келбейт бул жерге. Жарабаган кылыгың, Болбогон иш, кой мунуң, Керге келсе сыйкырың, Келбейт элең бул жерге, Башыңды катып калкалап, Качып келдиң биздерге. Тапан ханды аздырып, Тартып көөнүн алыпсың, Котолоп кошуун кол турса, Бекер, сыйкыр салышың. Тараткының буларды, Мен чыгайын жекеге, Колуңа тийсин намысың! Деп Кабызет жебиреп, Желмогузду жемелеп, Сейитини бир демде, Аламын деп тебээлеп, Бастырып чыкты бөлүнүп, Жеке-жеке, жеке, деп. Каарын салып бакырды, Сейитини келгин деп. Сен канчалык, Сейити, Мен Кабызет эримин, — деп, Сен Сейити турмайлык, Жалаңгыч сарык аталган, Кененимге теңмин, — деп. Эрдигиң сенин канчалык, Мен билбейин белгилеп. Тапан ханды көргөндө, Кайра кетпей элине, Келгенин көр темтиреп, Бөрү тилдүү куу найза, Тоо томкоргон бу найза, Булгап алды колуна, Камчы менен бир койуп, Куучабдардын санына. Аркасынан чыккан чаң, Топурак учуп боз болуп. Салмагынан чочконун, Жер силкинип козголуп, Кетүүчүдөй бул дүйнө, Торопойу тоз болуп, Тик качырып жөнөдү, Көрсөтөм деп өнөрдү, Ойуна албайт шектенип, Сейитиден өлөрдү. «Шоркөл-шоркөл-шоркөл», деп, Келе жатат качырып, Атасы жокпу, эл жокпу, Көлдү ураанга качырып. Бакырыгы баш жарып, Баштан алкып таш жарып, Кабызеттен Сейитим, Калат беле апкаарып. Чоң балтаны колго алды, Найзанын учу жетерде, Балта менен какканы, Балта тийген бул найза, Асманды карай атканы, Зыркыраган куу чыгып, Үнү угулуп жатканы. Үзөнгүгө тамандап, Кобо калып Сейити, (Капташа түштү Кабызет), Чокудан ары чапканы. Балтаны тартып алганда, Тоодой болгон Кабызет, Топону тиштеп жатканы. Көрө салып чоң Кожен: — Мыкты болсоң, Сейити, Беттешкин, — деп, - мен менен! Чойун башты булгалап, Көзүнөн чыккан жалыны, Утур келген чөп-чарды, От койгондой куйкалап, Оозунан түтүн буркурап, Көзүнөн учкун чыркырап, Чокмордун үнү күркүрөп, Жердин бети дүркүрөп, Түрүн көргөн Кожендин, Сийдиги агып бүркүрөп, Каарданып ат салып, Аркасында чаң калып, Кетемин деп келайтат, Сейитиден жан алып. Карап турат эр Сейит, Найзаны кармап камданып. Кожен жакын келгенде, Кыраңдакы кулжадай, Алчыланып шаңданып, Телкүрөңдү теминип, Эңиш тарткан бүркүттөй, Бул дагы кирди кырданып. Күркүрөгөн чоң Кожен, Колунда чокмор жүз батман, Камчыдай кармап имерди, Оро-пара баатырды, Чокуга тартып ийгели. Чаптырабы эр неме, Дардаңдаган Коженге, Кар жиликтин булчуң эт, Кашайа катуу тиктеди, Эки колун капшыра, Найзаны муштап өттү эми. Колтуктун көбүк этинен, Көтөрө найза тийгени, Тепчип өтүп булчуңду, Арканын балык этине, Төш жарыча киргени. Шалак этти оң колу, Көтөрө албай чокморду, Түшүп кетти сол колу. Чокмор түштү дүп этип, Жер козголду сүлк этип, Өтө берип Сейити, Имерилип келгинче, Кайра тартып элине, Аралап кире берди эле. Коженди койуп куткарып, Ачуусуна чыдабай, Аралап кирди ат салып, Көптү көрсө шашпаган, Көөнүндө ишин баштаган, Көсөм Сыргак баатырдын, Сырнайзасын колго алып, Катар турган сап болуп, Аскерлерге баш болуп, Алдындакы эрлерге – Миң кишиге мен эле, Жалгыз болом дегенге, Күүсү менен тулпардын, Алдындакы балбандан, Катарлап бешөөн бир сайды, Бирөө да тирүү калган жок, Оозун ачып ырсайды. Эми эле турган буластап, Жатып калды беш баатыр, Кара жерди кулачтап. Баатырдын аты Телкүрөң, Ооздук тиштеп кыйгачтап, Имерип тийген жаандай, Ителги тийген таандай, Айландырып камады, Ар сайганда Сейити, Кырк-элүүдөн кулады. Найза кармап сап болгон, Бетине бирөө чыгалбай, Кылычтуулар бир катар, Кындан кылыч сууралбай, Балталуулар сыйлыкты, Баатырсып карап туралбай. Кетелектүү кемсинип, Мурун булар жүрүчү, Баатырсынып, эрсинип. Чокморчулар чогулуп, Кол салалбай бой уруп, Сабы аздап баратат, Бир четинен суйулуп. Тапан хандын элдери, Кара бойу бир дөбө, Өтө каар, түрү суук, Караган көзгө көрөргө, Мамы кылчуу жыгачтай. Карап турсаң билеги, Беш-алты жашта балдардын, Жүрөгүндөй жүрөгү. Абдан алын билгенде, Манастын уулу Сейити, Кара жанын үрөдү, Агызып канын дөөлөрдүн, Арыкта суудай күрөдү, Желмогузга болушуп, Таштай катты тилеги.