← Сейит 2/6

Балбандары кийгени, Баары темир бадана, Кара аскерге карабай, Аралап кирди аларга. Кабызет өлгөн алдында, Кожен кеткен жаралуу, Бешөө өлгөн бир катар, Кырк үчү бар караандуу. Кыргыздын кыраан уланы, Качан жанын айады? Телкүрөңдү чуратып, Артынан чаңын чубалтып, Кезкерип найза чунайтып, Качырып кирди бетинен, Жеткен жерде экини, Сайып өттү четинен. Оң айланып сол болуп, Сол айланып оң болуп, Эки имерип өткөндө, Он экиси торойуп, Кокуйлап жатат канчасы, Кокодой мойну кодойуп, Тирүү калган немеси, Жабыла качты туш-тушка, Арасы ачык коо болуп. Санатта элүү балбандан, Жыйырма тогуз калыптыр, Бир Сейиттен жалтайып, Качып жолго салыптыр, Каарданып кара көк, Кылычын сууруп алыптыр. Жайыла качкан балбандан, Тогузун жетип жалмады, Тополоң түшүп, топо учуп, Аскер качып калганы, Конушбай кандай болду, — деп, Эсине баатыр алганы. Турган жагын белгилеп, Көз жиберип карады, Караган менен Конушбай, Көрүнбөдү карааны, Карганып жаткан бир үндү, Угуп калды кулагы, Тулпардын оозун эрениң, Үн чыккан жакка бурады. Кан какшанып конушту, Байлап алып желмогуз, Келе жаткан убагы, Ажалы Конушбай, Чукул чыкты сураары. Көзүң аккан желмогуз, Көрө салып баатырды, Койо берип Конушту, Элди аралап чурады. Келберсиген желмогуз, Кепке-сөзгө жарабай, Алды-аркасын карабай, Асыл жанын айабай, Айбат кылып туралбай, Айбатынан апкаарып, Ажалдан качып калтаарып, Тапан хандын жанына, Качып кетти тамтайып. Конушбай коркуп калыптыр, Кубулуп өңү саргарып, Аман-соого келе албай, Карап турат далдайып, Жалдырап-жайнап көзү бар, Өзү турат шалдайып, Конушбай, алың кандай? – деп, Сейити айтты түз барып. Үнүн угуп Сейиттин, Эчкирип ыйлап, Конушбай: — Ажыратып алдыңбы, Желмогузга кор кылбай? Сен жекеге чыккалы, Эсимен мастан чыкпады, Көзүмдүн кыры мастанда, Мени карай ыктады, Минген аттын алдынан, Баш көтөрүп чыкканы: “Түштүңбү колго, Конушбай, Сенден жүрөм көөн тынбай! Каныңды тирүү сорбосом, Жалдыратып көзүңдү, Жанымды тирүү койбосом, Желмогуз атым курусун, Баскының!” – деп айдады, Башымда акыл калбады, Өлтүрдүңбү, жолборсум, Тирүү барбы ал дагы? Арстаным, сени көрдүм, — деп, Арбагына Манастын, Атынан айтып жалбарды. Тапан хандын алдында, Кожен жатат жаралуу, Аскеринин баарысы, Чар тарапка тарады, Эси кетип Тапан хан, Ар санааны санады, Желмогузду жиберип, Аскерин кайра жыйнады. “Он күндүк мөөнөт берсин” деп, Атайын киши жиберип, Эр Сейиттен сурады, Тапан хан сурап жооп алган, Бүттү күндүн убагы, Сап-сап болуп аскери, Майданды карай чубады, Жарадар болуп жатучу, Сакайды Кожен бу дагы. Ооруга жери басылып, Сейитиден найза жеп, Кожен жаман ачынып, Тапан хандын алдында, Өзүн мактап бакырып: — Элебей туруп канча деп, Катар колду тепчитип, Мен кыргыздан жеңилдим, Жаңы келген баланын, Мындайлыгын билбедим. Камаарабай турам деп. Кабызет өлдү кан кусуп. Мен-мен деген кырк сегиз, Кылданган эрсиң тептегиз, Аралап кыргыз киргенде, Тезектей калдың тепселип. Бизге келген Сейити, Кең далылуу кууш айак, Узун эмес бойу пас, Уйутуп койгон коргошун, Козголбогон кара таш. Көбүң өлүп, аз калдың, Көргөзүп элге айтамын, Бүгүн чыгам жекеге, Мааналап кантип жатамын, Байлап келем баланы, Элебестен сайдырдым, Теңсинбейим мен аны. “Эр ойлосоң өзүңдү, Шер ойло дейт башканы” Серпишкен жоодон мен өлсөм, Теңине албайт канчаңы. Аламан уруш кылбаңар, Аралап кирсе Сейити, Агызат суудай кызыл кан, Он күн кылар туруштук, Өзү чыкса Тапан хан, Үмүтүм жок силерден - Катар турган башкаңан. Баатырлык кандай, эр кандай, Маңдайлашып жоо сайган? Жалгыз кыргыз карачы, Жалпылдатып туу жайган. Тобурчакты тарт бери, Токтоо кылбай аттанам! Коржоңдоп Кожен мактанды, Тердебес деген бар эле, Тентектин бири ал эле, Опурулуп тиктенди, Аттанам деген Коженге: — Мен тердебес турганда, Качан, Кожен, эр эле? Менден мурун буйруксуз, Аттануучу сен белең? Алдынкы жолду саа берип, Баш тартуучу мен белем? Тобурчагың кайра тарт, Тору атымды бери тарт! Тердебестен жеме угуп, Кожен копту оолугуп, Кожен менен тердебес, Койо бер деп жулунуп, Арачалап ал келбей, Калгандары чогулуп, Тапан ханга бул кабар, Кулакка түштү угулуп. Балбандардын үстүнө, Тапан хан кирди чулуйуп, Кожен менен тердебес, Туруп калды кулуйуп, Туулга бар башында, Баары чойун туйулуп, Сакалы жок, мурут жок, Ээктери мулуйуп. Калп эле күлүп Тапан хан: — Кожен менен Тердебес, Эки баатыр сени айтам, Мөөнөт алган күнүңөр, Бүгүн бүттү күнүңөр, Сейити келсе маңдайга, Чыгасың жеке кимиңер? Кимиң барсаң аның бар, Сайып алсаң мөрөйүң, Сайдырып койсоң кокустан, Артыңан улай бириң бар. Турасыңар, топ балбан, Менин кебим угуңар, Көз ачырбай Сейитти, Дембелеп уруш кылыңар, Угулсун кылым дүйнөгө, Аңгеме болор мунуңар, Жекеге чыкпай калганың, Тайарланып туруңар. Кайкаган калың эл менен, Силерге окшош эр менен, Жеңилдик деп Сейиттен, Кол сурап барсам маа уйат, Канатташ айыл хандан мен. Жалтайбастын элдери, Саны бизден канча көп, Балбандарын көргөмүн, Силерчелик эр эмес. Баарыңарды Сейити, Басыңкырап баратса, Туруп албайым анда мен. Ханыңармын Тапан хан, Билесиңер эрдигим, Өзүм чыксам жекеге, Көрөт элем эрдигин, Кетирет элем колунан, Мен-мен деген теңдигин. Көөнүм эрип кубанам, Бириң калып, бириң бар, Бириң кайткын ырайдан. Кожен менен Тердебес, Эрдигиңди билгемин, Талашат деп силерди, Ичимде ойлоп жүргөмүн, Ашкере болду сырларың, Чынга чыкты күмөнүм, Бириң калып, бириң чык, Корктуңар деп Сейити, Кыйкырып ийип жүрбөсүн. — Жыгылып аттан кыргызда, Өчүм барын билесиң, Уруксат кыл, Тапан хан, Кожен өзүм киремин. — Ырас сенин кегиң бар, Мурун барып кегиңди ал, Тердебес кирсе, Сейит жок, Комутта, Кожен, кур калбай. Аттанды Кожен зоңкойуп, Эрдигимди айтты, деп, Тердебес турат оштонуп. Саптан Кожен бөлүндү, Конушбайдын көзүнө, Чоң зоңкодой көрүндү, Оозунан чыга тас калып, Туйлап турат жүрөгү. Опол тоодой заңкайып, Алдындагы Телкүрөң, Кең соорусу даңкайып, Кербениң Сейит бурулду, Көркүнө көргөн таңданып, Белестеги карагай, Берениң сонун шаңданып, Телкүрөң барат шайбырлап, Аркасында чаң калып, Сыргактан калган сыр найза, Зыңкыйтып колго карманып. Сейитини көргөндө, Мактанган Кожен калтаарып, Тапан хандап бакырып, Мингени тору тобурчак, Арандай оозу ачылып, Чокморго Кожен маш экен, Жүз батман чойун колунда, Эрибес көөнү таш экен. — Сен Сейити, мен Кожен, Мени менен беттешкен, Чандандын күнү түгөнгөн. Элебей туруп сайдырдым, Өткөн күндө сага мен, Жер менен жексен болосуң, Бир чапкандан чыкпай сен! Оозунан көбүк буртулдап, Чокморунан чок чыгат, Чочконун эки көзүнөн, Жалындаган от чыгат. Бойу узун сүлкүлдөп, Адам жүрбөс жапан чөл, Тоо көчкөндөй дүңкүлдөп, Чилдедеги буурадай, Жетип келди күркүрөп, Курт-кумурска, бөй-чайан, Баары качты дүркүрөп. Каар көзүнө чачылып, Сейитиге чокморду, Шилтеп калды качырып. Койондой буйтап Телкүрөң, Ордун салып жазгырып, Жерге тийген чокмордон, Топурак көккө чачылып, Урма кулак кара суу, Жерге чыкты атылып. Жерден топо буркурап, Үйдөй болгон канча таш, Асманда жүрөт зыркырап. Жааган күндөй шагалаң, Түшүп жатат дабырап.