Бир Сейиттен калтаарып, Куткарып мени алгын, деп, Куткарбаска барамбы? Куткарбаска алдырып, Сулуудан кулку каламбы? Шыкалып турсаң чыгалбай, Сейити билет чамаңды, Баарың баатыр акылман, Силерге айтам абалды. Көрүп турат көзүңөр, Айтып жүрдүң өзүңөр, Көйрөнсүнүп Куткарбас, Көзгө илбейт деген сөзүңөр. Бүгүн барсак Куткарбас, Өкүмү өтөт ким кимге, Айтканды анык билгиле. Өзүнүн элин айарлап, Силерди салат темин таап, Барган менен Сейити, Боор оорутпай баш алат, Анда өлгүнчө мында өлсөк, Эр намысы жакщыраак. Куткарбаска баргынча, Кулжуңдашып Сейитке, Кол тартпай уруш кылалы, Кутулдуруп Сейиттен, Сулууну колго алалы. Сейит жалгыз, биз арбын, Байкагыла иш артын. Хан башы менен калдаңдап, Куткарбаска жалынсам, Мага болот чоң намыс, Суук селкин кеп уксаң, Силерге болот эрнамыс, Аа көрөкчө, баатырлар, Бир Сейиттен жалтанбай, Биз өлөлү карчашып. Бузбай сакта элиңди, Баспасын душман жериңди, Жан айабай урушкун, Уктуңарбы кебимди?! Баштаганда кеңешим, Тапан ханды байкашкан, Өңү турган жылмайып, Айаккы кебин айтканда, Ачууланды кумсарып. Үмүтүн үзүп көпчүлүк, Айласыз калды сумсайып. Күдүңдөшүп күбүрөп: — Ырас айтат Тапан хан, Бул айтканы акыл, — деп, Куткарбаска барганда, Бизди салат алдында, Тарткынчыктап өз элин, Алып калат аркага, Калат эле жаныбыз, Сейит менен жарашса, Бизге келди кез ажал, Сулуу кыз болуп каргаша. Жаман айтпай Тапан хан, Жакшы айтты кеңеш кеп, Барбай койчу кимиң бар, Үксүңдөсө баргын деп, Айтканын кылсак жакшыраак, Андан көрө макул деп. Бажырашып чуулдашып, Тапан хан ырас айтат, деп, Бабырашып дуулдашып, Мен барайын, сен тур, деп, Баатырлык жолун талашып, Чойунбашы колунда, Калканы бар жонунда, Мен жалгыз деп жүрүүчү, Тапан хандын тобунда, Өтө мыкты неме эле, Чойун баш менен сойулга. Дүрбөлөң деген эр эле: — Сейитини мен барып, Байлайым деп жүрөмбү, Айдап келем эми эле, Мени көрсө бүжүрөп, Өзү келет жөн эле! Деп дүрбөлөң бакырып, Кең майданды жаңдатып, Төөсүн минип тартайып, Дык тийбеген бетине, Сакалдарын бакчайтып, Чачы түшкөн белине, Шамал ыргап саксайтып, Күчөп жаман акырат, Кара жанды кашайтып: — Менин атым Дүрбөлөң, Сейит, кеттиң дүйнөдөн, Барып бер деп айта албай, Тапан хан менден сүрдөгөн. Мас экенсиң Сейити, Мени угуп билбеген! Деп күркүрөп күүлөнүп, Келгин суудай сүрдөнүп, Алдыңкы ээрди шалпыйып, Үстүңкү ээрди калбыйып, Баса минип төөсүнө, Бакадан бетер балчыйып, Бойу коодо неме экен, Жер мардектей марчыйып, Башы жалпак, бек кичик, Карасаң сонун жартийип, Сейитини бир чапты, Ажалы кыстап аптыгып. Кайрат кылды кара көк, Дүрбөлөңдүн чокморун, Чаптырбай кагып жиберип, Айбалта менен төбөгө, Салып өттү имерип, Бир чабуулдан чыгарбай, Акыретке жиберип. Найзасын күүлөп бир баатыр, Опсуз кыйын келатыр. Келгенине болобу, Кагып ийип найзасын, Төбөдөн ары бар койду, Бир чабуудан чыгарбай, Ат-маты менен торойду. Бирден беттеп келе албай, Беттери ултаң уйалбай, Жүз миң аскер, кырк балбан, Дүркүрөшүп ат койду. “Кырк балбан ондон бөлүнүп, Ортобузга алалы, Опсуз балбан неме экен, Ойрон кылып салалы”, Дешип кеңеш кеп салып, Ону жынжыр тор алып, Ону мылтык ок салып, Ону кылыч курч алып, Ону чокмор колго алып, Араңарды ачпа, — деп, Ажалдан коркуп качпа, деп, Аскердин барын бекемдеп, Ушул арга барында, Канткенде бизден Сейити, Кутулуп кандай кетер, деп, Кайкаган калың чер болуп Каптаган кыйын сел болуп, Уйулгуп шамал-жел болуп, Асман ачык, жер бүркөк, Күн көрүнбөй туманда, Анчалык заман канчалык, Манастын уулу буларга, Манастын өзү кудайга, Кара бойун безенип, Сыйынып өзү кудайга, Телкүрөңдү кындыйтып, Сырнайзаны шыңгыйтып, Жойкуманы байланып, Айбалтаны жанга алып, Арстандын уулу чунагың, Аламан келген аскерге, Аралап кирди ат салып. Жеткен жерде он балбан, Ар кимиси жетиден, Жетимиш тор салганы, Кыймылдарга чама жок, Колу-буту байланды, Көзүр төрө баатырдын, Көзү оттой жайнады. Мылтыгын октоп он балбан, Опурулуп барганы. Кылычтарын кезгерип, Ону жандап турганы, Арта салып ийинге, Чокморлорун күүлөшүп, Чаба турган кептенип, Чакчырылып он балбан. Чакчелекей – будуңчаң, Жүз миң аскер дүбүрөп, Келе бери, Сейити, Өлтүрөйүн өзүм, деп, Тапан хан барды бүркүрөп, Жайыла берди көп аскер, Эстери чыгып күркүлдөп, Ангыча жетти желмогуз, Ченем-ченсиз жасанып, Бойго жеткен кыз болуп, Порумданып сүлкүлдөп, Конушбайды мойнунан, Байлап алып жетелеп: — Сейити, колго түштүңбү? Уктабай түндө чыктыңбы, Орунсуз көрүп түшүңдү? Өз башыңа, Сейити, Көрсөтөйүн күчүңдү! Желмогуз деп кыз эмес, Конушбай айтты уктум деп, Жаркабакка айттырып, Абийиримди төктүңбү? Болбосом да желмогуз, Желмогуздай иш кылып, Сейити менен Конушбай, Шиш кебеп кылып бышырып, Кактайынбы экөөңдү? Бооруңду тытып чийки жеп, Өтүңдү ичип дары деп, Жүрөгүңдүн майын жеп, Суусунума каны деп, Саптуу айакка толтуруп, Каныңарды ичпесем, Суусунум эми канды деп! Уккандын баары сүйүнсүн, Кылганыңа бали деп. Күн батышка жиберем, Жети дөөнүн элине, Сейитинин эти деп. Кең Керкитке барбасам, Көкбука менен Жетилбай – Алардын ичин жарбасам, Жүрөгүн жулуп албасам! Хан Сулаймат, кара дөө, Калыбектин хан Калча, Сен өлтүргөн, сегиз хан - Баарынын өчүн албасам! Ошолордун баарысын, Баштап барып Таласка, Жалаңгыч Сарык атанган, Кененимди кармасам. Ата-бала – силерди, Маңдай-тескей тургузуп, Кылычтап башың албасам, Тирүү койсом силерди, Кылыма тийет каргашаң! Кыргыздын элин жыйнатам, Боз уланын тирүүлөй, Тигинен жерге көмдүрөм, Абышка менен кемпири, Ар кайсы жерге таштатам, Эркек бала, кыз бала, Шилисинен илдирем, Кыйындыгын билдирем. Бойо жеткен кызыңды, Бучкагынан үйлөтөм, Жатынын андай кургатып, Тукумуңду түгөтөм, Талкалатып күмбөзүн, Манастын атын өчүрөм, Таластын атын которуп, Башка бир атка көчүрөм. Кыргыз деп айткан кишини, Тирүүлөй тилин тарттырам, Ата-бала - силердин, Анан тузуң татытам! Желмогуз деп ат койдуң, Бери баскын, Конушбай, Тирүүлөй сени жеп жутам!- Деп күпүлдөп кыйкырып, Байлаган жиптен желмогуз, Бери тартат жылдырып, Кетенчиктеп Конушбай, Баспай турат тырмышып. Каарданып желмогуз, Конушбайды кармады, Опколжуп түшүп далыдан, Кененимдин Сейити, Кайра аттанды абыдан: — Жараткан аллам сенсиң, — деп, Жалбарган пендең менмин, — деп, А дүйнө кеткен айкөлдүн, Арбагы жардам бергин, — деп, Алманбет, Чубак – эгиз шер, Айтылуу Сыргак кеменгер – Азыздарым жардам бер. Олуйа Бакай атам кел, Шер Гүлүстөн абам кел, Каныкей, Чүрөк - энем кел, Кыйноодо калды Сейитиң, Кайыптар, мага жардам бер! Атын айтып чыккынча, Ачкан оозун жумгунча, Оңунан иши кеткени – Эркечтей сурду ойнотуп, Шер Гүлүстөн жеткени. Каарын көрүп Тапан хан, Кайрат качты канчыктан, Желмогуз канчык, Тапан хан, Жүз миң аскер, кырк балбан, Биринде акыл калбаган. Көркөм гүлүс баатырдын, Чолпондой көзү жайнаган, Өз элге чолпон көрүнсө, Жат элге жалын кайнаган. Жаалысын көрүп баатырдын, Биринде акыл калбаган. Тиктеп койуп Сейити, Өтө берди элеси, Тапан хан турду каңгырап, Баарысы турду жалдырап, Конушбайды жей албай, Жемек турсун эске албай, Жай алып мында туралбай, Жалтактаган щум канчык, Качмак болду жай албай. Эр гүлүс өтүп кеткенде,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.