Тапан хан, Сейит ортосун, Асман тиреп заңкайган, Бир тоо болду каркайган. Сейит менен Тапан хан, Бирин-бири көрбөдү, Не болгонун билбеди, Желмогуз мастан ша-шалап, Тапан ханга келгени. Карап көрсө желмогуз, Чыканактан оң колу, Чыгып кеткен болжолу. Найзаны ууга суугарган, Заары тарап бойуна, Эки күндө Тапан хан, Кетчүдөй сапар жолуна, Сейити жолдо камалуу, Тапан хан болгон жаралуу, Тапан хандан айрылсам, Анда кандай болом, деп, Желмогуз болуп саналуу. Итичпестин четинде, Токойдун калың жери бар, Камышы калың түнт түшүп, Адам тапкыс жери бар. Тапан ханды желмогуз, Алып барып далдалап, Албан-албан дары чаап, Жарасын жатат дабалап. Желмогуздун миң киши, Айкырыгы таш жарып, Кыйкырыгы баш жарып, Сейитиге жабылды. Желмогуздун иши деп, Ойуна албай Сейити, Тапан хандын эли деп, Аралап баатыр кириши. Калың жерин аралап, Оң-тескери кылычын, Шилтегенде кан агат, Он-он бештен найзалап, Катар сайып баратат. Балта менен башка чаап, Үн угулат бака-бак, Доошу чыгат жарактын, Кагылышып чака-чак, Кулак тунуп мээ кайнайт, Болуп жатат шака-шак, Музда келе жаткандай, Ат дабырты така-так, Түгөтө кырып болдум, деп, Эр Сейити караса, Бири да өлбөң миң киши, Баары турат сапа-сак. Тапан хандан кабар жок, Качып кеткен нече бак, Аңгычакты Сейитке, Желмогуз келип муну айтат: — Мен Желмогуз, сен Сейит, Өнөрүмдү көрдүңбү, Талаада калдым темтейип, Атың арыйт аз күндө, Бут тарталбай сенделип, Тапан ханды сен тапкыс, Катып келдим бек жерге, Кабарын айтып койолу, Кайтып келдим бул жерге. Убара болуп Сейити, Менин аркаман кууп сенделбе. Тапан хан менен куткарбас, Эки ханды колго алдым, Тапан хандын элинде, Элүү балбан зору бар, Аз болгондо ар бири, Он беш күндөн урушар, Алтымыш эки ай болот, Тарамышың тырышар. Атың баспай чаалыгып, Өзүң кылыч чабалбай, Калганда билек талыгып, Тапан хан башын албайбы, Сен айаган кыргызың, Өз энчиме калбайбы. Тапан хан алы келбесе, Өзүнүн аты Калтарбаш, Кутулбай тирүү беттешкен, Койулган аты Куткарбас, Тапан хан менен куткарбас, Бирге ойноп чоң болгон, Эки элге экөө зор болгон, Кыйышпаган курбалдаш, Башын кошуп бириксе, Туралбайсың сен чыдап. “Эсиң барда этек жап” Тилимди алып кайра тарт, Таласты көрбөй талаада, Сөөгүң калба башың жаш, Деп сөзүн айтып ашырып, Чокудан алыс таш уруп, Желмогуз турду жапылдап, Так кайырган комуздай, Токтобой сүйлөп такылдап, Шылдың кылган немедей, Саның чаап шакылдап, Көбүргөндөн жабырып, Көтөрүп алып көөдөнүн, Учуурчу каздай баркылдап, Өзөндө сууну бойлогон, Аңырдан бетер аңкылдап, Кээ-кээде өзү ыржайып, Кабаган иттей ажылдап, Шамалда учкан чар карка, Чөкө таандай чаркылдап, Малайларын башкарган, Кожойундай бартылдап. Сейити карап турбады, Телкүрөң оозун бурганы, Баатыр Сыргак найзасын, Оңдоп кармап ыргады. Күркүрөгөн күүсүнө, Желмогуз чыдап турбады. Кайра качты далпылдап, Желке чачы салпылдап, Бура тарта бергинче, Май сооруга найзанын, Төрт эли учу тийгени, Камчы саптай кара кан, Чычаңы ылдый куйулуп, Кончторуна киргени, Эми демжип бир сайса, Өлөрүн кемпир билгени. Асман тиреп көз кайкап, Турган тоолор жоголду, Чычкан болуп чыртылдап, Качып кемпир чу койду. Тоодо болгон желмогуз, Чычкан болуп алыптыр, Көрүнбөй көзгө калыптыр. Караса көзгө илинбей, Кай кеткени билинбей, Карап Сейит турганда, Арбагы колдоп Манастын, Оңуна кудай салганда, Чычкан болуп чыртылдап, Бара жаткан желмогуз, Аркар болуп арбаңдап, Адыр жакты бет алып, Арышын керип дардаңдап, Аркадан чаңы бурулгуп, Топурак учуп уйулгуп, Эңишке кире берерде, Жейрен болду кубулуп. Чын арышын кергенде, Чылбыр бойу жерлерге, Төрт айагы тик түшүп, Кош кулагын жапырып, Агарып таңы ачылып, Серпинди болгон топурак, Төш жары жерге чачылып, Аркар болуп качканда, Жейрен болуп белестен, Бир кубулуп ашканда, Желмогуздун өзү деп, Өзү тургай буруусуз, Как караган көзү деп, Ачып көздү жумгунча, Азыткыга жетем деп, Алдында минген Телкүрөң, Кулжадай башы кылтылдап, Кундуздай жүнү жылтылдап, Баладай жалы балкылдап, Туйагы тийген нечен таш, Талкаланып быркырап, Учкан куштай дыркырап, Урган таштай зыркырап, Ачып көздү жумгунча, Кирип келди жакындап. Найзаны чыңдап кармады, Телкүрөңдү каргытып, Чыңдап кирди сайгалы. Кире берме бир жерде, Бир киши чыга калганы. Желмогуз эмей кимсиң деп, Ыргыта сайып таштады. Кылычты тартты кынынан, Башын кесип алганы. Жыгылган киши жабырап, Айтып кебин таштады: — Мени сайган сен кимсиң? Тапан хан мени жумшады. Улугубуз Тапан хан, Жаралуу болуп барыптып, Сейити деген баатырдан. Куш жайылып жүргөндө, Бир кыз чыгып алдынан. Тапан хан мени бар деген, “Маа жолуккан сулууну, Сейити кармап албасын, Алып келе кал, — деген, Келет эле эмгиче, Бир баласы бар белем. Кечигип калды, келбеди, Кабар алып кел” деди, Кыздан кабар алгалы, Келайткамын мен, — деди, Кезкерип найза көтөрүп, Кездешип сага чыкпасам, Ыргыта сайдың сен, — деди. Жолоочу жүргөн кишиңе, Жолдо ыргыта сайдырып, Арданып турам мен, — деди. “Жеткен жерде турбастан, Сулууну алып кел, — деген, Жолукса Сейит жолдон саа, Кабар айтып кой, — деген. Силерди карап турбаймын, Шаарга жетпей тынбаймын, Сексен миң аскер менде бар, Бирин койбой жыйнаймын. Элүү эки алпым бар, Бекер жүргөн мен эмес, Тапан хан деген даңкым бар. Мен-менсиген Сейиттен, Сулууну тартып албасам, Кургак кеп болуп калбайбы, Тапан хан деген даңазам. Элүү эки эр өлбөй, Тирүү калбай мен өлбөй, Сексен миң аскер тең өлбөй, Сөз байлашкан куткарбас, Маа кошулуп ал өлбөй, Кантип берем сулууну, Айтканымдын бары өлбөй. Жүз миң аскер, жүз балбан Куткарбастын колу бар, Куткарбасты колго алсам, Эминеден кемим бар? Кыргыз Сейит турмайлык, Кытайды бузар демим бар, Он күндөн калбай жете бар” Деп оолугуп Тапан хан Ушуларды мага айткан. Сейити айтат мамындай: — Сенин өзүң атың ким? Жайыңды айтчы жашырбай. Издегениң сулуу кыз, Кыз эмес мага болдуң туш, Ал сулуу эмес желмогуз, Тапан ханды ардырды, Кыз көрүнүп жолгошуп. Эми кетти алдымда, Аркар болуп дардактап, Жейрен болуп закымдап, Тапан ханга эмгиче, Жетип калды жакындап. Жолдон чыккан жолоочу, Кез керип найза урбадың, Сайбай сени турбадым. Ал желмогуз заматта, Алда канча кубулат, Алдымда кеткен эми эле, Адам болуп азгырып, Чыга калган экен деп, Мен сайганым ал эле. Кабарын айтып кой деген, Сейити деген мен болом, Атыңды айт, элиңди айт, Сенин өзүң ким болсоң. Байакы киши Сейитти, Тиктеп калып делейип, Хан берчүдөй далайга, Туруп калды селейип. — Атамдын аты Мергенбай, Өзүмдүн атым Конушбай, Мен жедигер элимин, Жетисуудан келипмин. Мен келгели бул жерге, Беш жылдан ашып баратат. Күн кеч кирип таң атат. Жетисуунун жеринде, Желмогуз чыкты элимде, Мен да бирге баргамын, Желмогузду жоолашып. Эл чогулуп келгенде, Барлык элди жылмайтып, Жалмап болду бир демде. Колуна түшүп мен калдым, Коркуп өкүм саргардым, Жаш элем жаным койгун, — деп, Азар түмөн жалбардым, Адам айткыс кеп айтып, Алда канча каргандым. “Кайда барсаң бар, — деди, Барган жерде кеп кылбай, Мени унутуп кал, — деди. Жетисуу сага жер болбойт, Ак калпак кыргыз эл болбойт, Кулак угуп, көз көргүз, Жерге кетип жогол!” – деп, Койо берди жемелеп. Көргөзүп туруп көзүмө, Атамды тытып жеп алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.