Кара жалдуу шер экен, Качырганын куткарбас, Адамзат бенденин, Кара кашка тынаары. Кууган жанды куткарбас, Кутуштун куу айагы, Карап турса баланы, Карагандан жан чыгат, Кармагандан кан чыгат. Аркасынан эшилип, Айдар кара жал чыгат. Бет алдынан караса, Көзүнөн жалын учкундап, Чакмак таштай жылтылдап, Майлаган буудай жүздөнөт, Күүгүм туман көздөнөт. Зың-зың этип зымырайт, Зымдай кылып жымылдайт. Байкашынча Тапан хан, Бендеде мындай табылбайт. Сүйүнгөндөй күлүңдөйт, Көтөрө албай ырысын. Жер силкинип дүрүлдөйт. Периденби, бендеби? Же болбосо периште, Бенде болуп келгенби: Жылтылдаган кош көлдөй, Маңдайында көзүбү? Сүрү башка, түрү суук, Азирейил өзүбү? Бардап-бардап Тапан хан, Чоң-чоң ачат көзүнү, “Эмне болсоң мындан мен, Угайын, — деп, - сөзүнү” — Сенделесиң жалгыз жан, Тойгонсуңбу жаныңдан? Менин атым Тапан хан, Аттуу киши өтпөгөн, Кыйа басып алдыма. Атыңдан түшүп келгин деп, Кабар бердим алыстан. Атыңдан түшпөй келдиңби, Баатырсынып намыстан? Бей ажал өлөт далай жан, Куру кайрат кабыздан. Мен көрбөгөн элденсиң, Не жумуштап келгенсиң? Мындан мурда бул жерге, Бей чеки киши келбеген, Келип калса адашып, Тирүү кайта кетпеген. Жердин аты Жанжүрбөс, Арт жагымда бир көл бар, Анын аты Итичпес, Итичпести жердеген, Мен Тапан хан эли бар. Жанжүрбөстү ээлеген, Куткарбас деген эри бар. Ким болсоң сен өзүң, Эл-жериңди айта сал, Кыйыгыма тийбесең. Кетериңе жолуң шар, Такандашсаң тамтырап, Жатарыңа көрүң тар, Менин жайым билип ал. Эр Сейити кеп айтат, Кеп айтканда эп айтат: — Атыңды уктум Тапан хан, Колуман качкан душмандын, Артынан түшүп келатам. Сурасаң кантип жашырам, Жүрөгүң чыгып өлбөгүн, Түп атамды мен айтсам. Алтын ордо алашта, Алтымыш уруу элге баш, Түп атам уксаң Таласта, Айкөл Манас шер өткөн, Айтылып элге даңаза. Ал өңдөнүп ким өткөн, Манастын уулу Семетей, Эрдиги артык ченебей, Эки чоро ээрчитип, Кылым кытай көп журтту, Бучкагына теңебей, Коңурбайды сулатты, Амурга барып тебээлей. Семетейден Сейтек, Түгөнбөс айтсам далай кеп, Жетим калып жетилип, Өз алдынча тетилип, Теңдешем деп Сейтекке, Кутургур менен Кыйаздын, Карды калган эшилип. Сейтектин алганы, Кыздан чыккан балбаны, Андан туулуп Кененим, Жалаңгыч сарык атанып, Кылымга аты тарады, Сегиз миң жыл жашаган, Жүйрүн дөөнү жалмады, Суу периси Ханнас жин, Кутулуп мындан калбады. Көгүчкөн болуп кубулуп, Учуп жүргөн чынгышты, Куткарбастан кармады, Эл талашкан Чыныке, Никесине алганы. Атымды уксаң Сейити, Кененимдин баласы, Калкалаймын алымча, Ак калпак кыргыз алашты. Ак калпак кыргыз элинде, Манастан калган адаты, Тийишпесе тийбеген, Өзү келип тийишсе, Дегеле башын ийбеген, Атадан калган санаты. Тиги турган желмогуз, Ойду-тоону жойлоду, Элдин малын койбоду, Малдан бетер титинбей, Ата-энесин сойгону, Жыландай арбап соргону, Тийишпесе ким билет, Мундай канчык көп жүрөт, Качып сага келген бейм, Жалган айтып маана издеп. Атыңды уктум, тапан хан, Сен элиме барбадың, Аламды айдап албадың, Куламды кууй качпадың, Куржунум оозун ачпадың, Өзүң менен коштошуп, Кайыр дешип кайтамын, Катышса кимдер тим жүрбөй, Канын суудай чайкаймын, Мындан башка кебим жок, Ушул менин айтаарым, Аман болгун, Тапан хан, Канчыкты кармап кайтайын, Алдында келип желмогуз, Алда-канча кеп айткан, Ойлоно калып Тапан хан: «Тийишпесе тийбеймин, деп, Бул айтканы ырас кеп. Катышып калса, кол салып, Канын суудай чайкайын, деп, Каш серпкени кандай кеп? Хандыгыма карабай, Каркыралуу бул кызды, Канчык деши кайсы кеп? Эми билдим кеп тегин, Мени сынап Сейити, Мал тийгизген какшык кеп. Атым тапан хан туруп, Бойго жеткен сулуу кыз, Алдыма келсе баш уруп, Айтканын көрчү кыргыздын, Ач бөрүдөй жутунуп! Кетемин деген ойдобу, Сейити менден кутулуп, Жинин кагып койойун, Кетиптир кыргыз кутулуп!” Дегенди ойлоп Тапан хан, Сөз баштады мамындай, Өңү жаман бузулуп: — Сейити, уккун кебимди, Бекем салып пейлиңди. Итичпестин көлүнөн, Кырк кулак алтын казанды, Алып кеткен Төштүгүң, Ошонусун санасам, Кыргызга келет өчтүгүм. Алдым келген арз айтып, Айдай болгон бул кызды, Канчыкты алып кетем деп, Кызды айттым деп айткан, Мага тийди бул сөзүң. Кутулуп менден кетем деп, Ойуңдабы сен өзүң? Оозуңа кирсе оттобой, Мени карап ач көзүң! Тийишпесе тийбейм деп, Коркутуп айтып көрөсүң, Канчалык киши экенсиң, Күчүңдү сынап көрөйүн. Желмогуз деп кызды айттың, Кыз желмогуз болобу, Кыйытып сөздү мага айттың. Ойлобой айткан кебиңди, Өз башыңа күч кылам, Ойнодуңбу, чыныңбы, Ордуң менен түз кылам, Бир кылбайым үч кылам, Бүткүл кыргыз элиңди, Желмогузга жуткурам, Унуткусуз иш кылам, Кырк кулактуу казанды, Кыргыз, сага таптырам! Ойлобой айттың далай кеп, Сууруп алып тишиңди, Так төбөңө кактырам! Бүтүнүңдү бүлдүрөм, Күмүшүңдү күйдүрөм, Алтыныңды агызам, Ашөпкө, Сейит, мактандың, Ат салышып кагыша, Карым казык болгуча, Касылдашып салышам, Топого башың киргиче, Колтугумду чойушам, Чокморлошуп койушам, Күүлөп найза сунушам, Күүсүнө кулак тундуруп, Качпай туруп урушам, Кылычты кындан суурушам, Кызык уруш мен кылам, Балталашып чабышып, Коондой карын жарышам, Койдой башты кесишем, Ээринден көзөп тешишем, Арзан киши ойлойсуң, Сейити бала, мени сен! Итичпестин көлүнө, Зордук менен киргизем, Эсирбегин сен, бала, Эрдигимди билгизем, Алың келбей бир кызга, Ат арытып келипсиң, Эр дебеймин сени мен. Эрегишпе сен мага, Менден өлсөң, жаш бала, Башыңды жөлөр киши жок, Кар болосуң талаада! Деп Тапан хан айтканда, Сейити ага айтты анда: — Мактанасың Тапан хан, Ушул ишиң эң жаман, Менин да сендей тилим бар, Өзүмдү-өзүм мактасам, Куру сөз айтпай мактанып, Найзаңды мыктап кармасаң! Ардангандан Тапан хан, Алдында атын камчылап, Кара бойун упчулап, Найзасын күүлөп алганы, Качырып жөнөп калганы. Тапан хан, Сейит беттешти, Күч ортосун чектешти, Каңкылдатып сайышты, Сайдырбастан кагышты, Кекенишип турушту, Кезкерип найза сунушту, Кезек менен кээри жок, Акырайа тиктешип, Ичи жалын, боору жок, Аманат хан кантер деп, Айанышар жери жок. Карап турган желмогуз, Канча түркүм өнөрүн, Сейитиге салыптыр, Мындайды мурун көрбөгөн, Тапан хан айран калыптыр. Сейитиге сыйкыры, Өтпөгөндө шум канчык, Телкүрөңдү кастады, Арканча кастык кылса да, Атка алы келбеди, Сыйкыр өтпөйт Сейитке, Асылуу жондо жаркылдап, Алмамбеттин белеги. Каарданып Тапан хан, Сууруп алды кылычын, Кырк миң колду кыруучу, Карматам деп кылыгын. Кылычтын изи кызыл чок, Кылымда мындай кыйын жок, Кылычты шилтеп тартканда, Кырчын талдар кыркылып, Кырчак таштар быркырап Асманда жүрөт нечен таш, Жерге түшпөй зыркырап, Көрсөтүп каарын Сейитке, Кирип келди чукулдап. Тапан хан түрүн байкады, Каары менен жүдөтүп, Алып көнгөн канчаны, Тик качырып келатат, Эр Сейитти чапкалы. Кармаган кылыч колуна, Чыканакты болжоду, Шилтеген кылыч жеткенче, Найза менен бир койду, Булчуң этин жаралап, Тарамышын аралап, Билегинен кара кан, Агып турат салаалап, Колундагы кылычы, Кыңгыраган үн чыгып, Заңгыратып тоолорду, Бир укмушту сүр чыгып, Ободо кылыч шыңгырап, Жалпагынан бир кумга, Барып түштү жартырап, Сыйкырын салды миң албан, Желмогуз канчык алдырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.