Сейиттин желмогузду кууп Шор-Көлгө барышы
Күндү улап күн өтүп, Күн артынан түн өтүп, Айды улап, ай өтүп, Ай артынан жыл өтүп, Таласта жаткан балбанды, Бала Сейит арстанды, Жедигер албайт эсине. Жедигерден алдыраш, Киши келди Таласка. Кишинин кара сөзүнө, Кененимдин өзүнө: — Мен жедигер элинен, Атайлап келдим жеримен, Башка мүшкүл иш түштү, Иштин түбү эң күчтүү, Сиз билесиз аныгын, Жедигердин тарыбын, Багыштан, Толтой, Кыйаздан, Тукум калган жок эле. Жедигердин элине, Жетисуунун жерине, Хан Кыйаз өлүп кеткенде, Хан көтөргөн Сейтек, Кубатайдын Карадөө, Хан болуп турду эл сактап, Жедигер жүрдүк жан сактап, Өзү маңгыт уругу, Бадыкөлдүн уулу, Сарыбай деген туулду. Жинди чыгып кан ичме, Сарыбай аты жойулду, Күн батышты бүт соруп, Кутургур атка койулду. Кутургур атка конгондо, Терисине сыйбады, Жер жүзүнө турбады, Жетимиш миң кол тартты, Таласты талаан кылганы. Учурап калып Карадөө, Сарыбайдан сойлоду, Учураган кишини, Өлтүрбөй аман койбоду. Алты күнү алышып, Айабай жанын салышып, Карадөө өлүп сойулду. Сарыбай өлдү Таласта, Арбагына четкелип, Олуйа заада Манаска. Карадөөнүн ордуна, Алсейитти Таластан, Хан көтөрдү Сейтек, Алсейит барып бул жерден, Карадөөнүн ордуна, Калк башкарып турчу эле. Эркек тукум андан жок, Жалгыз кызы бар эле. Ошол кыздан кыз туулуп, Угарга сонун бир шумдук – Чоңойгону бой тартып, Жедигер элин курутту. Мен бул жакка келерде, Билгендер айтып угузду. Туулуп жерге түшкөндө, Эне эмчегин эмбеген, Оозантып эмчек салганча, Колун сунуп табактан, Элге бербей май жеген, Элге берчү токоч, май, Бүткүл баарын ал жеген. Тойбой калып тамакка, “Кана мага бер” — деген. Чогулган эл чочушуп, Өлтүрөлү дегенде, Ата-энеси көз кыйбай, “Иштен чыккан боор жарып, Ийри жылан эле” — деп, Болбой койгон кеп экен. Үч күн өтүп арадан, Короого койбой кой, эчки, Тирүүлөй тытып эт жеген. Үч жашына келгенче, Ошентип жүргөн кеп экен. Эне-атасы жашырып, Айтпай жүргөн кеп экен. Бой тартып бала чоңойуп, Жетиге жашы жеткенде, Эл жыйылып чогулуп, Өлтүрмөкчү болуптур, Чогулган эл балага, Желмогуз атты койуптур. Эне-атасы канетсин, Кызын катып калкалап, Аркайган тоону мааналап, Көчүп мындан кетишкен. Эңкейген тоо ээн жылга, Эл четинде жүрүшкөн. Арадан далай жыл өтүп, Желмогуз жеткен он үчкө. Короого малды койбоптур, Канча жесе тойбоптур, Жайытта жылкы калбаптыр, Жайылтпай малды жалмаптыр. Түгөнүп малы короодо, Ата-эне тилин албаптыр, Адырда жүргөн жайылып, Элдин малын аймаптыр, Ошолор бар өзөндө, Мал аттуудан калбаптыр. Андан кийин түгөнгүр, Ата-энесин айабай, Атасынан тамган кан, Энесинен эмген сүт, Дегеле аны карабай, Эне-атасын этин жеп, Алты-жети үйлүүнүн, Койбой баарын бүтүн жеп, Түтүн чыкпай калыптыр. Урук-тууган, жергелеш, Учурашып келсек деп, Алты киши бир келет. Келген алты кишинин, Кармап алып төртөөнү жеп, Экөө качып кутулуп, Кутулгандан эл угуп, Алты жүз киши чогулуп, Мылтыкка салып ок чыңдап, Күлүктү минип ат ылгап, Саадакка салып жебе алып, Колго найза карманып, Айбалта чокмор дагы алып, Айанбай жарак камдалып, Беттеше келген кезекте, Бир каапырга таң калды. Сокусун минип ат кылып, Сок билегин камчы алып, Алты жүздү көзгө илбей, Эки көзү чакчайып, Башында чачын бош таштап, Айуудан бетер саксайып, Аралап кирди биз жакты, Мергендер беттеп ок атты, Жебечилер жаа атты. Жебенин огу учпады, Мылтыктын үнү чыкпады, Балта чокмор чабуучу, Колдор баары байланды, Баргандын баары таң калды, Айласын таппай сандалды, Алты жүздүн ичинен, Он экини ылгады, Чогултуп туруп бир жерге, Тирүүлөй тытып жеп алды. Ала албадык эл жандык, Улукка барып кеп салдык. Андан кийин улуктан, Эчен балбан эр барды, Бирөө кайта келбеди, Койбой баарын жеп алды. Аз күн болду Желмогуз, Аралап элди барганы, Тынчы кетип курган эл, Мени мында жумшады. Ан үчүн келдик алдыңа, Арылбаган эмгекте, Абдан калдык кайгыда. Деп ошентип ал киши, Эки көзүн жаштады, Түгөтүп сөзүн айтканы. Каары катуу Кененим, Кабагы карыш бүркөлүп, Эмгегин угуп элдердин. Кара жанга күч келип, Кабарчысы келгенин, Абдан угуп Кененим, Карс дегиче жөтөлүп, Башын өйдө көтөрүп: — Куткарып элди келейин, Эл бүлүнткөн Желмогуз, Жазасын колго берейин! Мурунку уккан кабарда, Өткөн чакта заманда, Катындан чыккан Желмогуз, Ал түштүктө кез болуп, Атасы анын Эламан, Баласынан жакшыраак, Малга күйгөн жан болуп, Бок дүйнөнүн камын жеп, Уулумдан малым артык деп, Чүкө, сака өгөөсүн, Таштап койуп журтуна, Жумшаган экен баргын деп. Эламан тойсо уулунан, Мен элимден тойбодум. Эл бүлүнткөн канчыкты, Кантип тирүү койойун! Эламандын эр Төштүк, Атанын тилин алам деп, Желмогузга барган дейт, Аздырып кетип Желмогуз, Жер астына түшкөн дейт. Баатырдык кылып алп Төштүк, Желмогузду өлтүрүп, Жети жылда келген дейт. Силер айткан Желмогуз, Ошол өңдүү бир жумуш. Үзүлбөгөн тукуму, Керт башыма кез болгон. Сырын билем капырдын, Карысам да карпаңдап, Өзүм эле барамын, Өлтүрүп келе каламын. Ичегисин иймелтип, Итке салып беремин, Тарпын анын чыгарып, Талпагын ташка керейин. Укмуш кепти угамын, Укканымды кыламын. Адамдан чыккан Желмогуз, Алып берсе адамга, Тукум көрбөй өтөт дейт. Чатына батпай жабдыгы, Какшасын канчык жатыны, Жаманбайга берейин! Капаланып каарданып, Жоо жарагын бүт алып, Атка минип оңдонуп, Жүргөнү калды Кененим. Бала жолборс Сейити, Укмуш кабар кеп угуп, Жедигерге Кененим, Барганы жатат деп угуп, “Эмнег барат экен деп, Келейинчи кеп угуп”. Басып келип атайын, Атасына жолугуп: — Айланайын атаке, Токулуу турат Кеңкулам, Сиз минесиз кай жерге? Куш салар маалы деги эмес, Коңур күз жетип келе элек, Тайган салаар кез эмес, Текенин малы боло элек. — Кеңкула минип атакең, Жедигерге барамын, Деле жаман мен уктум, Жедигердин кабарын. Жедигер бир талапташ, Жергебиз бир канаташ, Манас, Багыш барында, Жүргөн экен аралаш. Семетейдин тушунда, Чынкожо бузук аралап, Семетей Толтой чабышып, Кыргызга калган жаман ат. Канчоро менен Чачыкей, Кыйазды алдап кан жалап, Айчүрөктү олжо алат. Он экиге чыкканда, Сейтек келген элин таап, Кайыпчынын үңкүрдөн, Шер Семетей табылат. Ошондон бери карата, Келе жаткан кеп экен, Жедигер бизди карандап. Желмогуз чыкты бизден деп, Эл бүлүнттү киши жеп, Кабар кыла келиптир, Жедигер менден маана издеп. Камынып турган кезегим, Жедигерге жүрсөм деп. Кененимден кеп угуп, Мурун билбейт Сейити, Манастан берки ишти угуп: — Чын болсо ата кебиңиз, Бул жолду мага бериңиз. Барамын деп душманга, Бузулуптур пейлиңиз. Жалгыз уулу Сейити, Аман турса белиңиз, Жашы калып үйүндө, Какчаңдап кары жүрөт деп, Жаанга кетет кебиңиз. Уулуңдун көрүп урматын, Үйүндө жата бериңиз. Карыларга жакшы ишпи, Алдыга сапар барышка. Жаным тирүү турганда, Мен жарайм намыска. Сейитиден кеп угуп, Мен барам деп айта албай, Кененим калды токтолуп. Эр Сейити кенебей, Эчтемени элебей, Телкүрөң минип аттанып, Айбаты сүрдүү чунагым, Жоо дегенде шаттанып, Баса турган кезинде. Кененим айтат бул кепти, Сактагын деп эсиңе: — Баштатан бери бар жумуш, Адамдан чыккан Желмогуз, Адамга калат жолугуп.