Баары сыйкыр иши, — деп, Өзүм жалгыз киши, — деп Түк көзүмө көрүнбөйт. Кайда кетти Желмогуз? Түркүн ишин ким билет?” Алмамбеттин Алмабаш, Атмак болду дүрмөттөп. “Алмабаш огу кечер, — деп, Түтүнү каптап кетер, — деп, Атам айткан чын болсо, Иши болор бекер, — деп, Беттешип көрөм ошондо, Мыкты болсо кекээр” — деп. Алмабашты колго алып, Ишине дүрмөт ок салып, Милтеге кызыл чок салып, Ооз отунун дарыга, Кызыл милте чок жетти, Алмабаштан ок кетти. Мылтыктын үнү басылып, Үстүнөн туман жазылып, Баткак кургап, муз эрип, Тоо түзөлүп суу кургап, Эр Сейити жолу ачык, Өзү калды жапжалгыз. Жылас болгон Желмогуз, Көрүп туруп Сейитти, Шылдың кылган немедей, Шакалактап каткырып, Жанына келип ырсактап: — Менден кыйын кептенип, Не келесиң бул жерге? Эми өлүп кеткин! — деп. Найза кылып өгөөсүн, Качырып сайды Сейитти. Ачуусу келип Сейиттин, Ач кыйкырык үн салып, Найзасын алып колуна, Тосо чыкты мастанды, Жазганбастан жолуна, Камындырбай мастанды, Сайайын деп жапшырып, Өпкө боорун капшырып, Өлүгүн таштап кетейин, Өзөндүү сайга тапшырып. Урса найза мастанга, Кемпир тургай неме жок, Таш калыптыр соксойуп, Сайып алаар кемпир жок, Ташты сайып кур калып, Кайда кетти капыр деп, Тел болуп туруп калганда, Каткырып күлүп үн чыгат. Катуу кыйын сүр чыгат: — Кана кимди сайдың? — деп, Какбаш кемпир бул турат. Арстан Сейит баланын, Ачуусу келип арбайып, Абдан күйүп ардыгып, Жана жетип сайарда, Көрүнө болду бир шумдук- Кемпир эмес караса, Атка минип эрбейген, Салаңдап курсак чердейген, Бир киши кетип баратат. Бала Сейит ошону, Ким да болсо мейли деп, Ыргата сайып алам деп, Кирип келсе качырып, Алдынан чыкты эки адам, Артынан чыкты эки адам, Оң жагында бир адам. Сол жагында бир адам, Колуна найза кармаган, Эңкек бойлуу бир адам, Баш айагы жети адам, Жети түр жарак кармашып, Качырышып келаткан. Андай кезде Сейити, Алмамбеттин белеги, Ар качан тиет кереги. Алмамбашты колго алып, Абдан чыңдап ок салып, Машаны тартып имерди. Жети киши жоголуп, Жети баштуу Желмогуз, Жетип келди жанына, Кубулган мастан жеме айтып, Ич куйкалар кеп айтып: — Жаныңдан тойгон сен бала, Не кебиң бар айтарга, Бейлеп уккун сөзүмдү, Жеп ийемин өзүңдү. Жан пейлиңден шүк эле, Бүркүп ийем жөн эле. Жедигер эли меники, Качан болгон сеники?! Жериңе кайткын тим эле Айыгышып калгандай, Атаңдын куну менде жок. Талап элиң албадым, Айлыңа бүлүк салбадым, Жылкыңды кууп качпадым, Куржунда пулуң чачпадым, Буудайың чийки орбодум, Аштыгың суусуз койбодум. Жөн эле жүргөн кишиге, Жөөлөшөсүң жөн эле. Куу тумшук эми шашпагын! Деп сүйлөнүп куу мастан, Ор ийрегин ойнотуп, Сокусун минип ат кылып, Сок билегин камчылап, Өгөөсүн алып колуна, Жутуп ийчү немедей, Окторулуп бул турат. Сейити алды ойуна, “Катын менен кармашып. Канчык менен талашып, Хан Манастын иши эмес. Сени менен куу мастан, Жаакташып турамбы? Кесип башың алайын, Кардыңды канчык жарайын. Элге кылган азаптан, Куткарып койор мен бармын. Угуп алгын сен мастан, Бул атадан калган кесибим!” Чабышып жүрбөйм мастанга, Кармап аны аларга, Алмабашты колго алды, Сүмбө менен ок салып, Мылтык алып мелжеди, Бекерге огу кетпеди. Алмабаштан ок жетти, Бурулгуп туман дуу жетти. Сокусуна ок тийип, Ийреги менен өгөөсү, Сок билеги, сокусу, Керектен чыгып бул кетти. Сыйкыры түгөн талаада, Жалгыз калды куу мастан. Апсын окуур шай калбай, Кубулуп качар ал калбай, Алмабаштын сүрүнөн, Турган кезде жалдырап, Телкүрөң менен чуратып, Жетип келди мастанга, Алмадай үзүп ыргытты, Алты башын ар кайда. Жети баштуу Желмогуз, Бар сыйкырдан айрылып, Кан жутуп ичтен кайгырып, Шайы калбай эс танып, Тирүүлөй колго кармалып, Өлбөй өмүр сүрсөм деп, Каңгыра какшап кан безеп, Сейитиге жалбарып, Кемпир турду муну айтып: — Чок салдың ичке Сейити, Көрүнө салдың кейишти. Беттештирип чабышпай, Сыйкырыман айрыдың. Ор ийрегим, курч өгөөм, Сокум менен сок билек, Сыйкыр болсо колумда, Арзан менен Сейити, Түшпөйт элем колуңа. Тирүү койбой жаныңды, Сойот элем сени мен. Камынып кетип сыйкырдан, Ажыраттың мени сен. Алмамбеттин Алмабаш, Сенде экенин мен билсем, Келбейт элем жаныңа. Кашык каным кечип кой, Алтымыш айла, кырк арип, Өнөрүмдү берейин, Итиң болуп аркаңдан, Имерилип жүрөйүн, Кызматыңды кылайын, Кызыңа нөөкөр болойун, Өйдөдө жүгүң оңдойун, Көчкөндө төөңдү комдойун, Убадамда турбасам, Уйпаланып өлөйүн! Зыркырап канчык турду эле, Көзүнүн жашы сан талаа, Көлдөй агат жөн эле. Эр Сейити жаш арстан: — Кирбейм канчык сөзүңө, Кылбайм жолдош өзүмө. Алтымыш айла, кырк арип, Атам кылган иш эмес, Адам жеген сен итти, Өчүрбөй атын тим койсом, Акыры түбү жакшы эмес. Ээрчитип катын артына, Эрмин деп жүрүш дүйнөдө, Эсирдин иши сен билгин. Бир кашык каның сурасаң, Бузулбас шартка сен келгин, Каныңды кечип берейин, Эрге алып берейин. Эрге тийгин дегенде, Саргарып мастан бек тердеп, Кеп таптай темтеңдеп: — Алмабаш огун алып кел, Тиштеп антым берейин, Кылычыңды сууруп кел, Мизин жалап берейин, Акбоз бээнин сүтүнөн, Уурташалы, береним. Асман калыс, жер калыс, Ай менен болсун күн калыс, Антыңды кылып берейин. Ит болуп ээрчип жүрөйүн, Канатыңды кармайын, Астыңдан кыйа баспайын! Деп зарланып турса да, Түк болбоду Сейити. Өзөлөнүп куу кемпир, Сейитини жооткотот. Ыйлаган болуп бышактап, Аркасын карап кылчактап, Алдын тиктеп ыкыстап, Ойлонуп мастан акыл таап: “Эламандын Төштүгүн, Мага окшогон Желмогуз, Итичпестин көлүнө, Жанжүрбөстүн чөлүнө, Алпарган экен ар кайда, Азгаштырып көп жайга. Эминеден кемим бар, Азгаштырып Сейитти, Алып барайын ал жерге, Адамга кас ал жерден, Табылаар мага демилге”. Деген ойго келгенде, Кара жерди көл кылып, Өзү түшүп кемеге, Кетип барат калкылдап, Жердин бети баары суу, Күн шооласы жаркылдап, Көлдү бойлоп шартылдап. Кетип барат Сейити, Алтын така, күмүш мык, Телкүрөңдүн бутунда, Чакмак таштай жылтылдап, Шайбырлай басып кылтылдап. Кемедеги шум кемпир, Кээ кезинде четине, Келип калат жакындап. Сейитти карап эликтеп, Күлүп кетет шакылдап. Кызча күлүп шыңкылдап, Созолонуп бир эрде, Ырдап кетет зыңкылдап. Суудан мастан чыкпады, Сууну бойлоп Сейити, Кемпирге айла таппады. Баштакы белги иш үчүн, Алмабаш менен атканы, Көл турмайлык гийе жок. Каткан шордун жатканы, Көз жиберип көп жерге, Желмогузду таппады. Турнабайын колго алып, Чар тарапка карады, Түштүк жакка бараткан, Көрдү Сейит караанды. “Тиги мага көрүнгөн, Желмогузбу, башкабы? Кургатып көлдү шор кылып, Көз жеткис жакка качканбы?” Дегенди Сейит ойлоду. Көп сыйкырдуу мастандын, Азгаштырып Сейитти, Ичине бүккөн ойу бу: “Кургакта качсам жетет, — деп, Телкүрөң күлүк тулпары, Тепсетип мени кетет, — деп, Сок билек, соку, ийрек жок, Сыйкырдан башка Сейитке, Каршылашар алым жок, Карсылдашып кагышып, Салыша турган чагым жок, Бар шаймандан айрылдым, Мурункудай багым жок. Уктум эле куп жайын, Уккан кулак жазык жок. Итичпестин көлүндө, Анын нары жагында, Жан жүрбөстүн чөлүндө, Тапан хан деген бар деди, Кара баштуу бендеде, Кайраты толук ал деди. Кырк кулактуу казанын, Эр төштүккө алдырып, Ак калпак кыргыз буларда, Тапан хандын кеги бар, Алы келбей баратса, Куткарбаска жалынар, Куткарбас Тапан хан болсо, Кошулуп ага мен болсом, Сейити торго чалынар. Атагы кыргыз дегенде, Жер бетинин каны бар, Тапан хандын наамы бар, Азыр жүргөн адамда, Тапан хан менен бирдешсем, Куткарбас менен сүйлөшөм, Бир айласы табылар. Караанымды Сейити, Карап мени көргүнчө, Капкайда качып кетейин, Аркаман кууп жеткинче, Тапан ханга жетейин.” Деп ойлонуп желмогуз, Желип барат талаада, Аркасын карап кылчаңдап, Чаң чыгарбай шарт койуп, Айнектей талаа түзөңгө, Кара туман чаң толуп, Эки көзү чакчаңдап, Чубалып чачы саксаңдап, Шамал ыргап чачтары, Жазыла түшүп бакбаңдап, Ачып таштап көөдөнүн, Жүгүрүп барат дактаңдап. Сейитти таштап азгырып, Жетип барды Желмогуз, Тапан ханды жакындап. Ит ичпес көлүн ээлеген, Намысын колдон бербеген, Тапан хан деген эр экен, Ит агытып куш салып, Талаага келген кеп экен. Муну мындай таштайлы, Желмогуздун Тапанды, Алдаганынан баштайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.