Алп Төштүктү алдады, Акыры тирүү калбады. Жолугушту мага кез болуп Жоругу кеткис иш болуп. Көргөнүмдү мен айтам, Бул сыйактуу Желмогуз, Баштатан бери келаткан, Башынан мунун санаты, Көнүп болгон адаты – Ал канчыктын жарагы, Колунда темир ийрек бар, Жарагын анын карачы. Сокусун минип ат кылат, Сок билек менен камчылап, Ор ийрегин ыргытат, Ийреги тийсе оңдурбайт, Оролгон жерин соо кылбайт. Бойунда тоодой чоң талап, Ийреги шумдук бир жарак. Жыгачка тийсе таш жарат, Көөдөнгө тийсе баш жарат, Алда кайдан ыргытса, Каңгып кетпей түз барат, Качкан менен куткарбайт, Башты кесип, жанды алат. Андан башка өгөө бар, Анда сонун өнөр бар – Тартса кесет баарыны, Найза болот сайарга. Беттебейт бенде аларга. Сыйкыр менен жасаган, Учун ууга сугарган, Бөрү тилме чыгарган, Темир өгөө ыргытса, Өтүп кетет баарыдан, Тосулуп калбайт соотуңдан. Камынбасаң алдында, Бүтүрөт сенин ишиңди, Олуйт кара көзүңдү. Омуруп койот белиңди, Каранды кылып кан жалап, Жылма кылат элиңди, Унутпагын кебимди. Уламалап укканмын, Укмуштуудан сурадым, Темир өгөө, ор ийрек, Жок экен мурун башында. Сегиз миң жыл жашаган, Сыйкыр менен Жүйрүн дөө, Темир өгөө, ор ийрек, Желмогузга жасаган. Сокуну берген ат кылып, Сок билегин камчы деп, Желмогузга карматкан, Менден белек алчы деп. Жүйрүндүн башы катканда, Какандын калкы калың деп, Аралда барып жатканда, Кытайдан барып эл окуп, Алмамбеттей эр окуп, Өнөрү ашып Жүйрүн дөө, Өлүм жок деп өзүнө, Көп көрүнүп көргөн жаш, Бул дүйнөдө көзүнө, Бар сыйкырдын түйүнүн, Бир мылтыкка байлаган. Мылтыктын аты Алмабаш, Алмамбетке арнаган. Өз өмүрүн, өлүмүн, Акшамшарга киргизген, Алмамбет окуп кетерде (Амири ошол кудайдын) Акшамшар менен Алмабаш, Алмамбетке бергизген. Кара деңиз аралын, Кечип барган кезинде, Шер Гүлүс берип белекке, Алмабаш, бар ийнимде, Акшамшар бар жанымда, Албан-албан сыйкырды, Жүйрүн дөө салды алдында. Мага зыйан жеткен жок, Акшамшар менен Алмабаш, Катары менен турганда. Ийрек урса, өгөө урса, Алмабашты кармагын, Башка жарак албагын. Унутуп балам калбагын, Бөөдө өлүп калбагын, Жаткан жерде кабылса, Жанына жакын барбагын, Маңдайда көзүн карагын, Карап жатса чакыйып, Жумулбай көзү акыйып, Уктаганы Желмогуз, Ор ийрегин, өгөөсүн. Алып алсаң болгонуң, Ийрегин уруп өзүнө, Желмогузду сойгонуң. Ачылбай көзү жумулуу, Уктабаган ойго бу, Желмогуз сыры мына бу. Ийрек менен өгөөсүн, Алып алсаң колуңа, Алмабаш турса колуңда, Алдыңа түшүп кыдыңдап. Келе берет жолуңда. Алда канча сыры бар, Баарын Сейит угуп ал. Кары болот какчаңдап, Жинди болот чакчаңдап, Айуу болот саксаңдап, Туман салат осуруп, Туруп калат молтойуп, Караңгы токой чер кылат, Каптаган кыйан сел кылат. Айкын түздү тоо кылат, Жалама жалтаң зоо кылат, Кызыл жалын өрт кылат. Мылтык атат тарсылдак. Алай-дүлөй барсылдак, Доолбас кагат карсылдап. Ит болуп үрүп арсылдап, Тилемчи болуп көрүнөт, Жаман чапан салпылдап. Келериңди ал билет, Бара турган күнүңдү. Жолуңду тосот белгилеп. Белгиси бар өзгөрбөс, Ошонусу билинет. Алда канча өнөрдү, Албан-албан салса да, Бир көзү жерди караса, Бир көзү көктү каранат. Сүйлөгөн сайын карасаң, Алдыңкы эрдин жаланат. Эки колун айра албайт, Кирээлеп колун салаалап. Элебей калып айтканды, Боло көрбө жаман ат. Бастыр балам турбагын, Бар кудайга аманат. Бачымыраак барып кел, Жүрө бербей талаалап. Ашып кетсең алты айдан, Агызып кеткен белем деп, Атакең барат самсаалап. Телкүрөң менен Сейити, Таластан чыкты аттанып, Жедигер элин бет алып, Оолугуп Сейит баратат, Желмогузду алам деп. Качып калса кокустан, Тирүү кармап жанам деп. Ашыгып катуу жол жүрүп, Аккан дайра, артуу бел, Ашып өтүп алдырап. Жедигерден кабарга, Келген киши алдында, Үч күн жүрүп жанында, Жетише алай Сейитке, Аркада калды бөлүнүп. Ат айабай камчылап. Ээн түздө чапкылап, Өргө келсе Сейити, Алдындагы Телкүрөң, Бучкактан тери тамчылап, Этеги кетип далбаңдап, Эки буту салбаңдап, Эрте барып көрсөм деп, Шашылып келет далдаңдап. Эрте келбей кеч келди, Дигер менен Сейити, Жедигерге жетишти. Сыйкырдуу канчык Желмогуз, Арстан уулу чунагың, Эр Сейити келгенин, Билип турат Желмогуз, “Канкордун келди тукуму, Жазасын колго берем” — деп, Жан жагына каранып, Жай ала албай элеңдеп, Сокусун сырдап жаңыртып. Өгөөсүн басып калыпка, Ийрегин өгөп курчутуп, Камын кылып жатканда, Ат дабырты тарсылдап, Жакын келип калганда, Аспун окуп, дуба окуп, Кеп чач кийип башына, Жаздырам деп Сейитти. Чачын тарап саксайып, Кемпир болуп кубулуп, Чала-була жөтөлүп, Белин сүйрөп мөкчөйүп, Чеңгелге толбой чөкчөйүп, Жасалма мастан Желмогуз, Сейитке карап жалооруп, Убайым батпай ичине, Үшкүрүнүп тим эле, Үнүн муңдуу чыгарып: — Айланайын чырагым, Ашыгып кайда барасың? Түрпөтүңө карасам, Жер көрбөгөн баласың, Алды-артыңды ойлобой, Ашыгасың демигип. Алдыраба кулунум, Желмогузга учурап, Азапка башың саласың. Кагылайын карегим, Карынын кебин уга тур, Мен сыйактуу карыпка, Кайрылып көңүл бура тур. Келбетиңден карасам, Эл багуучу сыйагың, Адыл болчу кейпиң бар, Ар кимге кылган сурагың. Түп атаң жакшы көрүнөт. Түрпөтүңдөн байкадым. Алдымда менде өбөк жок, Аркамда караар жөлөк жок, Карыганда какчайып, Талаада калган бир жанмын, Учураган кишиге, Арманым айтып зарлаймын, Шапкат кылып ала кет, Оор көрүп ала кетпесең, Ырыскы мага бере кет. Жалооруп турат Желмогуз, Сулайматка алданып, Суусап чөлдө жаткан эр, Нечен түркүн азапка, Ээн талаада баткан эр, Эбегейсиз алдоодон, Эмгек тарткан кайран эр, Алсыратып душманды, Алып көнгөн баатыр эр, Айкалышкан чанданга, Кызыл кан аккан майданда, Балакеттүү түндөрдү, Балалык кылып көп жолу, Басып далай өткөн эр, Карчалышкан жулушта, Кан чачышкан урушта, Кандим болгон кайран эр, Жаралуу болуп көп жолу, Жабыркап чаңдан жаткан эр, Көрпайлыктын айынан, Көп иштерге жолугуп, Көсөм болгон баатыр шер, Кемпирдин түрүн карады, Кеп чачын толук байкады. “Угушумча Желмогуз, Араң он беш жашта эле, Анык карып өзүбү, Же болбосо бул мастан, Азгырып айткан сөзүбү?” Муну ойлонуп Сейити, Акылда сонор из чалып, Абдан байкап көз салып, Айландыра караса, Мастан кемпир жанында, Айтып барган кабарчы, Сок билеги, сокусу, Темир ийрек, өгөөсү, Турган экен баарысы. Жолборс Сейит баланын, Ачууланса күлүүчү, Адаты кармап ошондо, Кылычты тартып кабынан, Чабууда калды кыйалы. Анчаны билбей Желмогуз, Бекер карап турабы? Бир эчкирип шум мастан, Кубулуп кеткен чагы бу, Арстан Сейит ошондо, Шумдуктун билди болгонун. “Бузбасам болбойт мастандын, Мен үчүн кылган ойлорун”. Телкүрөңгө камчы уруп, Теминип жөнөп кетти эле. Бута атым басып узабай, Бир шумдукту көрдү эле. Асман тиреп заңкайган, Кызыл зоого кезигип, Эт жүрөгү эзилип, Арка жагы кызыл суу, Алды жагы жанагы, Мелтиреген кызыл зоо, Суу менен зоонун ортосу, Бир тарабы көпкөк муз, Бир тарабы тартма кум, Муз менен кумдун үстүндө, Түтүнү туман мунарык. Кызыл жалын бурулуп, Шамал чыгып ар жактан, Жалындын баары бургуйлап, Сейитиге урунуп, Кетер айла көрүнбөй, Тирүү жандар кутулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.