Керкиттеги кезинде, Мага кабар кылбай деп. Аттанды капыр дүңгүрөп, Ар өнөргө машыккан, Жүргөнүн анын жан билбес, Каапыр чочко дөө уулу, Көйкап тоонун бетинде, Акымдын уулу Акы дөө, Шакымдын уулу Шатыке, Атагы чыккан бул экөө, Олтурганда тактада, Күн нурунда көрүнүп, Көлөкөлөп бөлүнүп, Элөөсүздөн кабылып, Көзүнө келип көрүнүп: — Акы менен Шатыке, Урматтуу улук эки дөө, Учураша келдим мен, Сулаймат хандын бир сөзүн, Ала келдим силерге. Оорагыңды уккан эл, Ыйбаа кылат силерден. Жалаңгыч Сарык тукуму, Күн батышка келген бу. Керкиттин ханы Сулаймат, “Кабар айтпай биз калып, Кыйыгына калбайлы. Атасындай эр болсо, Акын менен Шакымдын, Кунун алсын” — деди эле. Атам менен төрт агам, Энемди кошуп кан ичме, Сойуп койду жөн эле. Көккүмбөздү талкалап, Кохарын алды дорболоп. Атам сойгон жети дөө. Калган тукум бар болсо, Такыр сойуп тынам дейт. Сулаймат кызы Кылжыке, Өзү алды олжолоп. Атам алып келди эле, Кудустук эки сулууну, Ээрчитип келип эки кул, Аларга берди жөн эле. Барсаңар баатыр чыныңды айт, Алтынай менен Чолпонай, Сулууларды алгыла. Мейлиң баргын, мейлиң кой, Чоң Калчага барамын, Кабар айтып жанамын. Айтпай мага койду деп, Казабына калбаймын. Казаптанып эки дөө, Акы менен Шатыке, Ач-кыйкырык чуу салды, Элине азап бир салды. “Аттангын аскер азыр”, — деп, Буйрук кылып кат жазды. Белдүүдөн эчен эр алган, Беттешкенин муң кылган, Белгисиз жерге жол салып. Белсенип аскер айдаган, Талкалап нечен шаар алган, Мурунтан бери бул экөө, Кылып жүргөн адаты. Тулпар атты токутуп, Муздай темир курчанып, Казабына карк толуп, Каардуу чочко эки дөө, Санаты кырктан сексен миң. Колбутуп черүү кол айдап, Жан жүрбөстүн чөлүнө, Ат айабай жол тартты. Кылым дүйнө жер бетин, Кыдыратып айланып, Көнүп болгон дөө уулу, Күн батыштын четинде, Көйкап тоонун бетинде. Чалкалап жаткан хан Калча, Жаасы катуу эр Калча, Асмандап учуп көкөлөп. Булуттун учуп үстүнөн, Хан Калчанын үстүнөн, Жаадыкөй каапыр дөө уулу, Жамгыр болуп төгүлүп. Хан жанына келгенде, Каадасынча бүгүлүп, Көзүнүн жашы төгүлүп: — Алдыңа келдим хан Калча, Айтар дартым бир канча. Хан Сулаймат дегенге, Кабар айтып угузду, Өз башынан өткөндү, Бир-бирден буга туйунтту: — Барып калсаң ханым, ай, Атанын кунун кууп алып, Кыз Кылжыке сулууну, Олжо кылып аны алып, Намысымды кетирбей, Алып бергин мага, — деп. Кошуп айтты жана да, Хан Сулаймат айткан кеп. Күн батышта дөөлөрдүн, Ханы эле Калыбек, Азыркысын бар элге, Өзүң жалгыз хан элең. Хан Калчанын буйрук деп, Кабар кылып келдим мен. Суктанма менен Шукшурма, Акы менен Шатыке, Аскери менен айдагын. Жер жүзүндө бар жанга, Оорагыңды жайгамын. Арзан эмес кан ичме, Ал Манастын тукуму, Жан жүрбөстүн чөлүнө, Болжоп аны жибердик. Кармашаар жерин мына ушу. Кабарын угуп хан Калча. Каарданып сүрдөнүп, Түгү тешип соотун, Кийип кирди бу Калча. Жан алчудай түрдөнүп, Жаасы катуу бул Калча, Жүрүчү экен башында, Кошуун курап кол чайкап, Таласты барып чапмакка. Үшкүрүгү таш жарып. Көзүнөн жалын от жанып, Жүзүн жууп аш ичпей, Казабына карк толуп: — Кененимдин уулу эмес, Андан нары жол тартып, Так Таласка барам, — деп. Кененимди өлтүрүп, Жалаңкыч атын өчүрүп, Алтымыш уруу алашты, Сапырып ийип тынам, — деп. Укум тукум кыргыздын, Ааламдан атын өчүрүп, Бир муратка жетем! — деп. Күңгүрөнсө Калчанын, Каарына жан чыдап, Каршы алдына тура албайт. Көйкап элин колбутуп, Жүз миңге аскер карк толуп, Күн батышта дөөлөрдөн, Алдына кеткен көп колду, Өкүмүнө көндүрүп, Төбөсүндө зор Калча, Бул аттанды дүңгүрөп. Капыр чочко дөө уулу, Кайра тартты бурулуп, Жер алдынан Боронбай, Чыкпасын билет анык бу. Өз элинен бул келип, Катын эркек дебестен, Кызыл алптын элинен, Толтуруп жүз миң кол алып, Каарынан коркуп Калчанын, Аркасы келип кошулуп, Алдынкысы токтолуп, Жетик туулган дөө уулу, Кызыл желек туу кармап, Кыбыла жаткан жер чаңдап. Кектүүлөрдү бүт айдап, Көгүчкөн болуп көккө учуп, Карадөөнүн кенжеси, Капыр жол баштап, Жан жүрбөстүн чөлүндө, Кененим уулу Сейитке, Бала кетти салмакчы. Отуз күндү бул капыр, Көңүлүндө жат кылып, Арттырып бир күн жибербей, Айдап келди мамынтип. Туу кармаган Суктанма, Түртүшүп бенде жеңе албас, Бул замандын балбаны, Төө чыдайт деп ысыкка, Төө минген аскер түмөн миң. Шукшурма чочко кол айдап, Жер чаңдатып катуу айдап, Шүдүнгүт минген Шукшурма Бүркөлгөн күндөй чүмкөлүп, Кирпик ирмеп көз ачса, Жаасы катуу Шукшурма, Адамдан түрү бир башка, Алты мүйүз уй минген, Аскери бар бир канча. Акы менен Шатыке, Ага-ини уул эле. Атанын кунун алсак деп, Алп Манастын уулунан, Очогорун октошуп, Колумсага ок салып, Соруучудай кумсарып, Ажыдаардай ышкырып, Ысык чөлгө чыдабай, Ылаалап керки бышкырып, Кызыл туман чыккан чаң, Сексен байрак туу алган, Бул экөө жеткир тукуму, Беттешкенин кыйраткан. Бейлебей ысык кумду анча, Калдайып туман буу каптап, Аркасынан чыккан чаң, Аңтарылып кеткендей, Абайласа жер-асман, Буртулдап кызыл кум учуп, Асманда булут токтобой, Бузулуп булут ар кайда, Калыбектин баласы, Атасын тарткан чоң Калча, Тоодой бойу бир барча, Каары катуу күркүрөп, Ант кылып чыккан үйүнөн, Кезенип өзү жөнөөрдө: — Атамдын кунун алам, — деп, Сейитке мүшкүл салам, — деп, Селдей канын агызып, Куураган чөлгө жайам, — деп. Колумду айдап бөлүнтпөй, Таласына барам, — деп, Кененимди өлтүрүп, Атамдын кегин алам деп. Ак калпак кыргыз бурутту, Айак асты кылам деп, Талас кайда биле албай, Жүрүчү элем кайгы жеп. Ата-бала экөөнү, Бул дүйнөдөн көчүрөм, Кененим Сейит дедирбей, Булардын атын өчүрөм. Айтканымды кылам деп. Топурагын тоз кылып, Сапырып ийип тынам! — деп. Салтанаттуу чоң Калча, Минген аты Көкала, Бетинен чыккан ыдыгы, Ысык кумдун жалынча, Салкыны сырттын желиндей, Кебелбейт эле чоң Калча, Сайышаар жоодон эринбей, Көтөргөн чокмор жүз батман, Жолуккандан жан алган. Каардуу Калча камынган, Он миң нарга суу алган. Акы менен Шатыке, Дөөдөн чыккан балбандан, Бир айлык жолго бир күндө, Учса канат талбаган, Суу ташы деп аскерге, Он миң дөөнү шыйгарган. Карадөөнүн уулуна, Сулаймат суусун бермекчи. Суктанма менен Шукшурма, Камдалуу суусу бар анда. Аскери түшпөй атынан, Келип сапка тизилди. Жаш Сейити чунагың, Дүрбү салып болжолдоп, Баарын билди ошонун, Орто эсеби санаты, Беш жүз миңге толгонун. Элүү миңге бир байрак, Элдин санын болжоду. Карадөөнүн кенжесин, Көзү көрүп Сейити, Эсине алды жаш арстан, Кененимдин бир кебин – “Ич оорутпай душманга, Жанын алгын” дегенин. — Унутуп калган экенмин, Хан Сулаймат сураса, Берип койуп ошону, Каралыгын чочконун, Кайдан байкап мен билдим? Кара ниет Сулаймат, Өтөр жолуң ушу деп, Болжогон экен ойунда, Кызылкумдун тушу деп, Жыйнатып келген турбайбы, Күн батыштын зорлорун. Жалгыз жаным мейли эле, Жанымдагы үч жанды, Душманга берип жапанды, Атага наалат келтирип, Жаман атты болбойун. Качырып туруп алдынан, Тосуп өзүм чыгайын, Карынын кебин укпаган, Тумшугу жок курган жан, Туулбай туна чөгөйүн, Кубарган чөлдө өлөйүн! Кебимди айтып угузуп, Кеңешер калкым мында жок. Канча заман жанымда, Каралды болуп бир жүргөн, Көкбука көзүр Жетилбай, Ал экөөнүн дайны жок.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.