Армандуу өлдүм бул чөлдө, Издеп келер иним жок. Ишенээр менде киши жок. Ич ачыр бенде бирөө жок, Өксөп ыйлап көмөр жок, Ак кепиндеп, аруу жууп, Табытымды көтөрүп, Көрүстөнгө жөнөөр жок. Аркамдан келер агам жок, Айланышар бирөө жок. Таласка курган тагым жок, Так ушул жерде мен өлсөм, Дайным билер адам жок. Жаш башымда жараткан, Жалындуу ичке салдың чок! Тарптай талап сөөгүмдү, Кескелдирик, тумсагы, Ойуп чукур көзүмдү, Атаңдын көрү дүйнө шок! Ойрон болгон жаш Сейит, Отузга чыгып өлбөдүм, Карыган атам Кененим, Өз колум менен көмбөдүм. Түп атам айкөл Манаска, Ушул кезге келгиче, Куран окуп көрбөдүм, Атанын кебин албадым, Армандуу болуп өлөйүн. Чыныке энем жанымда, Боздоп ыйлап турганын, Үнүн угуп өлсөмчү. Жыйырмага жашым жете элек, Армандуу болуп өлдүмбү? Чалкар-чалкар төрлөрү Чалкалап жаткан коолору, Киндик кесип кир жууган, Кеңкол ата чоң Талас, Көрө албай сени калдымбы? Эл жайлаган жети төр, Эне ордуна өстүргөн, Ээн калдың кайран жер. Үч-Кошойдун бөксөсү, Кайрылып сени көрөмбү? Өмүрү кыска жан болуп, Мүчөбөй эки өлөмбү, Капканын кара суусун, Бойлоор күнүм болорбу? Куш салып саздан каз алган, Төрткөлдүн төмөн жагына, Төрө Манас түп атам, Өзү салган Сыркоргон, Ойноор күнүм болорбу? Баркөлдүн маңдай жагынан, Бакайдын салган тамынан, Жойлор күнүм болорбу? От жанып турган чагымда, Өлөмүнбү курган жан? Кырчындуунун жээгинде, Түз булактын керүүдө, Желе тартып, бээ байлап, Жердээр күнүм болорбу? Каныкейдин сарайы, Маңдайында талаада, Көк бөрү тартып кунан чаап, Ойноор күнүм болорбу? Же өчөшүшкөн чочколор, Ойрон кылып койорбу? Айчүрөктүн Тармалсаз, Аш-тойдо күлүк чапкан саз, Аркырап күлүк жүгүрүп, Азамат көөнүн ачкан саз, Көрөр күнүм болорбу? Жаш балапан чагымда, Өлүп кетсем бул бойдон, Арманым айтып ким ыйлайт? Ага-ини болбосо, Кабарсыз калса ата-энем, Алтынбулак, Мазартал, Жалгызбулак, Чынардан, Айант жерге Чокталдан, Шумкар салып куу куулап, Ойночу белем шум жалган. Ойума түштү ошол жер, Тумшугу жок курган жан, Мен өлсөм мында карып жан, Чыныке өлөр бей арман. Балам тургай катын жок, Атамдын кебин укпаган, Мен шордууда акыл жок. Өлсөм ыйлар Кылжыке, Өмүрлөшүм жанымда, Кошо өлүп тынабы? Ажыздык кылып Кылжыке, Олжого кетип өлөбү? Жакшылык менен жамандык, Экөөбүзгө тең болор, Абыл менен энеси, Экөөнүн күнү не болор? Караан тутуп биздерди, Келди эле бирге ээрчип, Өлүп калсам куу чөлдө, Кантемин анын күнөөсүн. Баатырдык кылдым ар жайда Көкбука менен Жетилбай, Жанымда бирге турганда, Кетпейли деп кыйлага, Имерилди жанымда. Кыбыла карап олтуруп, Кыраандар ыйлаар күн кана, Томсоруп жаткан жапанга, Токтолуп күнү жаабаса, Асмандан түшкөн жамгырдын, Тамчысы жерге тамбаса, Чабышка минсем Телкүрөң, Тамшанып суудан чалыкса, Мен чыдаармын Сейити, Кырк бир күндүк ачкага, Баса албай тулпар чаңкаса, Жалгыз башым көп колду, Чабалбай кылыч талыксам, Кийген олпок жарагым, Дайынсыз калаар талаада. Ата журтум Кеңколдон, Арнап минген Телкүрөң, Душманга олжо кеткинче, Бир күн мурун өлөрбү? Тутунган туйак болбосо, Сүйүнүп жүрөк сүйөргө, Беш күн болсо жеткеним, Кылжыкедей жубайга. Кыйамат жакын көрүнөт, Не жазганмын кудайга? Олпогумду киер жок, Колумсаны колго алып, Белек кылып атар жок. Күрөөкөм чөлдө чок болоор, Туулга менен калканым, Тутаар жок менин аркамды, Ичи кызыл дат болуп, Куураган чөлдө жок болоор. Ойрон болгон атамдын, Үстүнө күнү шат болор, Айтылбай калаар жумушум, Атым өчүп жок болор. Артымда жок тукумум, Мен өңдөнтүп жаш өлүм, Бендесине бербесин. Жалгыз жанга Кылжыке, Баатырдыгы курусун. Айбалтам менен найзамды, Белек кылып ким алат? Тууганым жок артымда, Туумду кармап ким калат? Мен өлгөн соң талаада, Кылжеке, Абыл энеси, Көзүңөрдө жаш калаар. Кайнатам мага кас чыгып, Сурап алып дөө уулун, Өлтүртмөк экен талаада. Кара ниет Сулаймат, Өчүрмөк экен атымды. Телкүрөң менен өзүмдү, Олжого талап алмакчы, Дайардап сага бир эрди, Көңүлүңө бөккөндү? Эсимден кандай чыгарам, Энеси менен Абылды. Жесетимди бөй талап, Жалдырап турсаң сен карап, Өлгөнүм менин ошондо, Кандай жатам тынч алып? Өлбөй тирүү жан калбайт, Туулган соң адамзат. Атага наалат келтирип, Өлсөм калаар жаман ат. Жалтанып жоодон мен турсам, Жайылып журтка жаман ат. Катын эркек аралаш, Алдыңкы колду байкасаң, Дөө уулунун колу окшойт, Айдалып келген караанга, Мен киремин аралап. Атам Манас болгон соң, Не турамын мааналап? Топурагын тоздуруп, Сапырып ийип тынайын, Кылжыке, Абыл сен экөөң, Байкап тургун артымды, Бирин-бирге кошпостон, Кырып ийип тынайын. Алыңар келсе канчага, Азык-түлүк алгыла. Айрыкчасы суу алгын, Алдымдагы Телкүрөң, Кандыра жакшы сугаргын. Абылдын байкуш энеси, Ачка өлүп калбасын, Азабын салып душманга, Алып берчү мен бармын. Азыраак сабыр кылайын, Агарып сүрүп таң атсын, Күндүн мурду чачылып. Көкжалың минди Күрөңгө, Өңүнөн заар түр чыгып, Ач жолборстой көрүнүп, Айбаты катуу сүр чыгып, Карагандан кан чыгып, Кармагандан жан чыгып, Шай колдогон чунактын, Аркасында ошондо, Айдар кара жал чыгып, Найзаны колго карманып, Чоң доолбасы кагылып, Каптап душман кетпеске, Хан каадасы бойунча, Кызыл байрак сайылып, Телкүрөң менен качырып, “Манастап” ураан чакырып, Жайнап жаткан көп колдун, Алдынан утур жан чыкпай, Жаны ачыган жаш арстан, Аралап кирди элирип, Камчы берип Күрөңгө, Согончок менен теминет. Эңкейиште эр сайып, Элүүнү беттеп бир сайып, Мелжеп сайып он бештен, Аңтара сайып отуздан, Жүздү сайып жүдөтүп, Миңди сайып бөлүнтүп, Саны миңге толгондо, Бирден оңко тургузуп, Мелтиреген куу чөлгө, Агызып канын чубуртуп, Жарк эттирип, шилтесе, Кылычтан канын куйултуп, Кыйырын бузбай кыйратып, Кызыл кумга сулатып, Күнү-түнү болгуча, Дөө уулунун колуна, Кейишти салды арстаның. Абыл менен Кылжыке, Аралап кирди келишип, Ээн калган төөлөрдөн, Ажыратып дөөлөрдөн, Айдап алып жөөлөрдөн, Сулаймат артып жиберген, Он миң төөнүн суу, нанын, Тартып алып бүт баарын, Көлөкөлөп жатышкан. Барандынын түбүнө, Баарын жыйнап чогултуп, Айдап ийди куу кумга. Адамы менен төөлөрүн, Адам соргуч бул кумга, Сиңип булар жоголду. Кыз Кылжыке акыл таап: “Көкбука менен Жетилбай, Кете элек алыска, Кыйын басса бир айлык, Жол баскандыр аралык, Мингеним болсо Кылжейрен, Бир айлык жол канчалык. Султандын көрүп ыраатын, Сулууну алып кучактап, Жатпасын алар чалкалап”- Деген ойду аркалап, Эркекче кийим кийинип, Желкеге чачын түйүнүп, Өзү баатыр балбан кыз, Карыга найза илинип, Тогуз күндүк кумунан, Токтоо кылбай чураткан, Укмуштуу кыз Кылжыке, Учкан куштай чөл баскан. Шаардын чыгып четине, Көк өзөндүн булакка, Чатыр тигип ойдуңда, Сулууну алып койнуна, Берендер жаткан ушунда, Жээрде аттын дүбүртү, Угулуптур кулакка. Таанып калып Жетилбай, Жүгүрүп чыкты шашыла. Келбетинен Жетилбай, Кыз Кылжыке сулууну, Таанып калып шашылды: — Не калба болду Кылжыке, Келбейт элең бекерче? Кай тараптан карбалас, Келип калдың бул жерге? Жетилбайга Кылжыке: — Азапты тартат турбайбы, Ар бенде жолдон адашса. Куураган атам сураса, Берип койгон дөө уулу, Колбутуп айдап аскерин, Жан жүрбөстүн чөлүндө, Баштап келди дөөлөрүн, Ат көтөргүс жөөлөрүн, Келген жумуш бул, — деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.