Өжөрлөнүп көгөрүп, Өчөгүшкөн эрендер, Өткүр найза өңөрүп, Учу түгөп найзанын, Сабы менен салышып, Кыйрап сынып сап калбай, Көрүп туруп аларды, Көпчүлүктүн дени өлүп, Кээ кезинде алардын, Ач кыйкырык угулуп, Ач билектен алышып, Өйдө кетет жулкушуп, Ылдыйга кетет жарышып, Этегин түрө кармашып, Үзөңгү боого басышып, Мүдүрүлбөй аттары, Бөлүнө кетет айрылып, Кармаган жерден кан чыгып, Өлбөй тирүү калышып, Кан соргуч киле сары эшек, Бөйөн, чайан, тумсагы, Коркконунан корголоп, Кескелдирик батмачык, Баш көтөрбөй мааналап, Кобо албай коркушуп, Жаткан жерде чырылдап, Ачкалыкка чыдабай, Азуулары кырсылдап, Сапырылып кум учуп. Төөлөрү боздоп буркулдап, Уйлар мөөрөп озондоп, Ат кишенеп тура албай, Качырга кирип калтырак, Жер токтобой чайпалып, Канча заман жаткан чөл, Караан калгыр калтырап, Коркконунан жан турбай, Айласы кетип аскердин, Азыраак тыным ала албай, Аңтарылып чаңдары, Ат үстүндө тура албай, Койон жүрөк коркогу. Кош кыйалдуу чоркогу, Аттарына мааналап, Амалын таппай бүжүрөп, Айласы кетип далайы, Сийдиги агып чубуруп Эки баатыр тирешип, Чабышып жатты күчөшүп. Таң атканча шам жагып, Күнү-түнү тең жарык, Кылыч алып кыйкырып, Кыйа тартып урушуп, Кылычка кылып туруштук, Кылычында миз калбай, Сырты менен салышып, Талкаланып жоголуп, Кур кол болуп калышып, Баатырлар чапкан жарактан, Асмандын бети жаңырык, Учуп жүргөн канаттуу, Акылынан жаңылып, Балталашып чабышып, Кара темир чыдабай. Уңгусунан жарылып, Сабы менен салышып, Жакалашып тирешип, Аттуу туруп күрөшүп, Жакадан тартып чойушуп. Кочкордон бетер койушуп, Ийик саптай кызыл кан. Мурундан агып чубуруп, Карап турган көпчүлүк, Коркконунан кудайлап, Качканы да кудай дейт, Кууганы да кудай дейт, Жер бетине маалым кеп, Кош колдоп кармап жакасын, Сүйүнсө да кудай деп, Күйүнсө да кудай деп, Кудайлаган нечен жан, Кудайдын атын түк билбес, Нечен миң аскер колбуган, Оозун ачып кыйкырса, Манастан башка сөз кирбейт. Манастаган жаңырык, Үнү калбайт басылып. Башка жан болсо бул чууда. Манастаган үндү угуп, Жүрөгү чыгып өлмөкчү. Кайраты башка бул чочко, Зым-зым этип зымырап, Ызы-чуу тургай Сейитти, Бучкагына теңебей, Камарабай жай турган. Кур кол калып майданда, Аркасынан калгандар, Бирден найза жеткизди. Жаңылап найза алганда, Каарданып чоң Калча, Кайратына карк болуп, Бүткөн бойу нымыгып, Эти араң ысыган, Сейитиге бет алып, Камдуу найза өткүр миз, Муштап өттү сооруга. Тышынан кийген олпогу, Ичиндеги темир тон, Темирдин чыгып талканы, Олпоктун булап буласы. Чыпалактай кызыл кан, Чычаңы ылдый куйулуп, Минген Күрөң жаныбар, Оргуган кызыл куу кумга, Көмөлөнүп кетпеди, Тумшугу менен кум сайып, Ат мүдүрүлүп оңолду. Ат мүдүрүлүп кеткенде, Суурулуп кетти найзасы, Арбагы колдоп Манастын, Шай колдогон чунакты. Бүкүлү тоо болсо да, Көмөлөнүп жок болмок, Ошол сапар сайганда, Жер тайанган Телкүрөң, Көмөлөнүп жылалбай, Так түйүлүп турду эми. Аманат жаны Сейиттин, Ошол катым бир калды. Түбүндө Манас уулуна, Жеринен калган ата салт. Жаралуу болсо найза жеп, Кан куйулса жошулуп, Жаны ачыса күч алган. Жаралуу болуп Калчадан, Жаны ачыды Сейиттин “Атам Манас болгон соң, Көкала аттан Калчаны, Аңтара сайып албасам, Атага наалат келет, — деп, Түп атамдан бер жакка, Сайдырбаса душманга, Айкөл атам Манастын, Арбагы мени колдо, — деп. Жараткан кудай жардамын, Абалкы өткөн шерлердин, Жеткире көргүн жардамын. Колдосоң атам арбагы, Ушул күндө колдо”, — деп. Чакырса ураан “Манас” деп, Оозуна кирди Гүлүс деп, Арбагы келип Манастын, Айттырганы ушул кеп. Оорагы артык Гүлүстөн, Манжудан келген дин каалап, Коңурбай менен батышпай, Бойунда болуп чоң талап, Соорандык уулу Алмамбет, Айкөл Манас баатырдын, Бул дүйнөлүк жолдошу, Ал дүйнөлүк колдошу, Кылым дүйнө калкына, Арбагы артык угулган, Алмамбеттин уулу бул. Адамдан артык шер Гүлүс, Айры төштүн алдына, Жыгылбаган эр Гүлүс, Батышта аты угулган, Чыгышта Коңур баштаган, Атактуу нечен алптарды, Алмамбет уулу Гүлүстөн, Жалгыз өзү жалмаган. Жапандан чыккан Кызылдөө, Жалгыз көздүү Мадыкан, Манжулардын Жубатай, Жексен кылып таштаган. Гүлчоро келет дегенде. Кылым дүйнө жер жүзү, Кырылып кете жаздаган. Үн чыгарбай эч бир жан, Атканын жазбас мерген кул, Айтканын кудай берген кул, Алышканын алган кул, Арстандын жайы мына бул. Тиктегенин көрдөгөн кул, Тилегин кудай берген кул. Тилегенин жеген кул, Теңдешип бенде жеңбеген, Илгертен жайы мына бул. Кара бойу катуу күч, Каары катуу, заары күч, Кармашканын кылган түз, Тулку бойу туура күч, Турганынын баары күч. Тутушканын кылган түз. Үнү Чубак үнүндөй, Ач кыйкырык куу сүрөөн, Ал өңдөнүп ким жүргөн, Үнүн укса Гүлүстүн, Жүрөгү чыгып жан өлгөн, Тактада нечен хан өлгөн. Сепкили жок ак жүздүү, Ийриси жок түз сөздүү, Гүлүстүн өзү барында, Ак калпак кыргыз калкына, Ок аткан бенде жок болгон, Тирүү кайып чын арстан, Кудайдын сүйгөн бендеси. Кыбыла жагы куркурап, Кызыл кум чаңдап тунарык, Аркасынан буруксуп, Чыдай албай жаткан чөл, Баш аламан удургуп, Суркойон менен чуратып, Султандын уулу Гүлүстөн, Сейитке келди көрүнүп. Баатыр Бакай баштаган, Каңкор Семей жанында Эр Гүлүстүн артынан, Келе жатат чубуруп. Кумдун бети жалындап, Эр чырагы эки көз, Маңдайында балбылдап. Асаба желек чоң найза, Жоо жарагы бир канча, Келе жаткан баатырдын, Карааны тоодой, бир барча. Караанын көргөн көпчүлүк, Жанынан күдөр үзүшүп, Гүлүстөн айтып канча кеп: — Качыр балам Сейитим, Аккан каның канчалык? Тикен кирсе кан чыгат, Тим эле жерден анчалык. Тукум болбой жерге кир, Боло албасаң канчалык, Береги турган Калчаны, Сербейтип койбой жаныңа, Сайгын балам, сайгын! — деп. Кайып болду ошол кез. Эр Гүлүстү көз көрүп, Үнүн уккан адамдар, Сөз айтарга ал калбай, Сүлдөрү болуп жан калбай, Мурун турган зор Калча, Арстан бала Сейитти, Бучкагына теңебей, Теңби деп мага кенебей, Каары менен Гүлүстүн, Калыбектин Калчасы, Кара жандан түңүлүп, Менменсиген бадирек, Кыймылдарга ал калбай, Деми сууп, дени өлүп, Көргөн жандын баарысы, Көзүнөн жашы төгүлүп: “Алда кандай бенде, — деп, Каары катуу эр экен, Тирүү калаар чама жок, Кыйамат жайга кеттик деп”. Хан Калчанын башына, Кыйамат жакын көрүнүп, Азирейил периште, Келгендей жетип жанына. Качырып келген Сейити, Калча хандын көзүнө, Ажыдаардай көрүнүп, Көзүнөн жалын от жайнап, Көкжалдан найза жеткени, Көзүрсүнгөн хан Калча, Көмөлөнүп кеткени. Жайнап жаткан кызыл кум, Топуракка көмүлдү. Машы чыккан Сейити, Кылыч алып кынынан, Башын кесип чочконун, Кумга канын жайнатты. Жан жүрбөстүн чөлүндө, Сейитти алам деп келип, Бу дагы көрдү өлүмдү. Көрүп турган аскерден, Санаасы санга бөлүндү, Көкбука баатыр, Жетилбай, Кыз Кылжыке, Алтынай, Абыл менен Чолпонай, Сүйүнгөнгө чыдабай, Көзүнөн жашы төгүлүп, Мурун калган таш болуп, Сейити кантер экен деп. Токтоно албай күүлөнүп, Көкбука менен Жетилбай, Ээн калган аскерге, Кирген нардай күркүрөп, Аралап кирди тартынбай. Тегерегин бек курчап, Четке киши чыгарбай. Кабыландын тукуму, Адылдыгын айтайын, Калчанын иши бүткөндө, Көкала алып олжого, Көөнү мунун тынганда, Кабылан Сейит жаш арстан, Кара аскерге муну айтат:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.