← Сейит 8/11

Душманды сайып алган соң, Зыйнатын анан кылам деп. Барандынын түбүнө, Аса байлап Күрөңдү, Тамак ичип жай алып, Сейити айтат бир кепти. — Кеңкол ата Таластан, Жалгыз келген жан элем, Жараткан болуп чоң жөлөк, Алты жан болуп мен калдым. Сөөк сүтүн эмизген, Энекем өлүп калганы, Арманым калды менде ушул. Энемдин кегин кубалап, Эсен турса бир жаным, Жарымдан ашып эңшерип, Чоңдорун жоонун мен алдым, Карадөө уулун байладым. Көк өзөндүн түзүндө, Кара ниет Сулаймат, Сурап алып дөө уулун, Жан жүрбөстүн чөлүндө, Жаман жабыр мен тарттым. Теңирим берип ырыскы, Тентип жүрүп талаада, Тамактын каарын тартпадым. Кылжыке кылды кызматты, Жакшылык менен жамандык Баарын бирдей тең тартты. Кылымга калаар айтылып, Кылжыкенин амалы. Кыргыздап салып айкырык, “Манастап” ураан чакырып, Кылым колго чуу салды. Алтынай, Абыл, Чолпонай, Кымбаттуу курбум Кылжыке, Акылы терең Жетилбай, Артык туулган Көкбука, Кыйналып турган кезинде, Жатып албай чалкалап, Тартынбай келип ашыгып, Душманымды кыйратып, Караан болуп жаныма, Айанбай кылды кызматты. Эт жүрөгүм былк этет, Эстегенде Калчаны, Каары катуу бул чочко, Кармашып ага ким чыдайт? Сынбай туруп тим эле, Кыр арка сөөгүм зыркырайт. Беттешип тирүү калбаган, Мен өңдөнгөн нечен жан, Жакшылык менен жамандык, Аралаш келет инсанга. Жакшылыкка сүйүнүш, Жамандыкка күйүнүш, Кайра тартып баш тартыш, Атышкан жоодон жазганыш, Азамат кылаар иш эмес. Алган күнү кош болуш, Алдырган күнү томсоруш, Эркек кылар иш эмес. Эртең чыгып беттешчү, Оңой олтоң киши эмес. Оңойлук менен адамга, Омурулаар тоо эмес. Азыркы жүргөн адамдын, Айбаты артык жаманы, Айбаты артык жаман деп, Атам Манас болгон соң, Жазганып андан каламбы? Эртең менен камынып, Күн тие ага барайын, Арбагы колдоп Манастын, Аңтара сайып саламбы? Же аңтарылып Күрөңдөн, Армандуу өлүп каламбы? Арзан киши дебеймин, Калыбектин Калчаны. Капталда жаткан Камандай, Каары катуу чочкону, Кандай адам ойлонбойт, Шай колдосо өзүмдү, Көкала аттын үстүнөн, Көмө койуп аламбы? Алып калсам Калчаны, Аламан койуп чуу тартып, Аскеринин артынан, Баштагыдай күч алып, Аралап кирип барбаңар, Аккан дайра сел болсо, Адамсыз жапан чөл болсо, Көкбука менен Жетилбай, Айлана курчап тосуңар. Четке киши чыгарбай, Үйрүп камап туруңар. Айрыкча сен Кылжыке, Кара дөөнүн уулуна, Азыр болгун көбүнчө. Аскер каптап кол салса, Дөө уулунун жанында, Кайтарып Абыл сен калгын. Өчөгүшкөн дөө уулу, Өзүндө жок, бизде жок Өрт койуп ийип жүрбөсүн, Кылжыке, Чолпон, Алтынай, Аш-азыкты баккыла. Аңгычакты болбоду, Асмандын бети жаңырып, Ач-кыйкырык ызы-чуу Каардуу чочко Калчадан, Керней-сурнай тартылып, Түн ичи бүлүк салат деп, Уктай албай эч бир жан, Миң кишиден бир киши, Миң башчысы келген деп, Чакыртып алып Калча хан: — Бейкабар болбой көзүң ач, Беттешээр душман эң жаман, Кутулуп мындан ким калган, Башынан бери кан ичме, Манастын уулу баладан, Эртең менен камынып, Өзүм барам жекеге. Жаным тирүү болгондо, Өлгөндүн кегин кууп алып, Ал өңдөнгөн бурутка, Акыр заман бир салам. Көмөлөнсө атынан, Аламан койуп кирбегин, Каптап уруш кылбагын, Кылжыке, Чолпон, Алтынай, Кызыл алптын тукуму, Карадөөнүн кенжесин, Өлтүрүп койуп качпасын, Буга азыр болуңар, Капка тоодой мен турсам, Эмнеден камыңар. Ээрчигени эки кул, Нечен күндөн бер жакка, Сейиттин салган чуусу бул. Мен берем анын жазасын, Күндөн мурун тургула, Жез барабан ургула, Көргөндө бизге таң калсын. Он эки түрдүү жарагың, Сап бойунча тизилгин. Жүз кишиге бир желек, Миң кишиге бирден туу, Артылып саптан саналсын. Урушка минер атыңар, Сугатын жакшы кандыргын, Курсагын жакшы тойгузгун, Уктабастан бүгүн түн, Таң атканча камынгын, Күн кетип түнгө айланса, Падышалык панардан, Баары жерге жандыргын. Эңкейип кетсем кокустан, Эси жоктор кырылбай, Жарак таштап баарыңар, Баш ийип буга туруңар, Эптеп ага жагынып, Жакшы, жаман чоң, кичик, Амал кылып өлтүргүн, Келбесе алың кайтып бар, Сен үчүн өлдү эрлер деп, Сулайматка айтып бар. Сулаймат мыкты амал көй, Бир айласын ал кылаар. Аңгычакты таң атып, Балакет уруш башталчу, Жез барабан кагылып, Бар аскер атка жабылып, Жан алуучу Калча хан, Үстүнө кызыл жамынып, Сайышар жери кызыл кум, Нак окшошуп капыр кул, Жан алуучу периште - Азирейил сүрдүү кул, Үнү күндөй күркүрөп, Каары катуу, заардуу кул, Маңдайда көзү жайнаган, Баргандын шору кайнаган, Жан куткарбас баатыр кул, Колуна найза кармаган. Кол салганды жалмаган. Колбутуп кошуун айдаган, Тирүү койбой жан алган, Кол жеткенди кыйраткан. Түрү суук заардуу кул, Бөрк ордуна баш алган, Бөөдөсүнөн кан чачкан, Тоо бөксөрүп жол салган, Томкоруп нечен эр алган Менменсиген далайын, Катынын жесир тул кылган, Бет алган жакка чуу салган, Бейпайлуу элди муң кылган. Канча түмөн көп шаарды, Сапырып ийип жок кылган. Душманын жеңсе адаты, Тукумун кошуп кыйраткан. Кызын алып ыйлаткан, Көтөрө албай нечен кыз, Өлүп калып шор каткан. Өрттөнгөн тоорак кептенип, Оройу бузук Калчанын, Кай кылыгын мен айтам. Кан жыттанган капыр кул, Каары катуу, заары күч, Көкала минип далбайып. Ач бөрүдөй жаланып, Ачакей тилдүү өткүр миз, Заардуу найза колго алып, Кызылы калбай өңүндө, Кумсарган чөлдө сурданып Зым-зым этип зымырап, Удургуп учуп кызыл кум, Жер козголуп кыймылдап, Асманда булут токтобой, Күн тутулуп тунарып, Казабынан жан калбай, Жапанда жандар чогулуп, Тешикке кирип корголуп, Казабына карк толуп, Аттанып үйдөн чыкканда, Касем ичип ант кылган, Суу сыйпап бетин жуубаган, Сүрү артык бул чочко. Карасынан чаары көп, Көзү чекир сарыча, Ыраңы кара чочконун, Ташбаканын түрүндөй, Сары түгү сапсайган, Кирпи чечен түгүндөй, Сакал менен мурутка, Деги темир тийбеген, Жапайы доңуз жүнүндөй, Жыландай өңү өтө чаар, Сүрөтү адам болбосо, Сөлөкөтү башка жан. Бойу бокор тууралжын, Үнү мунун ачуу заар, Бели бүкүр, мойну ийри, Кең көкүрөк, сом далы, Керүүдөгү жалпактай, Маңдайынын бырышы, Эл жайлаган жылгадай, Колдорунун салаасы, Айууга окшойт чамасы. Кебетеси, кешпири. Деги эле жанга окшобойт. Сүрөтү окшоп адамга, Тулку бойу бир дөбө. Арзан менен чочконун, Бүтөөр эмес жумушу. Кан менен колун жууган, Капшыра белин буунган, Карамдык менен бул доңуз, Канчага салган чулган. Күн батыштын элине, Каары катуу угулган. Баштап колду жүргөндө Сапырылып жер чаңдап, Айгай сүрөөн кыйкырык. Чымылдактай зыркырап, Жердин бети жаңырык. Тополоң уйуп жаткан чөл, Араң берип туруштук, Каарынан коркуп капырдын, Асманды карап кум учуп. Мисте, мийан, азыткы, Албарстысы кошулуп Токтоно албай удургуп, Түрү суук чоң Калча, Көкала атка камчы уруп, Оозунан түтүн буркурап, Кан ичменин тукуму, Чык бери деп кыйкырып, Чымырканып чыңырып, Көкала тулпар мингени, Чабына батпай суурулуп, Майданга келип бул турду. Коркуп мындан калабы, Ак калпак элдин багы үчүн, Башынан баатыр жаралган, Бул Манастын тукуму, Жаш арстан Сейити, Телкүрөңдү булкунтуп, Топурагын бургутуп, Томсоргон кумду кубултуп, Ысык күндө аккан тер, Ат жалына чубуртуп, Чоң экен деп жазганбай, Хан Калчага бет алып, Эки баатыр беттешип, Кандуу найза кармашып, Качырышып кан бүркүп, Канча күн жүрсө сайышып, Бул экөө талбайт майышып, Өлгөндөрдүн кунун кууп, Өчөгүшүп кайышып, Маңдайлаша барышып, Барганча күчөп сайышып, Сурданышып чабышып, Сүр бетинен алышып, Күнү түнгө уланып, Түн ичинде шам жагып, Күнү-түнү үч күнгө, Урушу кетти узарып.