Кыйгактуу найза колго алып, Куйундатып тулпарын, Кырынан келип бир сайып, Баш аламан койгулап, Барган сайын Жетилбай, Ур дегиче үчтү чаап, Жалдырап турат Акы дөө, Мыдыр этер шайы жок. Кыйамы менен кылычтап, Аман койбой бир жанын, Көмөлөттү Жетилбай. Аңтара сайып атынан. Көөдөнгө минип шашылбай, Чечиндирип бүт кийимин, Көкбукага берем деп, Жүрүп кетти Жетилбай. Жетилбай жөнөй бергенде, Жайнаган калың көп колдон, Шатыке чыкты тура албай. Минген аты Темиркөк, Мурду кызыл, көзү көк. Атадан арта туулган, Ар мүчөсү келишкен, Кийгени темир баары көк. Көшүгөндөй күлүңдөп, Көзү көрбөй күүгүмдөп, Чыдабай чочко сүрүнө, Адам бакпай түрүнө, Жапандакы жапа айбан, Жашынды жердин түбүнө. Түгү тешик кийимин, Алп мүчөлүү дардаңдап, Жан койбоочу немедей, Эки көзү чакчаңдап. Эшилип жаткан кызыл кум, Сапырылып жер чаңдап. Шатыкени көргөндө, Бала баатыр Сейити, Телкүрөңдү камчылап, Качырып кирди беттешип. Маңдайлашкан эки дөө, Токтоо кылып тура албай, Оңойлук менен чаалыгып, Сыр алдырчу мал эмес. Ал экөөнүн аттары, Азар түмөн урушту, Арзандык менен бүтпөстөй, Ал экөөнүн жумушу. Найза менен мушташып. Учун канга чыкташып, Ак көбүктөп кан агып, Барган сайын күчөшүп, Сапырылып жаткан кум, Мейкин түздү чаң басып, Тополоң уйу, тоз учуп, Бозоргон чөлгө жарашып, Жандары чыдап тура албай Найзалашып сайышып, Найзаларын кагышып, Балталашып чабышып, Балтанын сыртын жарышып, Кызыл жалын от кетип, Туулгалары быркырап, Коркуп эли чуркурап, Үндөрү чыгып күркүрөп, Угуп турган адамдын, Бүткөн бойу дүркүрөп, Найзалашып урушту, Арзанда бүтпөй жумушу. Эчен түрдүү урушуп, Туйлатып тулпар ат минип, Ошол өңдүү жаңжалга, Баатырлар кылып туруштук. Ысык кайнап бир жактан, Баш айланат ысыктан. Телкүрөң менен баатырың, Капталдан тийип качырып, Бөйрөккө найза бир уруп, Кызыл канын чубуртуп, Жаралуу болуп Шатыке, Качып чыкты майдандан. Ханы өлгөн көп аскер, Айласын таппай сандалган. Калчадан баары ийменип, Качалбай турган топтуу жан. Каптап кетти көп аскер. Жардык болуп Калчадан. Телкүрөң оозун тартпаган, Олпокко бойун чаптаган, Кылычты сууруп кынынан, Кыйкырып кирди жаш арстан, “Манастап” ураан чакырып, Ач кыйкырык жаңырып, Жазайыл аткан немедей, Жапандын бети жаңырык. Ителги тийген таандай, Имерип жааган жаандай, Көкбука менен Жетилбай, Көрүп булар тура албай, Качырып кирди четинен. Кыраан бала Сейити, Кылычтан канын чубуртуп, Кумду канга жуурутуп, Чыдай албай көп аскер, Кан Калчага жамынып, Кылычтан башы кесилип, Көөдөнүнөн чандандын, Кара каны куйулуп, Башы көзү кан жалап, Маана таппай аркалап, Чымындай жанды калтырбай, Кырат экен бизди деп, Кыргыз деген кысталак, Ыйлап кетип баратат, Чапкан чөптөй аркасы. Кыйрап кетип баратат, Жылдыз такта болгондо, Кыз Кылжыке акыл таап, Алтынай менен Чолпон ай, Эркекче кийим кийгизип, Абылды алып жанына, Жаныңды жайлап жаткын деп, Абылдын байкуш энесин, Таштап койуп кошунга: — Алыска кетпей адашып, Адашкан аскер көп жүрөт, Аргасын таппай ар жайда. Ат айабай чапкыла, Жыйнап келе калгыла. Ат ичмеги кийизден, Ээси өлгөн кийимден, Жыйнап келе калгыла. Ачып көздү жумгуча, Бир миң аскер жыйналды. Ат токуму эр кийим, Ар жерге топтоп чогултту, Чогултуп болуп өрт койуп: — Ачкан оозун жумбастан, “Манастап” ураан айткыла. Жакшы болсо кызматың, Өлтүрбөй силерди. Алтынай менен Чолпонай, Абылы сен да кошулуп, Тынбай мылтык аткыла! “Манастап” ураан айткыла! Деп жардыгын ал айтты. Айтканын кылып көпчүлүк, Кызыл жалын от жакты. “Манастап” ураан чакырып, Кумдун бети ызы-чуу, Асман тиреп өрттөнгөн, Жалын чыгат ар жайда, “Манастап” ураан чакырган, Бакырык бар ар жайда. Байкап аскер караса, Айланасы жаңырып, Мылтык үнү карсылдап, Добулбас унү заңкылдап, Кыйкырык сүрөөн ызы-чуу, Шашылып калган аскердин, Кулагына угулду. Үн кубулуп миң түрдүү, Байкап аны караса, Күндүзгүдөн бул сүрдүү. “Кабар таап кыргыздар, Келген экен мында, — деп, Аман койбой тентитип, Алат экен бизди”, — деп. Эстен танып темтиреп, Басарын билбей куу чөлдө, Баш-аламан болушуп: “Кыйкырыгы баш жарып, Кыргыз каптап кирди деп. Акыр заман так бүгүн, Салмак болду бизге деп, Не болсо да, кыргызды, Тымтыракай кылсак деп”. Ээн жактан калың кол, Кылычын кындан суурушуп, Кыйын болду бул жумуш, Ичибизде кыргыз деп, Бири-бири менен урушту. Күчү жогун күчтүүсү, Алы жогун алдуусу, Шайы жогун шайлуусу, Камы жогун камбылы, Кырып кирген ызы-чуу, Аралашкан аскердин, Аккан каны кызыл суу. Талкалашып таң атып, Дайынсыз уруш талашып, Таң атканда караса, Кырылышкан урушта, Аскери жок кыргыздын, Бирине бирин кырдырган, Кылжыке кылган укмуш бу. Тентип кетип шум чөлгө, Канча миң аскер кырылган, Күйүп ичи Калчанын, Жоголгонго дайны жок, Колундагы көп колун, Жарымдан ашык көбүрөөк, Өлүп кеткен окшоду. Шору каткан дөө уулу, Жаш Сейити арстанга, Утур келип капташты. Жүрөгү үшүп калган ит, Апкаарыды айабай, Акыл ойлоп эс таппай, Көгүчкөн болуп уча албай, Шашып калган мезгилде, Телкүрөң менен Сейити, Ур дедирбей жеткени, Жаракташып жүргүзгөн, Жайлап алды дөө уулун. — Жетилбай менен Кылжыке, Баш душманы бул эле. Бошотпой азыр болгун, — деп, Тапшырып берди экөөнү. — Шатыке кайда билдиңби?, Шайтанга окшош түгөнгүр, Шашпагын колго тийдиңби? Жер бетине калтырбай, Дөөлөрдү жыйнап келдиңби? Сулайматтын көл тилге, Алдоосуна кирдиңби, Байакыдай Сулаймат, Ажыратып ала албайт. Акылыңдан чыгаргын, Анын тийбейт карааны. Айласы кетип дөө уулу, Айтып турду ал муну: — Түндөгү болгон урушта, Түйшүк тарткан жумушта, Тентип кетип жоголду, Нече миң аскер бул кумга, Кайнап жаткан калың кол, Хан Калчанын колу бул, Бер жагынан көп караан, Шатыкенин колу ал. Бузулбай турган эки кол, Эки хандын колу ошол. Күн батыштын элдери, Бирим эмес башынан. Шатыкени хан Калча, Түк киргизбейт колуна, Бирине-бири тыңдуусуп, Шатыке өзү жаралуу, Калча турат кырдуусуп. Баарын айтып дөө уулу, Байлоодо калды жалооруп. Куйун шамал бургутуп, Телкүрөңдү ойнотуп, Шатыкенин колуна, Кирип кетти Сейити. Бала Сейит жаш арстан, Сүрүнөн коркуп качкан жан, Качканына карабай, “Шайтандан бүткөн Шатыке, Кегим алам андан деп, Кылыч тартпай кынынан, Балталап башын чагам” — деп, Калың колду аралап, Кирип келди көкжалың. Элебей калды Шатыке, Аттан түшүп турган жөө, Ойунда жок Шатыке, Сейити келип калат деп. Сейитти көрүп Шатыке, Камынып атка жеткенче, Жаны ачыган эр Сейит, Чоң балтаны колго алып Арта салып ийгенде, Жеткен жерде чочкону, Чокуга тартып жиберди. Кайра айланып дагы чаап, Шатыкенин канына, Кызыл кумду сугарды. Шатыке атын өчүрүп, Менменсиген чоң дөөнү, Бул жалгандан көчүрүп. Көкбука, Жетил, Чолпонай, Кыз Кылжыке, Алтынай, Азык-түлүк суу алды, Айдап барды алганды. Качкандын бирөө кез келип, Өлтүрүп кеткен турбайбы, Абылдын жалгыз энесин. Абыл турат көзүнөн, Мөндүрдөй кара жаш кетип. Эчкирип ыйлап токтобой. Эр Сейити Кылжыке, Алтынай менен Чолпонай, Көкбука менен Жетилбай, Абылдын кылып кадырын. Көөнүн көрүп жарымын, Көзүнөн аккан жамгырын, Баары ыйлап тура албай, Аруулап аппак жуудуруп, Ак кепинге буудуруп, Балта менен көр казып, Алып барып койушту.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.