Айалдабай Көкбука, Токтоно албай Жетилбай, Алтынай менен Чолпонай, Атты токуп камынып, Жетип келди куу чөлгө. Акылман кыз Кылжыке, Олжо малың болсун деп, Он миң төөнүн суу, нанын, Кайтартып койду буларга. Дөө уулунун аскерин, Кызыл канын жошултуп, Суктанманын элине, Айдап кирди кошултуп. Буттай темир курчанып, Желмайан минип очойуп, Кабагы жерге салынып, Каарга найза илинип, Буура тартпай бул доңуз, Келте мурун, кең беттүү, Алп мүчөлүү келбети, Суумергендин уулу, Жалтанбастан Сейиттен, Жан айабай качырган, Өзү мыкты шамдагай, Өрттөнгүрдүн ырааңы, Өрттөнүп кеткен арчадай, Телкүрөң минген Сейити, Капталынан бир муштап, Өтө берди бул чочко. Каны тартып Суктанмаң, Өзү келген алыстан, Кыйшайбастан эр Сейит, Карап турат какайып. Каары катуу Суктанма, Кара жанга күч келип, Беттеп жана качырды. Карадөөдөн качпаган, Кайраттуу Сейит жаш арстан, Суктанманын найзасын, Каңгыта кагып жиберип, Кыйамына келтирип, Кый сүбөөнүн тушунан, Кыраан эр найза муштады. Чыдай албай темир тон, Бадырап кыйрап жоголду. Бул Сыргактын найзасы, Бадыратпай койобу, Тогуз кабат топчулук, Токтоо кылбай үзүлүп, Тоодой болгон Суктанма, Бир сайып төөдөн түшүрүп. Кайраты артык кайран жаш, Жакшы менен жаманга, Бышыгып калган курган баш. Атанын кеби эсинде, Кечирбестен баш алмак. Көмөлөнгөн каапырды, Көрүнгөн тоодой баатырды, Балта менен башка чаап, Жайнатып кумга мээ чачып, Кез келгенди жалмады. Жарык күн батып төбөдөн, Түнгө айланган убагы. Кайра тартты арстаным, Барандынын түбүнө, Кыз Кылжыке жанына, Кылчайбастан барууга, Алдындагы Телкүрөң, Келе жатат шамалдай, Мамыдан чечип чылбырын, Эми эле мине калгандай. Эр караанын көргөндө, Көкбука менен Жетилбай, Алтынай менен Чолпонай, Абыл менен энеси, Кыз Кылжыке баш болуп, Амандашып көрүшүп, Колдун учун өбүшүп, Эрге тамак чай берип, Атка сууну жай берип, Көкбука менен Жетилбай, Бирге басып жанаша, Барандынын жанында, Башта сайган байракты, Желпилдетип колго алып, Көкбука, Жетил жанында, Сейиттин көөнү азыр жай. Көкбука менен Жетилбай, Түн ичинде уктабай, Душманга салды түйшүктү. Шукшурма, Акы, Шатыке, Калыбектин чоң Калча, Карадөөнүн кенжеси, Баш кошулуп бир жерге: “Суктанманы өлтүрүп, Кейишке салды Сейити, Азыгы жок жалгыз жан, Арбын алды азыкты. Көкбука менен Жетилбай, Үчөө болуп табышты. Кызыл алтын элинин, Суудай канын агызды. Кылчылдашсак аралаш, Койбой кырат бир жанды. Эртең менен майданга, Жекелеше чыгалы. Шай келе албай баратса, Буктурма койуп ар жерге, Капысынан качырып, Канкорду байлап алалы” Дешип алар кеп салып, Кеңеш бүтүп эл жанып, Сүрүп чыкты таң атып. Керней, сурнай тартуучу, Бөкөлдөрү жүгүрүп. Доолбас, керней, сурнайы, Туш-тушунан ызы-чуу. Эркин жерде тартылса, Эки айлык жолго угулмак. Чогулуп аскер сап болуп, Шукшурманы кийинтип, Чыгарып койду маңдайга, Эр сайышаар майданга. “Колдо кудай эми деп, Көзалага сыйынып, Карап турду жардашып. Шүдүңгүт минген Шукшурма, Найзаны алып колуна, Баатырды сайып алам деп, Келе жаткан ойунда. Алдында минген Шүдүңгүт, Чукул жерден бурулса, Шамал жетпейт ушуга. Көкбука көзүр кеп айтып, — Арстаным Сейит кебимди ук, Аркаңыз тийип өзүмө, Чолпонай тийди колума, Кызыгын көрдүм сулуунун, Кучактап кызды боорума, Чочкодон өлсөм кокустан, Өчүмдү алчу өзүң бар. Үч жыл жүрүп ар кайда, Үй көрбөдүм талаада. Уй минип чыкчу капырга, Теңтуш киши кептентип, Сиз барбаңыз жекеге. Тар кыйа тайгак чөл бүгүн, Бир жарайын керекке. Эңшере сайып өгүздөн, Өчөйгөн итти алайын, Тузуңду баатыр актайын, Түйшүгүңдү тартайын. Өзүңдөн кийин калганча, Мурун өлүп жатайын. Артыңда калып баатырым, Азапты андан тартпайын. Бербей койсоң бул итти, Көөнүмдөн чыкпас арманым. Шакмуруттан зор эмес, Шайтанды сайып алайын, Артынан чыккан эр болсо, Аны да кошуп алайын. Кызматын кылбай мындайда, Кусуруңа калбайын, Көрсөтүп кызмат алымча, Озуруңа канайын. Уруксат алып көкжалдан, Кирип келди тартынбай, Көкбука балбан майданга. Келгенче булар жан ачып, Чукул жерден сайышып, Машы чыккан баатырлар, Кагышып найза кол тартып, Өтүшүп кетти бул экөө. Кайра тартып Шукшурма, Капталга муштап өтөөрдө, Айбалта менен найзасын, Кагып ийип арстан, Кандим болгон Көкбука, Табарсыктын башына, Муштап өттү Көкбука, Мүчүп калды Шукшурма, Найзасы жок колунда. Көкбука урган чоң найза, Ай далынын көбүк эт, Учу кетти аралап, Чычаңы ылдый кара кан, Көп куйулду салаалап. Кайра тартып арам ит, Качып калды калдаңдап. Калдайган итти Көкбука, Кантип аны куткарсын? Шүдүңгүтү чүлүңдөп, Шукшурма көзү үлүңдөп, Кууп жетип Көкбука, Аркасынан күжүлдөп. Тулпар оозун бош таштап, Май сооруга найза аштап, Тоодой болгон Шукшурма, Кызыл кумга кулатты. Беттешкенин мент кылган, Белдүү баатыр Көкбука, Балта менен башка чаап, Сугаты канды кызыл кум, Шукшурманын канына. Сүрүлтүп күлүк ат минген, Акы дөө жетти жанашып. Атадан калган нарк экен, Акы дөөнүн салты экен, Жоого иштетер жарагы, Капталы калың балта экен, Сырты чокмор шекили, Уйуткан көпкөк темирди. Балтасын алып күүлөнүп, Күңгүрөнүп бул айбан, Бүркөлгөн күндөй чүмкөлүп, Томсоруп күлбөй кумсарып, Ала жүргөн далайы, Аскер айдап колбутуп, Чуу салып жүргөн далайга, Колумсага ок копшоп, Аскер айдап туу кармап, Коркутуп алган нечен жан, Ардактуудан экөө өлүп, Арданганы мамындай, Жетик туулган Көкбука, Найзаны таштап жиберип, Балтаны кармап имерип, Качырып кирди тартынбай, Лепилдеп ысык от жанып, Көргөндүн баары таң калып, Ачууланып Акы дөө, Алда канча каарданып, Камынганы балта чаап, Жаза чапса кумду чаап, Тийсе балта башына, Кантип тирүү жан калат? Балтага балта чака-чак, Үнү чыгып алардын, Кулак тунуп шака-шак. Балбандардын чабышын, Баары көрүп таң калат. “Балакеттүү кыргыздын, Баары балбан, баары зор, Ошону менен беттешип, Каткан экен биздин шор! Суктанма менен Шукшурма, Ал экөөнү сулатты. Акы дөөнү дагы алса, Анан бизди кууратты. Өлүп кетсе Акы дөө”. Ойлоп турат ниетинде, Шукшурма, Акы, Суктанма, Аскери кайра чубашты. Көпчүлүгү чуркурап, Колдо бизди кудай деп, Көзала деп жалынып, Коңгуроого сыйынат. Күнү-түнү үч күндө, Көкбука, Акы чарчады, Алдында минген аттары, Куйкаланып шыйрагы, Кызыл жоор болуп ат арып, Каары катуу Акы дөө, Найзаны алып колуна, Көкбуканы качырып, Как далыга бир сайды. Талкаланып кечири, Катуу тийип найзасы, Бадырады темир тон, Кызыл кумга шурдалып, Учуп түштү Көкбука. Балбандыгы башкача, Баатыр чочко Акы дөө, Баданасын кыйратып, Көкбуканы кулатты. Жебеден мурун Жетилбай, Акы дөөгө ал жетип, Кол бошотпой найза уруп, Айкалышып ушундай, Жеткирбеди капырды, Көкбукага ал мындай. Абыл келип ат кармап, Көкбуканы куткарып, Барандынын түбүнө, Алып барды Абылы, Куткарып калды жанына. Акылман кыз кылжыке, Жарасына дары чаап, Жакшылап атып Чолпонай, Бар керегин жам кылып, Белендеген Алтынай, Жай алгызып жаткырып, Көзүр баатыр Көкбука, Жаткан күнкү маалында, Ордунан туруп сакайды, Мээ кайнаган ысыкта, Оттой күйгөн куу кумда, Төрт күн талбай чабышкан, Жетик баатыр Акы дөө, Ысыган кумдун заарынан, Көзү көрбөй тунарып, Тиш кычырап тил чайнап, Шайы кетип көз жайнап, Өчөшкөнсүп Акыга, Ого бетер күн кайнап, Алдында минген Сур аты, Айак серпер ал калбай, Кыймылдарга шайы жок, Былк эте албай турганда, Балакеттей Жетилбай, Балтаны алып колуна, Кыйа тартып чуратып, Балта менен башка чаап, Жетилбай аты азыр тың, Жаңы келген майданга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.