Кек алып берсе душмандан, Жоого минер Суртулпар, Жоругу ашкан бул бир мал, Ааламда жок дүнүйөм бар, Казына оозун ачамын, Катка кошуп бирөө алсын. Бар жумушту бүтүрсөм, Башыңа таажы кийинип, Хан тактыда олтурчу, Эсен турсаң сен барсың. Келбесин мында мен үчүн, Ата кунун кууп алсын. Көзала динин сыйласын, Эр намысы бар болсо, Калбай келсин баарысы. Бир айдан ашып кетпесин, Кечикпестен бат келсин. Урушаар жоосу Сейити, Оңой олтоң дебесин. Колбутуп аскер жам кылып, Койбой баарын айдасын, Үйүр агып сел келсин, Астын үстүн көп келсин, Жаалы катуу эр келсин, Жалмаңдаган шер келсин, Жалындап күйгөн от келсин, Жайнаган кызыл чок келсин, Мылтык атып, жаа тартып, Жамгырдай түшкөн ок келсин, Баатырлардын тукуму, Баары калбай бүт келсин. Уулу жоктун иниси, Калбасын андан бир киши. Таайы менен жээн келсин, Такыр калбай бүт келсин. Найза сайар калбасын, Чокморлуу жатып албасын. Балта чабар мыктуудан, Кылычка андес ыктуудан, Күрөшкөндү жыкчуудан, Калбай баары бүт келсин. Өлүмдүн жайын билбеген, Баатырдын келсин баарысы, Ар өнөргө машыккан, Артыкча туулган жан келсин, Өткүр кыйын куу келсин, Укпай калдык дебесин. Күн жыйырмага толгондо, Болжоп муну узатам. Жан жүрбөстүн чөлүнө, Каары катуу Сейитке, Кармашар жери мына ушул. Кызыл кум жайын мен айтам, Айбан чалаар чөбү жок, Адам ичер кудук жок, Аккан булак дагы жок. Барган адам кысылат, Кыйналып күйгөн ысыкка. Ошондой жерде жеңбесе, Буга табар даба жок. Кызыл кумда жеңбесе, Адам уулу жеңе албайт Суу ичкен жандар тура албайт, Суу ичпей чөлгө көнүккөн, Чөл айбаны көп жашайт. Адамга кастык кылуучу, Арбын болот жандары – Кескелдирик, бөйөн, чайан, Жапанда тымсак мекени, Адам уулу ал чөлдөн, Барган тирүү келбеген, Канаттуудан жашаган, Төө куш деген анда бар, Күн тийгенде бул чөлгө, Бут сала албайт эч бир жан. Эртеден кечке күн кайнап, Кумга койгон суу кайнап, Таң атканча дем албай, Ысык болуп дем чыкпай, Сыдырым согуп жел чыкпай, Ысыктыгы ушундай. Кыйалымда Сейити, Ошол чөлдө бир кыйрайт. Минген аты Телкүрөң, Суудан калып кан катса, Чөптөн калып карды ачса, Мээ кайнаган ысыкта, Бок кайнаган сасыкта, Амалсыз болуп алдырат, Жаш Сейити ушунда. Тогуз күндөн ашпаган, Өлчөп суусун мен берем, Азгаштырып жиберем. Чөлдөн өтүп кетпесин, Отуз күнгө калбастан, Болжолдуу күндө келерсиң. Суулуу жерге жеткирсең, Баарыңдан агат кызыл кан. Тирүү кетсе Сейити, Күн батыштын тарабын, Коондой тилип кардыңды, Койдой кесет башыңды, Ханың менен караңды, Карың менен жашыңды. Атасы Манас кан ичме, Кадамы жеткен баар жерге. Кадимтен киши барбаган, Беттешип бенде жеңбеген, Анжу, манжу, каңгайга, Алтымыш капка Бейжинге, Солон, калмак, кытайга, Чуулган салып башында, Тартып алган тактасын. Кокусунан кол салып, Койгон эмес баарысын. Кутулуп мындан калбаган, Кол салышкан нечен жан, Уулу экен Семетей, Менменсиген эрди алган. Белдүүнүн баарын кыйраткан, Манасты жеңген жоону алган, Айтылып мындан кеп калган. Бейжинден алым бул алган, Периден тандап кыз алган. Шагы сынбай душмандан, Тирүү калып кутулган. Уулу калган Сейтек, Ат көтөрбөс болгон жөө, Тогузунда Сейтек, Жедигерге чуу салган. Чоң Кыйазды омкоргон, Сейтек уулу Кененим, Жети дөөнү кыйраткан, Тогузунда аттанган, Жалаңкыч Сарык атанган. Баласы анын Сейити, Жер түгөткөн тушу бу. Атасынан тукуму, Артык чыгат башынан, Каны тамса күчөгөн, Тукуму өсүп түтөгөн, Кандуудан калган уул бу. Кабарын айтып баарыга, Камындырып ала кел, Оңой жоо көрүп камынбай, Өздөрү келип калбасын. Өткөрүп ийсек бул чөлдөн, Өзгөчө салат кейишти. Өз элиңди унутпай, Үйрү тобун ала кел. Колуна бүгүн тийгендей, Дүйнөнүн тирек түркүгү, Кытмыр хан айтып бул сөздү, Дөө уулуна угузду. Дөө уулунун жайы бул, Сулайматтан өйдөрөөк, Баарын билген жөөт бул. Сулаймат айткан жерлердин, Баарын билет дөө уулу. Сулайматтан жакшыраак, Көбүн билет дөө уулу, Хан тактасы койулган, Шаарын билет дөө уулу. Кызматы жаккан элине, Эрин билет дөө уулу. Баатыр менен балбанын, Беттешкенин алганын, Такыр билет дөө уулу, Айтылган сөздүн учурун, Алчы-таасын калтырбай, Баарын билет дөө уулу. Айткан кепти калтырбай, Жатка билет дөө уулу. Бөгө менен чигесин, Анык билет дөө уулу. Бир сөз айрып миң түрдүү, Зири менен зеберин, Канык билет дөө уулу. Сөз ичинен сыр тартып, Икир–чикир арамдык, Илмегин билет дөө уулу. Бузуп айтып, түз айтыш, Улантпай сөздү үзө айтыш, Түрүн билет дөө уулу. Эритип айтыш, тоң айтыш, Ээси жокко чоң айтыш, Эстүүсүнө оң айтыш, Эбин билет дөө уулу. Кара күчкө каткырып, Жер алдынан суу чачыш, Баамын билет дөө уулу. Жакшы айтып күйдүрүш, Жаман айтып күлдүрүш, Кези келсе ардантып, Эби келсе сүйүнтүш, Таамай айтып күйүнтүш, Ачык айтып түңүлтүш, Чынын айтып эритиш, Ыгын билет дөө уулу. Жүз кубулуп кылчакташ, Түлкү болуп бултакташ, Ашырып сүйлөп эр макташ, Чала күлүп ырсакташ, Жалооруп жалган жыртакташ, Ичинде бүгүп кир сакташ, Оозу менен оң айтыш, Билгизбей туруп сыр тартыш, Арбын билет дөө уулу. Арбын менен турабы, Андан качып кутулбайт, Ар тарабын дөө уулу, Абайлабай ал калбайт, Көөнүнө түйүп кек сактап, Арзан менен унутпайт, Арам өлгөн дөө уулу. Көгүчкөн болуп көкөлөп, Көйкап тоону бет алып, Өчүгүшкөн дөөлөрдөн, Өзүндө калган уулду таап, Кабар айтып кайтышы, Алты күндөн аз эле ашпайт, Жетпей калып чынында, Кемип мүчүп ал калбайт. Бура сүйлөп башкага, Которулсун кебибиз. Нээтинде түйүп арамдык, Өзүнүн жалгыз кызына, Кенедей жок адалдык, Хан Сулаймат тактада, Түндү күрмөп бек санап, Дөө уулунун болжолун, Унутуп калам деп санап, Береки душман Сейити, Беш күндөн кийин кетсе деп, Таамай он күн жол жүрүп, Болжогон чөлгө жетсе деп, Калкына кылып жардыгын, Казыналык кызыл нар, Тандап онду алдырып, Азык-түлүк зар артып, Ар буруудан тон артып, Жөнөтмөк болуп узатып, Кетээрге жакын кез болуп, Эр Сейити жаш арстан, Көкбука менен Жетилбай, Чолпонай менен Алтынай, Чакырып алып жанына, Карадөөнүн казына, Карыптарга тараткан. Ашып калган бир канча, Алтын менен күмүштөн, Санаты арбын көп нарга, Жүктөтүп келип алдына, Энчи берди буларга. Ала албай жүргөн ашыгын, Алып берип буларга, Акыл насаат сөз айтып, Кудус менен Багдатка, Элимди тапкын деп айтып, Кол алышып коштошуп, Узатып койду элине. Жетилбай менен Көкбука: — Өмүр бойу кызматка, Салаар болсоң арстаным, Биз дайарбыз анда, — деп, Убадалуу сөз айтып, Сулуусу тийип колуна, Кубанышып кош айтып, Жээрде атты Жетилбай, Кыз Кылжыке минерге, Тартуу кылып ал берди. Ача тилдүү кош сөздүү, Түгөнүп кеткен Сулаймат, Сейитинин үстүнө, Басып кирди ошол кез. Ичинде сүйбөй кулжуңдап, Туйгузбай сөзүн балага, Сымаптай болуп кылтылдап, Кара күчкө каткырып, Карыган доңуз кеп салат: — Чырагым күйгөн Сейити, Маңдайда күнүм Кылжыке, Тилеймин өмүр силерге, Көзүм өтүп кеткиче. Сулаймат кызын Сейитке, Теңтушу таап берди деп, Оорагым кетет ар жерге. Оо, балам оорак эмеспи, Күйөөм Сейит дээрге. Бириң, чолпон, бириң ай, Менин көөнүм болду жай. Ырыскы багым экөөңсүң, Башымда таажы бөркүмсүң, Сен экөөңдөн өтүнөм, Ынтымактуу жүрүшүң. Тайгаланчу тактамды, Кайра жөлөп тургуздуң. Даңкымды элге дүң кылып, Карыганда атымды, Калайыкка угуздуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.