Ачуу айкырык угулду, Жарык түн кар тутулду. Нече түрдүү жан толду, Ат кылып минген булутту. Качырбай карма деп келди, Капкайдан келген бурутту. Башы көктү тиреген, Буту жерди жиреген. Бир денеде нечен баш, Колу-буту, көзү көп. Жер жүзүндө чөптөн көп. Алган жарак андан көп, Буркураган буу келет, Кызыл жалын чок болуп. Ач-кыйкырык чуу келет. Жүз миң адам болсо да, Бири жалгыз жечүдөй, Бүтүлү кара тоо болсо, Бир оозуна салчудай, Кылым толгон мындай жан, Кыйкырышат карма деп, Келген экен бурут деп, Бурутту кармап курут, деп. Муну көргөн жан калбай, Көкбука, Абыл, Жетилбай, Ал жерде чыдап тура албай, Четке чыкты уйалбай. Көкжал төрө Сейити, Көз айырбай карашат. Эми өлүм жетти деп, Өлөр жагын санашат. Андай сонун жумуштар, Эр Сейитке жарашат. Ырысына Сейиттин, Кие келген Таластан, Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, Көөдөнүн ачты Сейити, — Көргүлө мени киммин? — деп, Булут атчан дөө, пери, Көйнөктү көрүп өлдүк деп. Сумурук куш кармаган, Буурул сакал абышка, Баштады сөзүн баарыга: — Өлүмдү көрбөй Жүйрүн дөө, Сегиз миң жыл жаш көрүп, Кала албады дүйнөдө. Баарынын башы байлануу, Бай жардынын өлүмгө. Падыша Шабдат болгондо, Баш вазири Жүйрүн дөө, Шабдатка болуп акылчы, Жер жүзүндө кохарды, Жыйдырып баарын тапкызды. Кыйбастан адам уулуна, Бул күмбөзгө салдырды. Акыргача турууга, Жок керегин Жүйрүн дөө, Ал Шаддатка тапшырган, Ошондой кылып Жүйрүнгө, Сыйкыр менен каттырган. Жүйрүндөн Шаддат сураган: “Алабы муну бир адам? Түн кубалап күн өтөт, Ай айланып жыл өтөт, Өткөндөрдүн ичинде, Ааламдан нечен эр өтөт. Ошолордун ичинде, Манас деген бири өтөт. Жер бетинде көп ишти, Ошол Манас түгөтөт. Мен да өлөм Манастын, Урпагынын бирөөнөн. Көккүмбөзүң бузулат, Шаддат, ачык билгин сен.” Деп, Жүйрүн дөө жооп берген. Сен Манастын урпагы, Күмбөздү бузуп жол салдың, Түшүнгүс дүйнө олжо алдың, Ошондуктан билем мен, Ошол чактан ушул чак, Бул Күмбөздө турдум мен. Менде жаанын огу бар, Колуңа берем муну ал, Ок менен мени бир сайсаң, Мага өлүм табылат, Тосоту жок көп кохар Баары сага бош калат. Айтып болуп абышка, Жаанын огун берди эле. Жалган айткан бул кепке, Эр Сейити баатырдын, Айабай ачуу келди эле. Кыйнагын деп жакшыраак, Кушка буйрук берди эле. Буйрук алып Сумурук, Алакандын бүлтөктө, Кармап койду бир кысып, Агып кетти териден, Абышкадан май сызып. Абышка жаман шашылды. Сейити деп бакырды. Ошол үндү укканда, Боздоп жаткан топурак, Жердин бети ачылды. Май агып чыдабай, Абышка жаман ачынды: — Чынымды айтам эр Сейит, Керээзим менин акыркы. Жаа огу менен жанымды ал, Көөкөргө куйуп канымды ал. Жалганы жок чынды айтам, Жаш Сейити тилимди ал. Адамзаттын уулуна, Алса кохар токтобойт, Токтобостон себеби, Жин перилер жөн койбойт. Менин каным куйулса, Андан кийин жолобойт. Мен ыраазы өмүргө, Башымды бердим өлүмгө, Чынын айтты эми деп, Өлсө өлсүн мейли деп, Жаа огу менен бир сайып Ачылып тиши ырсайды. Күмбөздөгү кохарга, Сыйкырдын канын куйдурду, Булут атчан дөө пери, Нечен түркүн турган жан, Баары калбай чубурду. Жапанда жүргөн жайылып Карадөөнүн көп төөсүн, Карматып келип комдоду, Бир төөгө алты кап артып, Жипке теңдеп дорбону, Сейити келет экен деп, Элдин баары дүрбүдү. Алып келип кохарды, Казынага түшүрдү, Сулаймат ишин бүтүрдү. Бир кишиге соогат деп, Жалгыз кохар бербеди, Муну Сейит түшүндү. Күмбөзгө барып кол салып, Кохардан жүктөп олжо алып, Келип түшкөн Сейити, Жата турсун дем алып, Эми калган кеп болсо, Сулайматтан угалы. Сулайматта жок экен, Адамкерчилик, тууралык. Керкиттин ханы Сулаймат, Эр кадырын билбеген, Элди көзгө илбеген, Кара мүртөз хан экен, Арам пикир санаалуу, Уйку көрбөс жан экен. Чалалык көп кебинде, Жакшылык кылбас кишиге, Зыйаны тийсе тийгидей, Пайдасы тийбей элине. Сейитини жөнөтүп, Көөнүнө түйүп арамдык, Уйкусу келбей түнүндө, Нече акыл көп ойлоп, Арамдык бүтүп ичине, Кылжыкени бербеске, Кыргыздан кыраан Сейитке, Акыл таап чыңалып, Көзүнөн чаарын чыгарып, Алты киши алдырып, Алты күлүк ат берип, Алты сонун тон берип, Бечеттеген кат берип, Беймаал жанга туйгузбай, Кудуска элчи бол деди. Курсакка салып түйүп ал, Айтаар кебим бул деди: — Алтынай менен Чолпонай, Биздин колдо бар дегин, Канкор Манас тукуму, Кыргыздан келип бир уулу, Карадөөнү сойду де, Кара көзүн ойду де, Калың элге түйшүктү, Дагы кабат салды де. Сулайматтын жалгызы, Кыз Кылжыке сулууну, Аламын деп чыр кылып, Жатып алды дегиле, Эч нерседен жалтанбас, Баатыр экен дегеле. Сумурукту чоң дөөдөн, Тартып алды дегеле. Көккүмбөздүн кохарын, Артып кетти дегеле, Тентип кеткен эки кул, Кудус менен Багдаттан, Ээрчитип келип керкитке, Бергени жатат дегеле. Эки сулуу кызынан, Кудустук куру калат, де. Дини башка мунуку, Көз аланы билбесе, Динсиз экен дегиле. Айла болсо силерден, Кылжыкени Сулаймат, Бербейт экен дегиле. Кабыл көрсө Шермат хан, Балбандарын ээрчитип, Мындай келсе деди де. Келбес болсо Шермат хан, Көрүнбөсө көзүнө, Алтынай менен Чолпонай, Кудустук эки сулууну, Көкбука менен Жетилбай – Жетесиз кулдар алат де. Балбан экен Көкбука, Жалгыз атчан, жалаң тон, Ал замандан бул заман, Карды нанга тойбогон. Жетилбай деген немеси, Жетик эрдин бири экен. Жайын айткын Шерматка, Мен дайармын бербеске. Акыл кеңеш мен айтам, Жетеси жок карага, Берет бекен Шермат хан? Жакырларга кыз берсек, Сыймык качат биз жактан. Шермат да хан мен да хан. Хан каадага тырышам. Карага башты кар кылсак, Ханга намыс эмеспи! Кулга кызын берди деп, Эрге намыс эмеспи. Такта отурган хан туруп, Таалайы бар жан туруп, Башта таажы бак туруп, Башка жакка кыз берген, Баарыга намыс эмеспи! Каадасы жок, калың жок, Карапайым кишиге, Хандар кызын берди деп, Калайык шылдың кылбайбы! Ойноп күлгөн теңтуштар, Олжо катын сенсиң деп, Кызды шылдың кылбайбы! Уйалып калса кыз балдар, Өз жанын өзү кыйбайбы! Ойлоп көрсүн Шермат хан, Дайыны жокко кыз бериш, Орунсуз жумуш турбайбы! Теңдеш хандан далай бар, Тентитип ийди кызын деп, Теңтуштар айтат мындай кеп. Хан башын кара кылды деп, Ар кандай айтса эп келет. Сурадым жайын мен анын, “Мен Манастын тукуму, Кененимдин уулумун, Теги жайым ушу” — дейт, Көкбука менен Жетилбай, Ал экөөнүн тек жайын, Бул жердеги жан билбейт. Кабыл алсаң Шермат хан, Камына келгин бул жерге. Арстан менен шериңди, Атагы бар эриңди, Ала келгин бул жерге. Аркаңа аскер кол бүтүп, Сала келгин бул жерге. Кеби таттуу шылуундан, Керекке келчү уулдан, Найзакерден шыктуудан, Балталашаар мыктуудан, Канжар урчу камбылдан, Кайра качпас даңгылдан, Чокморлошчу балбандан, Томкоруп жоону алгандан, Кылыч чабар мартыңдан, Соот кийген зоруңдан, Жоого аттанчу чоңуңан, Келбей бири калбасын, Керекке келер бар жандан. Өнөрү бар өткүрдөн, Өлүмдөн коркпос жеткирден, Сыйкырдуу дуба билгенден, Жазбай атчу мергенден, Жаага огун кергенден, Катылышкан неменин, Жазасын колго бергенден, Жай жатып бирөө калбасын. Менден эстүү хан элең, Карага берип кызыңды, Хандыгыңды танбагын. Жолуң тосуп мен турам, Жоокерлер келбей калбасын. Аткарып ийип алты элчи, Арамдык менен Сулаймат, Ордосунда жай жатат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.