← Сейит 4/9

Түп Бейжинди жердеген, Азизхандын тукуму, Жүйрүн дөөнүн колунда, Окуп турган кезинде, Жасап берген белекке, Алмабаш деген мылтыкты. Сыйкырдын сыры чечилет, Асынып барсаң ошону. Жонуңдагы асынган, Арстандан белек алма баш, Ажырабай ала бар. Алма баш үнү угулса, Кургайт деңиз өзү эле. Атам Манас эр дейсиң, Айбаты артык шер дейсиң, Угулуп жүргөн укмушта, Азизхандын Алмамбет, Ак исламдан дин каалап, Ал Манаска келген деп. Алмабаш калып белекке, Жүрөсүңбү асынып? Деңиз кургап жер болсо, Уйулгуп шамал ызылдап, Жол табылбайт ошондо. Сыргак сайган Сырнайза, Шамалга утур кармаса, Басылат эле шамалы. Белек кылып карманган, Сыргактан калган Сырнайза., Азыр барбы колуңда? Түгөнсө шамал от чыгат, Жер жайнаган чок чыгат. Жер жүзүн басып мунарык, Кылымда мындай жок чыгат. Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, Кийип адам барбаса, Күйүп кетет жалынга. Учурап калат чапкынга. Жүйрүн дөөнү Кененим, Сойгон экен башында. Алган болсо көйнөгүн, Келдиңби кийе жаныңа? Кутулсаң оттон арстаным, Азуулуунун эрлери, Айбанаттын шерлери, Алар чыгат алдыңдан. Коркот экен ошолор, Атагын укса Манастын, Кутурсаң сыйкыр баарынан, Көккүмбөздө кулпу бар. Алдыртан өйдө умтулса, Колу жетпейт кулпуга. Үстүнөн ылдый жан келбейт, Ачууга туура ал келбейт. Дөө уулун ала барбасаң, Ачылбай кулпу ар качан. Ачылаар кулпу сыйкыры, Дөөнүн уулунун колунда, Туткундалган дөө уулун, Ала баргын жаныңа. Күмбөздөн кохар аларда, Көрөр ишиң дагы бар. Кохарды салсаң калтага, Кохары жок таш калар, Кохарды ташка айланткан, Көрүнбөс көзгө бир жан бар. Көрсөтөт сага кызматын, Сумурук куш ушунда, Сумурук куш кармасаң, Тирүү тийсе колуңа, Ала келгин бул жерге. Көп сыйкырдын түрлөрүн, Көрсөтүп жүрөт ал бирге. Күмбөздөн алсаң кохарды, Аралдын жери ачылды. Айтканым кылсаң баарын, Атамдын чери жазылды. Чыгарба эстен көк жалым, Курдашың айткан акылды. Айласы көп киши эле. Менин атам Сулаймат. Кара мүртөз жан эле. Бирде жакшы мүнөзү, Бирде жаман кыйалы. Бой чечишип сырдашып, Бошоп кетпе деги эле. Кишинин баарын пас көргөн, Тыңдуусунган неме эле. Бел алдырсаң атама, Түпкү жетет бир демде. Кыз курдашы айтканды, Кыйалга түйүп Сейити, Шаардан чыгып жол басып, Эликтей узап мол басып, Карадөөнүн сарайга, Ал күнү жетип, жай жатып. Жаадыкөй катын эки уулун, Өлүгүн карап жер казып, Дөө этинен шылытып, Өз уулуна көтөртүп, Күн батышка бурулуп, Кармоодо жаткан Сумурук, Какшаган үнү угулуп, Учурбай тур деп койуптур, Сыйкырдуу менен тор койуп. Сумурукту бошотту, Дөө этине тойгузуп. Адам тилин сүйлөгөн, Сумурук куш бошонуп, Азат кылып аларды. Ачып канат ирмебей, Тумчуккан үнүн чыгарып, - Карадөөнүн торунан, Куткарган мени ким? — деди. Айкөл Манас тукуму, Бар болсо ошол келгени, Кутулганым чын дейим. Жетимиш беш жыл алдында, Кармаган мени Жүйрүн дөө, Жетимиш үч жыл байлоодо, Жүйрүндүн турдум колунда. Айкөл Манас тукуму, Бошоткон мени Кененим, Ал доңузду сойгондо, Кыйла кызмат мен кылдым. Чынгыш хан сыйкыр кылганда, Андан кийин дүйнөдө, Эркин жүргөн жан элем, Эки жыл ашып бараткан, Мен турганы бул жайда. Айтпасам болбойт муну да, Сен Манастын тукуму, Кыларга жумуш мага кайда? Пейлиңди бузуп келдиңби, Береним баатыр көкжалым, Көккүмбөзгө барарга? Колумдан келсе айанбай, Көрсөтөм кызмат, мен анда. Көөнүңдө болсо баарын айт, Көп ыраак алыс барарга. Канатымды бир серпсем, Бир айчылык ыраакка. Атың менен өзүңдү, Жолдош-жоро кишиңди, Көтөрүп алам жонума, Бүтүрөмүн ишиңди, Баатыр Манас тукуму, Кыйналган азап торунан, Эки сапар куткардың, Өмүрүм өтүп кетер де, Балама керээз кылайын. Сумурук айтып кыйла сөз, Асман менен какылдап, Жөнөп калды жол баштап. Сейитинин Телкүрөң, Ооздук чайнап кыйгачтап, Деңиздин келип жээгине, Көз жиберип караса, Мелмилдеген суу турат. Көзгө араң көрүнүп, Көккүмбөз турат аралда. Султандан калган алма баш, Машага милте илинүү, Тартып алды ийнинен, Ичинде огу салынуу. Милтенин кызыл чогу бар, Жаш Сейити арстаның, Алмабаш алып колуна, Көз жетпеген деңизди, Атып калды тарс койуп. Машадан кызыл чок жетти, Алмабаштан ок кетти. Үнүнө чыдап жан турбас, Үнү ачуу Алмабаш, Козголуп тоо солк этти. Курма тамдар кулады, Төшөктө чалдар туйлады. Акырда эшек айкырды, Беймаал тоок чакырды. Солкулдады кара жер, Суу айбаны шашылды. Бир атууда жаш Сейит, Суунун пирин качырды. Чайкалып деңиз токтобой, Туш-тушуна чачылды. Суунун бети тумандап, Карара түшүп ачылды. Көрөр көзгө деңиз жок, Өйдө-төмөн бурулуп, Шамал чыкты удургуп. Баатыр Сыргак жолборстун, Сырнайзасын койкойтуп, Колуна алса Сейити, Жоголду шамал чаңдаган. Аңгычакты болбоду, Кылымды түтүн каптаган. Жердин бети кызыл чок. Жүйрүн дөөнүн көйнөгүн, Кийе жүргөн Сейити, Аралап кирди жазганбай, Күйгүзө албайт жалын от. Оттун сыры бурулуп, Азуулуунун эрлери, Айбанаттын шерлери, Жер бетине жык толуп Жайнап чыкты чубуруп. “Манастап” ураан чакырса, Калбай баары жок болуп. Көрүнүп көзгө Көккүмбөз, Түгөнүп түмөн көп сыйкыр, Деңиз эмес кургакта, Турган экен Көккүмбөз, Бер жагында кыргакта. Шаддаттан бери бар күмбөз, Түргөн чийдей жыланга, Жол тостуруп койгон кеп. Беттеп бенде кире албай, Нече заман турган кеп. Сүрөтү күмбөз мал тойуп, Турат экен томсоруп. Айланасы кактаң жер, Өнгөн гийа жок болуп. Айланасы курчалуу, Топурагы буртулдап. Шыркырап куму куйулат. Тулпардын тийсе туйагы, Томолок таштар удургуп, Үстү кызыл чап турат. Асты такыр таш турат. Гийа тургай суусу жок. Сыйкырдын сыры чечилди, Канча жылдык сыйкырдын, Маминтип шайын кетирди. Каалгасын караса, Жалама жалтаң зоо болуп, Кап бетиндей кулпу бар, Көрүнүп турат томпойуп. “Сыйкырдын сырын ачтым” — деп, Эрдемсип баатыр шашылды. Унутуп кетти ал жерде, Кылжыке айткан акылды. Күмбөздөн кайдан ийменди, Баатыр көөдөк эмеспи, Кулпуга колун жиберди. Сунган менен кол жетпей, Өйдөлөп кетти кулпу эми, Сексен жердей жолу бар, Төбөсүнөн Абылды, Аркан менен Салышты, Ылдыйлап кулпу кол жетпей, Ачар айла болбоду. — Эсимден чыгып кетиптир, Кыз Кылжыке кеби, — деп, Айып менде эми, — деп, Буйрук кылды Сейити, Дөө уулун алып келгин, — деп, Байлоодон колун бошотуп, Алып келди дөө уулун. Күркүрөп күмбөз доош берип, Кулпу ачылды шарт этип. Ичинде кохар таштан көп, Ташыйлы эми сыртка деп, Баары чогу жабылып. Далай дорбо, кап, калта, Ала барган камынып. Дорбо, калта, каптарга, Кохар салып толтуруп. Кенже дөөгө жүктөдү, Талаага чыгып караса, Кохардын баары таш болуп, Алда эмне шумдук деп, Акыл азып таң болуп. Ичтен салып кохарды, Талаага чыкса таш болот. Сумуруктан угалы, Сыйкырдын сыры паш болот. Асманда туруп Сумурук, Сүйлөгөн кеби угулуп: — Силер кохар салганда, Силер көрбөс бир кол бар, Кохарды алып таш салат, Ошол үчүн идиште, Кохары жок таш калат. Батыш жакта бир адам, Сыйкыр менен олтурат. Мен качырам күү менен, Кадимкидей сүр менен. Качырайын оорагын, Өпкөсүнө батырам. Өткүр учтуу тырмагым. Анык сыйкыр болгондо, Бир которот заманда, Андан коркпо деп айтам. Кабар кылып Сумурук, Катуу кирди буйуруп. Канаттын күүсү угулуп. Качалбай сыйкыр камынып, Заманасы куурулуп. Сумурук кармап өпкөдөн, Уу тырмагын өткөргөн.