← Сейит 9/9

Жетилбайдын Жээрдеден, Телкүрөң күлүк мал экен, Караса Сейит аркасын, Жетилбайдын Кылжээрде, Кылымдан ашкан бул Жээрде, Асыйы толгон жыйырма беш, Азыркысы Жээрде ат, Мааникерден кем эмес. Сээринде жалы жайылып, Жүгүргөндө тулпарга, Жер көрүнбөйт таанылып. Шамдай жарып эки көз, Ооздук тиштеп баш чайкап, Сары алтындан жагоосу, Чагылып күнгө жаркырап, Арка буттун туйагы, Үзөңгүгө кагылып, Оозунан көбүк чачылып, Куусу угулуп кулакка. Кирип келди жакындап. Үстүндөгү Жетилбай, “Манастап” ураан чакырат. Эр Сейиттен үн чыкты, Ач-кыйкырык чуу чыкты. Алда кандай үн бул деп, Керкиттик коркуп калтырап. Аңтарылып кетчүдөй, Жерге кирди калтылдак. “Атам Манас арбагы, Колдогун” — деп Сейити, Көпчүлүккө көрүнүп, Көкжал Манас келиши. Кыбыладан кыргыздап, Кызыл мунар зыркырап, Аккула менен айкөлүң, Артында келет үч арстан, Кырк баатырдын баарысы, Ат сүрөшүп келаткан. Жаш Сейити жолборско, Баарысы буга жолдош го, Арбактын баары келиптир, Атын сүрөп колдошко. Жээрде аттын алдында, Соорусу калдуу Аккула, Куйругун булгап жол баштап, Айбаты басып ааламды, Ашкере колдоп арбагы, Көргөн бенде тура албай, Көзүнөн жашы тамганы. Жаш арстан Сейити, Жандап өтүп тап берип, Жетилбайды кармады. Сүйүнгөндөн тура албай, Көзүнө кара жаш келип. Кыз Кылжыке, Алтынай. Абыл менен Чолпонай, Чоң эне менен Көкбука, “Манастап” баары бакырып, Атын айтпай Кылжыке, “Ата” деп ураан чакырып, Сары улагын таптырып, Жетилбай менен Жээрде атка, Садагасын чаптырып, Бар байгени кетирбей, Жаш Сейити эр алды, Комутта калып керкиттик, Жай-жайына таркады. Кыз Кылжыке акыл таап, Жайандын этин бырчалап, Канча түркүн аш тамак, Дайардап муну камдаган, Тамак берер убагы, Келип калды ушул чак. Абыл ылдам бар деди, Хан Сулаймат атамдын, Вазирлерин, бектерин, Керкиттин бүткүл чоңдорун, Чакырып келе кал деди. Кобурашып бүткүл эл, Конокко келди чогулуп. Сулаймат хан баштаган, Өңкөй керкит чоңдорго. Тартылып тамак баарына, Дасторкону жайылып, Курма, мейиз, сүт менен, Шекер, каймак, бал менен, Баары даамы таттуудан, Койуу-суйук аралаш, Баарын куйду тамактан. Дасторкон жыйнап албастан, Улантып анын артынан, Жайандын тартып этинен, Арпадан тарткан аракты, Көөкөр менен көтөрүп, Чөйчөктөргө куйдуруп, Алтынай менен Чолпонай, Ал экөөнө сундуруп, Акылына көндүрүп, Кыз Кылжыке акылман, Баарына кылат кызматты. Элге кызмат кылам деп, Сулайматтын сөөктөрүн, Оорутпай туруп сыздатты. Көпчүлүгү чогулуп, Кыйал мас болуп күлүңдөп, Жаш арстан Сейити, Жан айабай кылчалык, Кылдың кызмат бизге деп, Ыраазылык билдирип, Арамдык бүгүп ичине, Арамзаада Сулаймат, Актыгы жок кичине, Кайгыдан кызыл кан өтүп, Тамак ичпей уу ичип, Кара күчкө каткырып, Хан Сулаймат кеп айтып: — Кадырлап балам Сейити, Чакырып келдиң биздерди. Хандыгымды билгизип, Атаңдын сөзүн кыйбасаң, Чогулушкан чоңдорго, Уйат кылып койбосоң. Кызмат кылдың мен үчүн, Арстандыгың билгизип, Карадөөнү кулаттың, Керкиттин элин кубанттың, Көккүмбөздүн кохарын, Казынага төктүрүп, Көңүлүмдү куунаттың. Керкиттиктин элине, Кенендигиң билгиздиң. Карадөөнүн казнасын, Карып менен бакырга, Жетим-жесир, карыга, Бөлүп аны бергиздиң, Кем-керчи жок бул элге, Аркаңды балам тийгиздиң. Канаттуудан Сумурук, Өзүңө башың ийгиздиң. Жайанды кармап деңизден, Жалпы бизге жегиздиң. Жаадыкөй катын төрт уулун, Күн тийбеске кетирдиң. Сайышта балбан сен алдың, Каргытып күлүк ат чапсак, Бул мөрөйдү дагы алдың. Ааламга кетип дүмөгүң, Аброй атак мен алдым. Жөө күрөштө балбанды, Жамбы атышты дагы алдың, Кетирбедиң башкага, Сүйүнгөндөн ошондо, Жарылбай жүрөк калганы, Ойлосом өзүм ушундай, Жан экенсиң таалайлуу. Кызматыңа өзүңдүн, Кылжыке кызым турмайлык, Өз башым сага арнадым. Турарсың балам далайга, Жалгыз кызым Кылжыке, Каадасын толук кылайын, Кем-керчисин бүтүрүп. Кеми турат сарамжал, Эркек бала муунум жок, Ханда мендей муңдуу жок, Жалгыздыгым ойлосом, Жалындап күйүп ичим чок. Санаам бүгүн бир тынды, Күйөө балам сен болуп. Белиме таңуу кылганым, Каамурут менен Шакмурут, Эки балбан ал эле. Эр Көкбука балбаның, Эбин тапты билесиң. Жалгызым сенден сурайм, Маана кылып турарга, Хан деген атым бар туруп, Балбансыз жүрөм кандай кеп. Каралды бүгүн алдыма, Карадөөнүн кенжесин, Калтырып кетсең сен мында. Насыйат кепти мен айтып, Караан кылсам жаныма, Ал каршылык кыла албайт, Өзүң аман турганда, Эркине аны койбоймун, Сага каршылык кыларга. Ээрчитип ала кетемин, Карадөөнүн кенжесин. Сулаймат турду муну айтып, Сездирбей туйук кеп айтып, Хандык наамы бар экен, Кайната болуп бир чети, Сураганы бир киши, “Агарып көөнү калсын” деп, Берип койуп Сейити. Чыпылдап бетин тер басып, Сейити бердим дегенде, Ант урган жөөт Сулаймат: — Мен ыраазы, балам сага, Көөнүмдү кубанттың, Балалыгын, билгиздиң. Сездирбей бала Сейитке, Салмакчы түбү кейишти, Арамзада түгөнгүр, Алдап соолап дөө уулун, Өчтүү кектүү дөөлөргө, Жибермекчи пейлинде, Алдаптып койгон жаш баштын, Кай кылыгын мен айтам. Муну мындай таштайлы, Арам ойлуу Сулаймат, Кастык кылып соңунда, Өлгөнүнөн баштайлы.