← Сейит 2/9

Бактысына ишенип, Карадөөнү алам деп, Шаша келген турбайбы. Камалды бузган ар качан Кайраттуу берен турбайбы. Балтыр эти ката элек, Балапан жүнү түшө элек, Бала баатыр турбайбы. Теңдеши болгон ургаачы, Дегеле көөнү тынбайбы! Жынысы ургаачы бендеде, Эрге тийбес болобу, Мындай эрге тийбесе, Түбүндө киши оңобу? Көп эркектин ичинде, Көкжал мындай болобу?” Сыр алдырбай Кылжыке, Сынап эрди болгону. Эрен бала Сейитти, Кылжыке сынап ичинде, Кыйалына толтуруп, Түк чыгарбай бир сырын, Кылжыке кылса жакындык, Кыраан бала Сейити, Көзгө илбейт теңсинип. Акылы терең Кылжыке, Айтайын деп сырымды, Сары алтындын буусундай, Санаада сөзү чубалтат: — Ардактап сүйгөн арстаным, Кылымдан ашкан кымбатым, Кызыл алтын сымбатың, Ата-тек жайың сураймын. Чын жолборстой мүнөзүң, Кайсы жердин гүлүсүң? Кыйналтып ичке чок салдың, Кыйа карап күлүшүң. Сүйкүмдүү элдин уулу дейм, Кандай сонун мүнөзүң. Кыздар тандайт кийсек деп, Кымбат баалуу кундузду. Азамат санайт асманда, Алсам деп чолпон жылдызды. Учкуну көздүн жылдыздай, Турушуң башка кубулжуп. Кыз тандаган кундуздай, Кызыл чок ичке саласың. Кыйналтып жанды тургузбай. Кыз эмес элге кызматты, Кылганга жигит устасың. Кыйнаган элди Карадөө, Кыйамын таап сулаттың. Жаадыкөй катын, беш уулун, Талкалап баарын куруттуң. Жапалуу Керкит көп элин, Жай кылып көөнүн куунаттың. Кыйноо тарткан кыз үчүн, Көкбука менен Жетилбай, Жыргалды көрсөм деп жүргөн, Алтынай менен Чолпонай, Ал төртөөнү кубанттың. Таңшыган мендей күкүктү, Таштап койсоң куураттың! Ынтызар болдум угарга, Түп атаң сурап турамын. Өзүм хандын кы зымын, Өзгөчө сизге кызыдым. Кыйноого таштап кетпегин, Өчүрүп өңдүн кызылын. Атамдын аты Сулаймат, Анын жалгыз кызымын. Тартып келип Карадөө, Көрбөдү менин кызыгым. Келтирген менен Карадөө, Каапырдын бойу бир дөбө, Сулуулукка кызыган, Сулууну доңуз көп жыйган. Ата мурас салты экен, Кызга арак сундурган. Кыз берсе арак колуна, Кош болот экен ойунда. Камоодо жаттык үч сулуу, Үч жыл мунун колунда. Өлүүдөн башка жок эле, Кан ичменин колунда. Алда кайдан сен келип, Кутулуп доңуз колунан, Өзүңө окшош бир жашты, Көргөнүм менин сонун да. Курмандык болуп жан кыйсам, Кырааным сенин жолуңа! Кымбат баалуу чымын жан, Кыйамат карай кеткенче. Кылчайгыс сенин жолуңда, Ажырап сенден калганча, Өлгөнүм менин ойдо эле. Өрттөнгөн дөө торунда. Урмат менен сураймын, Өз журтуң айтып койууга. Эр Сейитим жаш арстан, Сыр алдырбай сураса: — Сурадың кыз Кылжыке, Суктандым деп угарга. Айкөл Манас түп атам, Сен сурадың мен айтам. Турган жери Кең Талас, Башчысы Султан зор Манас, Кең Таласты жердеген, Ак калпак кыргыз көп алаш. Кеңколдогу коргондо, Падышалык алтын так, Байкап угуп Кылжыке, Байандуу сөздүн даамын тат. Жору куйрук кызыл алп, Эр кененим сойгон деп. Жер бетине угулган. Мен Кененим уулумун, Өзүмдүн атым Сейити, Бул жерде туруп нетели, Эл башкарган Сулаймат, Хан алдына жетели. Кан жутуп какшап ыйлаган, Калктын көөнүн ачалы. Өлгөнүн дөөнүн сен айткын, Арманы чыксын атаңдын. Ар моокумдуу сөз айттың. Айрылып калбай бир жүрүп, Бар кыларсың бүт ишиң. Хандык кылса Сулаймат, Карайбыз анын келбетин. Каршылык кылса биздерге, Төгөрбүз жерге берметин. Сен чыдаарсың Кылжыке, Чын болсо айткан бир кебиң. Тынчытып койуп кетели, Эл чекеси, жоо бетин. Көкбука менен Жетилбай, Жатпагыла тургула. Дөөнүн уулу жетимди ал, Казынага кулпу сал. Өлгөн дөөнүн төрт уулу, Төрт тулпарын алып кел. Кыз Кылжыке, Чолпонай, Абыл менен Алтынай, Бирден токуп мингиниң, Берки керкит калаага. Сен Жетилбай киргиниң, Кара дөөнү өлдү деп, Калың элге билгизгин. Хан Сулаймат бегине, Калтырбай билгиз элине. Эркин эли жердесин, Көк өзөн сындуу жерине. Жетине албай Жетилбай, Керкиттин кирип калаага, Калаадагы элге айтып: — Керкиттин ханы Сулаймат, Кызыңыз келди” — деп айтып. Шер Кененим тукуму, Эр Сейити баатырым, Дөөнү сойуп кыйратып, Туткундагы жандарды, Куткарып баарын сүйүнтүп, Өзү бирге келатат. Керкиттин ханы Сулаймат, Угуп турган калың эл, Баары кетти чуулашып. — Багы ачылсын арстан, — деп, Сейитинин астынан, Жүрүп берди чубашып. Сулаймат жалгыз хан калды, Андан башка калбады. Сүйүнүп ыйлап далайы, Жетим уул, тул катын, Кантип булар тура алсын. Жардысы бар, байы бар. Кордук көрүп чоң дөөдөн, Кор болгондон баары бар. Жетине албай сүйүнүп, Жетим калган жаш балдар. Айрылган эрден катындар, Алтын, күмүш зарларын, Алдырган эчен байлар бар. Чоңдордун баары чойулуп, Сурмалуу көздөр койулуп. Ал сейиттин алдынан, Баары жүрдү чогулуп. Телкүрөң минип теңселип, Тегеректеп эл келип. Сакалдуулар алдында, Салам айтып кол берип. Көп элдин заарын көргөндө, Залкар тоодой чунагың, Көзүнүн жашын имерип. Эл ыйласа, жер ыйлайт. Ызылдап үнүн чыгарып, Желип өткөн жел ыйлайт. Жан-жаныбар кубанып, Жетине албай бүт ыйлайт, - Өчпөскө бүткөн күн ыйлайт, Өлбөскө бүткөн түн ыйлайт. Өскөн дарак тал ыйлайт, Такаты калбай таш ыйлайт, Атасын каапыр дөө жеген. Өкүрүп өксөп чаш ыйлайт. Бетин тытып чаш жулуп, Жесир катын тул ыйлайт. Толкуп жаткан көк деңиз, Томсоруп жаткан чөл ыйлайт. Жайнаган жарык көк ыйлайт, Жайлоого чыккан чөп ыйлайт. Сүйүнүшүп булбулдар, Так сайрабай чулдурайт. Сулайматтан башка жан, Бирөө үйдө калбады. Өзөгү күйүп өр болгон, Өзгөчө калкы турбады. “Өмүрүң узун болсун” — деп, Көпчүлүк кылды дубаны. Өткөн күнү жаңырып, Жалпы калкы сүйүнүп, Алып келип Сейитти, Хан ордого түшүрүп. Жаны калбай көпчүлүк, Кызмат кылып далайы, Алек-далек жүгүрүп. Көөнүнө арам бүгүлүп, Сулаймат турду үшкүрүп. Ата түрүн кыз көрүп, Энесине кеңешип. Увазир, бегин жыйнатып, Кымбаттуу сулуу Кылжыке, Айтмак болду билгизип. Кыйалында максатын: — Айтсам сөзүм далай бар, Азап салды Карадөө, Келбеди ага алыңар. Кыйнады жаман эл-журтту, Кан ичме доңуз Карадөө. Кудус менен Багдаттан, Алтынай менен Чолпонай, Алып келди сулууну. Кылжыке мени баш кылып, Күндө арак сундурду. Талап келип кез болду, Таласта кыргыз улугу. Атактуу Манас баатырдын. Аркасында тукуму, Акылы артык тунугу, Катышып баатыр Сейитке, Кан ичме капыр куруду. Жаадыкөй катын, төрт уулун, Жалмап баарын курутту. Катуу өткөн силерге, Карадөөнүн кылыгы. Жору куйрук кызыл алп, Кутургурдун тукуму, Кезегинде Кененим, Сойгон экен ошону. Карадөөнү сулаткан, Ал Кененим тукуму, Аты Сейит мына бу. Каары катуу эр экен, Көргөндөн бери жактырып, Көңүлүм менин чыдабайт. Кошулсам деп ушуга. Атам менен кеңешип, Бүтсө кеңеш кебиңер, Эп келсе мени бериңер. Кыйыгына калсаңар, Табылбай калат эбиңер. Колуңарга алсаңар, Жарыгы менен Сейиттин, Корголуп калат жериңер. Эки күндөн калтырбай, Жообун алып бериңер. Жакшы жаман кеп болсо, Мага айтып келиңер. Чакырып келип чоңдорго, Чалкалаган зорлорго, Кылжыке айткан кеп экен. Эл башкарган бийлери, Хан Сулаймат үстүнө, Барып кирди жыйылып. Вазирлери кеп айтат: — Алдайар таксыр ханыбыз. Алдыңа келдик баарыбыз. Кылжыке кызың өзү айтат, Карадөөнүн колунда, Туткун болуп мен жаттым. Керкиттин эли сен эмес, Кан ичмек каапыр Карадөө, Кудусту кошо чапты, дейт, Мына бул келген Сейити, Куткарып бизди алды дейт. Укмуштуу кызың кеп айтат, Жаңы келген Сейити, Кененим уулу деп айтат. Сөз этеги бир жерде, Түшүнүп ханым карагын.