Сейитинин ишине, Бардык эли сүйүнөт, Такта жатып Сулаймат, Өтө жаман күйүгөт. Жана карам иш ойлоп, Катынын алып жанына: — Кызга жакын энеси, Кыз Кылжыке ойлосун, Кыргыздан келген бир шумга, Тийемин деп айтпасын, Хан атасын башка элге, Бекер уйат кылбасын. Жашы чыкты он үчкө, Эрге тиер чагы эмес, Барамын деш кандай кеп, Ат жеткис алыс бир жерге? Жолоочунун артынан, Ээрчип кетсең жалгызым, Атаң жалгыз кантет деп, Таалайы артык кызымдын, Хан уулуна берейин, Көзаланы билбеген, Динсизге кандай берейин? Кызыңды кепке көндүрүп, Баардык кебин кызыңдын, Угуп келгин сен! — деди. Сейити бекер жата албай, Өңкөй Керкит шаарында: — Жетим, жесир, кары бар, Төрт күндүн санын ашырбай, Жыйнап кел, — деп, - сарайга, Канча качыр, төө менен, Карадөөнүн казына, Алдырып келди шаарына. Жетим-жесир алсыздар, Келди баары жыйналып. Көбү коркуп алардын, Араң турат кыйналып. Термелбеген көкжалың, Карадөөнүн казына, Жетишинче буларга, Бөлүп берди ушул чакта. Жыйылган элди карачы, Жыйырма миңче санаты. Алдына тийди бир баштык, Аз тийгенге миң алтын. Эбегейсиз кубанып, Алсыздарга той болуп, Жардысы жок бай болуп, Баштыгына пул толуп. “Бул эмне киши? — деп, Көпкөндүктүн иши деп, Ач көз чочко Сулаймат, Айабай буга күйүгүп, Сейитимден корккондон, Бара албады жүгүрүп. Пул алгандан албаган, Көп жыйналып турган жан, Элдин баары чогулуп, Көөнүнө жагып көп элдин, Эки сапар бата алды. Көкбуканы жиберип, Сулайматты алдырды, Көккүмбөздүн кохарын, Сулайматка тапшырды, Абылды буга баш кылып, Алтымыш киши жабылды, Күн он эки дегенде, Казынага салдырды. Энеси келип кызына, Эркелетип бир кыйла, Хан атасы Сулаймат, Калтырбай кебин салыптыр. Кулак салып кеп угуп, Мелтиреп карап отуруп, Энесине Кылжыке, Тийер-тийбес жагынан, Бир ооз кебин айтпады. Көлдөй төгүп көз жашын, Эки айактуу адамды, Ургаачы эргиз кылбасын, Энеси тиктеп муңайып, Күүгүмдөп көзү тунарып, Тыш тонун чүмкөй жамынып, Кеп айттырган атасы, Айтып келген энеси, Дүм түшүп жатты Кылжыке, Экөөнө катар таарынып. Хан Сулаймат алдына, Кайтып келип катыны, Амал канча жашырып, Кебин айтты акыры: — Айтканынан жылышып, Жанбайт экен кызыңыз, Кандай акыл ойлоп тап, Өзүңүз амал кылыңыз. Мен арачы болбойун, Кебим ушул угуңуз. Ачуусу келип Сулаймат, Алайа тиктеп катынын: — Кеп угузбай кызына, Кайра келип мага айтат, Андай менин балам жок, Бар, кызыңды көндүргүн, Тил албаса Кылжыке, Көрбөсүн көзүм өлтүргүн! Кеп укпады кызың деп, Кайра келсең сен бетпак, Чачыңды кыркып аламын, Бетиңди тилип саламын, Канжарлап кардың жарамын! Кыз экөөңдү бир кошуп, Өлтүрөмүн дарга асып! Ачууланып катынга, Турган кезде Сулаймат, Кудуска кеткен элчилер, Келип калды аңгыча: — Элчилик жолун бүтүрүп, Барып келдик алыска, Хан Сулаймат алдыңа. Сиз жиберген Шермат хан, Артык экен акылы. Катың берип сөз айттык, Эл бийлеген чоңунан, Бирин койбой чакырды, Бизди жакшы сыйлады. Сиздин кылып кадырды. Бизге айтпаган кебиңден, Каттан чыкты кыйласы. Бир кишиден далдалап, Койгону жок ырасы. Биз да бирге олтурдук, Кеңешинде кеп угуп. Өзү Шермат кеп айтты: “Кадырлуу конок – деп айтты, Кабар таптым бар кептен, Мен айтамын силерге, Сулайматка айткыла, Кабары мурун угулган, Кабылан Манас баатырдын. Кандай айтат Сулаймат, Кабылан Манас уулуна, Катыла албайт чынында. Калтаарып турган биз эмес. Анжу, манжу, чоң туңша. Алтымыш капка каканга, Кангай, кытай калмакка, Чуулган салган башында, Капкачанкы кыргыздын, Кегин кууп кун алган, Айаган кантип оңолсун, Кызды анын уулунан. Айкөлдөн калган тукуму, Арстан баатыр Семетей, Султандын уулу Гүлүстөн, Каныкей, Бакай, Айчүрөк, Кайып болуп беш киши, Тирүү бар деп мен угам. Он эки жашта Сейтек, Тоодой болгон Кыйазга, Чуу салган деп угулган. Уккан кулак укмушта, Тогузунда Кененим, Айтумуштун элинде, Күн батыштын четинде, Суунун уулу Суумерген, Атактуу баатыр Сурмерген, Акым, Шакым – эки дөө, Жоорукуйрук эки алп, Бозчаар минген Боромбай, Карала аттуу Калыбек, Күн батышта жети дөө, Баарысын сойгон деп угам. Кар чалышкан заманда, Кан менен колун жуунган. Хан Манастын тукуму, Кутулуп мындан ким калган? Кабарым уксам Сейити, Каары артык жан экен. Карадөөнү кыйраткан. Мыкты болсо Сулаймат, Кыйын болсо кудустук, Кызды дөөгө алдырбай, Кылбайт беле туруштук. Сейитке кызын бербейм деп, Кат жазганын Сулаймат, Карасам өзү бир укмуш. Мен барбайм Кудустан, Жан алгыч менен урушуп. Ага барып катышсак, Суудай агат каныбыз. Ар кимдин түшүп торуна, Таланып кетет малыбыз. Башыбызга токтобойт, Баашалык алтын тажыбыз. Таажы эмес, так эмес, Такыр калбайт жаныбыз. Кыз бербейм сага деп, Кырылып кетиш кай жумуш? “Алам десе кыз бер деп, Ач калганга аш бер” — деп, Мурункулар айткан кеп. Кыйамына келгенде, Кыз айтат эрге тием деп. Каалаган эрге бербейм деп, Кыз ыйлатыш кандай кеп? Кудус жакта жок болот, Татыгы жок андай кеп. Каалаган эрге тийгин деп, Кыз беребиз баргын деп. Алыстан келген кыргызга, Катылышпа ушуга. Керкит, Кудус биз тургай, Кангай, анжу, манжулар, Ооган, тажик, маңгыттар, Уруша албай баарысы, Уйпаланган ушулар. Каалабаймын ойумда, Катышып барып кол салып, Хандыгымдан ажырап, Как талаада калышты. Көзү жетпейт урушсак, Сейитинин алышты. Каары катуу жан экен, Карадөөнү кыйратып, Алып берди намысты. Карадөөнү жоготуп, Кудустун элин тынчытты. Кудустагы эл үчүн, Арзан эмес жумушпу, Диним депсиң көзала, Мен билбей мунуңду. Мен сыйынам кудай деп, Пайгамбар айса урууга, Диним жакын меники, Алп Манастын уулуна. Кандай киши жактырбайт, Кабылан Манас баласын. Алтынай менен Чолпонай, Кудустук эки сулууга, Эр Сейити ээ болуп, Өзү билип узатсын. Күйөө болуш эң жакшы, Көкбука менен Жетилбай, Ээ болуп Сейит кыз берсе, Мен боломун көөнүм жай. Сумурук куштун улугу, Куткарганы угулду. Кушуң менен кээрим жок, Куш тууралуу кебим жок. Сыйкырдуу күмбөз бузулса. Кулап калам тактадан, Кагылышсам ушуга. Кем-керчи жок бүтүрүп, Аткарган жумуш бул турса, Кандай кылмак Сулаймат, Кызын бербей ушуга? Катышпасын Сулаймат, Кара күчкө намыска, Менин айлам так кетет, Кол сунуп калса Кудуска. Аскер айдап колбутуп, Менменсиген эр жыйнап. Атышып ага барбаймын, Алп Манастын уулуна. Мен кумармын Сулаймат, Такка минип турууга. Артын абдан ойлонсун, Эли аман турууга. Эрге тиет ар качан, Чоңойгондо кыз бала. Эрсиз өтпөйт жалганда, Тим эле берсин кыздарын, Хан Сулаймат тил алса. Бенденин кызын пери албайт, Берсин кызын Сулаймат”. Хан Шерматың муну айтты, Бара албаймын мен деди, Бул сөзүн айттык ханыбыз. Буйрук кылдың биз бардык, Кудустан кабар бул болду. Кечирим кылып өзүңүз, Кечирериң өзүң бил, Арып чарчап биз келдик. Катын менен баланын, Барып жүзүн көрөлүк. Уруксат болуп ханынан, Кайтып кетти барган жан. Айласы кетип Сулаймат, Баана болбой Кудустан, Айласы жок бүгүлүп, “Тойун кылсын Сейит деп”, айттырып ийди бул сөзүн, Кулакка жакпас шум сөзүн. Ачуусу келип Сейитин: — Чакыртып келсин бүт элин, Ойун көрүп эл кетсин, Балбан чыксын сайышка, Буудан чапсын байгеге, Жамбы атсын эрмекке, Той кыл деген кандай кеп, Талаадагы адамды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.