Кербен башы мен элем, Жамандык жок дээр элем. Эркин жатып таң атып, Уйку канып эт тырмап, Кербендердин үстүндө, Кеңири ойноп жан жыргап, Эчтеме жок эсинде, Шаарда жаткан кезимде, Сулайматтын желдети, Келип жетти кечинде. — Эртең кербен жолго сал, Карадөөдөй эрге бар, Алыстан келген кербендер, Барып дөөдөн кабар ал! Айткан кеби бул болду, Айтып болуп жоголду, Эли жок элкин кишиге, Баш булгаар заман болобу. Төөлөргө жүктү арттырдым, Карадөө көздөй тарттырдым, Кечке чейин жол басып, Кеч кирген жерге жаткырдым. Жоо жарагын алдык биз, Жолу катуу чочкого, Айнектей түздө көрүшүп, Жолугушуп калдык биз. Жаадыкөй катын беш бала, Кан соргучтун жанында, Арак сунуп көз жайнап, Кылжыке сулуу алдында, Адам уулу чыдагыс, Айбатына, каарына, Көзүн салып карады, Кербендердин баарына, Эки эрди жетелеп, Алып кетти айлына. Каратып туруп сойду бу, Кактап жеп этти тойбу бу, Баарыбызды чогултуп, Тар жылгага койдурду. Сыртыбыздан көз салып, Бастырбай бизди кайтарып, Бактырып туруп биздерди, Экиден күндө сойдурду. Соода кылган кербен биз, Отуз жети кишиден, Бешөөбүз калдык бир кезде. Жеген тамак аш болбой, Арыктадык баарыбыз. Белдерибиз бүгүлдү, Бизди көргөн адамзат, Бейлебей калса капташып, Кара жандан түңүлдү, Соода калып, төө калып, Керкитти эли сүйүндү. Алыстан азып ким барса, Алпарат экен ал дөөгө, Экиден кууруп жеп жүрүп, Жоготот экен дүйнөдө. Биз бешөөбүз калганда, Жилик албай арыктап, Чыкпаган тирүү жан калды. Карап туруп бир күнү, Бешөөбүздү кайт, деди. Көргөн билген ишиңди, Жер жүзүнө айт, деди. Көргөнүбүз бул болду, Капыр дөөдөн тирүү биз, Кутулуш жайы ал болду, Адамзаттан аккан кан, Ичерине чай болду. Отуз жети биз эмес, Биздей нечен келгенден, Сулаймат айдап бергенден, Канча киши жоголду. Керкиттиктин элинен, Алым алат күн сайын, Эти таттуу жумшак деп, Келини менен жигиттен, Жалганбы деп калбаңыз, Жай уксаң, баатыр, эми сен, Келе жаткан керкиттен. Айкөл Манас баатырдын, Артык уктук оорагын, Айтып барсак каканга, Кантип бирөө бара алсын, Андыктан келип биз сизге, Айткан ушул арзыбыз, Сулаймат менен Карадөө, Капырлардын колунда, Тарткан ушул дартыбыз. Кербен кебин бүтүрдү, Канкордун кара көк, Айткан кепке түшүндү. Чоң Таластын түзүндө, Тактасынын үстүндө, Атадан калган сыйкырдуу, Сыр коргондун ичинде, Жалын чыгып көзүнөн, Жаалы чыгып жүзүнөн, Тик багып бенде карабай, Азыркы турган түсүнөн, Салтанаттуу Кененим: — Сен кербендер, ук, — деди, Алты күнү болгуча, Ат өргүтүп бой сергит, Кайсы жерде болчу эле, Силер келген ал керкит? Катка салып кагаз бер, Талас менен керкиттин. Арасы канча жол келер? Эки күндүк жолуңду, Бир күңдүккө эсеп бер. Эр Кененим кербенге, Алты күнү былк этпей, Ат өргүтүп, кетерге, Жесекчинин бирөөнү, Тапшырып аны берди эле. Жолоочу келген кербендер, Байдай жатып мамырап, Суу ордуна май чылап. Кербендер жатты жан жыргап. Кененимден укканы, Эсинде бар кербендин, Күн алтыга толгондо, Эсептеп жолун керкиттин, Кагаздын бетин толтуруп, Кененимге бергени. Эр башына бирден ат, Ээр- токумун жаратып, Карматып берди кербенге, Алтын зардан айрылып, Алсыз болуп келгенде, Ар бирине жүздөн кой, Айдатып берди кербенге. Бир кишиге бештен төө, Байлатып берди кербенге, Көргөнү менен билгенин, Жашырбай айтып бергенге, Сүйүнчүгө алгын, деп, Андыктан бердим Кененим, Карадөөнүн кабарын, Айтып мында келгенге. Керкитке барып талатып, Кербендер келип жан ачып, Кененимге көрүшүп, Кем-керчи жок мал алып, Алдына тулпар ат минип, Ал кургурлар кубанып, Кербендер жолго салыптыр. Он эки жылдан бер жакка, Ордодо калып зериккен, Жол жүрө албай бир жакка, Көңүлү кирдеп дат болуп. Ойунда болчу чоң капа. Толуп турган Кененим, Тоодой Кула ат менен, Баштакыдай салт менен, Бармакчы болду Керкитке, Бадиректи эске алып. Баруучу эмес Кененим, Башкалардай кол алып. Жалгыз жүрчү адаты, Олпок тонун бөктөрүп, Ого бетер көкжалың, Унчукпастан көгөрүп: “Түп атам Манас баатыр, — деп, Мындай болсо бадирек, Күнүгө эки киши жеп, Түгөтөт элди такыр, — деп, Угуп туруп бул кепти, Барбай койсом ал жерге, Манастын уулу Кененим, Баатырдык атым бекер” — деп. Кең Кула минип жөнөрдө, Керкитте жаткан чоң дөөнү, Таласта турду кекээрлеп. Билип калып Чыныке, “Жалгыз уулу Сейитке, Учураша кетер” — деп, Ойунда турат мындай кеп. Учурашпай, бет бурбай, Кетмек болду Кененим, Кемпир менен балага, Эч бир жактан кеп кылбай. Уктап жаткан болуучу, Жаш Сейити ал үйдө. Айтамын деп Сейитке, Жүгүрүп кирди Чыныке. “Кийин капа кылабы, Мени салып кейишке?”, Башын салса үйүнө, Эр Сейити жаш бала, Эшикке чыгып келаткан, Жер бетине күн тийе. Энеси кирип муну айтат: — Эренден калган белегим, Элиңе тийер күн барбы, Эсен жүрсөң керегиң. Аттанды атаң ыраакка, Кайда барат билбедим, Учурашып калсын, деп, Ан үчүн балам, сага келдим. Кара мүртөз атаңдан, Казып түбүн кеп сурап, Ачып койгун капасын. Чыныке айтып бүтүрдү, Келе жаткан Сейити, Айтканына түшүндү. Желбегей чапан жабылуу, Жакадан бүктөп көтөрдү. Атасынын үстүнө, Асталай басып кирди бу. Эр Кененим ошондо, Үзөңгүгө бут салып, Атка минген болжолдо. Арканча болсо Кененим, Кары да болсо атасы, Жаш Сейити баласы, Салам айтып заңк этип, Чылбырынан кармады, Чырмалып тура калганы, Чымырканып жаш Сейит, Жолунун дайынын сурады. Кененим анда кеп айтты, Кеп айтканда деп айтты: — Балам Сейит, сураба, Барбай койор чама жок, Угуп туруп буларга. Түйшүктүү жоого барамын, Түртүшүп калба саламын, Сунбатына чыдабай, Уккандын баары суктанган, Кылжыкедей сулууну, Соогатыма аламын. Кербенден уккан бар кебин, Кең Керкиттин шаарына, Бара турган себебин, Айтып берди балага. Анда туруп Сейити: — Арбагы бийик атаке, Абалтан бери өзүңүз, Айтып жүргөн сөзүңүз, Буруусу жок бул жерде, Карап турат көзүңүз, “Атадан бери карата. Бизге калган мурас деп, Балапан кезде аттанмак”, Карысы кетип, жаш калса, Калган элге уйат кеп. Эби болсо барба, ата, Мен барайын алыска, Ак батаңды бер, ата. Минерге атым байлануу, Кийерге тонум шайлануу, Кара жаак, айбалта, Андай жарак бир канча, Казынада, жамдалуу, Өзүңдүн көзүң турганда, Кем-керчи жок, камдалуу – Айкандын уулу Көкбөрү, Соогага берген малынан, Куйругу ашкан жалынан, Кулжадай төшү салынган, Тулпарлыгы таанылган, Текедей саны түрүлгөн, Кош аңдан аттап түйүлгөн, Баладай жаалы балкылдак, Кулжадай башы кылтылдак, Кундуздай жүнү жылтылдак, Минип жүрсө, жөн баспас, Ооздук тиштеп кыйгачтап. Минерим болсун, Телкүрөң, Ак көөнүң менен батаң бер, Ай ааламды коркуткан, Ал доңузга мен барам, Ойум менен мен тийем. Сейити муну айтканда. Кененим айтат балага: — Алыскы жоону сен самап, Убара болбо жаш бала. Чыдаймын кантип мен сага, Жиберип ийип алыска, Жаш балапан чагымда, Он төрт жашар табыңда, Токсон бала ээрчитип. Куш салуучу маалыңда, Карадөөгө жиберип, Өрттөнүп турган жалынга? Уруксаат берер кез эмес, Баралбайсың сен ага. Толуп турган кезимде, Токтоноор атаң мен эмес. Тоодой болгон чочконун, Кабарын угуп бул жерде, Убалың кантип көтөрөм, Уйат болом өлгөнгө, Мусулманбы, каапырбы, Керкиттеги элдерге, Мен барбасам болбойт, деп, Кененим жообун бергенде, Сейити туруп муну айтат, Агартып тишин кылайтат, Жалганы жок чын айтат:
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.