← Сейит 7/9

Каз өрдөк этин салышып, Таң ашырып аттарын, Эт, сорпого малмырап. Ат өргүтүп ал жерде, Алты күнү дем алды. Абыдан канып тойуту, Аралда жатып жай алып. Өздөрү өргүп бой сергип, Аттарын токуп термелеп, Эр Сейити, Жетилбай, Эми жатып ала албай, Жарыша чаап жаш балдар, Сулаймат ханга бармакка, Андан кабар алмакка. Андан кийин чоң дөөгө, Атышып анан бармакка. Ана-мына дегенче, Ачып көздү жумгуча, Кең Керкиттин шаарына, Хан Сулаймат айлына, Салып кирип барышты. Уруксаатсыз жан кирбейт, Сулайматтын үстүнө. Чойун баш кылыч алышып, Сакчылары токтотуп, Балдардын жайын сурады: — Кайдан келген жансыңар, Энтелешип көзгө илбей, Ээнбаштык кылдыңар. Хан ордого ат салып, Шылдың кылыш мунуңар. Кебиңдин айткын чындыгын, Деп, муну айтып сакчылар, Үрпөңдөшүп турду эле. Сейити анда муну айтты: — Алыстан келе жатабыз, Убайым тарткан эл үчүн, Ханыңдан кабар алабыз, Урматы үчүн ханыңдын, Келип турган балабыз. Урматташса Сулаймат, Убадасын алабыз, Кабар кылгын ханыңа, Учурашып жанабыз. Каарынан жадап сакчылар, Каш кайтараар чама жок. Ашып-шашып жүгүрүп, Сулаймат хандын алдына Эки сакчы барды эле. Тоңкочуктап жүгүнүп, Каадасынча байкуштар, Кол куушуруп турушту. Кобурап кебин угузду: — Касиеттүү ханыбыз, Жакшыбы сиздин алыңыз? Эсенби дени-кардыңыз? Алдыңа келген чагыбыз, Айтканга кулак салыңыз, Сизге айтар сөзүбүз. Катасы болсо орунсуз, Кечирим кылып койуңуз. Эр уулундай дөөгүрсүп, Эки киши бир келди. Эшиктеги сакчыны, Чымындай көзгө илбеди. Каары катуу сүрдүү адам, Өңчөй өкүм мингени, Абдан сурап билбедик, Бул жердик эмес түрлөрү. Эшиктеги көп сакчы, Жүзүн көрүп сүрдөдү. Кыйытып айтып сурасак, Кылча жооп бербеди. Уксаңыз кепти бизден, — дейт, Жооп алып бер сизден, — дейт. Көрүшөбүз сизге деп, Айтканы бизге ушул кеп. Ардактуу азиз ханыбыз, Арызына кулдардын, Жооп бере салыңыз, Жоопсуз чыксак эшикке. Төгүлөт биздин каныбыз. Калбайт го биздин жаныбыз, Кесилип кетет саныбыз. Көзүңүз менен бир көрүп, Ким экенин тааныңыз. Келсин деген ишарат, Хан Сулаймат бериптир. Кетенчиктеп чыгышып, Энтеңдешип жүгүрүп: — Кирсин деди сиздерди. Жообун айта салышты. Сакчыдан кабар алышып, Хан ордого барышып. Дайар турган жигиттер, Колтуктап аттан алышып, Эшик ачып кирерде, Өкүм өскөн чунагың, Эңкейип койбой ханына, Эр экенин билгизип, Сурданып баатыр кириши. Сулайматтын үстүнө, Удул басып бет бурбай, Кирген бенде болбогон. Кирип калган бенделер, Боору менен сойлогон. Эшикте турган жигиттер, — Эрежебиз бойунча, Тышкы кийимди чечкиле, Эңкейип анан киргиле, Мындай айтып ийди эле. Жетилбай сүрдөп чечинип, Жеңин колдон чыгарды. Өкүм өскөн Сейити, Камчысын сүйрөп түз басып, Каадасынча кыргыздын, Эңкейип койбой киргенде, Үрөйү учуп Сулаймат, Опколжуп жүрөк кабынан, Ордунан тура калганы. Жүрөгү туйлап апкаарып, Түз карабай жалтанып, Көрсөтүп орун ашыгып, Опсуз жаман шашылып, Каадасынча балдарга, Курма, үзүм, балык эт, Аш-тамагын жай берди, Аңгеме согуп азыраак, Дем алгыла конок деп, Азиздер жатчу сарайдан, Абдан жакшы жай берди. Жасоолдорун чакырып: — Келгиле, — деп бакырып, - Алып барып мейманды, Абдан жакшы күт, — деди. “Мындан мурун кишиге, Ийилбеген Сулаймат, Буларды неге мынчалык, Артык сыйлап калды?” — деп Айран калды жасоолдор. Макул болуп жүгүндү, Меймандарды күтүштү, Ханга башын бүгүштү. Мейманкана сарайга, Алып барып киргизди. Алдына салып байандоос, Асыл көкжал тукумун, Ардактап булар күтүштү. Эртең менен болгондо, Эр Сейити, Жетилбай, Сулайматтын ордого, Ээрчий басып киришти. Дасторкону жайылып, Сын чайын кана ичишти. Дасторкону жыйылып, Аңгемеге киришти. Хан Сулаймат кеп сурап: — Келипсиздер баатырлар, Буйум-терим ишиңер Бар беле бизде? — деп сурап. Бала Сейит кеп айтат: — Керкиттеги көп элди, Кан ичме каапыр Карадөө, Кыйнап жатат деп уктук. Алтын, күмүш дүйнөнү, Жыйнап жатат деп уктук. Сулуу кызын зордуктап, Алып жатат деп уктук. Хан Сулаймат өзүңдүн, Таруудай жалгыз кызыңды Тартып алды деп уктук. Эл жайлоочу өзөнгө, Жатып алды деп уктук. Шаарыңан барган кербенден, Дайынын угуп оолуктум, Таластан келдим аттанып, Таамай үч ай жол тартып. Калкыңдын көрүп караанын, Жериңдин көрүп баранын, Бир-бирден уктум түп жайын, Артылып сенден Карадөө. Кудуска колун салганын. Багдат менен Кудустан, Эки кызын зордуктап, Тартып алып келгенин. Кордук тарткан көп элди, Куткарып мындан аламын. Алып берем баарыңдын, Алтын, күмүш заарыңды. Кетиремин Керкиттен, Доңуздан көргөн арыңды. Он төрткө жашым толгон кез. Ойулуп турган чагым бул, Эңкейип жоодон жеңилбес. Эзелтен атам Манастан, Энчиге калган багым бул, Багдаттык сулуу Алтынай, Күйгөнү экен мына бул. Көңүлүңдү Алтынай, Сүйгөнү экен мына бул. Талабына жеткирем, Тартып берип сулууну. Кеңешиң болсо бериңиз, Келип турган жайым бу. Жаш арстан айтып токтолду, Керкиттин ханы Сулаймат, Акыл ойлоп жоктоду. Манастын атын укканда, Опколжуй түшүп токтолду. Сулаймат сөзү бул болду: — Уктум бала сөзүңдү, Көрүп турам өзүңдү. Чыңалган темир жүздөнүп, Өрттөй жанган көзүңдү, Манастын уулу экенсиң, Дайындадың өзүңдү. Таң калдым бала кебиңе, Кененим барбы элиңде? Жаш чагында ал баатыр, Келип кеткен элиме. Арстан Манас тукуму, Эзели жоодон качпаган. Арасы алыс болсо да, Ырааксынып жатпаган. Кайдан келген Карадөө, Дайынсыз келди бул жерге. Эбегейсиз чуу салды Ээн жаткан көп элге. Жазында эгин салдырбайт Күзүндө түшүм алдырбайт. Жан алуучу бул чочко, Элге оокат кылдырбайт. Эсептеп жүрүп ай-күнүн, Жыл маалында бир талайт. Аңтара карап каш серпсе, Өлтүрүп аны кан жалайт, Айлабыз кетти керкиттик, Буга даба табалбайт. Кененим элде бар дедиң, Кимисинин уулусуң, Өз дайыныңды айрып айт. Карадөөнүн колунда, Чандандын көзү жайналуу, Түртүшүп калсаң доңузга, Буга даба табылбайт, Камоодо турган сулуулар, Кайгыдан көзү жалындайт. Жалгыз кыз Кылжыке, Арак сунат ал дөөгө, Эл башкарган зоруңду айт, Өз атаңды танбай айт, Хан Сулаймат баладан, Байламталуу кеп сурайт. Хандын кебин укканда, Баатыр Сейит тура албайт. Атасы баатыр Кененим, Айтуудан атын уйалбайт: — Мен ак калпак кыргыз элинен, Кармашкандан качпаган. Кан жуткандын бири мен. Ак калпак кыргыз туурумун, Кененимдин уулумун. Мен турбаймын бул жерде, Кургак сөзү курусун, Бачымыраак бүтүрөм, Карадөөнүн жумушун. — Андай болсо Сейити, Карадөөгө барып кел, Каардуу уруш салып кел. Күмбөздөй башын байланып, Көөкөрлөп канын алып кел. Жалтанбаган жаш бала, Жетилбайды ээрчитип, Карадөө көздөй кеткени. Ал кезекте Карадөө Колу- бутун карматып, Куйдуруп алып аракты, Сундуруп койуп шарапты. Арак деген талакты, Жаткан кези кутургур. Тамашага көөнүнчө, Баткан кези кутургур. Бастырганын чоң дөөнүн Баарын байкап угуп тур. Арак ичип мас болуп, Ала күү болгон кезинде, Эл баргызбай коруучу, Көк өзөн түштү эсине, Эсептеп күнү санаса, Толуптур күндүн санаты. Жерин чардап көрүүгө, Карадөө жөнөп калыптыр. Карарып күйгөн от келсе, Карсылдап калың ок келсе, Ажыдаар сүрдүү эр келсе, Айыгышкан шер келсе, Апкарууну билбеген. Айгайлаган жоо келсе, Жер каптаган суу келсе, Соо кетпеген чоң доңуз.