← Сейит 2/8

Балыгынын чоңдугун, Анык адам билбеген, Төбөсү ачык кең деген, Төрт тарабы келишкен Берекелүү жер деген. Сайган багы саргайып, Жалбырагы түшпөгөн, Суу байлаган арыгы, Чалкар дайра көл деген, Эч биринде кеми жок, Телегейи тең деген. Элин чайкап термелтип, Эч кандай адам жеңбеген. Жеңилбеген себеби, Кемибей тамак ал элден, Үйүндө багып доңуз жейт, Талаадан терип коңуз жейт, Кескелдирик, жылан жейт, Бычагы жок тиштеп жейт. Талаадан терип издеп жейт, Кул деп сатат кишини, Согумга сойот итини, Бака менен чайан жейт, Кана барбы жана дейт; Күнгө чыккан көгүн жейт, Казып чөптүн түбүн жейт; Суурду көрсө сууруп жейт, Бар тамагын кууруп жейт; Адам барып жеңе албай, Тургандыгы ушул дейт. Тамактын жайы мамындай, Ойунда терең, талы бар, Адыр ичи бүт ыргай, Табылгы, четин аралаш, Балгын, жылгын дагы бар. Кайыңы көктү тиреген, Жердин баары чөп болуп, Тулаңы төштө чириген. Кыйан жеген кемерге, Жемиштин баары төгүлгөн. Артуусу көпкөк чөп экен, Кайберени көп экен. Аркар менен кулжасы, Алжып карып өлбөгөн, Карыгынча кайберен, Адам уулун көрбөгөн. Жери сонун келишкен, Жылан – чайан көп деген, Токойу калың чер деген, Айуу, жолборс, кабылан, Маймыл, доңуз ээлеген, Какыр менен чөлүндө, Таш бака, кирпи жердеген, Какырынын четинде, Төө кушу бар миңдеген. Жылкыдай топ – топ жайылып, Кулан менен бөкөнү, Тектиринде текеси, Карагай жерде бугусу, Аралын марал ээлеген, Тоо бөксөлөп адырды, Илбирс, бөрү бербеген. Түлкүсү күндүз жойлогон, Элик менен кураны, Бадалга чуркап ойногон. Чөлдүү жерде жейрени, Адам көрсө капкайдан, Жол тосоттоп келгени, Тосуп туруп атып жейт, Өтө андес мергени. Сасык сууда сойлогон, Балдар кармап ойногон, Узундугу үч кулач, Бултуңдаган суу жылан. Балыгы сууда жылтылдап, Кундуз менен суу чычкан, Секирип ойноп култулдап, Кара кыйак буудай баш, Өзөнүндө кулпурат. Айуу чач менен таракбаш, Жылтыркан, шыбак аралаш, Жылгасында буралган. Чөбүн барып оттобой, Түш көргөн айбан кубанган, Адыры көдөө, кызгалдак, Байчечекей гүл жайнап, Жолукка сайган саймадай, Түрчечекей ыргалат. Кашка беде, кара чөп, Аларга окшоп далай чөп, Бел кырчоодон буралат. Доңуз сырты кой таңдай, Эндик, мыйа дагы бар, Боз куурай, коко, кекире, Мындай чөптүн баары бар. Жана чөбү жана бар, Ичип адам тойбогон, Кара чайы дагы бар. Аркар оту, бозунач, Мамыры менен шыралжын, Дары чөптүн баары бар, Жыттаса жыты буркурап, Кайнатып ичсе желди айдап, Кара мурчу жана бар. Ак чай, көк чай, кызыл чай, Канча түрдүү чайы бар. Ак кодол менен күчала, Бүткүл дары баары бар. Көз жеткис мейкин жери бар, Тыйын чычкан, сары арыс бар, Толкуган нечен көлү бар, Заңкайган канча тоосу бар, Адырда терең коосу бар, Чубама кыйа жолу бар. Сүлөөсүн, суусар, мадыл бар, Адам угуп көрбөгөн, Мышык, айуу анда бар, Адам ашкыс бели бар, Алтын, кумуш кени бар, Күн батышкы жагында, Шайаң деген жери бар. Ошол жердин өзүндө, Калмак, кытай эли бар, Уйпаланбай көчкөн журт, Ошондо чөптүн кени бар, Айак жарды дегендин, Миңден артык малы бар. Отуз миңден жылкы айдайт, Катардагы чоң байлар, Кара малдан төөсү көп, Атка жетпей жөөсү көп, Бүтүн жибек кийгени, Өлүмдү булар билеби? Азар түмөн малы бар, Байлардын салык зары бар, Жардысы жок элимде, Жалпы тегиз баары бай. Кымыздан арак тартышат, Кыйал мас болуп жатышат, Күүлөнбөй, балам, шүк жүргүн, Ошондой элге кол сунбай. Укканымды мен айтам, Шаары сонун Бейжиндин, Кийгени жибек элинин. Бактары гүлдөп кулпурган, Салган тамы алтындан, Хан сарай деп айтылган, Салтанаты ушундай, Ичинде адам сүйлөсө, Ат чабым жерге угулган. Канча кабат тамы бар, Катарлап салган шаары бар, Айланта салган сыртынан, Эки кабат сепил бар, Кандек казган суусу бар, Кадалуу байрак туусу бар. Каалганын барысы, Чыгач эмес калайдан, Уруксат болбой улуктан, Кире албайт ага эч бир жан. Барган киши жол таппай, Жатарына үй таппай, Батарына жай таппай, Тентип кетип жоголгон, Шаары мындай чоң болгон. Балакеттүү Бейжиндин, Адам билбес сыры бар. Дуду менен жаңжундан, Башкасы басып кире албайт, Хан сарайга тим адам. Такта отурган баашага, Бара албайт киши жанына. Атактуу шаар чоң Бейжин, Айта берсем түгөнбөйт, Күкүк, булбул аралаш, Сайрап турат сандыгач, Адам бар үйгө уйалап, Ойноп турат кардыгач. Тозу менен тоту куш, Башка жерде аз болот, Бейжинде арбын эки куш, Учуп чыгып топтошуп, Токойдо кыргоол оттошуп, Бар жанды туурап өзүнчө, Чакчагай үнү угулуп. Агартып кыйа жол салып, Кашкулак, сууру чубуруп, Мурда киши көрбөгөн, Мунар деген өнөрү. Улап койгон жери жок, Ортодо киши деги жок, Бир жерде туруп сүйлөсө, Бир жерде туруп угат деп, Чычкан изи кат түшөт, Ошону окуп билет дейт. Камышты малып сыйага, Кагазга катты чийет дейт. Кайнап жаткан какандын, Катчылары арбын дейт. Баарыдан укмуш бир жумуш, Өнөрпоз ойуп калыпташ, Такта отурган хандары, Жаңжуң, дуудуу ал дагы, Жазган катка басат дейт. Түн ичинде шаарында, Түгөл чырак жанат дейт. Түндө жанган чырагы, Жасалган сонун ал дагы. Кагазга каптап шам жагып, Панар экен атагы. Жанып турса ал чырак, Жүрөгү тайкы кишилер, Жүрө албайт экен калтырап. Жан сатпайт дейт Бейжинде, Жандан башка керекти, Таап барын алат дейт. Угушумча ошондой, Уулум, барба Бейжинге, Ушул барчу Бейжиндин, Укмуш сырын угуп ал. Падыша, кудай колдогон, Баш күндөн бери Бейжинге, Барган киши болбогон. Он сегиз миң ааламга, Өкүмү өткөн улуктан, Так Сулайман барбаган, Искендер издеп барбаган, Бейжинге изин салбаган, Каңгайдын белин жол кылып, Из түшүрүп баспаган. Ай ааламды үрөгөн, Алдына салып күрөгөн, Амир Темир бир өткөн, Анжу, манжу туңшага, Кара калмак, кытайга, Шибе, солон, таңгытка, Аралап басыр көрбөгөн, Пайгамбар басып барбаган, Байыртан киши албаган, Чарыйар чаркы жетпеген, Чакташып бенде жеңбеген, Чалкалап жаткан Бейжинди, Сен аралар жер бекен? Чалкар дайра көл толгон, Сан миң түмөн эл жаткан, Салакалуу чоң Бейжин, Өрттөй күйүп түтөгөн, Өрттөнгөн кытай эли көп, Балакеттүү Бейжинде, Батышпай адам жерине, Малдай айдап кайтарып, Кечкиргенде жандырып, Алып келип бир жерге, Короого солоп багат дейт. Уламадан уккан кеп, Түгөнөбү дүйнөдө, Өрттөп муну ийсе да. Кожонун колу кирбеген, Коркуп уруш кылбаган, Козголуп басып жеринен, Кол салып бенде барбаган, Коморо чаап албаган, Үрүстөм дастан барбаган. Барамын деп күүлөнүп, Ошондон өткүр сен белең? Кары катуу эң кыйын, Кабарын уксаң Бейжиндин, Казап шамал козголуп, Жер бетин каптап кетсе да, Каңгайдын белин ашпаган. Казап шамал сокпогон, Үйөр аккан сел болсо, Камаарап эли койбогон. Муну менен беттешсең, Арылбаган муң кылат, Катынды кара тул кылат. Ар кандай кыйын жумушта, Кан төгүлгөн урушта, Кысталыш жок тамакта, Жер бетине чыккан чөп, Андан кытай эли көп. Курт, кумурска, бөй, чайан, Кыймыл эткен тамам жан, Кете берет терип жеп. Каңгайдын белин ким ашкан? Айкөл Манас шер ашкан, Ашкере билген жол үчүн, Алмамбет баштап жол баскан. Каныкей айтса болбогон, Барган менен оңбогон, Алдап туруп Коңурбай, Айбалта менен домдогон, Жарасы зилдеп сакайбай, Арстан Манас сойлогон. Мунусуна караса, Балакеттүү Бейжинге Барбаганы жакшы окшойт. Семетей сенин чоң бабаң, Кадаасыз Карагулуна, Хан башы менен алдаткан, Канча күнү талаада, Буту ооруп жөө баскан.