← Сейит 4/6

Тилимди ал, Куткарбас, Эсиң болсо а көрө, Сейитке сен кайтып бар, “Суурган кылыч кесе албайт, Сунуп барган мойунду”, Намыс кылбай айтып бар. Кызды кармап бергиле, Жашыл жээкке өзүң ээ, Шоркөлдүн ээси Тапан хан, Тагыңарга мингиле, Тамтаңдабай тим эле, Тайныңар менен жүргүлө, Өмүрүңөр канчалык, Дардайып доор сүргүлө. Жашыңар өтүп кетсе да, Дөөлөт кайта жашартат. Тартынбай ойноп күлгүлө. Келипсиң мында, Куткарбас, Ээрчип сени эл баспайт, Качып жүрүп жай таппай, Кайран башка таң атпайт. Жашыл жээкте жүргөндө, Оймоктуудан уз алдың, Бети кызыл кыз алдың, Өңү жылуу катынды, Эринен тартып аны алдың, Элебей жүрүп дердейип, Элден чыгып сен калдың, Аралап барсаң айылга, Ажалдан мурун өлөсүң, Чалма кесек таш менен, Такыр урат камалап, Биринен бири кабарлап, Келе берет сабалап. Урарга нөөмөт жетпесе, Кетпей турар сагалап, Абийириңди кетирет, Катындар келип жакалап. Көп кечикпей жолго түш, Сейит келет бакалап. Тилимди ал, кайтып бар, Көргөн уккан баарысын, Кары Тапан, “Сулуу кыз” Жашырбастан айтып бар. Куткарбас мындай кеп угуп, Жанга батар жеме угуп: “Тыртык баштап булардын, Баарынын башын алайын, Калың элди дүрбөтүп, Ээрчитип алып чыгайын, Ээрчип басып бербесе, Кылычтап баарын кырайын, Сейитим келсе аңгыча, Анда кандай кылармын? Алты катын, үч чалды, Чыгарган элдер турбайбы. Сейитти көрсө көздөрү, Өтө ширин жагымдуу, Сейитинин сөздөрү, Кылгылыкты кылбайбы, Ураан тартып чуркурап, Сейитти карай жылбайбы! Жашыл жээкке барбайын, Жалдырап жетим калбайын, Элге болуп каранды, Эс акылдан танбайын. Сыр алдырып өз элге, Шылдың болуп өзгө элге, Антип тирүү жүргөнчө, Айтканым айткан эме эле, Касиеттүү Тапан хан, Кара каш сулуу тажаалдан, Акылдашып кеп алып, Эп келгенин эм алып, Салгылашып көрөйүн, Колго тийсе кокустан, Чойтолоң, Тапак, Тазкара, Жүрөгүн тирүү жулайын, Өз майына куурайын. Сейитиге кошулуп, Белимди менин сындырды, Караандуу киши топ болуп, Сейиттин көөнүн тындырды”. Деп ойлонуп талаада, Качып жүрдү ар кайда, Өлө албай жатып Куткарбас, Чойтолоң, Тапак, Тазкара, Буларга жаман кекенет, Беттеше албай Сейитке, Качып жүрөт Чекелеп. Кыйалы кырк, санаа миң, Сапырылып токтобой: “Сейит келип калат, деп, Бу жерде жаным алат, — деп, Келип калса бу жерге, Алты кемпир, үч чалдын, Кеби артып чыгат, — деп, Абышка кемпир чогулуп, Мага келип жолгошуп, Акыл айтып жол тосуп, Минтип жүрөт бул бир кеп, Жашыл жээк эли чогулуп: Өсөрүңөр калбады, Өлөсөлүү чагыңар, Куткарбаска жол тосуп, Алдынан чыгып багыңар, Деген экен элдер” — деп, Куткарбастын ойуна, Нечен түркүн кеп келет, Ойуна келген кеңеши, Ого эле сүйкүм эп келет: “Алты кемпир, үч чалды, Өлтүрүп таштап кетейин, Башын кесип чалдардын, Дарактарга асайын, Кемпирлердин курсагын, Жара чаап эшейин, Беребиз деп эдебин, Мага айтат акыл кеп, Өздөрү тартсын эсебин!” Куткарбастын кыйалын, Кубул кемпир сезиптир, Топо чачып башына, Аңыргандан чаңырып: — Ээ, Кулунум Куткарбас, Бачымыраак кетип бак, Колдо туулуп үйдө өскөн, Өз балабыз сен элең, Бул дүйнөнүн шумдугу ай, Сени мен, балам Куткарбас, Ушундай болот дээр белем?! Тээ көрүнгөн алыста, Жерде десем көктө окшойт, Көктө десем жерде окшойт, Кээде жалгыз, кээде беш, Келе жатат бир караан. Кыргыз келип калбасын, Баарыбызды кырбасын. Кубулдан укмуш кеп угуп, “Мен качарда Сейити, Эки киши көрүнгөн, Бүгүн болсо беш киши, Кан ичме кыргыз Сейиттин, Кандай кылган укмушу?” Деп Куткарбас ойлонуп, Кемпир-чалга карабай, Караганга жарабай, Жолуна түштү куйундай, Кайрат кылып туралбай: “Тапан хан, Кумсар кайда? — деп, Болорбу акыр айла? — деп, Сулуу кыз кетти колдон, — деп, Чойтолоң, Тапак, Тазкара, Тоспосо болду жолдон” деп, Чычкансурду мойундап, Сакалын катып койундап, Олбуй-солбуй теминип, Оң-тескери камчылап, Качып келет Куткарбас, Бурулуш жолго бурулуп, Аттын изин жашырып, Агындын салып ичине, Алдадым деп Сейитти, Куткарбас ойлойт ичинде. Аңгычакты болбоду, Утур келди Сейитим, Алты катын үч эркек, Топтошуп турган кишиге, Салам айтты Сейити, Аксакалдуу элдерге. Алик алды аксакалдар, Карап турду жардашып, Ак саамай болгон айалдар. Тыртык кебин баштады: — Кууган киши болбогон, Куткарбастай качканды, Ушул жерде чогултуп, Өлтүрө бизди тас кылды. Жан тумшукка желгенде, Тиги турган Кубулдун, Коркутуп аны айтканы, “Беш киши келет аркаңда, Кууган кишиң белем”, деп. Кулагына киргенде, Кылчайып артын карабай, Жолго түштү элеңдеп. Бурулуш жолго салгандыр, Түбү таштак кара суу, Ичине кирип алгандыр, Сууга жетер-жетпесте, Аттын изи жоголуп, Табылбай дайны калгандыр. Айтканымды кабыл ал, Суу ичинен изин чал, Из болбосо кургакта, Өзөндү бойлоп жолго сал. Акылынан шашкандыр, Кайдасын деп Тапан хан, Аркасынан качкандыр, Канчалык элден кан чачты, Тартып алып катынын, Көп кишини какшатты, Кысасын ал тарткандыр. Тыртыктан угуп кыйла кеп, Мен Сейит деп айтпады, Аттын изин белгилеп, Бир сеңирден айланды. Аттын изи жоголду, Жер таманы корум таш, Өзөндө агын суу болду, Суун бойлоп эр Сейит, Ат айабай чуу койду. Эки күнү бир түндө, Суу азайып сай болду, Түндүктү карай бет алган, Аттын изи бар болду. Аттын тапты нак изин, Эми Сейит айабайт, Душманынан бар күчүн. Ат арыта жол жүрүп, Сегиз күнү мол жүрүп, Четине келди эр Сейит, Мурун кеткен жерине, Чойтолоң, Тапак, Тазкара, Конушбай калган элине, Сейиттин көрүп караанын, Абыдан угуп абалын, Чойтолоң анда кеп айтат: — Арстаным, ук, — деп айтат. Бүгүн отуз беш болду, Кумсардын жок карааны, Эл ичинен жоголду, Бир шумдуктун болгону, Үч күн болду тигил эл, Удургуп калды дүрбөшүп, Бүжүрөп мурун туруучу, Баш көтөрбөй сүрлөшүп. Куткарбас кайта келгенби? Элине кайрат киргенби? Ичимде жалын от күйдүм, Эр Сейит неге келбейт деп. Келгенин билдим мен качып, Эсин таппай сандалып, Өңдөн азып саргарып. Эркин келсе күркүрөп, Бизге келмек түз басып, Эби келсе арстаным, Эми болсо айтканым, Жиберели бир киши, Ушул менин айтарым. “Качып жүрүп Куткарбас, Кайтып келдиң бул жерге, Ээ болуп кала бергиниң, Мурунку жүргөн эл-жерге, Шум канчыкты бер бизге, Биз турбайбыз бул жерде” Барган киши так айтып, Сөздү ушундан баштасын, Келбегенин келгенин, Сырын ачып таштасын. Чойтолоңдон кеп келди, Кабылан шерге эп келди, Конушбайды баш кылып, Үч кишини жиберди. Конушбай келип кеп айтты, Кеп айтканда тартынбай, Аста айтпастан бек айтты: — Хан Тапан хан, Куткарбас, Шум канчыкка алданып, Кесилип кетти далай баш. Өмүрүн көрбөй түгөндү, Кырчындай болгон кыйла жаш. Мен айтпайым жалганды, Шумурай карап турбайбы, Ата-энесин баш кылып, Этин жеди далайды, Ажал жетип, күн бүтпөй, Өлбөй тирүү мен бармын. Жедигер эли билдирбей, Кененимге барыптыр, Жеткирип кабар салыптыр, Кары деп таштап атасын, Сейитим келе калыптыр. Заар төгүп арбашып, Сыйкыр салып кармашып, Алы келбей Сейитке, Качып келди бул жерге. Тапан ханды алдады, Кара жүздүн дартына, Тайынсыз өлдү ар кайда, Тапан хандын балбаны, Ыйлап калды канча элдин, Кызыл муштум балдары, Заркырап калды кан какшап, Кызыл ээк чалдары. Өлгөндөрдүн баарынын, Бул канчыкка убалы. Тапан ханды талкалап, Тайыны калбай калганда, Куткарбас издеп саа барды.