Караса көзгө илинбей, Канжар менен найзасы, Кай кеткени билинбей, Сейитим жүрдү чуу койуп, Тетени беттеп кийиктей. Эр Сыргактын сыр найза, Шерден белек бул найза, Телкүрөңдү чуратып, Аркадан чаңын чубалтып, Булуттуу көктүн алдынан, Муундуу чөптүн үстүнөн, Ур дедирбей жеткени, Табарсыктын башы, деп, Таамай муштап өттү эми. Элөөрүгөн Сейитим, Эрдик эмей неткени, Тоо көчкөндөй чоң Тете, Томкорулуп кеткени. Тоңкойуп өөдө болгончо. Сырты менен балтанын, Чокуга тартып жиберди, Айрандай мээси чачылды, Дүкдүңдөгөн кызыл пил, Эр Сейитти качырды. Тумшугун булгап кызыл пил, Эр Сейитти чабарда, Чапса майып кыларда, Койондой буйтап Телкүрөң, Чыга берди туурага. Томпоңдогон кызыл пил, Толгонуп кайра болгончо, Эшик эндүү айбалта, Кармай алды сабынан, Пилди көргөн адамдын, Жүрөгү чыгат кабынан, Ооз омуртка тушу, деп, Болжолдуу жери ушул, деп, Сырты менен балтанын, Чаап өттү кабылан. Томурайып жыгылды, Топого башы тыгылды, Бир сайгандан чыгарбай, Тоодой Тете баатырдын, Жанын алды Сейити, Бир чапкандан чыгарбай, Пилди алды Сейити, Каарына чыдап Куткарбас, Карап буга туралбай, Чычкансурду чүчүлөп, Бүркүттөн качкан койондой, Аркасын карап кылчаңдап, Качып барат бүжүңдөп. Караанын көздөн чыгарбай, Бала баатыр эр Сейит, Качкан жоонун артынан, Кууп барат күжүлдөп. Куткарбастын жүрөгү, Алып учуп дүкүлдөп, Көчүгү атка токтобой, Араң барат бүлкүлдөп. Үчүнчү тосон эр Татан: “Кечигип калды Куткарбас, Сейитти ал жеңди” — деп, Кайта артына келаткан, Өзүнө-өзү күдүңдөп: — Атым Татан эр туруп, Кол астымда колбуган, Кызыл теңдүү эл туруп, Куткарбас баргын деп айтса, Мында келдим бой уруп, Талаада жүрдүм мынча күн, Көйнөк чечип жатпастан, Көзүмдү жумбай тик туруп, Жол карадым туш-туштан, Куткарбас качып келбеди, Ал Сейитти жеңгенби? Жеңген болсо Сейитти, Неге кабар бербеди? Ирмебей кирпик акыйып, Көз жумулбай чакыйып, Мен талаада жүрөмбү? Бурулбастан барайын, Сейит менен теңдешип, Салышып жатса Куткарбас, Сейитти мага бергин, деп Куткарбастан сурайын. Сурап алып Сейитти, Суудай канын жайайын, Жеңип алып Сейитти, Жаткан болсо Куткарбас, Андан кыйкым табайын. Жайнатып мээсин чагайын, Тапан ханды талкалап, Сулуу кызды алайын, Кылыгын көрүп сулуунун, Кызыгына канайын, Тапан хандын Шоркөлүн, Жашыл жээктин элдерин, Баарын колго алайын, Таластагы кыргызды, Такыр талап чабайын, Каш кайтараар жок калат, Падыша болуп алайын. Сыйкырлап Кумсар кас чыгат, Утур келип калыпмын, Жанын каткан камышка, Өлтүрүп аны салайын, Татаалы жок тазалап, Жолду ача барайын. Деп ушинтип кайран эр, Талаада жүрүп хан болуп, Талабы тоодой бар болуп, Камышты чапты качырып, Чокмор менен жапырып, Жалгыз камыш дүпүйгөн, Томолонду жалпыйып, Кара чаар бир жылан, Камыштан чыкты атылып, Жыландан коркуп чоң Татан, Акылдан азды шашылып. Жыландын коркуп сүрүнөн, Качып калды аптыгып, Аңгычакты Куткарбас, Жолгошуп калды чакчыйып. Тааный койуп чоң Татан: — Куткарбас! – деп бакырып, Сорголу жылан келатат, Мени кой, — деп, - куткарып. Куткарбастын ойуна, Мындай түшүп жаман нээт. “Кан ичме кыргыз Сейити, Сыйкыр кылган экен” деп, Жанындагы нар кескен, Кармай алып сабынан, Тартып алып кабынан, Кара чаар жыланды, Туура белдин тушу, деп Өлөр жери ушул, деп Чаап өттү Куткарбас. Жыландын каны чачылды, Ар тарапка буртулдап, Адамча сүйлөп баш жагы Айтты муну шуртулдап: — Оңбой калгын Куткарбас, Мен Кумсарды жедиң! — деп, Татаның менен куруп кал, Талаада калды тарпым! — деп, Кумсар деген кепти угуп, Көөнү айнып, көз тунуп: “Ажалым жеткен экен, — деп, Амалын кеткен экен, — деп, Баары кылган шумдугум, Жарабады бекер, — деп, Татандан калса Сейитке, Беттешпесем бекер” деп, Кайраттанып бекемдеп, Кара көзгө кан түшүп, Жарык күн жок үстүндө, Түмпүйгөн кара түн түшүп, Улутунуп ич күйүп, Эстенип чочко үшкүрүп, Дөөлөтү качып башынан, Мээнеты арбып кеткен кез. Аңгычакты артынан, Шамалдай сызып Сейити - Жан алуучу жетти тез. Көрө койуп Куткарбас: — Канасың, Татан, болгун, — деп, Тетиги келген Сейити, Эсимди алып болду, — деп, Сенден амал болбосо, Серке улактай сойду! — деп, Айтып жатып Татанга, Ыйлап ийди өңгүрөп. Карманып Татан каарданып, Бой чайандай заар салып, Мингени тору Тобурчак, Колуна чокмор карманып, Булгаган самын кептенип, Бузулуп өңү карарып, Канасың, Татан баатыр, деп, Куткарбас айтып койгонго, Доңуздан бетер жон алып, Беттеп басты Сейитти, Кармашмак болуп кол салып. Билегинде Татандын, Эки жакут ташы бар, Кол көтөрсө жаркырар, Ким бет келсе Татанга, Көз уйалып жалтанар, Көз жалтанып калганда, Кылар иши кыйла бар. Бет келген көп балбандан, Башын кесип жан алат, Байлап алып кээ бирин, Баашаасына алп барат. Ошондуктан ал Татан, Ар качан эрдик ат алат, Андан мыкты нечени, Татанча болбой жөн калат. Татанча болбой баарың, деп, Куткарбастан даң алат, Алтын, күмүш-зар алат. Соогат бергин, баатыр, деп Калган балбан аа барат, Арбын-арбын менин, деп, Жан кишиге түк айтпайт, Татан чыкты жеңет, деп, Куткарбасты кубантат, Жаркырап эки жакут таш, Сейиттин көзүн уйалтат. Күркүрөгөн чоң Татан, Көп балбан көрүп эс танган, Сейитимге жеткени. Үзөңгүгө тамандап, Тура калып Татандап, Эр Сейитим төрөнү, Чокуга тартып жиберди. Эр Сейиттин калканы, Мыктары кетти шалдырап, Кээ бир барча сыныгы, Жерге түштү калдырап, Эми Сейит турбады, Эси оогандай жалдырап. Кайрат берип Татанга, Куткарбас сүйлөп балдырап. Жана алды чокморун, Татан доңуз алдырап. Чокморун жерден көтөрүп, Чендеп алып болгуча, Шыңга бойлуу чабандес, Эти жадоо кагалес, Бала баатыр бакырып, Манастап ураан чакырып, Эти ачынган жаш арстан, Мурун чокмор чаптырып, Булгап алган чокморун, Болжоп Татан чапкынча, Кар жиликтин булчуңга, Найзаны салды мылгыта, Таначардай булчуң эт, Бөлүнүп кетти бир канча. Кан куйулуп салаалап, Каптал менен талаалап, Жан алуучу чокмору, Жерге түштү дүп этип. Колун өөдө кылгынча, Кылычты кындан сууруганча, Оң жаккы кара санына, Найзаны сайып мылгытып, Кой башындай сом этти, Жыра сайып ыргытып, Сол бөйрөккө бир сайды. Эки кол, эки бутуна, Мойун эттин тушуна, Алты жерге найзаны, Ченеп сайып мылгытып, Агызып канын зыргытып, Өлөсөлүү болгондо, Өлтүрбөй таштап Татанды, Куткарбасты төтөлөп, Бала баатыр жол алды. Татан өлдү Куткарбас, Эми жерге кирип Кутулбас, Жашыл жээкти бетке алып, Качып барат тууралап. Элге жетти элирип, Эркин сүйлөп демигип, Эркинче бийлеп бул элди, Мурун кеткен семирип. Алты кемпир, эки чал, Жолунан чыкты жабылып, Тыртык деген бар эле, Тили кыйла так эле, Кеп айтканга шар эле, Сексенден жашы канча ашып, Токсонго барган чагы эле. — Жалгыз атчан, жалаң тон, Ким болосуң сен? – деди, Жашырбайым өзүмдү, Атым Тыртык мен, — деди Бетиңе айтам Куткарбас, Менин сөзүм бул, — деди. Күндө аскер деп жатып, Түгөттүң эркек бүлөнү, Өз мойнуңа алгының, Кимге айтасың күнөөнү? Качып келген бир кызга, Кар кылдың го көп элди. Жалгыз келген кыргызга, Жалпы баарың биригип, Ага алыңар келбеди. Тапан хан кары чоң акмак, Андан бетер сен акмак, Алыстан келген ал бала, Жалган жасап кеп айтпайт. Кыз эмес сыйкыр желмогуз, Ата-энесин жеп болуп, Качып мында келди, деп, Айткан экен силерге, Тапан хан экөөң чыртыйып, Ишенбепсиң ал кепке.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.