Күрөңдүн угуп дүбүртүн, Куткарбастын Чычкансур, Бүжүрөңдөп калыптыр. Кылчайып артын караса, Кененимдин эркеси, Кудайдын сүйгөн пендеси, Ак калпак кыргыз көп элдин, Башындагы маанайы, Маңдайга бүткөн таалайы, Чукул жетип алыптыр. Эликим жерде Куткарбас, Жан-жанына каранат: “Найза бойу жеткирсем, Сейит менден жан алат!” Өтмөктүн шору деген бар, Өтө берсе Куткарбас, Экинчи балбан табылат, Келе жаткан бел кылып, Эр Тетеси кабылат. Жол тоскон чөлдө жалгыз баш, Тете кайдан жай жатат. Өтмөктүн шору сеңирге, Мелчемдүү жерге тургузган, Сыйынчу сүрөт темирге. Атайлап келип баш уруп, Тура албай Тете удургуп, Буларды ойлойт кубулжуп: “Улуктугун көрсөтүп, Өкүм менен Куткарбас, Сейитти тос дегени. Менден коркуп Сейити, Ушул жерге келеби? Келип калса кокустан, Менден тирүү кетеби? Сейитти мында жеткирбей, Балбан Чанак жебейби, Сейитти жеңдим мен Чанак, Балбан менмин дебейби. Өнөрүм артып көп эрден, Куткарбас аны билбеди, Биринчи жолго эр Тете, Өзүң тургун, дебеди. Сейит менен беттешпей, Мен арманда калдым” деп, Отуруп кооп ойдолоп, Тете турат кайгы жеп. “Сейитти Чанак жайласа, Баргыла деп Таласка, Куткарбас бизди айдаса, Баарысынан жаман дейт, Жалаңгыч сарык атанган, Кененим деген каргаша. Кененимдин кезегин, Куткарбас анда маа берет. Ал Кененим дегенди, Менден башка ким жеңет? Кененимди жеңгенде, Таласты талап келгенде, Жашыл жээкти маа берет, Куткарбас калат Таласта, Тапан хан калат Шоркөлдө, Куткарбас жаман куйбу эле, Кантип жалгыз каламын, Жан алар кыргыз бул элде, Жаныман кетпей тургун, деп, Кылбаса экен каргаша” Деп ойлонуп ал Тете Кыйалы кечет кырк санаа. Санаасы санга бөлүнүп, Өлүмдөн Тете шеги жок, Терең ойго берилип, Олтурганда кеңгиреп, Түндүк жактан капкайдан, Жалгыз караан көрүнөт. Көрө койуп караанды, Көрөр көзгө барандуу, Келетабы качып, деп Куткарбасты ойго алды. Анын арка жагынан, Жана көрдү караанды, Аркасында көрүнгөн, Жалгыз эмес топ келет, Жалбырттан күйгөн от келет, Жайнаган кызыл чок келет, Аңгычакты бурулду, Алты сай мөндүр асмандан, Чагылган чагып куйулду, Күрүлдөп шамал угулду, Кантип айтып боломун, Ачып көздү жумгуча, Алда канча кубулду, Мен-менсиген эр Тете, Көзүн бардап бир нече, Абдан байкап караса, Куткарбас качып алыптыр, “Кууган Сейит экен, — деп, Уктап калып зор Чанак, Туйбай калган экен, деп, Же коркуп Чанак качканбы, Аңдан чыкпай жатканбы? Сейиттен коркуп зор Чанак, Акылынан шашканбы? Же болбосо тетиги, Кан ичме кыргыз Сейиттин, Амалы андан ашканбы? Чаначтай көөп дардайып, Элге батпай эр Чанак, Жер кучактап жатканбы? Эмине болсо болгондур, Эр түгөтүп баш алган, Жер түгөтүп жол салган, Желмогуз кыргыз баланын, Ажалы менден жеткендир” Ойлогону Тетенин, Ошол болуп табылып, Ат көтөрбөй жөө жүргөн, Байлап койгон пили бар Пилин мине камынып, Ач бөрүдөй чамынып, Башынан берки адаты, Сыртынан кызыл жамынып, Жеткирбей, жанын алам, деп, Жебесин алды камынып. Тетени көрүп Куткарбас: — Баатыр Тете сен элең, Баашалык белги колунда, Баш кишиңер мен элем. Силер аман турганда, Ушундай болоор дээр белем? Кызталак кыргыздын, Кылбаганы калбады, Сен кеткен соң куу чөлдө Эр Тартакты жалмады, Амалым кетип мен качтым, Акылыман чын шаштым, Мээ кайнаган күндөрдө, Көзгө сайса көрүнгүс, Ай караңгы түндөрдө, Адам баспас жол бастым, Эми Сейит жетээрде, Зор Чанакка жанаштым. Өзүңдөй Чанак эр экен, Эрдиги артык болсо да, Өнөрү сенден кем экен. Жулуп алып чынарды, Жарагы чынар деги экен, Чанактын күчү күч экен. Айландырып чынарды, Алда канча булгады, Табы жеткен жерлерде, Чалма тоолор кулады, Курма тамдар урады, Дарактын баары кыйрады, Баш аламан сулады, Чынардын күүсү учуруп, Мени жарым күндүк алпарды. Жакуттан дүрбүн алгамын, Чанак менен Сейитти, Жай баракат карадым, Амалы артык, акылы көп, Арамза кыргыз экенин, Мен ошондо байкадым. Жазгырып чапкан чынарды, Аркасынан имерип, Оң колтукка бир сайды, Камындырбай чаптырбай, Бакалоорго бир сайды, Тоң мойун керкин имерип, Аркасына айланды. Аңгычакты Сейити, Балта менен дыңдоокко, Басып өттү Чанакты, Балтаны тартып алганда, Жыгылды жерге дүп этип, Салмагынан Чанактын, Жер козголду сүлк этип Минген керки маш экен, Томураңдап келгени, Сейитини сүзгөнү, Сүздүрбөстөн Сейити, Сала берди олотун, Мүйүзү тийип керкинин, Тоодой дөбө түздөлдү, Дөбөдөн өтүп кеткени, Керк Сейитке жеткени. Көрүп турду өз көзүм, Ал Сейитке кудайы, Алда канча күч берди, Сүздүрбөстөн керикти, Мурундан толгой кармады, Такаңдатпай таманын, Эки колун көтөрдү, Жерге баса тартканда, Керктин мойуну бүктөлдү, Чанак өлдү дардайып, Керки өлдү тартайып, Качып келе жатамын, Көргөнүмдү сага айтып. — Айтканың чын, Куткарбас, Менден Сейит кутулбас. Жебенин огун кездеди, Бирин оозго тиштенди, Күч келтирип тартканда, Сым чойулуп-чартылдап, Ийилип жебе карсылдап, Жебенин доошун укканда, Жайдары Сейит эрениң, Бендеден артык берениң, (Айкөл Манас тукумун, Ак калпак кыргыз болгон журт, Көрүп келет керегин ) Тура калып жалт карап, Тетенин көрдү караанын, Өңү кара, тиши ак, Башкача көрдү баранын, Сейит тура калганда, Тарткан жебе зыр деди, Жебенин арка жагына, Кош коңгуроо тактырган, Жер жарылып чур деди. Эр Сейити жолборсуң, Кыйындыгын билгизди, Жебени жазбай боосунан, Илип алды найзага. Тете бекер турбады, Бир тартпастан жебени, Арка-аркадан үч тартты. Атасы ашкан кеменгер, Пендеден ашкан айлакер, Сейтектин эр Кенен, Теңдеши жок шер Кенен, Жети жаштан Сейитке Жетимиш эки өнөрдү, Калтырбастан үйрөткөн, Арка-аркадан тарткан жаа, Бири да тийбей калганга, Тете жаман арданды, Салмоорун алып булгалап, Кой башындай таш салды, Тегереткен салмоордон, Күркүрөгөн үн чыгат, Чагылган чыгып жаткандай, Жаалысы катуу сүр чыгат, Салмоордун угуп үнүнөн, Жүрөгү батпай көөдөнгө, Куткарбас байкуш кубанат, Салмоордун ташы зыркырап, Асман-жердин арасы, Келе жатат чыркырап, Балтаны кармап кара көк, Карап турат ыкыстап. Кой башындай чоң ташты, Балта менен какканда, Канча барча сынган таш, Чачырады ар кайдан, Быркыранды бар чаташ. Тетенин тийди өзүнө, Маңдайдагы көзүнө, Чечекейи чегилип, Агып түштү мылк этип, Ооп барып оңолду, Пил үстүнөн шылк этип. Жалгыз көзү калганга, Арданганы аттан чоң, Ачууланды абыдан, Кордонгону койдон чоң, Кордук ойлоп өзүнө, Сейитимди жетсем, деп Кейиши жок көзүнө, Алтымыш алты канжарын, Арты-артынан ыргытты, Кадалды деп бооруна. Канжардын баарын Сейитим, Кагып жерге түшүргөн, Канжардын ишин бүтүргөн, Аңгыча Тете анталап, Найзаны алып күтүнгөн. Качырып сайбай найзаны, Уруп сайып көнгөн кул, Карматты адат мына бул. Он эки найза зыркырап, Куусу угулду чыркырап, Куткарбас турат акмаалап, Өз ойунда муну деп: “Найзадан кантип кутулат” Он эки найза он эки, Сап болуптур тизилип, Аркага качса найзалар, Куткарбай кууп жеткидей, Туурага чыга берерге, Катар келген тизилип, Аркан бойу кеңдикте, Бийиктиги найзанын, Ээрдин кашын белгилеп, Келатканы билинди. Белги берди Күрөңгө, Алдында минген Күрөң маш, Тизгин ийип оңуна, Кыйрата бутун чапкандай, Жыгылды жерге шалк этип, Он эки найза үстүнөн Өтүп кетти шарт этип, Телкүрөң турду ордунан, Аккан суудай шар этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.