← Сейит 5/6

Куунайза балбан баштаган, Эки вазир, он балбан, Баары болду таш-талкан. Жүз миң аскер, кырк сардар, Кырылып жатып аз калды. Тапан хандан бөлүнүп, Чойтолоң менен Тазкара, Элин сактап өлтүрбөй, Аман-эсен бүт баары. Айтканым айткан Конушбай, Алдамчыны бизге бер, Тапан хан менен Куткарбас, Алдыңда минген тагыңар, Башыңда тажы багыңар, Тил албасаң айтканга, Сонун көрсөң өлүмдү, Калбай көргө барыңар. Жылпыштатпай кебиңди, Ток этер жерин айта сал. Жалганы жок чынды айтып, Жашырбай ички сырды айтып, Конушбай кебин бүтүрдү. Куткарбастын ошондо, Оозунан чыгып буркурап, Бопороздой түтүнү: — Эртең жообун берем мен, Бүгүн барып тур — деди, Жиберемин канчыкты, Же бербеймин дебеди. Ошондо айткан тартынбай, Конушбайдын бир кеби: — Жашыл жээктин ханы деп, Жаныңа келдим Конушбай, Аздыр көптүр туз таттым, Тапан ханга кош айтып, Ага келдим Конушбай. Көзүңдү сүзүп каласың, Каадаланып унчукпай, Эртең жооп берем, деп, Кортулдайсын доңуздай, Сен жооп бер, Тапан хан, Чач-сакалың саксайтпай, Чээнден чыккан айуудай. Кутулаар жериң калган жок, Кол куушуруп Сейитке, Кубакай канчык өзүң бар. Жедигерде бир жүрдүк, Мага айтаар кандай сөзүң бар? Доңуз, айуу, канчык, деп, Катар тилдеп Конушбай: — Айткан тилди албадың, Өлсөң жок эми арманың! Деп Конушбай толкундап, Көбүргөндөн жабырып, Оолуга сүйлөп бабырып, Котчуларын жүрү, деп, Кумтунуп кооп жөнөдү. Конушбайдан кеп угуп, Сен доңузсуң деп угуп, Куткарбас айтты оолугуп: — Сен Тапан хан саксайып, Карыган койдой чакчайып, Алдыма келип арз айтып, Шумурайды жиберип, Көөн айнытар дарт айтып, Башка бүлүк салдыңар. Тапан хан көөнүң калбасын, Бүгүн алам сулууну, Эртең чыгам Сейитке, Ким кутулуп ким калат, Түпкүлүктүү кейишке?! Деп Куткарбас айтканда, Тер агып бойдон сызылып, Тапан хан өңү бузулуп, Сейитиме кетсем, деп, Ичинде ойлоп көөн буруп, Жакшы-жаман кеп кылбай, Ордунан кооп жөнөдү. — Менин айткан кебиме, Көнөсүңбү, Тапан хан, Көнбөйсүңбү, Тапан хан? Жооп кылбай жөнөйсүң, Өлөсүңбү, Тапан хан? Тура калып Тапан хан: — Туура кебим мен айтам, Алдыңа келдим зарылып, Бир канчыктын артынан, Бой кошподум бир түнү, Карылыктын дартынан. Ааламдан ашкан шуркуйа, Акыл айтып алдады, Чын-чынына келгенде, Жан жеримди байлады, Менден бетер бул канчык, Сени жана алдады. Билбеди Тапан хан, дедиң, Өз көзүм менен көргөнмүн, Жетелеп кирип кеткениң, Керексиз болуп сен калдың, Кержейип канчык жанданды. Ордуман турдум, Куткарбас, Сейитиге баргалы. Басташарга шай барбы? Барбастан башка ал барбы? Алдына барсам жан калат? Алдына басып барбасам, Талдай таарып башты алат. Кол куушуруп Сейитке, Баш койгонум билдирсем, Азамат танбайт айтканын, Тагымда калам Тапан хан, Таажым башка кийилүү, Багымда калам Тапан хан. Конушбайдын кеби чын, Сейиттин кебин айтпаса, Конушбайдын кеби эмес, Айтканы жалган деги эмес. Деп Тапан баса берерде, Шумурай канчык мындай дейт: — Бул айтканың Тапан хан, Ойун кеппи, чын кеппи? Биле албадым түп тегин. Куткарбаска жалынып, Мен барамын дебедим, Кеткен күнү Чойтолоң, Куткарбаска бар дедиң, Кек алып бер Сейиттен, Тийемин деп айт дедиң. Жан жериңди сыйкырлап, Байлады деген кай кебиң? Куунайза баштап он балбан, Эки вазир кырк сардар - Баарын Сейит түгөттү, Карыган түлкү, саатыңдан. Сендей болуп Куткарбас, Кемтик болсо бир күнү, Чын айткан экен Тапан хан, Деп ойлонсо Куткарбас, Мени жаман көрсөтмөк, Кыйалыңбы, Тапан хан? Какшантпай кары түлкүнү, Куткарбас баатыр, башын ал. “Көңүлү мага тийди, — деп Менин эрдигимди билди, — деп Кишинин баарын камтыган, Айтканын көрчү кебин” деп Ачууланып куткарбас: — Ой, Тапан хан бери бас, Оң тескери сүйлөнбөй, Акыл ойлоп кебиңди айт! Он үч жаштан бер жакка, Олтурган алтын тагында, Канча миң киши кол байлап, Кызмат кылган алдында, Ой, Тапан хан, деген сөз, Оор тийди башына. Ороолонуп Тапан хан, Одураңдап бакырып, Кызматкерин чакырып, Кылычын тартты кынынан, Кыйкырыгы таш жарып. Кылчайып карап болгунча, Тапан ханды белинен, Бөлө чапты Куткарбас, Түбү пастын баласы, Тегине кетти сээри пас, Өлгөн ханга карабай, Кайта ордуна олтурду, Шумурайды колтуктай, Тапан хандын аскери, Сейитти карай жөнөдү, Куткарбаска унчукпай, Жакшы-жаман кеп кылбай. Эл бузулду дегенде, Атка минди Куткарбас, Кошо жүрдү шумурай. Тапан хандын аскери, Кырып кирди артынан, Сейитке киши өткөрбөй, Жолун тосту шумурай. Элди чардап жол карап, Чыккан экен Конушбай, Алмамбеттин жибек тор, Ала жүргөн Конушбай, Кийимин башка которуп, Жолду тоскон шумурай, Ак-карасын аныктап, Ачык билди Конушбай. Акырын келип артынан, Шум канчыктын мойнуна, Торду салды Конушбай. Канчыктын жолу байланды, Эмгеги тийип колуна, Конушбай өзү кармады. Жедигер элин элдетпей, Жети сууну жердетпей, Конушбайды шумурай, Канча жылы кардады. Элин-жерин көрө албай, Куруп калган Конушбай, Канча заман зарлады, Канчыкты эми кармады. Манастын тийип оорагы, Конушбайга ашкере, Сейитимдин жардамы, Элинен тенген Конушбай, Эч арманы калбады. Жеринен тенген Конушбай, Алмамбеттин жеринен, Алып келген жибек тор, Шум канчыкка салганы, Конушбайдын бул күндө, Битчелик арман калбады. Шумурай колго түшкөндө, Манастап ураан чакырып, Сейитимге барганы. Эмине болуп кетти, деп Баатыр Тапак, Чойтолоң, Тазкаралар таң калды. Мойнуна иттей кынжылап, Шумурайды Конушбай, Жетелеп кирип барганы. Канчыкты көрүп эр Сейит, Оңдоп байлап бекемдеп, Кененим айткан кеп менен, Кежиге чачын кестирип, Сол кулагын шиш менен, Көзөй сайып тештирип, Жедигердин элинде, Кармаганда жеринде, Кененимдин кептери, Түк калбаган эсинде. Атанын кебин унутуп, Ойлобой балдар эсирип, Ушинтип калган кесирге. Ошол үчүн жолукту, Шумурайды качырып, Кара түлкү Тапан хан, Куткарбастай эсирге. Алтайдан артык эр Сейит, Эл-жеринен адашып, Азап тартты ар жерде. Азелде насип тузу бар, Ан үчүн келди бул элге. Тапан хан өлүп житкенде, Шумурай колго түшкөндө, Чойтолоңду эр Сейит, Тазкараны ээрчитип, Куткарбаска бар, деди: — Акылын ойлоп тапсын де, Айлында аман жатсын де, Алдыма келсин бүгүлүп, Ырайынан кайтсын де. Тирүүлөй Тапак баатырдын, Катынын тартып алыптыр, Баш урсун келип жүгүнүп, Бекер өлүп албасын, Ардык кылып күйүгүп, Күдөрүн туура үзбөсүн, “Сулуусунан” түңүлүп, Эми кастык кылалбайт, Алмамбеттин жибек тор, Мойнуна түштү сыйкырдын, Сыры калды төгүлүп. Бирге барды бастырып, Чойтолоң менен Тазкара. Тазкаранын тили так, Сөзү заар бир бала. Жеткен жерде Тазкара, Сейитим кебин салыптыр, Баарын угуп Куткарбас, Эмине дээрин биле албай, Сараң сар болуп калыптыр, Эми айтар кептердин, Тегин билет Тазкара, Баатыр Тапак, Чойтолоң, Кегин билет Тазкара, Жайылдык кылып чыдабай, Сөзгө чыдап туралбай, Куткарбастын өзүнчө, Өлөрүн билет Тазкара. Тазкаранын айтканы, Куткарбаска карата, Баштан айак маскара: — Эр Куткарбас барсыңбы? Эл башкарган залсыңбы? Сурадыңбы, Куткарбас, Желмогуз канчык, Тапан хан, Зарылып айткан арзыны? Кетирдиңби ичинен, Сейиттен алып дартыны? Канчыкты иттей байлатып, Кетирдиңби баркыны? Беремин дейт Сейитим, Тапан хандан талашпай, Албайсыңбы катынды? Түшүнсөң боло, Куткарбас, Сейитим айткан акылды, Жашыл жээкке хан болуп, Башкарсаңчы калкыңды.