Ачынып Сейит арданды, Олжо кылбай калбайм, деп Өчөгүшүп карады. Конушбайдын ушагы, Желмогуз деп ат койуп, Жер жүзүнө таратты. Күн чыгышта кытайды, Күн батышта жети дөө, Манастан бери карата, Барбаган жери калбаган, Албаган эли калбаган, Адатын маа карматты, Кара жанын карч уруп, Качантан бери кармашты, Олжо кылып алам, деп, Олоктоп Сейит желдесе, “Ийри отуруп түз кеңеш”, Ылым сөзгө келбесе, Кара баштуу кош айак, Мага окшопшбир киши, Баарың улук хансыңар, Ойлогула, жакшы ишби? Теңдигим кетип ал келбей, Баш калкалаар бай таппай, Мааналарга сай таппай, Барарыма жай таппай, Мен тентип жүргөн бир киши. Башына муңдуу күн түшсө, Мендей болот ар киши. Бар дартымды укканда, Маана болуп Тапан хан, Сейит менен тебишти, Кол ичинен бузулуп, Чойтолоң менен Тазкара, Сейитиге кетишти. Менден бетер Тапан хан, Баш калкалаар маана издеп, Сени аркалап келиши. “Элди бузат куу чубут, Күндү бузат куу булут”, Бу элден калган макалы, Сенин ойуң, Куткарбас, Мен ушул болуп жатамбы? Кулак салып Куткарбас, Куп тыңшады бар кебин: “Ылым сөзгө келбестен, Зордук менен алам, деп Өзүм албай сени мен, Конушбайга берем, деп Кыр көрсөтсө Сейити, Намыс үчүн эр киши, Жоого тийет ар качан, Намыс үчүн ургаачы, Эри өлгөндө сыр сактап, Кара кийет ар качан. Журт башкарган кыз үчүн, Намысынан алышып, Алы келбей калганда, Качышы эп эмеспи”, Деп отуруп Куткарбас. Жана ойлоду бир кыйал: “Кебин жасап жатабы, Сыр ачылып калат, деп? Менден жана качабы, Байкагының муну, деп, Тапшырайын Кумсарга. Тапан ханга билгизбей, Бир түн бирге болойун, Жойпоңдоп мени алдаса, Терисин тетир сойойун, Кызыл өңү бозорбой, Өзү айткандай кыз болсо, Кызыгына канайын, Карым казык болгончо, Башым жаздык болгончо, Сейитке уруш салайын, Тапан ханга кеңешип, Катындыкка алайын. Аз күндүкпү өмүрүм, Көп күндүкпү өмүрүм, Кыскарган күнүм узартып, Көңүлүмдү жашартып, Кыз мээрине канайын”. Деп ойлонуп Куткарбас: — Сулуу кыз айттың арзыңды, Калтырбай төктүң дартыңды, Коржоңдоп Сейит күүлөнүп, Кыжырыңа тийгенде, Сен качыпсың маана издеп, Арзыңды угуп ичи ооруп, Кордугуңан баш ооруп, Арзыңды айтып жалооруп, Сен турганда кордолуп, Эмгек кылган эл үчүн, Калк башкарган хан үчүн, Башын байлап өлүмгө, Тапан хан чыкты сен үчүн, Эл жеринен ажырап, Сейитинин заарынан, Куугунтук жеп шаарынан, Алптын баарын сойдуруп, Куру кол болуп баарынан, Таажысы бар башында, Ажырап алтын тагынан, Мөмөлүү жыгач багынан, Жашыл жээк эли боорукер, Сен түшүнгөн абыдан. Он беш күндү эрдемсип, Күн болжоду Сейити, Ойлонгон жок ичинде, А дүйнөгө кетишти, Кетер жагын билалбай, Өзүнүн жолун бекитти. Ойлосо Сейит өлүштө, Мен жаралуу болгондо, Узартса болмок жумушту, Токтотпосо болмокчу, Баш аламан урушту, Балалык кылып Сейити, Биле албады бул ишти. Деп Куткарбас өзүнчө, Билерман болду күйүгүп, Мактады мени жакшы, деп, Тапан хан калды сүйүнүп, Куткарбастын кебинен, Шум канчык калды сыр түйүп. Жай-жайына тарашты, Сүйрөлө басып Тапан хан, Жатагына баратты, Арам кор канчык билинбей, Куткарбасты марашы, Кумсар сыйкыр эшикке, Чыккалы кетип баратты, Тура тургун Кумсар, деп Куткарбас ага үн катты: — Мен Куткарбас, сен Кумсар, Сен экөөбүз атакта, Тең жүрөбүз барабар, Кулагың салып кебим ук, Сага айтаар бир сыр бар. Кара, кызыл, көк тендер, Качты, деди Ботуке, Чычкан сур менен арбытып, Кууп жеттим бир демде, Сыр бербеди качкандан, Каршылык кылып бир пенде. Тартак деген бар экен, Таанымалы ал экен, Таарынчы айтты көп эле: “Хан башың менен калдаңдап, Өзүң мурда чыгасың, Барууну айтпай бизге” деп, Жүйөлүү кепти көп айтты, Айагында бир кеби, Жүрөгүмдү муздатты. “Бизге келген сулуу кыз, Адам жечү желмогуз, Анык билгин” деп айтты. Толук жайын билбесе, Тартак мунун неге айтты? “Желмогуз эрге тийбейт, дейт, Эрге тийсе сыйкыры, Качып кетет, келбейт, дейт, Эрге тийбейт, этин жейт, Этин жесе эркектин, Ал эркекти эңсебейт” Деген кепти мага айтты. Ар канча болсо бул кыздын, Сыйкыры сенче деги эмес. Бүгүн түнү чакыртып, Сынап көрөм бул кызды, Бул айтканым саа кеңеш. Бизден тентип качпасын, Бизге койуп айыпты, Көрүнгөнгө айтпасын. Сыр алдырбай сыртынан, Шумурайды байкагын. Сенин жаның алыста, Алы келбейт ал кыздын, Ага жетип барышка. Байкайын болот, кызды деп, Кумсар чыга берерде, Далдаланды бул бетбак, Киши көрбөс бир жерге, Өзү кирип баткындай, Жата калды кемерге. Кемерде жатып толгонуп, Арбын акыл ойлонуп: “Чакырса бачым барайын, Жан жерин байлап жоготуп, Амалын антип табайын, Ургаачы кылчу кылыктын, Баарын кылып багайын. Шек кетирбей көөнүнө, Өзүнө артып айыпты, Көз каранды кылайын. Ашыктырып алдында, Алдыратып көрөйүн, Алдыратып барганча, Алсыратып барганда, Көрсөтөйүн өнөрүм”. Кылар ишин белгилеп, Кылыксынып эшиктен, Кеңешим бар сизге деп, Кирип келди кара бет. Кеңешим бар дегенче, Эшиктен кирип келгенде, Ойдо олтурган Куткарбас, Шашып кызга жанашып: — Алып чыгып кылычты, Босогого кой асып. Асылса кылыч эшикке, Адам кирбейт дегеле. Шаштырып мунун деди эле. Кылычты асып келгенче, Ысып бойу жалындап, Кызга жетип келди эле. — Мен барайын деп турсам, Өзүңүз келип калдыңыз…. Дегенче барып Куткарбас, Колу менен сыйпалап, Ыштан боосун кармады, Кеп кылсам шекип калат, деп Сырымды ачып салат, деп Уйалгансып ал жалап, Эки көзүн далдаалап, Чалкасынан кеткени, Энтелеген балтанын, Барсканга башы жеткени, Жеткен менен барсканга, Талабына жетпеди, Жетер жетпес баратып, Жерге башы шылк деди. Сыр алдырып Шумурай, Кара тер басып жөн эле, Карк чыланып кеткени. Эки бутун комдонуп, Эси чыккан немедей, Сүйлөбөй калды томсоруп. Алдыраган Куткарбас, Бир колу кыздын мойнунда, Бир колу ички койнунда, Эбин таптым мунун деп, Шумпай кыз турат ойунда. Бир үшкүрүп Шумурай, Сөзгө келди мамындай: — Эрге тийген катындар, Неченди көргөн капырлар, Ойноо бала чагында, Кеп салышып жүрчүү эле, Өтө шашкан эркекти, Өксүп калат дечү эле, Быйыл чыктым жыйырмага, Өзүңдөй жаман кызыгам, Эр Куткарбас мен сага. Оңоло түшүп кара бет, Ойрон болгон катындай, Тартынбастан кармалап, Оңдоп-солдоп бетинен, Өөп турат аймалап. Төшүнө төшү жабышып, Сак киши болсо андайды, Калмак болчу табышып, Уйалгандан Куткарбас, Кара тер басып карышып, Тилин соруп шимирсе, Төрт эличе узарып, Ого бетер Куткарбас, Уйалгандан кызарып, Шумурай кыз ошондо, Таңдайын так-так тамшанып, Кеп баштады какшанып: — Ысыган бойду муз басып, Мен турамын шалдайып. Айып эмес Куткарбас, Сейитиден найза жеп, Шайың кеткен сеники, Этиңен далай кан агып. Элким-эркин кез эмес, Эл кагышкан мындайда, Мынчалык иш канчалык, Кызарба, жаным анча эле. Сен да жетпей муратка, Мен да жетпей муратка, Болор ишти болтурбай, Сен ашыгып алдырап, Мен уйалып жалдырап, Сен экөөбүз маминтип, Окшошуп калдык шалбырап. Ашыкбачы баатырым, Аман болсо алтын баш, Далай мезгил табылат. Деп шакылдап кара бет, Сүйлөп кетет жабырап: — Жашым жыйырма ашкынча, Намысымды сактадым, Амыр санаа болбогон, Эми деле сактайым. Мен деп тарттың көп жабыр, Эмгегиңди актайым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.