← Сейит 4/6

Колго түшпөй Куткарбас, Көп жерге кылат убара. Ээн калса шаарлары, Кирбегиле шаарына, Заар салып кетишет, Аш-тамактын баарына. Мен келгенче козголбой, Ушул жерде болгула, Болсун ушул убада. Жаңылдым-жаздым, балдар, деп, Тапан хан киши жиберсе, Ооз ачып кеп кылба. Сыр алдырып шек бербе, Сырттан келген душманга. Сейит өлдү деп келсе, Телкүрөңдү көрсөт, де, Башындакы ноктосу, Бирге келсин бизге, де. Сейитим айтып окутуп, Телкүрөңдү токутуп, Алла деп минди көрүңгө, Аркы элден аттанып, Жекеге Тартак жөнөрдө. Куушурулуп Куткарбас: — Жети балбан баарың кел, Кумсар сыйкыр, сулуу кыз, Ким эле келсе кыргыздан, Көзүн көрбөс кылгыла, Күүгүмдөтүп салгыла, Тартак чыксаң сен мындан, Тапак келет айактан, Таанымал Тапак чоң балбан, Күүгүмдөп көзү калганда, Көмө сайып ичин жар, Көзүн чукуп өтүн ал, Кокус Тапак жыгылса, Бириң барбай экөөң бар, Баарың болбой калсаңар, Өч алуучу өзүм бар. Тиги турган төрт балбан, Аскердин арка жагынан, Жашыл жээк карай жолго сал. Жашыл жээктин жолунда, Жалгыз аттын жолу бар, Ошол жерде бириң кал. Анын ары жагында, Как этпестин чөлү бар, Бириң тосуп анда кал; Анын ары жагында, Былчылдактын сазында, Бириң анда калыңар, Эми бириң калдыңар, Менден уккун чын кепти, Жан кишиге көрүнбөй, Тоорактай өскөн какырда, Сайасына жүз киши, Ат-тону менен баткыдай, Дүңкүйгөн кара жыгач бар, Мени карап ал жерден, Кетип калбай туруңар. Кан ичме кыргыз жиндинин, Кайкылыгын ким билсин, Тартак баштап үч балбан, Жеңилсе баары Тапактан, Тапактын башын мен алам. Кунун кууп алам, деп, Сейит келет далбактап. Сейит менен сайышам, Жеңилсем качам эл жакка, Жеткирбей ага дардактап, Аскер каптап киргенде, Асман жердин арасы, Топурак учуп боз болуп, Күн бузулат бир демде, Сейитини азгырып, Алып барам силерге, Бирөөңүн кетсе кутулуп, Экөңүн кантип кутулат? Экөөңүн өтсө кутулуп, Үчүнчү жолдо тутулат. Үчүнчү жолдон өтсө да, Төртүнчүдө мен бармын, Ылганып барган бириң бар, Ошол жерге баргынча, Аты арып чаалыгар, Өзү арып шай калбай, Жарактан колу талыгар. Сейитти кармап алабыз, Андан калган иштерди, Кеңеш менен табабыз, Ачуулансак жол жүрүп, Таласка чейин барабыз. Деп Куткарбас тапшырып, Төрт балбаны аптыгып. Тартак чыкты жекеге, Карачкыдай далдайып, Алдыңкы ээрди шалпыйып, Үстүнкү ээрди калбайып, Чолок мурун неме экен, Бетине батпай балчыйып, Өңү кара көмүрдөй, Көзү кайнап жылчыйып, Тармалдашып сакалы, Узун-кыска кырчылып, Тиши чыгат агарып, Ачылып оозу ыржыйып, Кулагы пилдей калдаңдап, Этеги кетип далбаңдап, Боосу узун үзөңгү, Эки буту салбаңдап, Таноосу көөп кетиптир, Текечердей барбаңдап, Туураланып айкырып, Аңги эшектей дардаңдап, Ой-тоону койбой жымырып, Оп тартчуудай оозуна, Көзү туман бүлбүлдөп, Өзүнчө сүйлөп күдүңдөп, Найзасынын учунан, Жалыңдаган от күйөт, Сакал менен мурутта, Ала карга, сагызган, Учуп жүрөт дүркүрөп. Шамал тийген чынардай, Бойу узун сүлкүлдөп, Салмагынан кара жер, Жарылчуудай дүңкүлдөп, Жапан чөлдө көп жандар, Эстери чыгып бүлкүлдөп, Тартак деп өзүн чакырып Айды чапчып алчудай, Асманды карап акырын, Мингени качыр Карасур, Кош кулагын жапырып, Жердин бетин жыртылтып, Топону көккө сапырып, Өзүнчө Тартак эр экен, Эр көкүрөк неме экен, Карасурду камчылап, Найзасын күүлөп булгалап: — Сен Сейити, мен Тартак, Мени сайып ким алат? Мени менен бет келген, Ичегиси чубалат, Чылбырын сүйрөп майданда, Минген аты бош калат, Айбатыма апкаарып, Эбин таппай сандалат! Деп акырын бадырек, Өз алдынча күбүлдөп, Ороолонуп дүпүлдөп, Көрбөгөн мурда Таптакты, Чойтолоң менен Тазкара, Эт жүрөгү дүкүлдөп, Ат үстүнө токтобой, Көчүктөрү бүлкүлдөп, Топурак учуп жер чаңдап, Сейитимди капталга, Найза менен муштады. Армансыз болсоң чочко, деп Айкөл кирген түшүнө, Козголбой Сейит турганы, Күдүңдөгөн Тартактын, Бекерге кетти урганы, Талкаланып Найзасы, Тараша кетип кыйрады, Таамай сайган болуучу, Сейитим турат козголбой, Эрдемсиген Тартактын, Кетип калды айласы, Жапан чөлдө эр болгон, Байрак сайып кол жыйнап, Хан урушун көрбөгөн, Алты канат ак үйдөй, Такымында чойун баш, Бекемдеп кармап сабынан, Ээрдин кесе тиштенип, Кайраттанып абыдан, Мурункудан канчалык, Заар төгүлүп каарынан, Анча–мынча адамдын, Жүрөгү чыгып өлгөндөй, Көзүнөн чыккан жалындан. Кум удургуп чаң болуп, Караган пенде таң болуп, Кутурган Тартак бул кезде, Жапанда жүрүп мар болуп, Бадыректин түрүнөн, Жердин бети чаң болуп, Туман оуйуп, боз түшүп, Күчүн жыйнап колуна, Алаканга түкүрүп, Өзүнөн өзү муңайып, Улутунуп үшкүрүп, Алдында минген качыры, Омбул-домбул түйүлүп, Узуну чыкпай жылкыдай, Томполоңдоп жүгүрүп, Жетер-жетпес келгенде, Чокмор менен Сейитти, Чаба турган кездерде, Баатырдын уулу кара көк, Турган эмес бекерге, Үзөнгүгө тамандап, Тартак кобо калганда, Азырейил жан алгыч, Келгендей болуп майданга, Кимдер баатыр ким коркок, Эр сындалат мындайда. Сырты менен балтанын, Тамандан өөдө көтөрө, Эр Сейитим какканда, Чокмор түштү дүп этип, Кескен терек кептенип, Жыгылды Тартак сүлк этип, Кара, кызыл, көк тендер, Бакырышты чур этип, Эрдемсиген Тартактын, Каккан буту тарабы, Кабыргасы кошулуп, Баары калбай кыйрады. Өөдө каккан балтаны, Бекер тартып албады, Көчүктөгөн Тартакты, Төбөдөн төмөн койгону, Мээси жайнап жапанда, Тартак өлүп жоголду. Куткарбас айткан кеп менен Үч балбан жалпы ат койду, Жолборс туулган чунагың, Жанындакы жой кума, Кармай алды сабынан, Тартып алды кабынан. Келе жаткан үч балбан, Үч тараптан качырды, Алды-артынан жуп найза, Катар жетти тийгели, Жаш Сейити жолборстун, Мындайлыгын ким билди, Туурасына шалк этип, Жыгыла баатыр кеткенде, Алды-артынан келгенде, Бирин бири сайганы. Бири келген болжолдоп, Ээрдин арка кашы деп, Бири келген бек тиктеп, Табарсыктын башы деп. Эр Сейити шалк этип, Оой берген жагына, Телкүрөң кеткен ойт берип. Ат тартарга айла жок, Бирин бири сайганы, Жандай түшүп эр Сейит, Жойкуманы бир шилтеп, Катар башын алганы, Капталдан келген немесин, Как бөйрөктөн жарганы, Куткарбаска бел болчу, Төрттү катар жалмады. Куткарбас жетти акырып. Кышкы киргин буурадай, Оозуунан көбүк чачылып. Катар өлүп төрт балбан, Уйуктан күчүк алдырып, Улуп калган бөрүдөй, Бөксөрүп ичи ачынып, Куткарбастан Сейитим, Качат беле жашынып? Кири калбай көөнүндө, Бүркөлгөн кабак ачылып. Киргин суудай күпүлдөп, Көрсөтөм деп Сейитке, Ороолонуп дүпүлдөп, Тең жарылып кара жер, Кетүчүдөй сүлкүлдөп: — Кыргыздан келип сенделип, Кыйырга салдың чуурган, Менда сенден кем эмес, Энеден эркек туулгам! Эрлигимди көргөнүң, Кетпейсиң кыргыз элиңе, Жаштайыңда өлгүнүң. Жетимиш эки өнөргө, Жетет экен сеники, Сеникинен төрт-бешөө, Артып кетем меники. Тапан ханды талкалап, Мааналаттың ар кайда, Сулуу кызды сайгактай, Кубаладың сай-сайга, Эми менден кутулуп, Кете албайсың эч кайда! Оозунда келет жапылдап, Жаланып тили шапылдап, Найзасынан чыккан от, Кез бойуча жалындап, Чычкансурду камчылап. Кирип келди жакындап, Манастын уулу чунагың, Кездемдин боосун чубалтып, Кезкерип найза чунайтып, Найзаны ченеп тыкыстап, Бойун өлчөп ыкыстап, Эми жазбай сайам, деп Тиктеген көзүн ирмебей, Алдыңкы эрдин кашы деп, Табарсыктын башы деп, Учун ууга суугарган, Мизине албарс кураган, Жеткенде учу бул найзам, Тоо да болсо урар, деп, Томорулуп кулар, деп, Бул сапаркы найзама, Кандай чыдап турар, деп Куткарбас муштап өтөрдө, Жаш Сейити чунагың, Турган эмес бекерге, Куткарбаска сайдырбай, Сала берип олутун, Которо берип конушун, Күү менен өтө бергенде, Оңтойуна келгенде, Оң бөйрөккө болжолдоп, Муштап өттү эр неме, Бөйрөгүнөн кан кетип, Магдыры качып шай кетип, Чычкансурдун үстүнөн, Томолонду далп этип.