Кыркыла элек кыл чач бар, Сага тартар, Куткарбас, Андан башка малым жок, Качып жүрөм маминтип, Алтын табар алым жок, Сокмоктуу жигит экенсиң, Көзүм көрдү көөнүм ток. Деп шумурай оозу шок, Эне катын кептенип, Куткарбастын ыштан боо, Өөдө тартып байлады, Өз ыштанын байланды, Сөзү менен эритип, Куткарбасты алдады. Айалдын сыры ашкере, Ар качан эрди алдаары, Асылуу калды кылычы, Ал үйгө киши барбады, Өзүнчө жалгыз ал үйдө, Ого эле жаман арданды. Кылычы түшүп эсине, Куткарбас чыгып эшикке, Кылычын алып келди эле, Көргөн эмес эчтеме, Кумсар үйгө кирди эле, Кумсарды карап Куткарбас: — Болбой калды мен, — деди, Болтураар арга болобу? Жардам кылгын сен, — деди. “Жарасы зилдеп зыркырап, Ичине түшүп кан уйуп, Калган белем, — деп, Бузулуп турат өңдөрү, Буулугуп турат үндөрү”, Деп ойлонуп сыйкыр кул, Башын өөдө көтөрүп, Кеп баштарга калганда: — Мен Куткарбас болголу, Бүгүнкүдөй бир шумдук, Өмүрүмдө болбоду, Жаагым ылдый тер кетип, Маңдайым кебер шордоду. Деп Куткарбас калтырбай, Баарын айтса жашырбай, Кумсар айтты шашылбай: — Мындай иштин болгонун, Көрбөдүм да укпадым, Бүгүн сенден укканым. Сүрдөсө эркек айалдан, Ошондой болуп калат, деп, Бир кишиден уккамын. Оңой сулуу кыз эмес, Оңойлук менен ар кимдин, Колуна тийер иш эмес. Өзүң ачып айбыңды, Бул айтканың кандай кеп? Кала берет бул өңдүү, Уккан жерге чандан кеп. Кемсинтип сени кээрлеп, Кеп айттыбы, Куткарбас, Алың ушул дегенсип? Көп күлдүбү мыскылдап? Үнү ачуу чыктыбы, Чөөдөн бетер шыңкылдап? — Андай кептен кылбады, “Жашым жыйырмага чыкты эле, Эзилип турган эт жүрөк, Таштай болуп катты” деп Үн чыгарды азыраак, Өзү уйалып жер тиктеп, Муңкана сүйлөп пасыраак. Угуп Кумсар бар кепти: — Болду койгун, Куткарбас, Башка укпасын бул кепти. Сенде көөнү бар экен, Эрсип калган чагы экен, Бойго жетип солкулдап, Болуп турган табы экен. Жыйырмага кыз балдар, Экиден-үчтөн балалуу, Болуп калар убагы. Кышкы тоңгон муз бошойт, Күн узарган чактагы. Кармашта жүрүп карчашып, Сен капташа калганда, Эңсеген экен ал дагы. Болбосо бүгүн-эртең бар, Бир табылар кыйамы. Кызды эстебей элди эстеп, Сейитимдей эрди эстеп, Жаратыңды баатыр дарылап, Уруштун камын кылалы. Урушуп жүрүп так чарчап, Баш уруп өзү келет, деп Сейиттин ушул кыйалы. Эми кызга катышпа, Баш бошобой жүргөндө, Душман менен атышпа. Катын баакы кишинин, Кайраты болбойт бойунда, Акылы болбойт ордунда, Баланча катын ыктуу эле, Баланча катын сулуу, деп Ошол болот ойунда. Сейитини өлтүрүп, Найзага башын сайгыча, Башкага көөнүң бурганча, Мага жакпайт Куткарбас, Мен арзыңды укпайым! Кумсар сыйкыр кагынып, Кооп кетти ордунан. Дарылагын мени, деп, Кармай алды колунан. Он беш күн болбой сакайды, Атка минип абадан, Эми кандай болоор, деп, Аптыгып турат токтобой, Жүрөгү чыгып кабынан. Күн он бешке жетиптир, Энди булар нетиптир? Эр Куткарбас,Тапан хан, Кумсар сыйкыр, Шум канчык, Чогулушуп келишти. Каарданып Куткарбас: — Келдиңерби чогулуп, Кебимди ук олтуруп. Куунайза өлдү балбандан, Теңдей өлдү сардардан, Карыдан бар Тапан хан, Кумсар өзүң турасың, Белиме таңуу кылгандан. Жети балбан калыптыр, (Мыктысынан төртөөнүн, Атын айтып атагын) Ал жекеге барбасын, Жекме-жеке чыкчудай, Бекемдеп белин байласын. Тартак баштап үч балбан, Эртең чыгат жекеге, Жоо жарагын камдасын, Камсыз болуп калбасын, Камсыз барып элебей, Сейиттен өлүп калбасын. Аскерди сапка тизгиле, Сыр билгизбе эч кимге. Тапан хан турсун туу кармап, Мен жүрөмүн кол жандап, Кыз сулуу болсун арада, Туу кармаган хан менен, Кабарлашып турарга. Деп тапшырып Куткарбас, Эмне кылып жатыр, деп, Жакыр кыргыз такыр, деп, Кабар алып келгин, деп Бир кишини жиберет. Таалай кимге жар болот? Сейит менен Куткарбас, Кимисине бак конот? Тартак баштап үч балбан, Найзаларын угарып, Учун ууга суугарып, Балталарын эңешип, Кылычтарын бүлөшүп, Уктабай жатты ал түнү, Таң аткынча дүрбөшүп. Чойтолоң менен Тазкара, Жедигердин Конушбай: — Тетиги колду карачы, Өчүрбөй чырак калды, — деп, Уктабай таңды алды, — деп. Күн он бешке толгон жок, Бул эмине укмуш, — деп, Бирине–бири салды кеп. Сейит айтты мамындай: — Чойтолоң ага, Тазкара, Баатыр Тапак, Конушбай, Коркпогула душмандан, Көөнүңөр болсун эркин жай. Атам Манас арбагын, Ашкере көрүп түшөдүм, Тил жазыктуу болбосун, Мындан кийин күчөйүн. Түндө уктап түш көрдүм, Киши көрбөй иш көрдүм. Ажыдаар менен арбаштым, Жолборс менен алыштым, Айуу менен көрүштүм, Пилдер келди тоңпоңдоп, Куйруктары чолтоңдоп. Айбанаттын баары бар, Ар бири түрдүү жаныбар: Канаттуу жок учуучу, Жерге жүргөн жандардан, Кирпи менен сары эшек, Келарсы бар аралаш, Төрт тараптан чөөбөрү, Тап беришет сагаалап. Тимсак менен жылан бар, Андай жандар кыйла бар. Сел каптады түрүлүп, Чаң арылбай сүрүлүп, Каман жүрөт корсулдап, Түлкү жүрөт ыржайып, Ушунун баарын аралап, Жалгыз жүрөм мен барып. Асман асыл, жер катуу, Төрт тарабым баары тор, Мен турамын камалып. Пилдер келди дүкдүйүп, Айуу келди үксүйүп, Жылан келди жыйрылып, Жер бетинде бөй-чайан, Мени талайт жыйылып, Чама кетип так чарчап, Таңдай кургап тил катып, Кызылым калбай кан качып, Алым калбай турганда, Түндүктөн чыгып катуу сүр, Тунарык чыкты созулуп, Борошолоп күн куйуп, Кызыл жалын уйулгуп, Алда эмне шумдук, деп Карап турдум кулуйуп. Аңгычакты асмандан, Күркүрөгөн үн чыкты, Алп кара куш келет, деп, Айткан үндөр угулду, Келе жаткан кара куш, Адам болуп кубулду. Бабаң Манас мен, — деди Кыйналыпсың сен, — деди. Келе жатат аркамда, Алмамбет, Чубак - эгиз шер, Абаң Сыргак кеменгер. Көрүнүп өтөт көзүңө, Кеп кылышпайт өзүңө, Кызылбуурул ат минген, Ал Семетей чоң бабаң, Ак сур минген бирөө бар, Ал Гүлчоро зор балам. Семетей сага көрүнбөйт, Бир көрүнөт Гүлчоро, Барлык жоону майтарып, Сен жеңесин ошондо”. Айкөлдүн сөзү ал болду, Уккан кулак меники, Телегейим тел болду, Темтеңдеген Куткарбас, Эми менден кем болду. Кем болбосо неткени, Айкөлдүн келип арбагы, Ашкере айтып кеткени. Мен айтамын бир кепти, Кулак салып уккула, Ким чыкса чыксын жекеге, Мен чыгамын жекеге, Тизилген саптан козголуп, Баспагыла деги эле. Ошо бүгүн Куткарбас, Ар-намыстан кетүүчү, Кумсар сыйкыр, шуркуйа, Аларды ишке салуучу, Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, Алмамбеттин кеп жабуу, Телкүрөңгө эп жабуу, Аккуланын ноктосу, Омоктуу сыйкыр мына шуу. Шер Сыргактын Сырнайза, Колумда турат ал найза, Мага сыйкыр жолобойт, Мен барайын алдында. Алмабаш, байрак силерде, Конушбайым, бек карма. Баатыр Тапак, сага мен, Алмамбеттин сур жебе, Бир огу менде бар эле, Ошону берем алгының, Аламан уруш болгондо, Кастап келген душмандан, Кайра тартпай баргының. Жебе сенде турганда, Сыйкыр тийбейт өзүңө. Келсе келсин ким болсун, Манастан башка айтпагын, Баш булгап жоодон качпагын. Куткарбас келип капташса, Апкаарып андан шашпагын, Эрдигиңди көрсөтүп, Билген ишиң баштагын. Кандай неме жыгылса, Кайрылып ага барбагын, Сага келген көп балбан, Баары сыйкыр жасамал. Чойтолоң ага туу карма, Конушбай тур жанында, Эштемеден кам кылба. Алмабаш бар колуңда, Көйнөктү кылып көлөкө, Көз жибербей бөлөккө, Тазкара аскер жандагын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит». Элдик эпос. Басмага даярдаган Асанбай Матилы. Булак: bizdin.kg.