← Сейит 5/6

Өтө берген Сейити, Сыйкыр алып качат, деп. Кайра тартып тап берип, Башын кесип алам, деп, Теминип кирип барганда, Баатырдын аты Телкүрөң, Туурасына жалт берди, Телкүрөңдөн Сейитим, Тебетейдей талп, деди. Баатыр минген Телкүрөң, Көзү ачык мал экен, Арамзада Куткарбас, Албан иши бар экен, Амал иши дагы бар, Байлап алган жанына, Мүшөккө куйган каны бар . Сайдырбасын Сейиттин, Анык билген Куткарбас: “Имерип Сейит сайганда, Мүшөктү жара сайсын, — деп, Башын кесип алам деп, Эрдемсий келген кезинде, Эбин анын табам, — деп, Табылбай эби баратса, Кармай жатам кылычты, Алдында минген Күрөңдүн, Төрт айагын чагам”деп, Куткарбаска Телкүрөң, Жакын кирип келгенде, Карап жаткан жан кечти, Кылычты шилтеп иерде, Туурасына ыргыган, Жебеден бетер зыргыган, Ошондуктан Сейитим, Телкүрөңдөн жыгылган, Жыгылганын көргөндө, Куткарбас турду түйүлүп, Сейитини чабам, деп, Кылычын ала жүгүрүп. Элебей баатыр калды, деп, Куткарбас башын алды, деп, Баатыр Тапак, Конушбай, Тазкара менен Чойтолоң, Жандарынан түңүлүп, Жүз миң аскер Сейити, Ат койуп кирди өмүлүп, Шумурай канчык, Тапан хан, Күлүңдөшүп сүйүнүп, Куткарбас жетип чабарда, Чапса башын аларда. Айбандан асыл Телкүрөң, Куткарбасты териге, Кош айактап тепкенеде, Көрүп калды Сейитим, Бети менен Куткарбас, Томолонуп кеткенде. Дал ошондой кездерде, Пилге минген эр болуп, Азуусун айга бүлөгөн, Айбаты артык сен болуп, Кумсар сыйкыр жеткени, Чычкансурду шумурай, Куткарбаска жеткирди, Телкүрөң минип эр Сейит, Куткарбаска кезенди, Сейитимден Куткарбас, Беттешпей качып кетерби? Найзаларын күүлөшүп, Эки баатыр кез келди, Каптап келген калың кол, Кайта аркага кеткени, Качырып найза сайышып, Сайдырбастан кагышып, Элден ашкан эрендер, Эрегишип урушуп, Олпокторун булушуп, Опсуз жаман урушуп, Колтуктарын чойушуп, Балта, чокмор аралаш, Чокулата койушуп, Жедеп шайы кеткенде, Акакташып солушуп, Жакадан алып жойушуп, Алакан тери сойулуп, Көөдөндөрүн тирешип, Көпкөчө жүрдү күрөшүп, Демик басып күп этип, Аттарына миништи, Сом темирин өңөрүп. Бирин-бири марашып, Алдыртан түрө карашып, Акыл-ойдун баарысы, Өлтүрөр жерин самашып, Эр Сейитим Куткарбас, Эл намысын талашып. Жеңип алса эр Сейит, Дүнүйө малын карабайт, Куткарбас менен Тапан хан, Жамандыктан кайтышса, Ички сырын айтышса, Тактасынан түшүрбөйт, Чырагын үйлөп өчүрбөйт, Ордунан элди көчүрбөйт, Чыйраксынса кайышып, Кашык канын кечирбейт. Жеңип алса Куткарбас, Таласка Барып таламай, Кылычтын мизин жаламай, Карыларды какшатып, Боз балдарды боздотуп, Баш кишинин баарысын, Башын кесип кан ичип, Кыздын өңүн боз кылып, Ар-намысын жок кылып, Келинди тепсеп ий кылып, Катынды тепсеп кар кылып, Кызыл ээк чалдарды, Кызыл муштум балдарды, Андан башка калганды, Кар кылып талап алмакчы. Кыйла азапты салмакчы. Буларды салган урушка, Кан төгүлгөн жулушка, Шумпай кыздын айласы, Тапан хан мурун алданды, Куткарбас кийи жалданды, Түндүк менен түштүккө, Түгөнгөн канчык чаң салды. Чычкансур менен Куткарбас, Чыга берди кашатка. Эр Сейитим элөөрүп, Эки жагын караса, Кумсар сыйкыр, Куткарбас, Кашатта турат жанаша, Куткарбасты көргөндө, Күйүп ичи от болуп, Жайнаган кызыл чок болуп, Камчы берип Күрөңгө, “Куткарбасты жеңе албай, Күндө минтип жүргөнчө, Өлгөнүм жакшы аа көрө” — деп, Ачуусу келди арстандын, Жыйырма бешке жете элек, Жалындап турган жаш жандын, «Манастап» ураан чакырып, Алдында минген Телкүрөң, Топону көккө сапырып, Кыйгактуу найза көк желек, Сала берди качырып, Кумсар сыйкыр кеп айтат: — Куткарбас уккун, — деп айтат, Кан ичме кыргыз келатат. Айарлык менен беттешип, Жаныңды ала качпасаң, Бул сапар сени куткарбайт. Билекке сары салыптыр, Канча лек миң болсода, Сапыргалы калыптыр. Билгеним айттым Куткарбас, Мейлиң өлүп, мейлиң кал, Мен турбайым кеттим, — деп, Кумсар качып жөнөдү. Найза салып кагышпай, Балталашып жабышпай, Эминеге качты, — деп, Келе жаткан Сейити, Бир имерип карады, Канча сапар кагышкан, Мындай ишти көрбөгөн, Куткарбас мыкты эр экен, Бу сапаркы Сейитти, Жүрөгү түшүп өлбөгөн. Келе жаткан Сейити, Жалгыз эмес эки экен, Жанындакы кишинин, Бирин-серин мурутка, Ак ала чалган кези экен, Сүрөтү киши болбосо, Азырейил өзү экен. Өңүнүн кандай экени, Өлчөөр көзгө токтобойт, Көзү чолпон от кайнайт, Эки ийнинин үстүндө, Асан-үсөн нур жайнайт. Алтын менен күмүштүн, Сүрөөсүндөй түрү бар, Асмандан эңиш качырган, Алп кара куш сүрү бар, Кызыл буурул аты бар, Кылымдан башка салты бар, Белде кылыч ай балта, Нур төгүлүп жаркырар. Жаркыны көздү уйалтат, Элес күнгө кошулат, Ай кулагы калкандай, Алагар көзү чолпондой, Эки айактуу жумур баш, Туулабы пенде ушундай, Кайта-кайта Куткарбас, Канча имерип карады, Көзгө сүрдүү көрүнөт, Опол тоодой карааны, Атынын басса алчактап, Айбандын түркү көрүнөт, Саадактын мойну чапчактай, Жыгачтын түркү көрүнөт, Үстүндө кийген буулуму, Алда канча кулпунат, Эси кетип Куткарбас: “Сейит менен беттешем, Жанында келе жатканга, Качырса кантип теңдешем? Пендеденби, периби? Бейиште болот дечү эле, Же периштеден келдиби? Туруп берип өлгөнчө, Жан далбасын кылайын, Каптатып калың аскерди, Качып кетип тынайын, Андан башка калган жок, Бул ойумда турайын.” Деп Куткарбас ой жалгап, Бели катуу бек айбат, Белдүү баатыр Сейитке, Белсенип найза уралбай, Бетине чыдап туралбай, Намысы жок Куткарбас, Камчысын булгап имерип, Кайнаган калың аскерге, Качып кирди аралап, Жүз элүү миң сап аскер, Каптап кетти сабалап. Баатыр Тапак, Чойтолоң, Тазкара менен Конушбай, Шапа-шап атка минишип, Шашыла жолго түшөрдө, Бала жолборс бакырып, Баатыр Тапак жолдошун, Атынан айтып чакырып: — Көпчүлүктү көргөндө, Кирдебесин көөнүңөр. Козголбогун ордуңан, Корккондуктан Куткарбас, Кылып жаткан амалы, Бекеринен кан төгүп, Беймаал адам кырбайлы, Чойтолоң ага кулак сал, Эртең менен айткан сөз, Унутуп калбай эсиңе ал, Азыркысы саламат, Сейит уулуң аман бар. Деп Сейит элин токтотту, Муну көргөн каршы жак, Чубуртуп кепти козгошту: Өз элин Сейит токтотуп, Элин баккан эрен, деп Тиги кыргыз баатырдын, Акылы недей терең, деп Куткарбастын элдери, Ыраазы болуп Сейитке, Өлүм жетти бизге, дейт Улуу-кичүү, кары-жаш, Баары калып кейишке. Жан алуучу куржундун, Оозун ачып койду, дейт Азырейил периште. Өлүмдүн камын кылышып, Баспай койор айла жок, Хан жумшаса тырышып, Айласы жоктон бастырды, Алдын карай жылышып. Сейити бизге жетер, деп, Ар шилтемде кылычы, Кырк-элүүдөй кесер, деп, Короодон түшкөн корголдой, Баш куйулат экен, деп. Биздин хандын башына, Кара туман түшкөндө, Ар качандан бир качан, Элди салып берет, деп, Сейит сактайт аскерин, Бири өлбөсө экен, деп. Манастан бери карата, Кыргыздын элин мактаптыр, Бекер мактап жатпаптыр, Калган элдин хандары, Кыргыздай элди бакпаптыр. Деген сыйак сөз айтып, Эл күдүрөп жатканда, Элге айтаар бир сөзү, Оозуна келди арстанга, Баатырдын айткан кептерин, Айта кетем дастанга: — Куткарбастын элдери, Качантан бери касташтың, Кармашып алың келбеди. Кылычың сууруп кырданып, Найзаңды сүйрөп сурданып, Чокморуң күүлөп колго алып, Келе бергин баарыңар, Күндөкүдөн көбүрөөк, Бүгүн агат каныңар, Улуу-кичүү баарыңар, Жан алгычтын алдына, Калбай барат жаныңар.