← Сейит 2/7

Амал менен Сулаймат, Кызыл кумга алпарды, Баары барды чогулуп, Жети дөөнүн балдары, Каардуу Калча баш кылып, Канча дөөнү жалмады, Тапан хандын эрлери, Бири жеңе албады, Бул келаткан Сейити, Азыркы жаштын балбаны, Кебелбейт да, кенебейт, Куткарбастан башканы. Чыным айтсам бул Сейит, Бучкагына теңебейт, Пендеби деп бейлебейт, Эчтемеден кенебейт, Тогуз-онду турмайлык, Миң кишини элебейт. Жыйырмада жашы бар, Кайдасындай башы бар, Өңөргөн койдой кашы бар, Сейитини көрсөңөр, Кең көкүрөк кууш айак, Алдында минген Телкүрөң, Жылкыдан чыккан түр сайак. Коркуп калып Сейиттен, Мактап жатат дебеңер, Ырас-чынын айтканда, Адамдан ашкан кемеңгер. Кимиң барсаң аның бар, Кеп салышып турбаңар, Найзанын учун бек кармап, Билек күчүң чыңдаңар, Кимдер баатыр, ким коркок, Ошол жерде ылгаңар. Кодо эмес коркойуп, Узун эмес, койкойуп, Семиз эмес тултуйуп, Жоон эмес култуйуп, Узун эмес сүлкүлдөп, Ыкшоо эмес бүлкүлдөп, Эти жадоо кагалес, Өтө мыкты чабендес, Ыкшоолук кылсаң элебей, Тогуз-он койуп жиберет, Үстү-үстүнө дембелеп. Мен билейин бул сапар, Куунайза чыгып кез болсун, Ачык жолуң шар болсун, Камындырбай тез болгун. Камындырбай кагышкын, Кайра качпай салышкын, Кырчалышсаң кармашып, Ажыдаардай арбашып, Ажырабай жанынан, Шайым кетир жармашып. Келелекте Сейитке, Кекенишкин касташып, Жеңебиз деп ойлонгун, Эрдик менен басташып. Куу канчыктан кеп угуп, Куунайза баргын деп угуп, Кумсар сыйкыр унчукпай, Туруп калды кулуйуп. Куткарбас менен Тапан хан, Үн чыгарбай кулжуйуп, Нөөмөт мага тийди, деп Куунайза чыкты жулунуп, Шашкалактап жөнөдү, Башын кесип келем, деп Сейитимге жолугуп. Көөдөнгө батпай жүрөгү, Колуна тийип тилеги, Келе жатат Куунайза, Ташты жарып илеби, Тарамышы балактап, Жеңине батпай билеги. Минген аты куу Чаптар, Шаардан чыгып жөнөдү, Сап-сап болуп тизилип, Аркада калган бөлөгү. Он миң аскер, беш балбан, Куунайзанын артынан, Ат койушуп бараткан, Келе жаткан Сейитти, Караанын көрдү ыраактан. Сейитимдин артында, Баатыр Тапак, Чойтолоң, Акылманы Тазкара, Ээрчип келет Конушбай, Баатыры бар жанында, Конушбайдын көөнү жай. Куткарбастын Куунайза, Хан каадасы уруштун, Мындан мурун көрбөгөн, Каадасын элдин билбеген, Каракчыдай кол салып, Каршылашкан тарабын, Талап алып жүрчү экен, Кылып көнгөн адаты Калдаңдаган Куунайза, Качырганын карачы. Бирге келген жанында, Ыкбалчы деген бар эле, Куунайзага жанашып, Айткан сөзү мына бу: — Жаныңда сенин жүргөлү, Далай жыл болду болжолу, Жекелешип эр сайыш, Мундай жумуш болбоду, Өзүң чапсаң далбактап, Анда жакшы болобу? Беш балбан келдик сени, Артыңан калбай салпактап, Балбансынып жүрөбүз, Жерге батпай барбактап, Куунайза, сенин дөөлөтүң, Көөдөндү керип дардактап, Бизди бактың канча жыл, Канаттууга кактырбай, Эркин койуп ардактап, Эркелеттиң алыңча, Онубузду сарбаптап, Бизди салгын алдыга, Өлүп кетсек майданда, Өлгөндөргө өк болуп, Жөлөк болуп тирүүгө, Кууп алчуу сен барсың, Сенден кийин калганда, Ишке бизди ким салат? Тапак менен Чойтолоң, Тазкара турат табалап. Өлбөй тирүү бар туруп, Жаш акпай көздөн кан агат. Ыкбалчы кебин угуптур, Кулжуңдаган Куунайза, Атын тартып туруптур, Сен баргын, деп алдында, Ыкбалчыны буйруптур. Акылым элден аштым, деп, Эң алдында барышка, Эбин таап алдым деп, Акылдуусуп дардаңдап, Мингени төө тартаңдап, Кара темир калканы, Далысында калдаңдап, Жеке-жеке, деп келет, Айкырыгы таш жарып, Айабай катуу бек келет. Төөнүн мойнун кокжойтуп, Кабыргага тепкилеп. Сейитимге эр Тапак, Түшө калып атынан, Кол куушуруп кеп айтат: — Хан каадасын билбеген, Жан кагышын көрбөгөн, Байрак сайып туу жайбай, Төө минген бирөө келатат, Каракчы болуп чоңойгон, Каада билбес элдерге, Кайнап каным баратат, Каадасыз мундай жумуштар, Кара жанды кашайтат. Мен барайын кагышып, Баатырлыгын билейин, Бир беттешип сайышып. Уруксат бергин, барам, — деп, Баатыр Тапак камынып. — Барсаң баатыр, бар, — деди, Жайында айткын бар кепти. Акылга кирсе алып кел, Күн сураса уруксат, Болжол менен жанып кел. Эр Сейиттен кеп угуп, Ыкбалчыга эр Тапак, Тосо чыкты жолугуп. Айал кылып турбастан, Аты-жөнүн сурабастан, Төөнүн башын бурбастан, Найзасын күүлөп сундуруп, Көмөлөтө сайчуудай, Кара жанын карч уруп, Качырып келет кулжуңдап. Найза менен сайдырбай, Ыкбалчынын найзасын, Кагып ийди эр Тапак. Сейит менен эки күн, Тең сайышкан ал Тапак, Ыкбалчы жарак алгынча, Ыкбалчыны эр Тапак, Капшыра кармап белинен, Белдеги чынжыр кемерден, Кара тоодой далдайып, Үзүп алды ээринен, Тазкара менен Конушбай, Жетип келди элинен. Ыкбалчыны байлады, Эр Сейитке алпарды, Мунун кебин ким угат, Бышыктап байлап таштады. Куунайзанын төрт балбан, Бирден-бирден ат салды. Сейитимдин эр Тапак, Колуна жарак албады, Келгендерге сайдырбай, Бирден белден кармады. Колко тоодой төртөөнү, Сейитимге алпарды. Беш баатырдан айрылып, Куунайзанын канаты, Сынгандай болуп кайрылып: “Ыкбалчанын кебине, Алдандым, — деп Куунайза, Акылыман тайгылып” Ал тааныбайт Тапакты, Бул Сейити экен, деп, Ачууланып кекерлеп, Бар кайратын колуна, Күчүн жыйнап белемдеп, Жаагындагы түктөрү, Аркасынан көрүнүп, Шамал ыргап сепектеп, Узун мойун неме экен, Шилисин тартып кекең деп, Олбуй-солбуй теминип, Эки буту тепеңдеп, Омбул-домбул түйүлтүп, Куу чаптар менен койгулап, Колундагы найзанын, Учунан жалын от чыгат, Байкап турат Сейитим, Кайраты канча деп сынап. Куунайза менен Тапактын, Баатырлыгы тең турат, Куунайзадан Тапактын, Аты ыкшоо кем турат. Баатыр Тапак, Куунайза, Бет келишти бул экөө, Ээн талаада зоңкойуп, Экөө эки тең дөбө. Аты жөнүн сурашпай, Карсылдашып киришти, Кышкы киргин буурадай, Кыйчылдашып киришти, Кан чачылып жаракка, Былчылдашып киришти. Баш аламан урушту, Балакеттей жумушту, Олпок-тоону булушту, Соотторун жулушту, Жакасынан алышып, Жан айабай салышып, Кызыл жайан кан кылып, Жаактарын жарышып, Бүктөй кармап камчыны, Оройлото жабышып, Аттан түшө калышып, Орой-торой чалышып, Ийиндешип тирешип, Эки күн жүрдү күрөшүп. Аңгычакны болбоду, Хан Тапан хан, Куткарбас, Эки увазир, беш балбан, Залкар салттуу кырк сардар, Отуз эки пили бар, Алты жолборс, алты шер, Сүр көрсөтүп Сейитке, Жетип келди жүз миң жан. Баары турду карашып, Баатыр Тапак, Куунайза, Салгылашып майданда, Эрлик жолун талашып, Өйүз-бүйүз көпчүлүк, Бирин бири марашып, Каадасыз көнгөн Куткарбас, Куунайзаны жемелеп, Качырып кирди жан ачып, Куткарбасты көргөндө, Кайра качты эр Тапак, Кара жандан түңүлүп, Эми сайып алам деп, Куунайза келет сүйүнүп, Алты жолборс, алты шер, Куткарбастын жанында, Кошо келет жүгүрүп, Чойтолоң менен Тазкара, Жолборсту карап мекчейип, Кирпик какпай чекчейип, Кара жандан түңүлүп, Өлүм жактан шектенип, Эр Тапакка Куунайза, Чылбыр бойу калганда, Сейит кирди тап берип, Манастан ураан чакырып, Баатыр минген Телкүрөң, Кош кулагын жапырып Муундуу чөптүн үстүндө, Булуттуу көктүн алдында, Топону көккө сапырып, Манастын атын укканда, Сейит утур чыкканда, Куунайзасы турмайлык, Куткарбас калды шашылып, Куткарбасты жандаган, Жолборс, шердин баарысы, Такыр кетти чачылып, Шум канчыктын иши экен, Сыры калды ачылып, Сайып өттү Сейитим, Куунайзаны жапырып, Канын суудай агызып, Кара жерге жапшырып, Имерилип Сейитим, Кылчайып артын караса, Каны жатат жайылып, Кумсар сыйкыр шумданып, Куунайзаны куткарып, Чогултуптур бир жерге, Барлык чоңду жам кылып, Куунайзанын ордуна, Бир куурчакты сайдырып, Топуракты өзгөртүп, Жыгылган жерин кан кылып, Тирүүлүккө коорконуп, Тапактын мурду барбыйып, Кудай бетин нары кыл, Куткарбастын элинен, Пилдер келет томпоңдоп, Куйруктары чолтоңдоп, Айуу келет саксаңдап, Шер келатат чакчаңдап, Жолборс келет күркүрөп, Жалын келет дүркүрөп, Шамал келет аркырап, Сел түрүлүп шаркырап, Жылан келет жыйрылып, Эки көзү жаркырап, Буура келет буркулдап, Оозунан көбүк буртулдап, Бука келет бултулдап, Түлкү келет кылтылдап, Чөө каткырып шыңкылдап, Кабылан келет карсылдап, Кутурган иттер арсылдап, Асманда кузгун таркылдап, Кажырлар келет далпылдап, Сарлар келет салпылдап, Ителги, келет баркылдап, Кыргый келет кыпылдап, Ылаачын келет зыпылдап, Карчыга менен бүркүт жок, Андан башка ар укмуш, Жакындагы чукулдап, Сейитимден башкасы, Баатыр Тапак, Чойтолоң, Тазкара менен Конушбай, Аркасынан аскери, Эстери чыгып туралбай, Эт жүрөгү болкулдап, Кара бойу токтобой, Калтырак кирди солкулдап.