← Сейит 5/7

— Баатыр Тапак кана? – деп. Чойтолоң айтат мындай деп: — Куткарбас аттан жыгылып, Куйкасы кумга тыгылып, Сизден жарлык болгон жок, Биздин аскер козголуп, Кыймыл этип койгон жок. Ошол чакта Куунайза, Беттеп бизди качырды, Көзүнөн жалын чачылды, Топону көккө сапырды, Көзү көргөн эр Тапак, Эбегейсиз ачынды: “Уурданып келип эр сайчу, Көрбөдүм сендей жакырды”. Деп айабай бакырды. Качырышып бет келген, Көрбөй калдык караанын, Аламан келген көп элден. Тетиги элди карасам, Куунайзасы көрүнбөйт, Тапакты жеңсе Куунайза, Барат эле элине, Тапак сайып түшүрсө, Келет эле бул жерге. Чойтолоңдон кеп угуп, Көрүнүп турган дөбөгө, Сейит чыкты чуу койуп, Куунайзаны табам, деп Куткарбас келди дуу койуп, Куткарбастын чычкан сур, Жуурулуп кеткен суу болуп. Сейит менен Куткарбас, Бирине-бири карабай, Баатырларын карашып, Дүрбү салып жайма-жай, Көз жеткис жерден көрүндү, Баатыр Тапак, Куунайза, Бул экөөнү байкап көр, Баатырлыгы бар канча. Алдында минген аттары, Аркардай арыш алыптыр, Кара жанга күч келип, Катуу кармаш салыптыр, Куунайза көрүп Куткарбас, Ат койуп жөнөп калыптыр. Эр Кенендин жаш Сейит, Куткарбас кетип баратса, Карап турбайт керсейип, Куткарбастын артынан, Телкүрөң менен тап берип: — Сен Куткарбас, мен Сейит, Калк башкарган хан туруп, Эл башкарган эр туруп, Эрегишкен эрлерди, Айыргалы келдиңби? Же эрдиңди бирөөнө, Билдиргени келдиңби? Караары жок жанында, Тапак жалгыз дедиңби? Ажыратып жиберсең, Ардыгым жок, Куткарбас, Калыстык кылбай кас кылсаң, Кубат кылар Куунайзаң, Кутулбайт тирүү, Куткарбас! Сейитинин кептерин, Кулакка илип элебей, Эр Тапакка беттеди, Телп эттирип Тапакты, Сайып өттү Куткарбас, Куунайзаны мойунга, Сайып өттү Сейит маш, Сейит чапкан оңобу, Шылк дей түшкөн Куунайза, Дым тартпастан жоголду, Кылчайып артын карабай, Чычкансур менен Куткарбас, Аскерин карай чуу койду. Баатыр Тапак барбактап, Жанымды айрып алдың, деп Эр Сейиттин алдына, Жүгүрүп келди дардактап, Эр Тапактын эки этек, Булагайлап салбактап, Жолборс Сейит Тапакты, Тур, атыңа мин, деди Биз кетели жүр, деди. Элине барып Куткарбас, Куунайзадан айрылып, Сыймыгы качып оолактап, Тапан ханды баш кылып, Тирүү отуз сардарын, Бар болгон жети балбанын, Шумурай канчык анда бар, Баарынын өңү бузулуп, Сейит чыкпай эсинен, Заманасы куурулуп. Куткарбас турду козголуп, Оозунан жанган от болуп, Куткарбастын каарынан, Отургандын баарысы, Өңдөрү сары чөп болуп. — Куткарбас атка конголу, Мындай кордук болбоду. Куунайза баштап төрт балбан, Жөлөгүм өлдү он сардар, Кан ичме кыргыз уулуна, Биз табалы көп амал. Кумсар сыйкыр, сулуу кыз, Эки вазир, Тапан хан, Мен айткандай кылыңыз. Мен чыгамын алдында, Эки вазир, Тапан хан, Аскердин тур жанында, Кайда бассаң айрылбай, Онуң жүргүн алдында. Жыйырма сардар чогулуп, Шаарды багып алгыла, Жети балбан ылдамдап, Жашыл жээкке баргынча, Ар жерден тосуп тургула. Кутурган кыргыз уулуна, Тузакты жакшы кургула, Кумсар менен сулуу кыз, Сыйкырды кенен салгыла. Сейит элден бөлүнсө, Баатыр Тапак, Чойтолоң, Конушбай, Тазкара, Койбой байлап алгыла. Алым келбей баратсам, Сейитини азгырып, Мен барамын көп жайга, Жолгоштурам Сейитти, Жол тоскон жети балбанга. Байкап турам билгизбей, Өзүм сайам Сейитти, Атынын шайы кеткенде, Тирүү кармап аламын, Дал ошондой кездерде. Менден кабар болгончо, Колго түшкөн элдерге, Тийбегиле эч кимге. Бүгүн ардык алалы, Эртең уруш салалы. Деп ушинтип кеңешип, Камына берсин Куткарбас, Эр Сейиттин ишинен, Эми кабар алалы. Чойтолоң менен Тазкара, Конушбай турган жол карап, Эр Тапакты ээрчитип, Эрен Сейит келатат, Аттан түшүп жөөлөшүп, Үчөө кетип баратат. Эр Сейитке көрүшүп, Кашкаңдашып күлүшүп, Капасы жок сүйүнүп, Башта булар турушкан, Эр Тапактан түңүлүп. Жолдошторун көргөндө, Баатыр Тапак барбайып, Атан төөдөй дардайып, Куунайзанын өлгөнүн, Баштап-акыр көргөнүн, Сүйүнчүлөп кеп салып, Кылчайбастан артына, Куткарбас кетти деп салып, Канча күндөн бер жакка, Кагышта жүргөн баатырлар, Бүткөн бойун жуунуп, Белин бекем буунуп, Эр Сейит айтат ошондо: — Оңой-олтоң жоо эмес, Ойлоп көрсөм Куткарбас, Оңойлук менен кишиге, Оморулар тоо эмес. Эки сапар жыгылып, Эси чыгып калган жок, Камынып жатат бул кезде, Өлүмдү эске алган жок. Эртең эле бул жерге, Жамгырдай түшөт аткан ок, Жаныңа түшөт жалынсыз, Жалбырты, жок кызыл чок. Жүйрүн дөөнүн эт көйнөк, Конушбайга берейин, Көргүлө силер керегин, Көрбөй туруп Сейитим, Кандай айтат дебегин. Жамгырдай түшкөн от келсе, Жайнаган кызыл чок келсе, Үч имерип булгала, Ок тийип киши өлбөйсүң, Жайнаган чокко күйбөйсүң; Борошолоп күн жааса, Бургуйлап шамал каптаса, Туман болуп боз түшсө, Күн көрүнбөй түн түшсө, Бөлүнбөсүн көөнүңөр, Манастап ураан чакырып, Көйнөктү желпип көрүңөр, Сыйкыр колдуу эч нерсе, Силерге жакын келе албайт, Чын пилдерин жумшаса, Алмабаш менен аткыла, Майданга чыкса жекелеп, Баатыр Тапак белиң бар, Чойтолоң менен Тазкара, Эминеден кемиң бар, Билгениң болсо айткыла, Силердин кандай кебиң бар? Кызыл тилде шамдагай, Сөз куткарбайт эч кандай, Тазкара айтат ал мындай: — Кыл дегениң кылабыз, Кызматыңда турабыз. Тазкара, Тапак, Чойтолоң, Өлүмдөн калдык кутулуп, Мойунду кандай бурабыз? Алмабаш менен эт көйнөк, Бизден да мурун өзүңө, Пайдасы тийет көбүрөөк. Мен билгенде таң менен, Күндөн мурун саар менен, Куткарбас чыгат акырып, Башкабызды теңсинбейт, Атыңан айтып чакырып, Алы келбей калганда, Качып берет далбаңдап, Он балбандан үчү өлдү, Жети жерден жол тосуп, Жолтоо кылат дардаңдап. Журттан чыккан шумпай кыз, Бизди тосот сыйкырлап. Кумсар сыйкыр өзүңө, Адам уулу укпаган. Көп найзаны көргөзөт, Баатыр Сейит көзүңө, Алма башты ала жүр, Керек болот өзүңө. Биз билбеген дагы бир, Сонун барбы өзүңдө? Кулак салып угасыз, Тазкаранын сөзүнө, Алты түркүм киши бар, Жашыл жээктин өзүндө. Жашыл жээкке барганча, Жети жерден жол тосуп, Жолуңан чыгат каргаша. Качып жүрсө Куткарбас, Аларда болот ал канча? Эрте болсо эки айда, Кечиккенде беш айда, Жашыл жээкке барасыз, Качып барып Куткарбас, Дем өткөрөт аңгыча, Дем албайсыз канча күн, Куткарбас жанын алгыча. Кумсар сыйкыр салганда, Куткарбас күчтөн тайганда, Жашыл жээктин элдери, Бөлүнүшөт эки ача, Көбү келет сиз жакка. Көрбөгөмүн уккамын, Жашыл жээк менен сары кум, Кошулушкан жеринде, Жалгыз камыш бар деген, Ошол камыш кыркылса, Агып кетет кан деген, Сыйкырдын жаны ал деген. Өлтүрөм деп сыйкырын, Кумсарды кууп көрбөгөн, Көөдөндөн жаны чыккыча, Колунан бербейт өнөгүн. Кумсар өлсө кум тиштеп, Кайра келет Куткарбас, Шум канчыктан маана издеп. Канчыктан айла кеткенде, Алкымдап ажал жеткенде, Чыдай албай жинденип, Тапан ханды өлтүрөт, Өзөгүнөн өрт күйөт, Ичинен кызыл кан жүрөт. Шумурай кызды алам, дейт Мен кумардан канам, дейт. Шумурай ага алданбайт, Эркек менен бир болсо, Сыйкыр кылаар ал калбайт. Шумурайды Куткарбас, Кармап берет биздерге. Куунайза өлгөн башында, Кумсар сыйкыр дагы өлгөн, Балбандардын баары өлгөн, Калбай такыр түгөнгөн, Сардарлар жок алдында, Самсаалап сабдал болгондо, Саа жалынбай ошондо, Заары бойго толгондо, Өзүн-өзү өлтүрөт. Деп Тазкара турганда, Доолбас үнү угулду, Куткарбастын элинен, Урушка доол урулду.